п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Маалымат майданында

Келечектеги Жогорку Кеңешке экспресс- анализ
Шайлоонун акыркы жыйынтыктары боюнча 2333 участоктун ичинен 2320 участогунан билдирүүлөр келип түшкөн. Алдын-ала берилген маалыматтарга караганда учурда 99,44% добуш эсептелген.
Шайлоодо Республика боюнча 0, 5пайыз алган же болбосо 141828 добушка ээ болгон алдыңкы 5 партия депутат болуп шайланат.


Алдыңкы 0,5 пайыздан өткөн партиялардын мандаттары
1. "Ата-Журт" - 28
2. СДПК - 26
3. "Ар-Намыс" - 24
4. "Республика" - 23
5. "Ата-Мекен" - 19
Жогорку Кеңештин келечектеги курамы төмөндөгүдөй болушу күтүлүүдө
"Ата-Журт" - 28 орун:
1. Абдылдаев Мыктыбек Юсупович
2. Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
3. Келдибеков Ахматбек Келдибекович
4. Иманалиева Эльмира Сансызбаевна
5. Түлеев Нариман Ташболотович
6. Кангелдиев Азамат Нурказыевич
7. Жумабеков Дастанбек Артисбекович
8. Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна
9. Кудайбергенов Жаныш Камчыбекович
10. Чолпонбаев Улан Сапарбекович
11. Айдаров Нургазы Абдыраевич
12. Исаева Динара Шертаевна
13. Молдобаев Нарынбек
14. Султанов Марат Абдыразакович
15. Жапаров Садыр Нургожоевич
16. Эсеналиева Сымбат
17. Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич
18. Суракматов Азиз Эмилбекович
19. Шин Роман
20. Мажитова Шарапаткан
21. Арапбаев Азамат Абдуллажанович
22. Осмонов Курманбек Эргешович
23. Жунусов Ибрагим Кожоназарович
24. Нарматова Надира Азимовна
25. Мамытов Талант Турдумаматович
26. Абдиев Курмантай
27. Иманалиев Жусуп Умарович
28. Осмонова Нурзат Курманбековна
29. Сулейманов Бахадыр Искакович
"СДПК" - 26 орун:
30. Атамбаев Алмазбек Шаршенович
31. Исаков Исмаил Исакович
32. Турсунбеков Чыныбай Акунович
33. Карамушкина Ирина Юрьевна
34. Атажанов Сабир Садыкжанович
35. Жээнбеков Асилбек Шарипович
36. Алымбеков Замирбек Маданбекович
37. Жамгырчиева Гүлнара Оморовна
38. Эрматов Эгемберди
39. Тербишалиев Данияр Өмүрзакович
40. Сакебаев Эркин Абдышевич
41. Ниязалиева Дамира Абаскановна
42. Асанов Курсан Сатарович
43. Салымбеков Мамытбай Маткабылович
44. Салимов Турсунтай Аблизович
45. Скрипкина Галина Анатольевна
46. Домшенко Олег Леонидович
47. Исаев Жусупали Калматович
48. Туманов Токтогул Туманович
49. Измалкова Алла Николаевна
50. Султанов Акылбек Шакирович
51. Орозбаев Мамат
52. Зулпукаров Төрөбай Закирович
53. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна
54. Жоошбеков Заирбек Сулайманович
55. Кадыров Бахтияр Сабиржанович
"Ар-Намыс" - 23 орун:
56. Кулов Феликс Шаршенбаевич
57. Жапаров Акылбек Усенбекович
58. Турсунбай Бакир уулу
59. Мамырова Бөдөш Аманбаевна
60. Артыков Анвар Артыкович
61. Гусаров Игорь Константинович
62. Туманов Кубанычбек Туманович
63. Асымбекова Гүлнара Уметовна
64. Төрөбеков Нурлан Надирович
65. Бекешев Дастан Далабайевич
66. Маматалиев Абдырахман Мадакимович
67. Талиева Камила Абдрахмановна
68. Мамытов Токтокүчүк Болотбекович
69. Калматов Анарбек Баратович
70. Рыспаев Кожобек Жайчыбекович
71. Бадыкеева Нуржан Нуралиевна
72. Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович
73. Узакбаев Талант Макишович
74. Бекбоев Замир Исакович
75. Левина Татьяна Владимировна
76. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
77. Иманалиев Каныбек Капашович
78. Маматов Бактыгул Арстанович
"Республика" - 23 орун:
79. Бабанов Өмүрбек Токтогулович
80. Алимбеков Нурбек Каарыевич
81. Пирматов Исхак Айтбаевич
82. Султанбекова Чолпон Аалыевна
83. Исаев Канатбек Кедейканович
84. Төрөбаев Бакыт Эргешович
85. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич
86. Завгородняя Алевтина Федоровна
87. Молдобаев Асхат Кеңешбаевич
88. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович
89. Эсенаманов Замирбек Садыбакасович
90. Акназарова Роза Корчубековна
91. Бокоев Кенжебек Сатымкулович
92. Арипов Назарали Турдалиевич
93. Турускулов Жыргалбек Куручбекович
94. Жумалиева Элмира Бусурманкуловна
95. Обдунов Элмурат Абдувапович
96. Кадыркулов Искендер Анарбекович
97. Осмонов Малик Калылович
98. Аманбаева Урулкан Абдилашимовна
99. Арым Кубат Актан
100. Айтматов Куштарбек Суйүмбаевич
101. Шайназаров Тынчтык Урайимович
"Ата Мекен" - 19 орун:
102. Текебаев Өмүрбек Чиркешович
103. Шер Болот
104. Оторбаев Жоомарт Каипович
105. Никитенко Наталья Владимировна
106. Сапарбаев Жоомарт Рахатович
107. Алымбеков Эркинбек Жумабаевич
108. Балтабаев Ташполот
109. Сасыкбаева Асия Айтбаевна
110. Самаков Карганбек Садыкович
111. Маматов Абдимуктар
112. Мадылбеков Туратбек
113. Садырбаева Гуласал
114. Абдырахманов Өмүрбек
115. Төлөгөнов Райкан
116. Жээнбеков Равшан Бабырбекович
117. Айтматова Ширин Чынгызовна
118. Калмаматов Бактыбек
119. Сабиров Равшанбек Азатович
120. Досалиев Акуналы Атамырзаевич.





