Өрнөк өлкө

Бириккен Араб Эмираттары
Бактысына - кара алтын…
Бириккен Араб Эмираттары, Араб жарым аралынын түштүк -чыгыш тарабында жайгашып, 7 эмирликтерден турат. Ар бир эмирликти "эмир башкарат". XVII-XIX кылымдарда Британиянын карамагында болуп 1950-жылдарга чейин бул мамлекет өнүкпөгөн жарды мамлекет болгон. Кара алтындын эбегейсиз чоң кору табылган соң, аз эле убакыттын ичинде экономикасы өсүп, саясий күчкө ээ болот. Бул өз учурунда 1971-жылы өз эгемендүүлүгүнө жетишишине шарт түзөт. Калкынын саны 2,7 миллионду түзүп, негизинен, отурукташкан арабдардан турат. Аз сандагы көчмөндөрдү да кезиктирүүгө болот. Борбору -Абу-Даби.

Кыш болбойт
Жайгашкан жери деңиздин жээгинде болуп, Саудия Арабия жана Оман мамлекеттери менен чектешет. Аянты 83.600 км кв (Кыргызстан 198.500 км кв сал.). көпчүлүк аймагы чөлдөн тургандыктан, чек араны так аныкташ кыйла кыйынчылыктарды туудурат жана азыркыга чейин чечилбеген көйгөйлөр бар. Бул мамлекетте кыш болбойт. Жайкысын 40-50 °C, ал эми кыш айларында 20-35 °C ысык болот. Жамгыр дээрлик жаабайт. Бирок кум бороону (куюну, чапкыны) сейрек кездешүүчү табигый климат. Дагы бир кызык нерсе, бул мамлекетте бир дагы дарыя же көл жок. Сууга болгон муктаждыгын жер астындагы булактарынан жана деңиз суусун ичкенге боло тургандай кылып кайра иштетип, ирригациялык процесстерде да колдонушат.

Чөл болгондуктан…
Күндүн ысыгы, жамгырдын аз жаашы, жердин чөл болушу саналуу гана өсүмдүктөрдүн өсө алышын шарттайт. Деңиз жээктеринде пальма, акация дарактары өсөт. Ал эми чоң шаарларда кооздук үчүн отургузулган бак -дарактарды кароого көп каражат жумшалат. Мамлекет жашылдандырууга өзгөчө маани берип, дарак отургузуу боюнча көптөгөн долбоорлорду каржылайт. Жаныбарлардан, негизинен, төө жана кой басымдуулук кылат.

Жардылар жокко эсе
Дагы бир кызык нерсе, бул мамлекетте кедейлер жокко эсе. Экономикасы, негизинен, мунай менен жаратылыш газына негизделген. Жашоо шартынын деңгээли боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундарда турат. 1970-жылдан баштап өлкөнүн экономикасы алдыга гана карай өсүп, 2009- жылы ички дүң продукциясынын көлөмү 252$ миллиардды түзгөн. Жумушчулардын саны 2,7 миллионду түзүп, анын 90%ын чет өлкөлүк жарандар түзөт. Серепчилердин айтымында ушул темпте БАЭнин мунай кору дагы 100 жылга, жаратылыш газы дагы 200 жылга жетери маалымдалууда. Дүйнөгө белгилүү Жапониялык, АКШлык, Европалык өндүрүшчүлөр өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн дал ушул шаарда ачышып, товарларын өндүрүп жатышат.

Курулган аралдар
Туризм тармагы да жакшы өнүккөн. Деңиздин үстүнө жасалма аралдарды курушуп, туристтер үчүн эң эле ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.6 материкке окшош кылып курулган 300дөй аралдар дүйнөдөгү адам тарабынан жасалган эң чоң арал болуп эсептелинет. Бул аралдардын ар бири 25-30$ миллион доллар турарын эскерте кетели.

