п»ї

  Сезимай Алиева

Сен жана мен
(Башы өткөн санда)
Апанын акыркы сөзү
Эдилдер Дуулаттын айылында эки күн болушту. Атасынын кыркылыгы жыйынтыкталып, келген тууган - урук, куда-сөөк тараганда гана ал да досунан уруксат сурап, жолго камынды.
Дуулаттын "бүгүнчө калбайсыңбы?" дегенине көнгөн жок.
- Өзүң түшүнөсүң го, үйдөгүлөр да сагындык деп эки-үч күн кармашат. Таласка да барыш керек, Айжан араң эле турат. Он күн көз ачып жумганча өтүп кетет. Кайра кайтыш керек. Кете берели, машине шар чыкса эл жатканча кирип барып калабыз.
Эмне дейин эми … көп чөкпө. Ар башта бар бир өлүм деп коюшат тура… Аяш атамдын арбагы ыраазы болуп, колдоп жүрсүн. Башка эмне дейин? Кандай кыйын күндөр болбосун жаныңда жөлөк болор жаман бир досуң бар экенин унутпа. Өзүм алыста болгонум менен оюмда сен мененмин. Айжан экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз эле силер.
Төрөп калса жаңы жылда биз келе албай калабыз, андан көрө Сүйгөн экөөң барып, конок болуп кеткиле. Биз окуп бүткөн жерди, Алматаны аяшкама көргөзөлү.
Алдыдагы күндөрүбүз кайгы-капасыз, жалаң жакшы күндөрдөн турсун! - деп Дуулатты бекем кучактады.
- Рахмат !- деди Дуулат үнү кардыга, - Сени көрүп, сүйлөшүп, көкүрөгүм кадимкидей жеңилдеп калбадыбы. - Досунан ажырагысы келбегендей кучагынан чыгарбай, далысынан таптап-таптап алды.
- Койчу болбогон сөздү, экөөбүз "рахмат" айтышкан мамиледен өткөнбүз го. Баса, чоң суранычым: аялыңдын тигилерин, - ушул сөздү басым жасап айтты, - жөн жайына кой. Ар кимдин эски жарасын чукуп эмне кыласың?

Дуулат ак да көк да дебеди.
Баары жылуу кош айтышты. Келим-кетим токтоп, Адамовдордун үй-бүлөсүндө тирүүчүлүктүн түгөнбөгөн түйшүктүү күндөрү кайра өз нугуна түштү.
ххх
- Атаң ыраматылык былтыр кыштан бери эле "келиниңдин курсагында бирдеме бар бекен? Сурасаң боло?" -деп жүрүп өтүп кетти. Менин тилимди укпай, "окуумду бүтөйүн, анан…." деп сактанып жүрөсүң го э, балам? Төрөп берсең, ушул сенин күйөөңдү өлтүрбөй этпей, оорутпай, чоңойтуп коюнуңа салып берген мен, кантип эле силердин балаңарды бага албай калайын. Окууңдан аксатпай эле сопсонун багып бермекмин. Колунун каруусу кеткен кемпир түшүрүп жиберет деп мага ишенбесең , Гүлнар жеңең деле турат. Жаман көрбө, болгону байкуш чалым арманда кетти деп кейип калдым. Бекер эле кыласың… - деп кайнеси не нааразы болгону, не таарынганы белгисиз наалып олтурду. Эмне дээрин билбей кызарып-татарган келин унчукпай башын жерге салып, идишин жууй берди. Сырттан кирген Гүлнар:
- Апа, төшөнчүңүздү салып койдум, жатып эс алсаңызчы, жүрүңүз, - деп ыңгайсыз абалдан чыгарып кеткенсиди. Эшиктен энесин жаткырып кайра кирген Гүлнарга Сүйгөн күлө бага:
- Энем "төрөбөйсүңбү " деп баштаганда эмне дээримди билбей араң олтургам. Сиз кирип келгенде "өх" дебедимби, - деди.
- Ии, айттыбы? Сени эле күтүп жүргөн, "келсе айтам" деп. Акыркы күндөрү да түшүнөн чочуп, уйкусу качып жаман болуп жүрөт. Өткөндө катуу добуштан ойгонуп кетсем, апам калдыратып аш тамда жүрүптүр. "Эмне болду?" деп барсам суу куюлган чыныга күбүрөнүп, кайра аны арыктагы сууга төгүп убараланып атты.
Эртең менен атамды жоктоп "үн чыгарып " болгондон кийин мага карматпай өзү камыр жууруп, жыт чыгарды. Куран окутулуп бүткөндөн кийин мага "абышкам түндө биздин үйдү айланчыктап, тегеренип "Дуулат кайда? Сандыкка бараттым эле, жаныма алып алайын , караан болот" - деп атат. "Баланы эмне кыласың? Сени менен кетсе, аялы жалгыз калбайбы? Андан көрө мени ал" - деп мен жүрөм. Ойгонуп кетсем өпкөм көөп, жүрөгүм лакылдап калыптыр. Суу менен жерге сиңип кетсин дедим түндө. Сен да жаман-жуман түш көрсөң суу айлантып чачып коюп тур. Жанагы келин келсе "атаңарга ар жумада куран окутуп тургула" деп унутпай айтчы?" - деп айткан. Ошондон кийин эки-үч күн башым деп аябай кыйналып, уктаса да жөөлүп, чочуп туруп алып, түн ичинде ары-бери басып калды.

