п»ї

  Жаңы ысым

"Төркүн жагым чыгармачыл адамдар"
Бул жолку "Жаңы ысымдын" мейманы, кыргыз киносуна жаңыдан аралаша баштаган актриса, Тойгонбаева Асел болмокчу.

Тойгонбаева Асел
- Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?
- Тойгонбаева Асел Мырзабековна, 1988-жылы Бишкек шаарында туулгам. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Менден улуу Марлен деген агам бар. Атам Нарындын Чаек айылынан. Ал жакка бир да жолу барып көргөн эмесмин. Ал эми, апам Көлдүн кызы.
- Чыгармачылыкка канча жашыңан аралаштың?
- Жети жашымдан баштап, он төрт жашыма чейин балет менен алектенгем. Алгач, бир ырчы байкенин клибине улуттук көйнөк менен бийлеп тартылгам. Ошондон кийин, көптөгөн жарнамалардан сунуштар түшө баштады. Андан кийин "Поющий город" долбооруна катышып, "Не забывай" деген ырды аткарып, экинчи орундун ээси болдум.
- "Жараланган турналар" кино тасмасына кандайча тартылып калгансың?
- Агамдын үйлөнүү тоюнда, режиссёр Жаныш Кулманбетов менен таанышып, "Кандуу сүйүү" тасмасына тартылышымды сунуштаганда, сценарийди окубай туруп, сүйүнгөнүмдөн макулдугумду берген элем. Ошол тасмада жараткан образым Ырыскан эжеге жаккан окшойт, мени "Жараланган турналар" тасмасынын кастингине чакырды. Ал жакка барар замат, "ыйла" дешти, мындай образды аткарбаган жаныма оор эле болду.
- Бул тасмада сен терс каармандын ролун аткарыптырсың, оорчулук жараткан жокпу?
- Албетте, оорчулуктар болду. Бирок, тажаал адамдын образын тез өздөштүрүп кеттим. Анткени, өмүр бою терс каармандын образын жаратууну кыялданып келген элем. Ал эми жашоодогу мүнөзүм, кинодогу жараткан образыма такыр төп келишпейт. Өзүм аябай ак көңүлмүн, эч качан ичиме кек сактай албайм.
- Актёрлук жактан билимиң бар болсо керек?
- Жок, мен өзүм мектепти аяктаарым менен турмушка чыгып кеткем. Өзүңөр билесиңер да, үй-бүлөлүк милдет чоң болот турбайбы? Анан балалуу болдум дегендей, ошентип, жогорку окуу жайга тапшыра алган жокмун. Башында, актёрлукту кесип эмес, хобби катары кабыл алчумун. Эмнегедир, экинчи тасмамдан кийин, актёрлукка тапшырып койсомбу деген ойлор да кетип жатат. Кийин, профессионалдуу фильмге сунуштар түшүп калса, мен бул окуу жайды бүткөм деп айткандай болуш керек да.
- Чыгармачылыктан тышкары эмнеге кызыгасың?
- Азыр визажисттин окуусун окуп жаткан учурум. Анан аябай ырдаганды жакшы көрөм. Мага актёрлукка караганда, ырчылык өнөр жакыныраак десем жаңылышпайм. Мен киного чейин өзүмдү келечекте клип тарттырып, ырчы катары элестетчүмүн.
- Сенин чыгармачылыкка болгон кызыгууңду кайынжуртуң кандай кабыл алышты?
- Негизи, кайын журтум, чыгармачылыктан алыс адамдар. Жолдошум алгачкы кино тасмам "Кандуу сүйүүнү" көргөндө, көп деле маани берген эмес. Эмнегедир, "Жараланган турналар" фильминде жараткан образым ага башкача сезим калтырды окшойт. Ушул тасмадан кийин "сүрөткө түш, өзүңдү кара, дагы киного тартыл",- деп менин чыгармачылыгымды колдоп калды. Ал эми төркүн жагым, тескерисинче, чыгармачыл адамдар. Мисалы: раматылык Тамара, Шайыргүл,Чолпон жана өзүмдүн апам Алмагүл Алсейитовалар. Мага бул талант апамдан жуккан экен.
- Кимди кумир тутасың?
- Мага Бакен Кыдыкееванын жараткан образдары аябай жагат. Чыныгы актриса деп ушул эжени айтсам болот. Ал тартылган бардык кинолорду көрүп, ал жөнүндө жазылган китептерди окугандан тажабайм. Ал эми, жашоодо мага үлгү катары аялдык касиетин, энелик мээримин, актёрлук чеберчилигин өтө сыйлаган бир гана адам бар, ал-менин апам.
- Сын-пикирди көбүнчө кимден угасың?
- Сынды Тамара таежем көп айтар эле. Таежемдин мага жасаган мамилеси өзгөчөлөнүп турчу. Ар дайым "Өзүңдү мындай алып жүр… Эмнеге чачыңды жайып алдың?.. Сага мындай кийинген жарашат…" деп кеңеш берүүдөн тажачу эмес. Азыр болсо, экинчи апам- Шайгүл таежем айтчу болду.
- Таежеңдер легендарлуу артисттер болсо, сенин жараткан образыңды жактырыштыбы?
Бул кинону, азырынча ,төркүнүм жактан эч ким көрө элек. Апам убактылуу Талас өрөөнүндө болгондуктан, ал жактан келгенден кийин "таежеңдер менен чогуу барып көрүп келебиз",- деп жатышат. Тасманы көрүшкөндөн кийин, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышат да. Турмушта ар кандай болот турбайбы, тилекке каршы, ата-энем азыр бөлөк жашашат. Атам менин киного тартылып жатканымды деле билбесе керек. Эгерде, көрүп калса, телефон чалат да.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??