п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кычык маек

Жанета:
"Бирөөгө ор казсаң, тайыз каз, өзүң түшүп каласың", - дейт…
Буга чейин саясатчылардын "нервин" текшерип келген болсок, булл жолу ырчыларга "атака" кылалы деп, "Кычык маек" рубрикабыздын астында Жанета Бобковага күтүлбөгөн ар кандай суроолорду узаттык.

Жанета жактырган нерселер:
- Юбка, шым?
- Шымды көп кийем.
- Ысык, суук?
- Жайдын ысыгында чаңкап турган кезде көлгө түшүп, чабак урганды абдан жакшы көрөм. Ал эми карды да жакшы көрөм. Кар жааганда эле балалыгым эске түшөт. Кыштын суугуна карабай, кошуна кыздар-балдар менен короого чыгып алып,кардан аяз ата жасап, кол каптарыбыз катыганча карга ойногон күндөрүмдү эскерип, бир улутунуп алам. Анан жамгыр жааганда, терезени ачып алып, короодогу жүзүмдөн үзүп келип, жамгырды карап алып жегенди жакшы көрөр элем. Азыр да жамгыр жааганда терезени ачып алып жүзүм жеп калам.
- Күн, түн?
- Жарыкты жакшы көрөм. Жарыкта жалаң жакшы нерселер болот. Караңгыдан абдан корком. Кичнекей кезимде үйдө жалгыз калчу эмесмин.
- Балмуздак, жер жемиш?
- Жүзүмдү жакшы көрөм.

