Ойлобой сүйлөсөң, онтобой өлөсүң!

Кыргызстандын кадырын билбей туруп, Мекеним дегенге акыңыз жок!
Эмил Каптагаевдин 23-сентябрдагы тил күнүнө арналган салтанатта сүйлөгөн сөзү кыргыз журтчулугуна, өзгөчө жаш муундарга жакты эле. "Белый парус" басылмасынын журналисти Елена Авдеева аябай күйүп-бышып реакция кылыптыр. Окуп чыккан ар бир кыргыз бул өзүн "сыйлабаган кандай айым" деп, таң калышууда. Кыргыз журтчулугу, тилин кадырлаган ар бир инсан баш көтөрүп, жалпы элдин атынан сотко бере турган бул макалага мен да өз жообумду жазып, Еленага окшогон "чагымчылардын" айынан улуттар кагышып, ортодо күнөөсүз кан төгүлүп жатканын баса белгилегим келет.

Елена айым! Мен - кыргыз кызы, Кыргызстандын жараны, сиздин макалаңызга каршы өз үнүмдү бийиктеп, каяша бергим келет. Себеби, сиз жашыңыз кырктан өтсө да менин баа мымда, акыл токтото элек эселектей "эбелектеп", күйүп-бышып алыпсыз. Кыргызда, өзүнөн улуу адамга каяша айтуу сизче айтканда "неэтична", бирок, "сөз атасы келгенде" айтпаска арга жок. Анын үстүнө, ой-жүгүртүүңүз каяшага татыктуу эле!
Эң алгач, сиздин укугуңуз тууралуу кеп козгойлу. Сиздин укугуңуз тепселенип жатпаганы үчүн жамы кыргыз элине коркпой-үркпөй "дивизияңарды…" деп жатасыз да, туурабы? Анан эле Эмил Каптагаевдин сөзү же жетекчилик сиздин укугуңузга түкүрдүбү? "Мамлекеттик кызматка иштөө үчүн мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу керек" деген сөз сизди неге мынча түйшөлдүрдү? Каптагаевге асылып баратып эле Отунбаева деп бир нече ирет кошо кеткениңизге караганда ордуна "талапкер" болуп жатсаңыз керек. Жеке өктөөлүктөн бошоно албай жүрсөңүз керек го…
Өзүңүз белгилеп өткөндөй, кырк жылдан бери Кыргызстанда жашап туруп, Кыргызстанды мекеним дебеген сизди "мекенсиз" дешет, бизде. Мен бир мекенсизди көргөм. Улутун айтпай эле коёюн, бирок Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине "ошондо силер жеңгенден көрө немистер жеңсе, бутубузга туруп калмакпыз" деп айткан. Ошондогу ардагердин калчылдаганын азыркы күнгө чейин эстеп дене боюм зырылдайт. Ошол мекенсизден сиздин айрымаңызды айрып ала алган жокмун. Адамда сиз айткан "улутчулдуктан" дагы башкы нерсе бар. Ал - адамдык касиет. Дал ушул кыргыздардын арасында адам болуп, өз наныңызды таап жеген соң кыргызга акаарат келтирбей, кыргыз үчүн жан тартышыңыз керек эле. Эми, кыркка чыккан сизге акыл айтуу да одоно болот экен…Бирок, "суу ичкен кудугуна түкүргөн" сиздей адамдар да бар болуп жатпайбы...
Цыган элин салт-санаасын сактаган, тилин эч кимге таңуулабаган эл катары берипсиз. Демек, кыргыздардын арасында жашап, алардын салт-санаасын, маданиятын, тилин билгиңиз келбейт, анда, кыргыздын макалы сыңар "өз агасын агалай албаган" болуп жатпайбы. Цыгандар тилин барган жерине таңуулайбы? Же кыргыз эли сиздин корооңузга кирип алып, башкача айтканда Орусияга барып таңуулап жатабы? Деги, сиз кайсы өлкөнүн жаранысыз? Аа - а! Сиз барактаган тарыхта сиздин Кыргызстаныңызды, сиздин Мекениңизди сиздин орустар алып берген да, ээ? Демек, ал сиздики, ал эми кыргыздар көчүп -конуп кете бериши керек экен да, ээ?
