Кызык инсан

Тагдыры татаал залкарлар
Уккан адамдын көңүлүн эргитип, жүрөгүн эзген гениалдуу музыкалык чыгармалар бар. Мына ушундай классикаларды жаратып, шедеврлерди жазган композиторлор музыка менен угармандарынын жан-дүйнөсүн толтурса да, өздөрүнүн жашоосундагы кемтигин толтура алган эмес.


Вольфганг Амадей Моцарт
Кемчилиги - аял жандуу эле
В. А. Моцарт Австриянын Зальцбург шаарында төрөлгөн. Анын музыкага болгон шыгын байкаган атасы 4 жашынан баштап скрипачтан окута баштаган. Моцарт 5 жашында музыкалык чыгарма жазып, 6 жашынан баштап аристократтардын концерттерине катышып, эжеси экөө өзүнүн чыгармалары менен ак сөөктөрдү таң калтырган. Анын балалык чагы жалаң музыкалык сабак, концерттер менен өткөн. Моцарт жоолук менен көзүн таңдырып алып, клавирде ойночу. Бир жолу концерт убагында мышык жанынан чуркап өтөт. Ал баарын таштап коюп, мышыктын артынан чуркап жөнөйт. Атасы ачууланып артынан барса, "Ата, мышык кетип калат да, ал эми клавир каякка качмак эле" деген тура. Кичинекей Моцарт 7 жашында биринчи симфониясын жазса, 12 жашында " Бастьен жана Бастьена" операсын жазган. 14 жашында Болонск академиги болгон. Академиянын эрежеси боюнча мүчөлүккө 26 жаштан кийин гана кабыл алчу. Академик болгону үчүн атасы куттуктап жатса, "Ата, мен эми академик болдум, жарым саатка сейилдеп келсем болобу?" -деген экен Моцарт. Ал скрипкада, органда, клавесинде эркин ойногон. Анын бир кемчилиги аядарга жакын болгон. Эгер ал өзү жүргөн аялдарга үйлөнсө, аялдарынын саны 100дөн ашмак. Бирок, ал жубайы Констанция менен бактылуу жашап, алты баланы тарбиялашкан. Балдарынын экөөсү атасынын жолун жолдошкон. Белгилүү композитор Моцарт 35 жашында дүйнөдөн кайткан.


Бах Иоганн Себестьян
Бахтын 20 баласы болгон
Б. И. Себестьян 1865-жылы 21-мартта туулган. Анын Кетенеде 3 соната, скрипкада жазылган 3 партия соло, виолончели солого алты сюита, англисче жана французча клавирге жазылган сюитасы, Брандербургдагы концертиндеги оркестр үчүн жазылган 6 чыгармасы бар. Бах-дүйнөдөгү музыка искусствосунун белгилүү фигурасы болуп, өлбөс-өчпөс сонун чыгармаларды жараткан. Анын балдары да ата жолун жолдоп таланттуу болушкан. Бахтын 20 баласы болгон, жетөө биринчи никесинен, калган 13ү экинчи аялынан. Анын 4 баласы композитор болсо, улуу кызы жакшы ырдаган. Бах өзүнүн таланттуу үй-бүлөсү үчүн вокалдык жана инструменталдык ансамбль түзгөн. Акыркы жылдары Бахтын тез эле ден соолугу начарлап, көзүнө жасалган эки жолку операциясы ийгиликсиз аяктап, көзүнүн көрбөй калышына алып келген. Ошол учурда да чыгармачылыгын таштабай, көкүрөгүндөгүсүн айтып берип жаздырган. Улуу композитор 1740-жылы каза болуп, сөөгү өзү 27 жыл кызмат кылган Фомадагы чиркөөнүн жанына коюлган.


