п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Керемет кечтин маеги

Айчүрөк Иманалиева:
"Мени төшүнө жөлөп, коргоп, эркелеткен адам болгон жок"
"Роза гүлү" аттуу ырым менен популярдуу болуп, тушоо кесүү концерттимди койгондо сахнага кийгенге костюмум, туфлим жок калган күндөрдү да башыман өткөрдүм

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, КРнын Примадоннасы Айчүрөк Иманалиеванын бала кезинен баштап, азыркы мезгилдеги жашоосуна чейин саякаттап келдик. Ырчы айымдын жашоосундагы урунттуу учурлардан бир шиңгил бермекчибиз.

- Сизди "Кыргызстандын Примадоннасы" дешет эмеспи. Ошол Примадоннанын бала чагы кандай өттү болду экен?
- Жөнөкөй карапайым үй бүлөдө өсүп чоңойгом. Талас областынын Калба айылында сегизинчи класска чейин окуп, андан кийинки билимимди борбордогу М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын "вокал" бөлүмүнө тапшырып, 10- классты Фрунзе шаарындагы №2 орто мектептен бүттүм. Балачагым эл катары эле өттү. Топуракка чуркап, уй саап дегендей…
- Өмүрлүк жарыңыз Таалай байке менен таанышканыңызды эстей кетпейсизби?
- Таалай байкеңер менен түтүн булатканыма он жети жылдан ашып баратат. Экөөбүздү тааныштырган сахна болду десем жаңылышпайм. Анткени убагында "Пирамида" телерадиокорпорациясы жаңыдан иштеп, Бишкек шаары боюнча авторитеттүү болуп, орус тилдүүлөрдүн баары суктанып көрүп жатышкан учуру эле. Ошондо кыргыз жигиттеринен эң биринчи Таалай диктор болуп "Пирамидада" иштеп, популярдуулугу күчөп турган кез . Анан бир күнү эле Жамила Муратованын "Жылдыздуу студия" ("Звёздная студия") деген теледолбоорунан экөөбүз таанышып калдык. Таанышкандан баштап эле жылдызыбыз келишип, телефон чалышып, жолугушуп, кыз-жигит болуп эки жылдай сүйлөшүп жүрдүк. 3 баланы тарбиялап жатабыз. Албетте, биздин үй-бүлөлүк жашоодо да өйдө-төмөн сөздөр, имиштер ж.б. көп нерселер болуп өттү. Бирок, эң негизгиси, "кыбыраган кыр ашат" деп, үй бүлөбүздүн, бала-чакабыздын аманчылыгын тилеп, анча-мынча айтылган айың кептерге, бут тосууларга көңүл бөлбөй жашап жана иштеп келебиз.
- Сиз жөнүндө, үй-бүлөңүз жөнүндө не деген гана сөздөр айтылган жок. Бирок, ошонун баарын сабырдуулук, түшүнүү менен жеңдиңиз. Сүйүүңүздөрдүн күчтүүлүгүнөн үй бүлөңүздү кармап тура алдыңыз окшойт.
- Сүйүү деле эскирип, сүйүү деле өтүп кетет эмеспи. Ошондуктан, эң негизгиси адамдын ички көрөңгөсүндө болуш керек. Сенин мага баа берип турганыңдын өзү мен үчүн жеңиш. Албетте, айтышат, дешет. Башкысы, Кудайдын, арбактардын, балдарымдын алдында таза болсоң, андай ушактарга берилүүнүн деле кереги жок деп ойлойм. Анткени, бардык нерсени убакыт дарылап, өз ордуна коюп коёт. Өзүмдү өтө сабырдуумун деп айта албайм. Болгону атам-апамдын жакшы тарбиясын алгандыктанбы, улуу кишилердин айткан насааттарын дайыма көкүрөгүмө түйүп жүрөм. Апам "Сабырдын түбү сары алтын" деп байма-бай айтып калар эле. Чындыгында, сабырдуулук менен көп нерсени жеңсе болот.
- Сиз тарапка айтылган имиштердин айынан Таалай байке экөөңүздөрдүн ортоңуздардан кара чымын өткөн күндөр болду беле?
- Адамдын жүрөгү темир болбогондуктан, аброюңа шек келтире турган макалаларга, же болбосо өзүң жөнүндө болбогон ушактарга сөзсүз түрдө жүрөгүң кейийт, ооруйт. Мындай көрүнүштөргө философиялык көз караш менен карайбыз. Андай нерселерге көңүл бурбоого, терикпөөгө аракет кылабыз. 23 жыл кыргыз элине кызмат кылуу оңой иш эмес деп ойлойм. Элим да мени ушунча жылдан бери, сахнадан түшүрбөй , колдоо көрсөтүп келет. Бу да болсо менин элге, элдин мага болгон сый- урматы деп билем. Ушундай сый- урматтан кудайым айрыбасын, калганы болсо келип кетчү нерсе.
- Казан-аяк кагышканда, ким биринчи кечирим сурайт?