Биринчиден, Кыргызстандын кадырын билбей туруп, менин Мекеним дебеңиз! Кыргызстан - өзү кайсы жерде жашап, кимдин сөзүн сүйлөгөндү билбегендердин Мекени эмес! Экинчиден, Кыргызстандын территориясына келген орустардын басымдуу бөлүгү коомдо орду жок, "аракеч мужуктар болгон" деген имиштерге таянсак, Орусиядагы орустар үчүн өз коомунун "өгөй балдары" экенин биз да билип отурабыз. Бирок, сизге кошуп бардык орус улутуна тил тийгизгим келбейт. Себеби, менин эң жакын коңшум Таня эже, короолош коңшум Саша байке алтын адамдар! А сиз ал тизмеге кирбейсиз! Башкача айтканда, же анда жок, же мында жоксуз…
Биз - көчмөн элбиз! Биздин маданият, биздин руханий азыктарыбыз, биздин тил - ажайып керемет. Сиз айтпасаңыз деле "биз - көч-мөн эл-биз!" деп, сыймык менен айтабыз. Сиз караган тарыхты биз да караганбыз. Бир жактуу карагысы келген адам, өзүңүз айткандай, тарыхчы болбой туруп, көзүңүз сүртүп өткөн цитата менен ансыз да жикке бөлүнүп, араң турган кыргыз-өзбек мамилесине ширеңке чаккыңыз барбы? Деги, сиз кайсы доордо жашап жатасыз? 7-8-кылымдабы же 19-кылымдабы? Же Сталиндин кетирген каталарын оңдоону "кыялданып" жүрөсүзбү? Кандай болгон күндө да, сиздин ким экендигиңиз, кандай адам экендигиңиз, деңгээлиңиз айгине болду.
Оо, кокуй, каран күн! Каерде кыргызча окуп-жазууну билбей жатасызбы?
Андан көрө, сиз таламын талашып жаткан "сартистанга" барсаңыз болот, "көчүп". Алеки саатта, кереги бары-жогун териштирбей сартча сайратып койсун. Анткени, ал жактын талабы ошол. А биздин сөзгө чычалаганды эмне кыласыз?!
Казактарды казакча аз сүйлөйт, өз эгемендиги үчүн күйбөйт депсиз. Эгер казактардын арасында жүрүп ушул сөздү айтсаңыз бир эле "Кандуу желтоксан" менен сизди ордуңузга отургузуп коет. Ал эми, кытайлардын бизди "мыёолоторунан" коркпоңуз, сиз көрбөйсүз! Мен дагы, менин чөбөрө-урпактарым дагы. Жаман тилегиңиз айтылган оозуңузда эле кала берсин!
"БИЗДИН мамлекеттин территория сынан кокустук менен Кыргызстан деген атка ээ болгон" деген цитата менен сизди кыргыздардын арасында жүргөн орус улутчулу экендигиңизди билип, аяба-аай таң калдым. Анан дагы "улутчулдардан жадаганыңыз" кызык экен. Баарынан да коом үчүн сиздей адамдар өтө коркунучтуу! Эгер, өзүңүздү өз позицияман жазбаган адаммын деп эсептеген болсоңуз "төрт тарабыңыз кыбыла!" Каалаган жериңизден каалагандай укугуңузду "калчылдата" бериңиз.
Сөзүмдүн аягында, Кыргызстанда жашап, иштеген, тилин билбесе да, кыргыздын нака тарыхын, маданиятын билбеген сиздей журналист бар экени өкүндүрөт. Эмне дейли, иши кылса, аман эле болуңуз!

Жылдызай Аттокурова




Биз "Республиканы" колдойбуз
"Республика" саясий партиясы туурасында азыр Кыргызстанда кеп кылбаган адам чанда болсо керек. Айтылган пикирлердин басымдуу бөлүгү партиянын келечегине ишенип, анын экономикалык программасын жактырып, үмүт арткан пикирлер. Алардын бир катарын бүгүн окурмандардын назарына бурмакчыбыз.

