п»ї

  биз экөөбүз...

Эс тандырган экинчилер
Адам баласы өмүрлүк жан шеригин туура тандап, жүрөгү менен сүйсө, турмуштун даңгыр жолунда бир болсо, жашоодо андан өткөн бакыт жоктур. "Ачкалык аш тандабайт, ашыктык жаш тандабайт", деген сөз бекер айтылбагандай. Биз дал ушул ортодо кандай тоскоолдуктар болсо да, баш кошуп кур намыска алдырбай аруу махабаттын, чоң сүйүүнүн бар экендигин даңазалап, бакубат турмуш куруп, уюткулуу үй-бүлө күткөн атактуу инсандардын жашоосуна баш бактык.


"Ак калпагын булгалаган араңарда бирөө бар…"
"Атын айтпайм, араңарда бирөө бар" деп сырын жашырды эле, ким тууралуу айтканы эми бизге белгилүү болуп калды.
Ажары ай сымал, арген үндүү Роза Аманова экс-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин сүйүктүү жары андан 17 жаш кичүү экени көпчүлүккө маалым. Балдарына мээримдүү эне, өмүрлүк жолдошуна акылгөй жубай болуп бакубат турмушта өмүр сүрүп келишет. Бир гана мурунку жолдошун жупуну үчүн чандыбы деген ой жаралбай койбойт. А балким, кичинесинен кыйынчылыкты баштан өткөзүп, бой жеткенде да ийгиликсиз турмушка чыгып, мындай азапка чыдай албай акыл калчап, терең ойлонуп турмушка чыкса керек. Же Кубанычбек мырза шаңшыган торгой үнүнө азгырылып, айдай сулуу нукура кыргыз кызына ашык болгондур. Интелектуалдуу, акыл көрөңгөсү бийик инсандар атайы бири -бири үчүн жаралгандай.

"Болбосо жаш селкиге менден артык, бой салып ашык болуп калдың беле…"
Дагы бир эл оозуна алынып калган ырчы кызыбыз Орозгүл Токторбаева экс-президенттин иничеги Жаныш Бакиевдин экинчи аялы. "Мен, чынында, келген окшойм дүйнөгө, угуш үчүн сенин мукам үнүңдү", деп жаш кызга үйлөнүп алса керек. Сүйүү кары-жашты ылгабайт тура. Бири-бирин бир көргөндө эле сүйүп калышкан түгөйлөр мамилесин мыйзамдаштырууга бел байлашып, ырчы кызга Бакиев фамилиясын "подарить" этти. Антпеске айла барбы, ким эле кызын өзүнөн чоң адамга турмушка бергиси келсин? Бирок, Жаныш мырза азыр деле жөн жүрбөстөн дагы бир комуздун коштоосунда жагымдуу ырларын элге тартуулап жүргөн, кино жаатында өз орду бар жаш актрисага көзү түшүп калыптыр. Белгилүү тасмада айткандай: "Сендей кыргыздын мергенчи "баатырына" эки аял эмес, үч аял болсо да ашыктык кылбас, деп Орозгүл айым өзү уруксат берип "берешендигин" тастыктаса керек. Ал азырынча сыр бойдон. Бул "азаматыбыз" фольклор жаатындагы ырчы кыздарга ашык болгондон жолдуу окшойт.


"Сизди сүйдүм жашыңыздан жазганбай…"
Жылдызы жанган УТРКнын белгилүү теле алпаруучусу Ширин Жумагулова учурда Токой-чарба министри Александр Костюкту улутуна эмес, адамдык сапатына карап сүйгөн экен . Эң басынткан нерсе жашынып сүйүү эмеспи, экинчи аял болуп, уурданып жашагысы келбеген бул айым ачыкка чыкты. Күндүзү тим эле күнөөсү жок жалгыз бой аял, түн ичинде бирөөнүн жарын талашкан күнөөкөр болгусу келбегенин жашырбайт. Ушундай кыргыз кыздын жүрөгүн багындырган Александр Костюк мекенчил мырза экени да баарыбызга маалым. Кыргыз тилин суудай билсе, мындай жароокер жолдошу менен кантип сыймыктанбай койсун. Аялзаттын бактысы 3 жерден дешет эмеспи: "Секелек кезде кимдин кызы, бойго жеткенде кимдин өмүрлүк жары, улгайганда кимдин энеси", мына ушул үч учурду тең мыкты айкалыштырса, анда, аялзаты бактылуу. Ширин айым кыргызымдын жигиттерин байкабай, орус улутунун мырзасына баа бергенин карачы. Чындыгында, бычакка сап жигиттерибиз бар, бирок, бактысын башка улуттан издегендерге даңк!