- Таалай көк бет. Мен кечиримдүүмүн. Кекчилдикти жаман көрөм. Ал мага караганда бир топко чейин көңүлү ордуна келбей туруп алат. Мен таарынганды билбейт болушум керек. Кийинки учурда качан таарынганымды деле унутуп калдым. (күлүп)
- Кайсы ырчы мырза-айымдар менен үй-бүлөлүк алакадасыз?
- Бардыгы менен мамилем жакшы. Эстрадада көпкө кармалып туруу бардык ырчылардын колунан келе бербейт. Бул өтө чоң жоопкерчилик жана эмгек. Каныкей, Зейнеп эжелер, Алина, Гулнара, Расул, Бек, Мерген, Сыймык, Динара, Жамиля, Гүлнур менен жакшылыкяжамандыкта дайыма биргебиз. Булар кыргыз эстрадасында көп жылдан бери кызмат өтөп, аброюн жоготпой келе жаткан ырчылар.
- Үйдө капчык кимдин колунда?
- Акчаны мен эле кармайм. Балдардын окуусуна, бала бакчасына, кийимине, костюмдарыма, ырларыма дегеле бардык нерсеге жеткиргенге аракет кылам. Кептин баары "акчаны көп табууда эмес, анын көзүн билип өлчөөдө" - дейт эмеспи.
- Кайгыга батканда кантип алаксыйсыз?
- Депрессияга түшкөндө кичинекей Аэлитамдын бал тилинен айыгам. Кичине эле көңүлүм түшө калса, чуркап келип жакшы комплименттерди айтып "Чачыңдын жыты укмуш, бүгүн абдан сулуусуң апаке" - деп көңүлүмдү жубатып турат. Балдарың үчүн жашап, балдарың үчүн баарын жеңгенге туура келет экен.
- Кайнене менен келиндин ортосунда козголоң болбой койбойт. Сиздерде кандай?
- Козголоң кылбаганга аракет кылам. Кайненем да түшүнүктүү киши, алар өзүнчө жашашат, биз бала-чакабыз менен өзүнчө дегендей.
- "Эркектин аты, аялдын заты улук" деп коюшат. Сиздердин үйдө акыркы сөздү ким айтат дагы, чекитти ким коёт?
- "Чекиттти мен коём, сен коёсуң" деген жок. Бизде эркиндик биринчи орунда. Кимдин сөзү туура болсо, ошонун сөзү чекит болот. Кээде баланын да сөзүн угабыз. Таалайдыкы туура болсо, мен угам. Меники туура болсо ал угат.
- "Жылдыз оорусу" менен ооруп калдыңызбы?
- "Жылдыз оорусу менен оорудум же оорубадым" деп айта албайм. Мындай нерсенин баары тарбиядан. Биз жаңыдан чыгып жатканда акчаны деле билчү эмеспиз. Элдер шатырата кол чаап койсо, ошого сүйүнүп калчубуз. Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Ош, Баткен, деги койчу стадиону бар шаарлардын баардыгына концерт уюштурушар эле. Уюштуруучулардан бир тыйын деле алчу эмес экенбиз. Болгону бизге дасторкон жазып, барып келгенибизге самолётко билет алып беришсе, "Иий, бизди минтип сыйлап атат" - деп сүйүнүп, "Айчүрөк менен Алина кыргыз эстрадасынын эң кыйындары" деп койсо жаш баладай эдиреңдеп, акчаны деле унутуп журө бериптирбиз. Эми өзүң калыс бол, оорудумбу же ооруган жокмунбу?
- Сиз менен тең чамалаш ырчы айымдардын көбүнүн турмушта оту күйүшпөй жүрөт. "Таалай менен жашаганыма он жети жылдан ашты" деп калдыңыз. Кандай магнитиңиз бар?
- Үй-бүлө өзүнчө кичи мамлекет. Ал мамлекетти гүлдөтүп өстүрүш аял катары, эне катары менин колумда. Албетте, мага дагы оңой эмес, эч кыйынчылыктарга карабай мен да өз мамлекетимди уратып албоого бүт аракетимди жумшап келем.
- Эмне үчүн балдарыңызга абдан мээримдүүсүз? Мунун да кандайдыр бир себеби болсо керек?
- Мен балдарды абдан жакшы көрөм. Өзүм 4-5 кыздуу болгонду кыялданчумун.
- Кызыңыз Аэлитанын ырчы болушун каалайсызбы?
- Эгерде таланты бар болсо, ырдайм десе өзүм колдойм. Мага колдоо көрсөткөн эч ким болгон жок. Көктүгүмөн, өжөрдүгүмөн, иштермандыгыман ушул деңгээлге жеттим. Аэлита ырдайм десе 70 пайыз жеңил болот. Кызымдын опера ырчысы болгонун каалайт элем.
- Жөлөк таяк демекчи, сиздин ата-энеңиздин эки башка жолго түшүп кеткени жөнүндө имиш-имиштер бар. Ошонун канча пайызы чын?
- Имиш эмей эле, менин китебимде деле ачык жазылып турат. Убагында мен да өзүмдү төрөгөн энеме, атама ушунчалык таарынып жүргөн учурларым болду. Шоу-дүйнөсүндө көрө албагандар, ар кандай сөздөр болот экен. Ошол учурда мени төшүнө жөлөп, мени коргоп, эркелеткен адам болгон жок.


Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??