п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Чыгармачылыкка чырмалган өмүр
Өмүрүң сызылып жыла берет. Артынганың күлазык. Ал өмүр өрүшүндө жыйналып, топтолуп отурат. "Кызбурак" тобунун жетекчиси, бир топ жылдан бери Ош филармониясынын директорлугун аркалап келген КР эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр САДЫБАКАСОВАнын өмүр "күлазыгы" куржун толо. Ал эми быйыл Гүлшайыр айым Ата Мекенге саясый чөйрөдө да кызмат кылуу ниетинде "Ата Мекен" партиясынын курамында парламенттик шайлоого аттанууда.

Бир очоктун башында айланып-тегеренип...
Бул жашоодо эң кыска адамдын өмүрү экен. Бирок, адамзаттын жашоого болгон ынтызарлыгы күч. Жарыкка жаралгандан кийин эмне кылгың келет? Бир очоктун башында айланып-тегеренип өмүр кечирип, бүгүн бар, эртең жок болгуң келбейт. Аздыр-көптүр элге кызмат кылып, улуу журттун кулуну болгондон кийин анын өнүгүшүнө аял кишиби, эркек болобу, колуңдан келген салымыңды кошуп өтүүнү самайсың. Эмгекти туу тутуп жүргөн аялдардын арасында биздин да эмгегибиз болсо керек. "Кыз бурак" тобу Кудай буюрса, 35 жашка чыгып отурат. Бул адам өмүрү менен өлчөсөк, өтө жаш курак. Ал эми кызмат кылуу багытында олуттуу, узак мезгил. 35 жылдан бери талбай, үзгүлтүксүз элге кызмат кылуунун бир бутагында келатабыз. Ошол бутакты кууратпай, көчөт кезинен чоңойтуп, ушул эрезеге жетишине зор күч сарптаганбыз.

урма аспапта ойногон кыз болбоптур
Жаңыдан 18ге толуп, оюбузду жаман пикир аралабаган, таза сезим менен турмушка аралашып турганыбызда эстрада багыты кыргызга жаңы агылып кирген. 70-жылкы жаштар арасынан имерилген шыктуулардын, эстрада деген жанрга тартылгандардын арасында мен да болуп калдым. Ал кезде Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунун музыка факультетинде окуп жаткан кезим. 2-курста Чоро Кожомжаров жана ошо кезде бизге ансамбль түзүүнү өзүнө максат кылган Эркин Курманов агай экөө келип, институттун алдында 1974-жылы алгачкы кыздар ансамблин түзүшкөн. Ар ким өзү жактырган аспабына жазылса, негедир мен урма аспапты каалапмын. Биздин бөлүмдө 40 кыз бар эле, күнү-түнү репетиция кылчубуз. Аягында экөөбүз эле калдык. Жанымдагы кыз жалкоолонуп койгонбу, ошолордун арасынан жалгыз мен "Шоола" кыздар ансамблине кабылдандым. Ошол кезде элдин баары таңгалган. Себеби, ага чейин бизде урма аспапта ойногон кыз болбоптур.

Тагдыр бизди кыздар тобуна кабылтты
1974-1976-жылдары биздин ансамбль студенттик фестивалда биринчи орунга эки ирет татыдык. Алгачкы гастролубуз Москвага, андан ары Эстонияга чейин болду. Окууну бүткөндө ошол ансамблде бас-гитарада ойногон Айсалкын деген кыз экөөбүздү Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим кылып жөнөтүштү. Тагдыр бизди алпарып, ошо кезде жаңыдан уюшулуп аткан кыздар тобуна кабылтты. 10 кыздан турган "Кызбурак" ансамбли 1976-жылы Ош шаарында түзүлүп, мени музыкалык, ал эми Рахман Салмаматов агайды көркөм жетекчиликке алышты. Ошол күндөн бери ушул кыздар командасынын өмүрүн улап келатам.