Мирбек Атабеков, эстрада ырчысы:
- "Республика" бүгүнкү күндө абдан эле перспективдүү партиялардын бири болууда. Анын лидери Өмүрбек Бабанов агабыз жана анын партиялаштары чын дили менен элге кызмат кылат деген ишенич бар. Себеби, булардын программасында негизинен калың элге кам көргөн социалдык маселелерге жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө басым жасалып жатпайбы. Бул албетте, кыргызстандыктардын назарына түшүп, кызыккандар арбын болууда. Мындай учурлар региондордо, жер-жерлерде кыйла эле байкалууда. "Республиканын" башкалардан айырмасы курамында жаштардын арбын болушу. Себеби, жаштар мамлекетти алдыга сүйрөп кете алчу чоң күч. Алардагы жаштык кайрат, жаштык дем сөзсүз түрдө ийгилик алып келет.
Мен жеке өзүм "Республика" партиясына жакында парламентке болчу шайлоодо ийгилик каалайм. Себеби, бул партия элдин ишенимин актай ала турган адамдардан куралган.

Ома (Өмүрбек Андарбеков), эстрада ырчысы:
- Жети өлчөп бир кесип, "Республиканы" колдогонумдун себеби, партиянын программасын, анын мүчөлөрүн иликтеп карап көрүп, менде ишеним жаралды. Кудай кааласа, бул адамдар кыргыз элине жакшы турмуш алып келет деп ойлоп турам. Анан да белгилей кетүүчү партиянын биринчи ондуктагы талапкерлердин эң улуусу кырк жашта.
Эки жакка чыгып, Кыргызстандын намысын коргоп, желегин көтөргөнгө аракет кылып жүрөм. Кыргызстанды дүйнөлүк аренага алып чыгыш үчүн мекенге болгон, биздин маданиятка болгон чоң сүйүү керек.
Партияны үгүттөп жүргөн учурларда элдин колдогонун, сүрөгөнүн көрүп, шерденип, демиңе-дем, ишеничке-ишенич кошулуп, жүрөгүбүзгө сүйүнүч толуп турган учур. Бизди колдоп, жандап келе жаткан шайлоочуларыбыздын ишеними акталып, ошолордун артынан кыргыз элине, жерине жакшылык жана бакубаттык келет деген тилектемин.

Нурзат Токтосунова, алып баруучу :
- Мен партияга аралашып, туура кадам жасаганмын. Эл менен болгон жолугушууда Талас, Нарын, Чүй жана Көл жергелеринде болуп келдим. Жолугушууга эл жан дили, чоң үмүт менен келип жатышты. Кудай буюрса, биздин катарыбыз күндөн-күнгө көбөйүп, арышыбыз кеңейип жатат.
"Республика" партиясы маданий кайра жаралууну көздөгөн партия. Канча жылдан бери маданият кысылууда болуп келгендигин жакшы билебиз. Бул партия учурда гана эмес, дайыма ушундай темпте иштейт. Мен алардын арасындагы бир канча кишилерди билем, алар сөзүнө бекем турган жигиттер.
Колумду жүрөгүмө коюп туруп, жаштар бизди колдоп турат деп айта алам. Жаштардын маанайы бизге позитивдүү. Ар кимдин тилегени жакшылык, мен Кыргызстандын өнүгүшүн, кыргыздардын жакшы жашоосун, маданиятынын өсүшүн тилейм. Менин көргөнүм боюнча, бул нерсе "Республика" партиясы менен гана ишке ашат!