Дүйнөдөгү эң бийик имарат
Дубай шаары өлкөнүн негизги экономикалык борбору болуп эсептелинет. Бул шаар акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Кээ бир булактарда дүйнөдөгү асман тиреген имараттарды курууда колдонулган көтөргүчтөрдүн 25%ы Дубайды курууда колдонулганы айтылат. Ошондой эле, дүйнөдөгү эң бийик имарат да Дубайда жайгашкан. Бурж Ал-Араб мейманканасы дүйнөдөгү эң узун жана жападан-жалгыз 7 жылдыздуу мейманкана болуп эсептелинет.






Өзгөчөлүктөрү
Дүйнөлүк кара алтын корунун ондон бир бөлүгү, жаратылыш газынын 3 %ы дал ушул БАЭде жайгашкан.
Көмүр кычкыл газынын деңгээли да дүйнөдөгү алдыңкы орундарда турат. Буга себеп, БАЭ электр энергиясына болгон муктаждыгын Жылуулук электр централдарында мунай жагуу менен камсыздагандыгында.
Расмий тили- араб тили. Англис тили бизнесте колдонулган негизги тил болуп эсептелинет. Ислам расмий дин болсо да, башмыйзам бардык жарандарга дин эркиндигин убада кылат. Калкынын сабаттуулугу 79%. Орто мектепте билим алуу акысыз.
Маданияты, каада-салты исламдын принциптерине тыгыз байланышып, туруктуу жана түпкүрүнөн бекем отурукташкан. Жашы улгайып калган аялдардын негизги жашоосу үй турмушуна байланышса, жаштары билим алууда, коомдо активдүү катышып келе жатышат. Жалпы эмгекке жарамдуу жарандардын 13 %ын аялдар түзүп, мамлекеттик башкарууга да көбүрөөк тартылууда.
Кийимдери заманбап жана салттык маданияттын таасиринде тигилип, күндүн аптаптуу ысыгында аябай ыңгайлуу келет. Үйлөрдүн басымдуу бөлүгүндө аба кондиционерлери коюлган.
Тамак-аштары да өзгөчө. Отко какталып бышырылган козунун эти сый конок келгенде жасалат. Акыркы убактарда Америка жана Европа тамактары да популярдуулукка жетип отурат.
Тарых боюнча атактуу араб аргымактары дагы деле өз ордун сактап келе жатат. Күлүк жарыш калк арасында эң баркталган спорт түрүнө кирет. Ошондой эле, куш салуу да саркеч деп саналган оюндардын катарында.
Негизинен, жалпы элдик 2 майрам бар: Орозо айт жана Курман айт. Бул майрамдар бир нече күн майрамдалат.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн саны 55000дин тегерегинде.
БАЭде саясий партия жок деп айтса, көбү ишенбеши мүмкүн. Өлкөнүн өкмөтүн эмираттардын эмирлери, таасирдүү, бай үй-бүлөлөр башкарышат. Жалпынын кызыгуусун жараткан шайлоолор да болбойт.
Жарандары мамлекетке салыктын эч бир түрүн төлөшпөйт жана медициналык кызмат да акысыз.




  Психология

Сиз канчалык деңгээлде кыжырданасыз?
Күнүмдүк турмушта ар кандай адамдар менен жолукканда, түркүн кырдаалдарга туш болгондо, чөйрө бизге кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизип, өз учурунда бул мүнөзүбүздүн өзгөрүүсүнө алып келет экен. Кээде бул өзгөрүү терс багытта болуп, акыбети адамды кызуу кандуулукка, кыжырдуулукка, туталангычтыкка дуушар кылат. Анан ,албетте ,адам бул сапаттарга ээ болгондон кийин, анын баскан-турганынан, кыймыл-аракетинен, шилтөө-жаңсоолорунан бул адамдын кандай адам экени айтпаса деле белгилүү болот. Бул тест өзүнүздү ар кандай учурларда канчалык деңгээлде башкара алышыңызды аңдоого жардам берет.