Муну угуп, Сүйгөндүн дене бою "дүр" дей түшүп:
- Коюңузчу коркутпай, - деди. - Түшкө кире берет да. Ар төртүнчү күнү күрүч басып атама куран окутуп эле аттык. Дуулат күндө эстеп, сөз кылып жүргөн, балким ошого…
- Ой, көңүлүңө албай эле кой, - Сүйгөндүн көздөрү алаңдап, иреңи кубарып, колу калтырап чыкканын көргөн Гүлнар өзү чочулай, жоошуткуча шаштысы кетти.
Сүйгөн жүрөгүн дүпөйүл кылган бул сөздү күйөөсүнөн жашырып койду. Аны да ойго салгысы келген жок. Көзүн жумуп жаткан Дуулатты акырын кучактай өпкүлөп "берекем… Сени эч кимге бербей калайын. Сен кетсең артыңан кошо кетем!" -деп эбедейи эзиле, күйөөсүнүн сыйдаң кара чачтарынан сылап, күбүрөнүп алды. Күлүмсүрөй көзүн ачкан Дуулат аялынын жаш толгон көздөрүн көрүп чочуп кетти.
- Сага эмне болду? - деди чыканактай калып, тынчсыздана.
- Эч нерсе… болгону, мен сени эч кимге бербейм!
- Кызык … эмне бирөө талашып жатабы? - Дуулат тамашага чала күлүмсүрөп, - Сүйлөй бересиң ээ, ойдо жок нерселерди. Мен өзүм сенден эч жакка кетпейм!
- Мени эч качан таштап кетпе ээ? - Келин эч нерсе укпагандай шыбырап сүйлөнүп, жалооруй тиктеди.
Сүйгөндүн кандай ой менен минтип айтып жатканын түшүнбөгөн Дуулат баш ийкей, аялына болгон жакшы көрүү сезими артып, туш келди жеринен өпкүлөй, жалбарып алды.
Басса-турса да, оокат-тиричиликке аралашып алаксыйын дегенине карабай келиндин санаасы-санга бөлүнүп, жеңесинин айткандарын унута албай кыйналды. Жакшы эле оозун таптап, энесинен сурайын деп, кайра айныйт. Акыры убакыт менен кошо көкүрөгүн өйүгөн сезим басаңдап калгансыды.
Айыл-апада көзү өткөндөрдүкүнө барып көз көрсөтүп, Дуулат да мойнундагы карызынан кутулгансып калды. Өкүл аталарынын иниси үйлөнүп, ал жакта эки күн кызмат кылышты. Ары-бери карагыча бир жума өтүп, шаарга кайтар күн да чукулдап калды. Кечки тамак үстүндө апасы күңгүрөнө, баарысын айланта карап алып, сөз баштады:
- Билген кишиге атасынан айрылган - аска-зоосу ураганга барабар. Бир ыптам эңшерилгенсип эле жаман болуп калдым. Унчукпай, кыбырап ишин кылып жүрө бергени менен карааны эле канча эш эле. Колунан келишинче тырмышып жүрүп үчөөңдү тең үйлөп, жайлантты. Аталык парзынан кутулуп кетти. "Сенден мурун кетсем экен" деп калганда кагып койчумун, "балдардын жакшылыктарын көрөйүн дебей, эмне эле эртелеп өлүмдү ойлоп калгансың? Тооба дечи…" деп. Көрсө сезип жүргөн тура байкушум. Үшүгөн жоксуңбу ,деп үстүмдү кымтылап жаап, уйкум качкан түндөрү уктабай жанымда жүрө берчи эле. Эми анын бири жок, үңкүйүп жалгыз калдым,- деп бышактай кетип жоолугунун учу менен жашын сүрткөн апасына Кубат:
- Апам тим эле … Жалгыз калбай эле жаныңызда биз жүрөбүз го? - деди .
Дуулат да ордунан тура калып апасынын жанына жетип кучактай, колдорунан өпкүлөп, жоолугунан чыгып калган ак чалган чачтарын ары киргизип, оңдоп, түзөй:
- Шаарга алып кетейинби? Доктурга көрүнүп, ийне алып, бир аз эс алып келесиз, - деп сөзүн аяктай электе апасы так секире катуу чочуп кеткенсиди. Астындагы чыныдагы чайын уурттай, кабагын чытып:
- Муздап калыптыр, - деп Сүйгөнгө кайра сунуп, - менин доктур айыктыра тургандай деле соо жерим калган жок, кагылайын . Ичеримди ичип, жээримди жедим. Мага чарпылбай ,өзүңөр оокатыңарды кылгыла. Жазып-тайып ары карап кетсем, силер да чилдей тарап, эл-журтка ылакап болбой, ынтымагыңарды ыдырата көрбөгүлө.
- Керээзиңизди айтып жаткансып сүйлөйсүз да!
- Качан болсо эле меникине баргандан качып турасыз. Элдин энелери жакшынакай эле барып, айлап жүрүп кетишет. Алып кетем ,барбасаңыз таарынам ,экинчи келбейм .
- Шаарга эмес, ушу турган меникине барышчу эмес .Кайдагы кепти айтасың .
Үч күн катары менен көргөн түшүнө кабатырланып, кенже уулун издеп келген абышкасынан Дуулатынын жанын арачалап калгысы келип далбас уруп, ниетинде өзүн даярдап атканын үч уулу кайдан билишсин?!