"Кызбурак" сымал өмүр сүрө албады
Алгач хобби катары болсо, бара-бара бул топ каныбызга, жаныбызга сиңип, жүрөгүбүздүн тереңинен орун алып, таптакыр кое бербей койду. Биротоло байланып калдык. Мына бүгүн 57ге кирип атсам, анын 33 жылы "Кызбурак", дагы 2 жылы "Шоола" менен өтүптүр. 35 жыл кыргыз эстрадасынын кайсы бир өңүрүн толуктап келатабыз. Ушул аралыкта 300дөй ансамбль жаралган, негедир бири да кармалып калган жок. "Кызбурак" сымал өмүр сүрө албады.

"Кызбурак" жолдошум экөөбүздүн
ажырашканыбызга түздөн түз таасир берген экен…
Аспаптарда жандуу ойночу элек. Кыз кишинин барар жери күйөө экен. Кыздардын тез-тез алмашуусу жок эле дегенде үч ай аксатчу. Бир гитарист кызды алып качып кетишсе, ордуна башка кыз таап, таптап чыгарганча күтөр элек. Улам бирин күйөөгө узатып, топту кайра толуктап жүрүп, ушул 33 жыл ичинде 290го жакын кыз менен иштешипмин. Улам кеткен кыздын ордун толуктаганча бир топ толгоносуң, жүрөк ооруйт, сезим ооруйт. Айла жок, кайратыңа келип, күч топтойсуң. Ар бири өз балаңдай болуп калат. Кудайга шүгүр, баары турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу, сүйүктүү эне. Турмуштан өз орундарын тапкан. 700гө жакын неберелерим чоңоюп атат. Иш менен жүрүп, өз жашообузду унутуп калган да учурлар болгон. …Жолдошум Абдрасул биз менен 7-8 жолу бирге гастролго чыгып келгенден кийин: "Кыйналбай таштап эле салбайсыңбы, - деген жакшы эле, - жашообузга тоскоол болуп атат". Көрөлү деп коюп жүрө бердим. Кантип таштап кое алмак элем! Анан чыдабады көрүнөт, иче баштады. Ошентип, турмушубуз болбой калды. 15 жыл жашаган соң, жай коштошуп ар кимибиз өз жолубуз менен кете бердик. Өкүнбөйм! Тагдыр экен… Бирок, азыр артка бир саам көз чаптырсам, "Кызбурак" жолдошум экөөбүздүн ажырашканыбызга түздөн түз таасир берген экен…

Мамлекеттен эч качан
жардам болгон эмес
"Кызбурак" жаралганы профсоюздун базасында болгондуктан, мамлекеттен эч качан жардам болгон эмес. Бирок, тапканыбыздын баарын мамлекетке төгөр элек. Азыр жыргал эмеспи, концерттен түшкөн каражат өзүңө гана жумшалат. Өмүр бою мамлекеттин иши деп жүрдүк. Кандай иш-чара болбосун чакырышчу. Бирок, мамлекет "карегинен" тыш калганыңа күйбөй койбойт экенсиң. Кудай ал-күч берип турганда элге кызмат кыла берейин деп кайра кубаттанасың. Чарчап-чаалыгып жыгылып калганча иштей беребиз. Көзүбүз өткөндө эмгегибизден улам эл эскерет эмеспи. …Кай жактарга гана барбадык. Союзду эле 7-8 ирет кыдырдык. Чет өлкөлөргө азыр да барып жүрөбүз. Кандай сонун кабыл алышат десең. Былтыр эле Кытайга барганыбызда кытайлыктар ордуларынан туруп кол чапты. Кыздар беш жолу эларалык фестивалда дипломант, беш ирет лауреат болушту. Кыргызстанды сыртка канча ирет таанытып келдик. Мамлекет ыраазы эле болор бизге.

