п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу-жаңылыктар

"Кеңеш" тобу кайрымдуулук концертин берди
"Кызыл гүл" деген ыр менен популярдуулукка жеткен, үй-бүлөлүк "Кеңеш" тобу 2-3 -октябрда калаабыздагы Молдовановка атындагы абакка кайрымдуулук концертин коюшту. Концерт продюсер Назгүл Насиеванын демилгеси менен уюштурулду. "Негизи, бул жашоодо таңды тосуп, күндү батырып жашаганы менен чектелбестен, көбүрөөк соопчулук иштерди кылганга да аракеттенишибиз керек. Анткени, абактагы отургандардын , төбө чачты тик тургузган оор тагдырды баштан өткөзүп, көздөрүнөн үмүттүн шооласы жанбай калгандарын көргөндө, жаның кейибей койбойт экен. Биз биринчи күнү 28-колонияга, ал эми экинчи күнү 31-колонияга барып, концертибизди тартууладык. Негизи, Назгүл Насиева көп жылдан бери кайрымдуулук концерттер менен алектенгендиктен, тажырыйбасы чоң , анан мага айткан сунушуна дароо макулдугумду берип, бир аз болсо да, темир тор артында баш калкалаган мекендештериме жакшы маанай тартуулоону чечтим"- дейт Мүзүр мырза.


Кыргыздын "Крутою" Жаныш болмокчу
Бир кезде "Анын мерседеси бар" деп ырдаган бир туугандардын кичүүсү Жаныш Момунов эстрададан тажаганбы айтор башка стилдеги чыгармаларды жаратууда. Тагыраак айтканда, орустардын улуу композитору, классикалык шедеврлердин автору Игорь Крутойдун жолун жолдомокчу. "Адам деген бир эле багытта жүрө бербей, дайыма издениш керек. Мен бир гана эстрада багытында эмес , классикалык багытта да артымдан из калтыргым келет. Дагы аны тандап алганымдын бир себеби, негизи, мен классикалык багыттагы окууну аяктагандыктан, кесибим боюнча иштеп көрүүнү чечтим", дейт ырчы. Кудай буюрса, жакында үналгылардан Жанышты пианинонун коштоосунда жараткан классикалык шедеврлерине күбө болосуздар.


Сати турмушка чыгабы?
"Фабрика" тобунун экс-солисткасы Сати Казанованы күйөрманы турмушка чыгуусун суранды. "Ал мырзанын аты сыр бойдон калсын, бирок, күйөрманымдын турмушка олуттуу кадам таштап, чечкиндүүлүгүнө баа бердим. Мен 27жашка толсом да, эмнегедир, турмушка чыгууну ойлоно элекмин. Мага азыр биринчи кезекте карьерамды өркүндөтүшүм керек, ал эми бойдокчулук менен кош айтышканга азыр эрте деп эсептейм"- деп Сати өз оюн билдирди.


Кристинадан айымдарга аромат
Россиянын шоу-бизнесине салымын кошкон, көп кырдуу таланттуу Кристина Орбакайте бир гана ырчылык, актёрлук кесип менен чектелбестен, өзүнүн аты басылган айымдардын атырын чыгаруу менен алпурушуп жүргөн кези. "Кристина жада калса, атырдын курамын да өзү ойлоп тапты. Ырчы өз кесибин мыкты аткаргандан тышкары, порфюмерияны тандоодо да табити өтө зор экен. Ошондуктан, ырчы менен иштешкен биз үчүн оңойго туулду. Буюрса, ушул жылдын кыш айларында, калаабыздын дүкөндөрүнөн сатып алууга мүмкүнчүлүк аласыңар" деп кошумчалай кетти адис.


  Клип таржымалы

Ынак Осмоналиев:
"Бул ырды апам ырдачу"
Каармандарын туугандарым аткарышкан
Бул клиптин башкы идеясы ырчы, обончу Мерген Турганга таандык. Режиссеру- Бекбол Кылычбеков. Клипти тааныштарымдын, туугандарымдын жардамы менен тарттым десем жаңылышпайм. Анткени, ооруканада тартылуучу жери бизге оор болду. Шаарыбыздагы ооруканалардын ичинен тартылууга эч ким макулдугун беришпей аябай кыйналган элек. Ошондо, клиптеги врачтын ролун ойногон аталаш инимдин жардамы менен Республикалык оорукананын жетекчисинен уруксатын алган элем. Ал эми Нурбектин ата-энесинин образын эжем менен жездем аткарышкан. Башкы каарман баланын ролун классташым, досум Нурбек, клиптеги Нурбектин сүйүү тагдырына туш болгон эки кызды бирин - Латифа, ал эми медайымды Аида аттуу селки ойноп берди.

Нурбек экөөбүз урушуп кетип…
Негизи, пландар боюнча соңу башкача бүтмөк эле да. Сьемка учурунда Нурбек экөөбүз урушуп, пикирибиз келишпегендиктин натыйжасы клипке терс таасирин тийгизбей койгон жок. Кыскасы, аягы кызыксыз, түшүнүксүз болуп калыптыр. Анан күн сайын тарталы деп даярданып алсак, жаан жаап, аба-ырайы тоскоол болуп туруп алды. Эртең менен эрте туруп, дароо күндүн көзүн издеп, жакшы аба-ырайы болушун тиленип калган элем.

Революция башталып калды эле
Ошентип, бир жуманын ичинде "Мумиё дарың жок беле?" деген ырыма клип тартып бүттүк деп эле отурсам, эртеси 7-апрелде революция башталып калды. Баягы төңкөрүштө, улуттук биринчи каналдын имараты да талкалангандыгына байланыштуу, клип 1,5 айдан кийин гана монтаждалып, өз убактысынан кеч чыкты. Эгерде, апрель окуясына туш келип калганда, балким, тартылбай да калат беле…

Бул ыр мага аябай кыйынчылык жаратты
Негизи, бул ыр мага аябай оор болду. Мен бала кезимде апам ушул ырды көп ырдачу эле. Ошол кезде алардын компаниясында хит ырлардын бири болгондуктан, мага аябай жакчу. Эмнегедир, акыркы жылдары ырдап чыгайын деп, сөзүн, обонун сураштырып жатып, араң бир куплетин гана таптым. Негизи, бул ырды, элдик ыр деп коюшат, бирок, ошого карабастан авторун сураштырып, таппагандыктан, эки куплетин өзүм жазганга туура келди. Ал эми ырдын аранжировкасын төрт жолу жасаттым. Канчалаган таланттуу аранжировщиктерге кайрылганымда, мен ойлогондой эмес, өздөрүнө жаккандай кылып жасап коюшкан. Жасап бүткөндөн кийин уксам эле, кандайдыр бир нерсеси жетпей калгансып жатты. Орусча айтканда "изюминкасын" таппай жаттык. Ошентип отуруп, ырчы, обончу, аранжировщик Жаныш Момуновго барганымда, экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүшүп, дал мен көптөн бери эңсеп, каалап жүргөндөй кылып аранжировкалап берди. Жалпысынан, бул ыр бир жылдан ки йин гана толугу менен даяр болуп, клипке кеткен чыгымды эсептегенде, 45 миң сомду чапчыды.

Айзат Кыдыралиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??