Элина Абай кызы, жаш актриса:
- Мен жаштарды "Республика" партиясына добуш берүүгө чакырам. Себеби, алар жөнүндө эл арасында жакшы пикирлер айтылып, талкууга алынып жаткан кези. Эгерде алар "Республикага" кайдыгер караса, көңүл буруп, убакыт бөлүп, назар салмак эмес.
Мен "Республиканын" жеңишке жетерине ишенем. Себеби, эл өзү колдоп, сүрөп жатат. Муну биз жер-жерлерге барганда чогулган элдин маанайынан, берген суроолорунан жана каалоо-тилектеринен улам көрүп жатабыз. Алардын арасында ар кыл курактагы мекендештер бар. Батасын берген карыяны, лидерлерибиздин колун бекем кысып, ийгилик тилеген абаларды, ак жол болсун деген апа-эжелерди, үмүт артып кол тамга сураган жаштарды көрдүм.

Актан Арым Кубат:
- Партиянын катарында жаш жигиттер деп жатышпайбы, алар жөн эле жаш жигиттер эмес, бизнести, экономиканы жакшы түшүнгөн инсандар. Булар жөн эле талааны айтып жаткан жок, алардын экономикалык программасы бар, айтылган нерселердин баары анализделип, эсептелип, такталып иштелип чыккан. Атайын адистер мунун үстүндө көз майын коротуп, изилдеп чыгышкан. Негизи, кыргыздар кызык эле эл экенбиз. "Республика" кыска мөөнөттүн ичинде мен-мен деген бир топ партиялардан озуп, эл оозуна көп алына баштады, албетте, муну көрө албагандар болуу да, ич күйдүлүк, ичи тардык деген нерсе биздин каныбызда бар илдет окшобойбу.
Өзүңүздөр билесиздер, электр тармагы абдан коррупциялашкан структура. Ушул убакка чейин 35-40 пайызга чейинки жоготуулар болот экен. Бизди адистердин айтымында, эгерде жакшылап көзөмөл кылсак эле, биз айтып жаткан милдеттенмелерди аткарабыз. Дагы бир нерсе ушул убакка чейин, бир дагы министр баш болуп эч кимиси өзүнүн так баасын канча экендигине так жооп бербей жатат... Эгерде, бийликке келсек, биздин программабызда айтылгандарды аткарабыз.
Өлкөнү башка жакка таанытуу үчүн маданиятты көтөрүү керек. "Республиканын" башкалардан өзгөчөлүгү маданият менен экономиканы кошо алып жүрүш керек деп айтып келет. Маданияты жок эл - эл эмес. Эгемендүү болгондон бери кыргыздын киносу маданий элчи болуп жүрөт, дүйнө жүзүн кыдырып, салт-санааларыбызды, маданиятыбызды кино аркылуу көрсөтүп жатабыз. Андан тышкары музыканттар, театралдык труппалар Кыргызстанды жакшы жагынан таанытып жатат. Андыктан биз, "Республикачылар" экономика менен маданиятты чогуу ала жүрүшүбүз керек. Себеби, өнүккөн өлкөлөр бул экөөнү теңме-тең алып жүрөт.
Мисалы, мен кинематоргафия тегерегинде жүрө бермекмин, ишим кудайга шүгүр. Элди ойлогон киши өзгөчө, парламентке жана ал аркылуу бийликке келиши керек. Анткени, бизде мамлекет ушундай экен, чыгармачылык чөйрөдө жүргөн кишини ойлоп деле койбойт экен. Сени уктуруш үчүн бийликке келиш зарыл экен. Республиканын максаты - жеңиш, жеңгенден кийин бийликке келиш, анан берген убадаларды аткаруу.

Биз буюрса, утабыз!!!
Саламат Садыкова,
Кыргыз Эл артисти:
- Чынында эле, азыр партиялардын саны абдан көп болуп кетти. Алдыдагы шайлоодо эки-үч партия утушка ээ болсо, ошолордун негизгилеринин бири "Республика" болушу керек деп эсептейм. Партия лидери Өмүрбек Бабановдой чыйрак, бул жашоодо өз позициясында, принцибинде бекем турган, өзүнө-өзү ишенген адам эч убакта коомго зыян келтирбейт. Өмүрбек Бабанов башында турган, артында далай жигердүү адамдар жандап келаткан "Республика" партиясына кенен, жемиштүү, ырыстуу, байсалдуу сапар каалайм!