(Уландысы кийинки санда)



Нургазы агай
БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА
(Башы өткөн санда)
Нургазы агайды мектептин директору деп ойлочумун. Көрсө ал кезде чоң класстарга физикадан сабак берген эле мугалим экен. Бирок, эмнегедир балдар деле, ата-энелер деле директорго арызданганы киришпей, Биримкулов агайга датка отурушчу. Көрсө, даанышман агайым акылдуулугу, көңүлүнүн жумшактыгы, кенендиги, боорукерлиги, өтө сабырдуулугу менен элди өзүнө тартып турчу экен. Анын үстүнө көп жылдар бою ушул мектепте директор болуп иштегендиктен пенсияга чыкса да элдин эсине түбөлүк директор бойдон калып калыптыр.
Эски районду кымкуут кылып көл каптатып, элди көчүп кетүүгө мажбурлап, көчүрүп атты өкмөт. Апама болгону 500 рубль гана берип жетимдериңди алып "кайда көчсөң анда көч" деп айдап салыптыр. Мен Ноокат районундагы Токтогул атындагы санаториялык мектепте окуп жүрчүмүн. Мени менен окуган Симилянын апасы каникулга кызын алып кеткени келгенде, аларды ээрчип кошо келе бердим. Келсем, кичинекей үйүм бузулуп калыптыр. Аралдай бөлүнүп калган чакан айылда 6 гана түтүн жашайт элек. Алардын эч кимиси жок. Үйлөрүнүн үстү, устундары, эшик-терезелери бузулуп, согуштан кийинки кезди элестетет. Ал эми көп жылдык тал-теректер, бак-шактар ордунда калган. Аларды устунга же отунга аралап ала кеткенге чамалары жетпесе керек. Калып калган иттердин, карышкырдын улуганы, мышыктын аялуу мыёлору, келемиш, суурлардын сурк этип чыга калышы жүрөгүмү түшүрүп салды.
Мен эски автовокзалга жеткенде күүгүм кирип калган. Апам мага барганында "Бизди көчкүлө деп кыйнап атат, бир болсо Кара-Сууга Тууганбай тайкеңдикине көчүп барып, ижарага там таап туруп турабыз го, ушул эсиңде болсун. Кокус, Камбү аяш апаң Симиляны алып кеткени келип калса ээрчип келе бер, Кара-Сууну унутпа. Вокзалдан отуруп, шоопурга айтсаң, чоң жолдон түшүрүп коет. Жолдо каттаган кишилерди ээрчип, айылга жеткенге аракет кыл. Чоңоюп эсиңе кирип калдың. Өзүңө өзүң тың бол күчүгүм. Сага кетсем үйдөгү төртөө кароосуз калат. Үйдө жүрсөм, сени ойлонуп куса болуп кыйналам" деп 10 сомду тарбиячы агайыма калтырып, аябай табыштап ыйлап кеткен .
***
1975-жылы мектепти бүткөндө дагы ушинтип Кара-Сууга келсем, ал жерден да көчүп Жаңы Курулушка (Токтогулдун борбору) кетип калышыптыр. Элдин айтуусу менен божомолдоп кашаттын жээгинен сурамжылап жүрүп отуруп таап келдим. Жаңы чек алып, 13 жана 11 жаштагы үкөлөрүм күнгө тотугуп, ылай тебелеп, кирпич куюп атышыптыр. Аларды көрүп бакырган бойдон чуркап барып, ылай беттеринен чопулдатып өөп, ыйлап аттым. Кирпич кынаган усталары да Ноокаттан мен окуган айылдан келишиптир. Тамдын кирпичин коюп бүтөйүн деп калганда апам айтып калды:
- Нургазы агайлар да ушул жерде, алар үйлөрүн салып бүтүп жашап атышат. Өзүнүн мектебинде эле иштеп жүрөт. Эртең дандырга май кошуп нан жаап сени алпарып учураштырып, батасын алып келели, кантсе да эл сыйлаган олуя эмеспи.