Эстрадага дайым өгөй баладай мамиле кылышкан
Батма Качкынова, Шахра Аскарова, Айгүл Рысалиева, Роза Заитова өңдүү ырчы кыздарыбыз кайсы гана республикага барып ырдашкан жок. Канча таланттар өз баасын албай, көзү өтүп кетет. Кээси ар кай жакта жүрөт. Башкаларчылап кошоматтанганды билбесе, же бирөөнү сүйрөп чай бергенди өздөштүрбөсө, таланты бааланбай кала берет тура. Баалагандар чыкса, чыгармачыл адамдын көңүлү көтөрүлүп калат. Иштеген адамдарды эл билет. Өнөр жаатында эстрадага дайым өгөй баладай мамиле кылышкан. Маданий багыттарды бирдей карай турган заманда да бул уланып келет. Быйыл кыргыз эстрадасына 40 жыл толот! Буга көңүл бөлүп койгон киши жок. Кечээ эле мына, кыргыз эстрадасынын башатындагылардын бири Шамшыбек Өтөбаевдин көзү өтүп кетти. Өлбөй турган эч ким жок. Четинен улам кете беришет. Тирүүсүндө адамдын баркын адам билбейт экен.

Мал карап, отун жарып, бакча багып чоңойгом
Мырза мүнөз мени бардык жерде коштоп жүрөт. Сүрөткө түшүп атсам, сүрөтчү да "назик образда кара" деп кыйнайт. Мындай мүнөз кичинеңден калыптанат окшойт. Үйдө эки кыз удаа болуп, атам тыш жумуштарды мага, үй иштерин сиңдиме бөлүп берген. Ошол бойдон сыртта мал карап, отун жарып, бакча багып чоңойгом. Ойногондо да балдар менен ойноп, кыздардын шыбырашкандарын эч жактырчу эмесмин. Ат, эшек минип, машина айдап жүргөндү жакшы көрүп, эркектердин мындай жумуштарын тез эле өздөштүрүп кетер элем. Үй жумуштарына чынында кечирээк аралаштым. Өжөр, көктүк да мырза мүнөзгө салат. Бул образдан оңой менен чыгып кете албайт экенсиң. Өжөр, көктүк чыгармачылыкта ийгилик алып келгени менен аял кишинин турмушуна өтө чоң тоскоол этип коет. Өзгөчө, турмуш курган маалда. Себеби, эркектердин кулк-мүнөзү, алардын ички интеллекти, жашоо көрөңгөсү сеники менен такыр дал келишпейт. Эркектер аялга болгон үстөмдүк, өзүн анын алдында бийик сезгендик өңдүү тубаса кулк-мүнөзгө ээ. Ошол себептен, аялдын өзүнөн кыйын болгонун көп эркектер жактыра бербейт. Мыкты, чыгаан, мырза мүнөз кыздар көбүнчө жалгыз бой калып же турмушунан ажырап кетишет. Мындай аялдарды сындырыш кыйын. Бирок, сыртынан сыр бербей, ичтен сызылат. Канча күчтүү, телегейиң тегиз болгон күндө да жүрөктө бөксөлүк бар. Лидер айымдардын арасынан акылгөй, айлакерлери турмушун да, ишин да жөнгө салып кое алат. Эки тарапты тең бирдей алып кеткен айымдардан да уучубуз кур эмес.

Кыргыздын курсагы тогунун да руху ачка
Мекенчилмин, кыргыз дегенде жанымды бергенге даярмын. Кайсы жерде жүрбөйүн кыргыз деп күйүп, кыргыз деп ырдап, кыргыз деп обон жаратып келебиз. Биздин улуттай улут чанда. Улуу улут уюткусубуз. Саныбыз аз болсо да, өз жерибиз, өз мамлекетибизге ээлик кылганыбыз биздин зор бактыбыз эмеспи. Артка тарткан жаман сапатыбыз - колот-колотко, айыл-айылга, анан Түндүк-Түштүккө бөлгөнүбүз! Кайсы бир адамдардын кызыкчылыгынан улам бул нерсе коомдо атайын каражат катары колдонгонуна арданам. Улуттун генофондун өлтүрүп аткан ичимдикке берилгендик! Кайдыгерлик! Анан да ушул тапта кыргыздын курсагы тогунун да руху ачка. Карапайым калк сабатсыздыгы, билимдин төмөндөшү. Булар кыргыздын бир кулуну катары мени да түйшөлтпөй койбойт.
Жазып алган
"Ата Мекен" партиясынын
басма сөз кызматы




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??