Реванш - таймаш
7-апрелде кулаган бийликтин адамдарынан турган "Ата-Журт" партиясы шайлоодо алдыга чыкты. СДПК экинчи, орусиячыл "Ар-Намыс" үчүнчү болду.
Парламенттик шайлоодо болжонгондой көпчүлүктү бир дагы партия түзө алган жок. Жалпы өлкө боюнча беш пайыздык чектен өтүү үчүн ар бир партия 141 миң 828 добуштан ашык алуусу керек болчу. Бул чекти беш партия өттү. Биринчи орунга "Ата Журт", андан кийин КСДП, үчүнчүгө "Ар-Намыс", төртүнчү орунга "Республика" жана бешинчи орунга "Ата Мекен" чыгып, өз ара коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.
Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, депутаттык мандаттардын теңинен көбүн алган партия же коалициялык топ өкмөттү түзөт. Эреже боюнча Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон соң, 15 күндүн ичинде премьер-министрликке талапкер аныкталып, ал талапкер өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын парламентке сунуштайт.

Эгер парламенттик көпчүлүк 15 күн ичинде өкмөттү түзбөсө же шайлоонун жыйынтыктары боюнча бир дагы партия мандаттардын көбүн ала албаса, Президент фракциялардын бирине 15 күн ичинде парламенттик көпчүлүктү жана өкмөттү түзүүнү сунуштайт. Бул мөөнөт ичинде да өкмөт түзүлбөсө, Президент өкмөттү түзүүнү экинчи бир фракцияга сунуш кылат. Экинчи фракция да өкмөттү түзө албаса, фракциялар өз демилгелери менен 15 күн аралыгында өкмөттү түзүүгө тийиш.

Эгерде баш мыйзамда белгиленген ушул тартипте Жогорку Кеңеш өкмөттү түзө албай койсо, Президент мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону дайындайт. Ал эми мөөнөтүнөн мурда шайлоо 45 күн аралыгында өтүшү керек.