"Аялына таарынган кайнына салам бербейт" болуп, бир гезитке таарынып алып, башка гезиттерге да көп чыкпай кеттиңиз го?
- Андай деле эмес. Өзүмдүн жеке иштерим менен эле алек болуп, колум бошобой жүрөм. Анын үстүнө балдарымды карап, алардын окуу сун көзөмөлдөп, бала-бакчага алып барып, кайра алып келип дегендей. Ишенсең жаңы ыр жаздырганга да убактым өтө тартыш болуп жатат. Анын үстүнө партиялар менен Кыргызстандын бардык дубандарына барып, концерт коюп жүрдүк.
- Той-бизнесиңиз жакшыбы?
- Буюрса, жакшы. Өзү чыгармачылыкта жүргөн кишилер нан-чайга той менен акча таап, балдарыбызды багабыз.
- Шоу-бизнес менен той-бизнестин кайсынысына көбүрөөк ыктайсыз?
- Экөө бир эле нерсе болуш керек. "Жөжөнү күздө санайбыз" дегендей, биринчи атыңа иштейсиң, бара-бара кылган эмгегиңдин үзүрүн көрүп, минтип той-бизнесиң да өнүгөт.
- "Кара пиар" деп ар кимдин кемчилигин таап, жаман жактарын чукуп жүрүшөт. Буга кандай көз караштасыз?
- Мен кара пиарга тескери эле карайм. Себеби, анын артында баркыңа, беделиңе доо кеткен туура эмес маалымат турат. Чет өлкөнүн ырчылары, өзүнүн атын таанытыш үчүн эмнелерди гана жасашпайт. Алыс кетпей эле Бритни Спирсти алалы. Өзүн рекламалаш үчүн чачын алдыртты, Леди Гага болсо наркотик менен кармалды, ушуга окшогон ырчылар толтура. А кара пиар биздин менталитетибизге туура келбеген терс көрүнүш.
- Шоу-бизнестин кыздарынын көбүн эле "бузулган, жеңил ойлуу" деген сөздөр мээге сиңип калды. Буга сиздин оюңуз?
- Туура айтасың. Ушундай сөздөрдү угуу өтө өкүнүчтүү. Чынын айтсам, ырчы кыздардын бирине да мындай жаман сөздү ыраа көрбөйм. "Эл оозунда элек жок" дегендей, оюна келген нерсени айтып койсо, ал ушак тарап кетет. Бул жерде "бир кумалак, бир карын майды чиритип" жатпайбы. Билбейм, кээ бир жаш кыздар сахнага чыгыш үчүн сен айткандай, ыплас жолдорго барып жаткандыр. Бирок, талантты эл өзү тандап алат.
- Денис байке орус кызынан токол алам десе эмне кылат элеңиз?
- Кызык суроо го. (күлүп) Ушул боюнча такыр ойлонбоптурмун. Денис жылдыз боюнча арстан. А арстандар сүйүүгө бекем болушат. Токол алганга да дити барбайт болуш керек. Тескерисинче, менин көзүмдү эле карап, бөпөлөп, эркелетип гана турат. Денистин орус кыздар менен пикири келишпейт. Тескерисинче, кыргыз кыздарга жакын.
- Жасай турган ишиңизди пландап аласызбы, же "кудайдын буйруганы болот" деп жүрө бересизби?
- Кыла турган ишимди бир жума мурун пландап алам. Эгер кокустан, бир нерсе чыгып калса, планымды ошол замат өзгөртүп коём.
- Үйдө башкаруу системасы "Матриархатпы" же "Патриархатпы"?
- Матриархат да патриархат да эмес. Бизде демократия. "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деп коёт го. Анын сыңарындай, кийин өкүнүп калбаш үчүн, кеңешип иш кылабыз. Бирок, аял кишиге тиешелүү маселе болсо, өзүм бүткөрөм. Эркектин ишин Денис өзү жайгарат.
- Көптөр сиздин стилиңизди жактырбай, "Жанетанын стили жомоктогудай" дешет. Буга сиздин жолдошуңуз эч нерсе дебейби?
- Жок, кайнатам да, Денис да менин стилиме киришпейт. Ошондуктан, өзүмдүн табитим боюнча кийинип, стилимди да өзүм алмаштырып турам. Ал эми "Стили жомоктогудай" дегендер өздөрүнүн ойлору.
- Жезде менен балдыз жакын болот деп коюшат. Денис байке менен сиңдиңиздин мамилеси кандай?
- Жезде-балдыздын мамилеси абдан жакшы. Үйдө казан-аяк кагышып, урушуп кеткенде Денис сиңдим Гүлзатка чалып, "Эжең минтип, тигинтип" деп айтып, даттанып калат. Гүлзат Денис экөөбүздүн ортобузда көпүрө болуп турат.
- Азыркы ырчылардын кимиси жиниңизге тийип, кимиси менен мушташкыңыз келип жүрөт?
- Суроолоруң барган сайын кызык болуп баратат го. (күлүп) Биз эми орто муундарга кирип калгандыктан, өзүмдөн улуу муундагы ырчылар менен да, кичүүлөр менен да сый мамиледемин.
- "Эл оозунда элек жок эмеспи". Кайда барбайын , "Денис Жанетанын көзүн көгөртүп коюп, Жанета эшикке чыга албай жатыптыр" деген сөздөрдү эшитип калам.
- Койчу? Ай-иий, кудай сактасын. 15-октябрда Денис экөөбүздүн баш кошконубузга туптуура 10 жыл болот. Тфу, тфу, тфу көз тийбесин. Денис андай эркектерден эмес. Он жыл бою бир да жолу колун көтөрүп көргөн эмес. Тууган-уруктар, достор биздин мамилебизди абдан жакшы билишет. Кол көтөргөн эркектерди абдан жаман көрөм. Өзүнө ишенбеген, алсыз эркектер аялына колун көтөрөт.
- Жалган жазылган маалыматтардан улам, өзүңүздүн күйөрмандарыңызды жоготуп алдым деп ойлойсузбу?
- "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген жакшы накыл кеп бар. Тескерисинче, ошондой тескери маалымат чыккандан кийин, менин күйөрмандарым эки эсе көбөйдү десем болот. Партиялар менен дубандарга барып концерт коюп жатканыбызда, күйөрмандарым келип, кол тамга алышып, "сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайбыз, Жанета эже! Жалган ушактарды кулагыңыздын түбүнөн кетирип коюңуз" - деген жылуу сөздөрүн айтып, апалар келип батасын берип жатышты. Ошондуктан, "Бирөөгө ор казсаң, тайыз каз, өзүң түшүп каласың" - дегендей, бирөөгө карасанатайлык кылбаш керек. Аягында барып, өзүң жаман көрүнүп каласың. А менин күйөрмандарым мени абдан сыйлап калышты.
- Денис байке экөөңөрдүн кимиңиздер романтиксиздер?
- Денис романтик. Майрамдарды калтырбай мага гүл алып келет. "Сюрприздерди" жасаганды жакшы көрөт. Эсимде калганы, 1998-жылы экөөбүз жаңыдан эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп атканбыз. Анан туулган күнүмдө концертке кие турган көйнөк белек кылганы эсимден кетпейт. Экөөбүз ырдап, акчаны деле бирдей эле тапчубуз. Анан, акчасын чогултуп, мага көйнөк алыптыр. Көйнөктүн тигилиши мага жаккан эмес, бирок, абдан сүйүнгөм. Көйнөк жакпаса да, концертке бир жолу кийип чыккам.


Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??