Пётр Ильич Чайковский
Чайковскийдин гомосексуалист экенин билгенден кийин
Улуу композитор П. И. Чайковский 1840-жылы 25-апрелде Воткинскийде Камско-Воткинск заводунун начальнигинин үй-бүлөсүндө туулган. Ал чыгармачылыкка 1862-жылдан баштап толугу менен киришкен. Анткени, Чайковский бала чагынан эле музыка жазганды, музыкалык инструментте ойногонду, дирижер болгонду жакшы көргөн, эңсеген. Бирок, ал чыгармачылыкта өз ордун тапканы менен жеке жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарды тарткан, себеби , ал гомосексуалист болгон. Ал мындай жоругунан уялып, өзүн адам катары сезбей "Мен азыр монастр жөнүндө гана ойлоном. Кээде башка ойлор менен алаксып, аргасыздан өзүмдүн жаратылыштагы жаралган жан дүйнөм менен күрөшүүгө болгон күчүмдү жумшап, ушул жылы үйлөнүүгө аракет кылам",- деп иниси Анатолийге кат жазган.
Чайковский 36 жашында Москва консерваториясынын профессору болуп, 2 операнын, 3 симфониянын автору болгонго жетишкен. Бирок, ал материалдык жактан жарды жашоону башынан өткөргөн. Ушундай кыйын күндөрдө композитор Надежда Филаретовна деген аябай бай аял менен таанышат. Ал аял күйөөсү каза болгондон кийин андан калган байлыкты кайрымдуулукка жумшап, көптөгөн музыканттарга жардам берип жүргөн болот. Н. Филаретовна Чайковскийге музыкага заказ берип, жаздыртат. Жазылган музыка үчүн ага жакшы гонорар төлөп, кат жазышып, экөө иштешип калат. Каттын эң башы дайыма "Мен сага, музыкаңа ыраазымын" деп башталчу экен. Каттагы жакшы сөздөр, эзилишүүлөр Надежданын жүрөгүн жибитип, жыл сайын композиторго 6000 рублдан салып турган. Ошол убакта уй 10 рубль болсо, 100 рублга бир үй сатып алууга мүмкүн болгон. Буга Чайковскийдин "Менин ар бир жазган нотам сиз үчүн! Мен сизди 1 секунд дагы эсимден чыгарбайм, анткени, сиз мени артисттик наамга жеткизгениңиз үчүн жана оюмду, жан дүйнөмдү түшүнгөнүңүз үчүн!"-деп жазгандары күбө. Ошентип ,алар 13 жыл бири-бири менен кат аркылуу байланышкан. Мына ушундай каттарга карабастан Чайковский бир көрүп сүйүп башка аялга үйлөнөт. Бирок, анын гомосексуалист экенин билгенден кийин аялы жашоо болбостугун түшүнүп, ажырашып кетишет.


ЛЮДВИГ ВАН БЕТХОВЕН
31 жашында дүлөй болуп калган
Л. В. Бетховен 1770-жылы туулган. Бетховенди атасы Моцарттай белгилүү музыкант болсун деп кыялданып, кичинесинен эле музыка менен алектенүүсүн талап кылган. Ал 4 жашынан баштап эле фортепиано менен скрипкада сааттап ойноп, убактысынын көп бөлүгүн музыкага арнаган. Ал өмүрүндө 9 симфония жана классикалык музыкаларды жараткан. 26 жашында угуусу начарлап, 31 жашында дүлөй болуп калган. Ошондо бала кездеги досуна: "Менин жашоом оор, эл арасына кошулбай калганыма эки жылдын жүзү болду, себеби. менин акыбалымды элдерге сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Анткени, мен туңгуюктамын, эч нерсени укпайм, бирок, сезем. Эгерде башка кесиптин ээси болсом да бир жөн эле, бирок. менин укпагандыгым чыгармачылыгыма тоскоолдук жаратууда",- деп кат жазган. Ошол эле учурда 16 жашар ак сөөк кыз Жульетта Гвичардиге ашык болуп, акылынан адашкан сүйүүнүн азабын тарткан. Укпагандыгынын айынан жалгыздыкка ыктап, күндөлүгүнө "Сенин дүлөйлүгүң сыр болбошу керек, жада калса искусство жаатында дагы…" деп жазганы бар. Анын белгилүү тогузунчу симфониясы дүлөй кезинде жазылган. 38 жашында пианист катары акыркы концертин берген. Бетховен өлгөндө аны акыркы сапарга узатуу үчүн 10 миңден ашык күйөрмандары келген.


Самара Сапынова