"Кайгырттың мени карындаш, картайган кезде көрүнүп…"
Экинчи Мыскал атыккан Кенже Кубатова залкар комузчу Зайнидин Иманалиевдин экинчи жубайы. Биринчи жолдошу- ырчы Токтобек Асаналиев менен жайбаракат жашап жүрүштү эле, экөөнүн ортосунан кайсы кара мышык аралап кетти десе, иштин чоо-жайы мындайча экен: Кенже эжекебиз, комузчу Зайнидин Иманалиев жана дагы бир чыгармачыл топ чет мамлекетке гастролго чыгышат.Ошол жерден ашыктык оту жанып, сүйүүлөрү күч алып кетип, баш кошуп алышкан. Мындай карасак, экөөнүн ортосундагы айырмачылыктар байкалбагандай. Дегеним, Кенже айым мурдагыдан да толуп кетип, байбичедей эле болуп калган. Доско күлкү, душманга таба болууну каалашкан эмеспи, же ортолорунда чындап эле бекем сүйүү өкүм сүрөбү, ким билсин, экөө ушул тапта ынтымактуу үй-бүлөлөрдөн. Учурда чыгармачылыгын таштап, үй-бүлөсүн тандаганын айтпасак деле белгилүү.


"Ал мен эмес, менден калган бир элес…"
Бул ырды Алина айым атайын заказ менен Бек Борбиевге жаздырткан эле. Балким, ырчы эжекебиз биринчи никесин эстеп ырдап жүрөйүн дегендир. Кандай болгон күндө да балдарынын атасы эмеспи. "Кыздын сыры" деп бир кезде популярдуулукка жетишкен маалда Алина Жетигенова эки баласын алып биринчи жолдошу менен ажырашып, Эржан аттуу түгөй тапкан. Балдарына жасаган мамилесин, камкордугун баалап анын сунушуна макул болгон. Алина эжебиз Эржандын биринчи никеси. 20 жылдан бери түтүн булатып, ынтымакта жашап келишет. " Бирөөнүн үй-бүлөсү бирөөгө чытырман токой" дегендей, атактуу комузчунун келини болгон экен. Негедир ушу кезге чейин Алина апчебиз ал тууралуу сыр бербейт го. "Кыңыр иш кырк жылда" деп айтылган сыңары, бул тууралуу арабызда билгендер жок эмес.


"Жашыбыз тоскоол болбойт, эми бизге…"
Ал эми "Манас FМ" радиосунун куйкум сөздүү ди-джейи Кундуз Авашова ырчы Кубаныч Сатаевге турмушка чыкканына быйыл 2 жылдын жүзү болду. Жалгыз бой жүрүп бир кызды тарбиялап келген. Биринчи кезекте Кубанычтын сабырдуулугун жактырыптыр. Кундуздун ою боюнча жубайлардын мамилесиндеги башкы нерсени сүйүү эмес, түшүнүү жана мүнөздөрдүн төп келиши ойнойт экен. "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дечү эле. Бирок, андайды жокко чыгарып эки жаш бактылуу өмүр сүрүүдө. Кундуз айым Кубанычтын биринчи никеси экени тууралуу билбеген жан болбосо керек. Чындыгында, Кундуз жолдошунан 5 жаш улуулугун жашырса да, бизге белгилүү эмеспи. Не демекчибиз, ди-джей кыздын "кыйындыгына" тан беребиз.




Тамашалуу анкета:
Туулган жылы- Илгери чоң атасы пенсияга чыкканда ала шалбыртта туулган.
Уруусу- Сол канаттын жыгач чабар уругунан
Санжырасы - 99 атасын билет жана сүйлөшүп турат
Үй-бүлөсү- Биринчи аялынан 3 кыз, экинчисинен 2 кыз, үчүнчүсүнөн 3 аборт, төртүнчүсүнүн боюнда бар
Ишенгени - Аялынын курсагы.
Ишенбегени- Узиачыктын көргөзгөнү.
Кызыкканы- 3 аялынын кийинки күйөөлөрү.
Таң калганы- Биринчи аялы эгиз эркек төрөгөнү.
Күйүнгөнү- Экинчи аялы удаа-удаа 2 уул төрөп салганы.
Жактырбаганы- Айыл өкмөтү.
Жактырганы- Айыл өкмөтүнүн аялы.
Саясатчысы- Ленин.
Урааны-" Окуу, окуу жана окуу".
Ичимдиги- Арак, арак жана арак.
Хоббиси- Бөтөлкө чогултмай.
Бош убактысын кантип өткөзөт? -Гезитке чыккан некрологду окуйт.


Гүлкайыр




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??