Өкмөттү түзүү оюндары...
Ошентсе да, жаңы парламентте коалиция түзө албай ит жыгылыш болуу ыктымалдуулугу азыраак. Анткени, азыр президенттик башкарууга кайтуу маселесин көтөрүп келишкен "Ата Журт" менен "Ар-Намыс" бир тарапта, парламенттик системаны алып келишкен КСДП менен "Ата Мекен" бир тарапта болуп, төртүнчү болуп марага келген "Республикага" куда түшүп калышты. Демек, "Республиканы" ким көндүрсө, ошол тарап өкмөттү курары анык болуп калды.

"Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, коалиция түзүү маселеси боюнча бүгүн жооп беришерин билдирди. Демек, бул партия өз чечимин аныктамайын кайсыл топ коалиция түзөрүн айтуу кыйын.

"Ар-Намыс" партиясынын лидерлеринин бири Акылбек Жапаровдун пикиринде, коалициялык өкмөттү "Ата Журт", "Ар-Намыс", "Республика" партиялары түзүшү мүмкүн. Бирок, беш пайыздык чектен өткөн беш партиянын чогуу-чаран коалициялык өкмөт түзүү ыктымалдуулугу да жок эмес:

- Эки агым белгиленип калды окшойт. Бир тарабы социалисттик деген атты көтөргөн эки партия өтүп атат (КСДП, "Ата Мекен"). Ал эми экинчи тарап болсо, рыноктук шарттарда программалары менен элге чыккан дагы 3 партия...

Экономика илимдеринин кандидаты Төлөнбек Абдыровдун айтымында, азыркы тапта Өмүрбек Бабановдун соодасы болуп көрбөгөндөй жүрүп турган чак. Ал жетектеген партиянын "Ата Журт" менен "Ар-Намыс" тарапка өтүп кетүү ыктымалдуулугу да чоң:

- Азыр "Республика" партиясынын баркы аябай жогорулап атат. Бир жагынан "Ата Журт" менен "Ар-Намыс", экинчи жагынан КСДП менен "Ата Мекен" биригет. Анан бул жагынан "Республика" кимге кошулат, ошондон көп нерсе көз каранды.

Эми "Республиканын" башында Ө.Бабанов турат. Ал бизнесин баштаганда да Орусия менен жүргүзүп, байланышы бекем. Ошондуктан, ошол жакка оойт го.

Ошентсе да, саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин пикиринде, коалициялык өкмөттү КСДП баштаган партиялар түзүшү мүмкүн. Анткени,"Республика" партиясы өлкөнүн жаңы багытын бузбоо максатында акыры барып ушул тарапты тандашы ыктымал:

- "Республикадан" ар кандай нерсени күтсө болот. Анткени, ал өзү ошондой жигит да. Эми бул жерде катуу соода болот. Бирок, "Республика" КСДП менен "Ата Мекенге" кошулат го деп ойлоп жатам.

Деген менен "Республика" партиясы Москванын айтканынан чыга албай калса, "Ата Журт", "Ар-Намыс" үчөө өкмөттү түзүп, Президенттик башкарууну кайтаруу аракети болушу мүмкүн. Ал эми КСПД, "Республика", "Ата Мекен" үчилтиги ишке ашып кетсе, Орусиянын таасиринен чыгуу аракеттери уланышы ыктымал. Ошентсе да, КСДП менен "Ата Мекендин" төбөлдөрү коалиция кандай болору Москвада чечилерин кыйытышууда.


БШК ушул жуманын ичинде шайлоонун жыйынтыгын толук чыгарат
Парламенттик шайлоо майда тартип бузууларды эске албаганда тынч, таза, акыйкат өттү.
Шайлоого 53 чет мамлекеттен, 32 эл аралык уюмдардан 850 эл аралык байкоочу катышты.
Быйыл биринчи жолу шайлоо участоктору байланыш каражаттары менен жабдылды. Тилекке каршы, факс аппараттары, мобилдик телефондор үзүл-кесил иштеп, кээ бир тоолуу аймактарда байланыш начар болуп калды. Ошентсе да, участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү борбор менен телефон аркылуу байланышып турду.
"Биз беш күндүн ичинде шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, мыйзамда каралган тартип боюнча тийиштүү добуш алган саясый партиялардын тизмедеги өкүлдөрүнө мандаттарды жакын арада тапшырабыз"-дейт БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??