Анда эмесе, төмөндөгүлөр канчалык деңгээлде сиздин кыжырыңызды келтирет:
Эгерде бир адам сизге жакындаса, мейли өз каалоосу менен, мейли кокусунан(автобустагы тыгында, кезек күткөн жайларда...
Кимдир бирөө сизге акыл үйрөтө баштаса...
Тамактын тузунун ачуу же кем болушу...
Бирөөлөрдүн жөнү жок, орунсуз каткырып күлүшү...
Кимдир бирөө сиз көрө элек, бирок, көргөнгө ниеттенип жаткан кинонун сюжетин айтып баштаса...
Коомдук транспортто бирөөлөрдүн катуу сүйлөшүүсү, маеги...
Аңгемелешип отурган шеригиңиз сүйлөп жатканда колун ары-бери жаңсап, жөн турбаса. Колу менен түшүндүрүүгө аракет жасап жаткан сыяктуу...
Кесиптештериңиздин сиздин жаныңызда чет тил сөздөрүн көп колдонуусу...
Бирөөнүн атырды өлчөмүнөн ашыкча колдонушу, күчтүү, ачуу жыты...
Сизге белекке кереги жок буюмдарды берсе...
Тырмагын кемирген адамды көргөндө...
Аял кишинин тамеки чегип отурушу...
Жашы улгайып эле калган аялдын "жаш көрүнсөм" деп жасанышы...
Сизге карап жөтөлгөн адам...
Аялдардын эркектерге, эркектердин аялдарга окшоп жүрүүсү...
Сиз сүйүп окуган гезитке чай же кофе төгүлүп, булганып калганын көрсөңүз...
Шеригиңиздин болжошкон жерге кеч келүүсү...
Театрда же кинотеатрда, жаныңызда отурган адамдын спектаклга же киного комментарий берүүсү...

Эми ар бир "анчалык деле эмес" деген жооп үчүн 1 упай, "аябай" үчүн 3 упай, жана "эч качан"үчүн 0 упай жазыңыз.
Эгерде, сиз 50дөн ашык упай топтогон болсоңуз, сизди сабырдуу, оор басырыктуу адамдардын катарынан көрүү абдан кыйынчылыкка турат. Сизди дайыма болбогон эле нерселер кыжырыңызды келтирип, көбүнчө акыбети жагымсыз натыйжа менен аяктай турган окуяларга туш болосуз. Кызыгы, кээде жөн жерден эле шылтоо издеп, кыжырыңызды келтире турган нерселерди издей баштайсыз. Кээде өткөн кеткенди эстеп деле жиниңиз келе берет. Бул кемчилик, сиздин нерв системаңызга гана эмес, айлана-чөйрөңүзгө, жакындарыңызга да өз залакасын тийгизет. Сиз менен тил табышуу, мамиле куруу өтө оор иш.


Эгерде сиз 30-49 упай топтогон болсоңуз, сизди орто ачуулуулардын катарынан кезиктире алабыз. Жакпаган окуяларга тез күйпөлөктөп кеткениңиз менен, өз убагында кырдаалды туура баамдап, унутууга аракет кыласыз. Бирок, бул сизге оңойго турбашы мүмкүн. Жок дегенде колуңузду дубалга бир муштап же башыңыз менен столду бир сүзүп токтойсуз.


Эгерде, сиз 12-29 упай топтогон болсоңуз, анда сизде чыр-чатактарга каршы жетишерлик деңгээлде туруктуу иммунитет бар. Бул сизге жагымсыз окуяларды бат эле унутууга мүмкүнчүлүк берет. Өтө эле жагымсыз окуяларды гана унутуу көп убактыңызды алышы мүмкүн. Башка учурларда олуттуу ойлонуп, көп деле маани бербейсиз. Бир аз убакыт өткөн соң, эстеп бир жылмайып да аласыз...


Эгерде, сиз топтогон упай 11ден төмөн болсо, анда дүйнөдөгү эң саламат нерв системасы сизде жайгашкан. Сиздин тынчыңызды алуу өтө кыйынга турат. Сиз жашоону сүйүп, убакыттын кадырына жетип ,аздектеп, жашоодон көп нерсени алганга аракет кыласыз. Ошондуктан, сиздин жашооңуз да тынч жана бейпил өтөт. Көбүнчө ,мындай адамдардын өмүрү салыштырмалуу узун болот дешет.


Бөрүбай Касиев