Апамдын бүт айыл тамшанып жеген май токочун жаап, агайдын үйүнө бардык. Жубайы Кыркаяк эжей тосуп чыкты. Биз агайга келгенибизди айтты апам. Эжей бир баласын чуркатып, агайды мектептен алдырды. Агай, келгиле деп баш ийкешип учурашты. Апам мени көрсөтүп:
- Кызым мектепти Ноокаттан бүтүп келип, агайым менен учурашып келем дегенинен батаңызды алып кетели деп келип калдык -деди. Агай мени тиктеп "Эмне дейт?" деп таң калып карап калды.
- Бул баягы кызыңбы? Койчу?- дагы деле таң калганын жашыра алган жок агай.
- Ошо кызым агай. Сиз болбосоңуз мектепте окубай калмак. Кышка кийе турган кийимдери да жок эле ошо кезде. "Жакшынын шарапаты" деген чын экен. Сиздей олуяга жолугуп, кызымын жолу ачылды. Азыр ыр жазып жүрүптүр. Райкомго да ишке алды - деди апам.
- Бу кызымы башка жерден көрсөм ишенмек эмесмин, аябай сулуу кыз болгон турбайбы. Бою да абдан өсүп кетиптир, ден-соолугу ордуна келдиби? - деп агай кол жоолугун чөнтөгүнөн алып чыгып, көзүндөгү жылтыраган берметтерин аарчыды.
- Тамагындагы ангинасын Ноокаттан операция жасап кесип салышыптыр. Ошондон кийин оорубай калды. Бою да өстү. Көрсө, кызым байкуш ангинадан эле аябай жапа чегиптир. Класста балдардын эң аягында турчу эле, мектепти бүткөндө эң башына чыгып калды - деп апам мени сыймыктана карап койду.
Чай ичилип бүтүп, агай колун жайып бата берди. Нандын даамдуулугун айтып, апамы аябай мактады. Башкаларчылап "жөн эле койбойт белең, убара болбой" деген кургак сөздү айткан жок.
Агай кийин мени райкомго издеп келди, ушул жерде иштеп атасыңбы деп. Мен жоокерлердей атып тура калдым ордуман. Ошол жерде 1-катчыны күтүп отурган чоң-кичине дебей ыргып турушуп, агайга келип кезекке туруп кол берип учурашып калышты. Бери жактан келаткан 2-катчы, сырттан кирген 1-катчы, коридордон көргөн бөлүм башчылар ийилип, эки колун барпайтып сунушуп, саламдашып жатышты. Агай мага келгени менен мага учурашып сүйлөшкөнгө кезек жеткен жок. Эки катчы тең агайды аяр колтуктап кабинетке алып кирип кетишти. Агай менен көпкө маек курушуп, акыл-насаатын угуп отурушту. Аларга чай даярдап алып киргенимде агай "бул кызыма эле учурашканы кирип калгам" деди. Мен семирип жерге батпай калдым.
***
Мен Токтогулдан 1977-жылдын аягында борборго окуйм деп кетип калып ,ошо бойдон агайды көрбөй калдым. Бирок, апам улам бир баласын жетелеп барып учурашып турду.
Нургазы Биримкулов агайды биз кичинекей үй-бүлө деген мекенибиздин жол башчысы, жетекчиси катары пир тутчубуз. Менин аман-эсен болуп, мектепти таштабай окуп кеткенимин бирден бир себепчиси экенин агай өзү деле таназар албаса керек. Кичинекей, арык жана чоочун чычкандай кыз үчүн Нургазы агай канча көз жаш тамызганын билди бекен?
Жүз жашка чыккан агайымы ушул кичине макалам менен болсо да эскерип атканыма кубанычтуумун...
(Аягы)













кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??