Күнсүрөт

Учурда ар бир экинчи адам оорулуу. Дарылануу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп келишет. Жада калса аарынын уусу менен дарылангандар арабызда күндөн-күнгө көбөйүүдө. Аарынын уусу пайдалуу экендигин угуп, бир нече адистерге кайрылып, ал боюнча кененирээк маалымат алууга аракет кылдык.

Аарынын дарылык касиети тууралуу…
Пайда болуу тарыхынан:
Апитерапия - медицинанын жаңы багыты, ал латын тилинен которгондо "apis, аары" дегенди түшүндүрөт. Апитерапиянын эң негизги куралы: бал, гүл чаңчалары, прополис, аарынын уусу, гомогенат, ж.б. Медицинада "апитерапия" боюнча биринчи илимий ишти 1894 - жылы профессор Лукомский жазган. Ал анда ревматизмди жана муун ооруларын изилдеп чыккан. Андан кийин 1941-жылы профессор Артемов аарынын уусун изилдеп, анын курамында иммунитетти жогорулатуучу зат бар экендигин жана нерв системаларына пайдалуу экендигин аныктап, ал боюнча илимий иш жазган.


Кызыктуу фактылар:
Аарылардын пайда болуусу 50 миллион жылды камтыйт. Эң көп жашаган адам катары аарычылар эсептелинет. Гиппократ "баардык ооруларды айыктыруучу дарылардан да аарынын уусу жогору турат", - деп белгилеген. Аарынын уусу менен СССРдин жогору бааланган чиновниктери дарыланганы анык болгон. Алардын арасында Л.И.Брежнев да бар. Иван Грозный муундардын оорусун аарылар менен айыктырса, ушул эле ыкма менен Кар Улуу ревматизмден арылган. Байыркы Египетте аары чаккандан кийин адамдар айыгып кеткендиги туурасында папирустарда жазылып калган.


Балдын касиети:
Балда 300 дөн ашуун пайдалуу зат бар;
Өзгөчө дем алуу системаларына, жүрөк тамырларына, артериалдык кан басымга пайдалуу;
Бал менен жасалган массаж булчуңдарды чыңалтат;
"Анемия" менен жабыр тарткандар балды колдонушса жакшы, анткени, бал кандын гемоглобинин жогорулатат;
Бөйрөктүн жакшы иштешине жардам берет;
Балды эртең менен бир кашыктан жеп турса, иммунитетти көтөрөт, табитти ачат;
Балдын курамында вирустарга каршы заттар бар;

Садырова Рахима Керимовна, врач - апитерапевт:

"Эгерде ооруңуз айыкпаса, анда аарыларга кайрылыңыз"
- Аарылар менен дарылоо боюнча кыскача маалымат берип өтсөңүз?
- Аарылар менен дарылоо абдан эффективдүү. Анын уусу медицинада терең изилденип чыккан. Анын курамында 50 гө жакын пайдалуу заттар,көптөгөн витаминдер бар экендиги аныкталган. Биринчи аарынын уусунан ар түрдүү дарылар, майлар, препораттар жасалган. Бирок, алардын курамында химикалык заттар болгондуктан кайрадан аарылардын өзү менен дарылоого өтүшкөн. Аарылар тууралуу Курандын 68-сүрөөсүндө да кеңири айтылган.
- Аарынын жардамы менен кандай ооруларды айыктырасыңар?
- Нерв системалары, остеохандроз, неврид, эппилепция, инфаркт, холестерин, ашказандын жарасын жана полиартрит, кызамык, анемия, зоб, тукумсуздукту дарылоого болот. Инфекциялык ооруларды да жок кылат. Кант диабети менен грыжаны да айыктырабыз. Бизге келген ар бир адамдын колунда анализдери, диагнозу менен болушу шарт. Толук медициналык кароодон өтүшүн талап кылабыз. Ооруну аныктаган соң, дарылоого өтөбүз.
- Аарынын уусу кээ бир адамдын организмине терс таасирин тийгизбейби?
- Ооба, кургак учук менен ооругандарга, кош бойлуу, эмизген айымдарга аарынын уусу терс таасирин тийгизет. Дарылануу убагында диетаны катуу көзөмөлдөшү шарт. Дарбыз, помидор, кулпунай, мөмө-жемиштерди жана туздуу бадыраңды жегенге болбойт. Анткени , денеге кызыл жаралар чыгып кетиши мүмкүн. Кофе дагы каршы көрсөтүлгөн. Күндө бир жарым, эки литр суу ичип турушу керек.
- Аарылар менен дарылоонун терс жактары да болсо керек?
- Албетте, аарыларга чактыргандан кийин денеде так калышы мүмкүн. Аары ны бир мүнөттөн көп колдонуу кажет эмес. Кээ бирлери аллергия болуп кетет. Бирок, биз алардын алдын-ала текшерген соң дарылоого өтөбүз. Бизде аарылар бир жолу колдонуучу ийнелерге окшош. Бир аарыны чактыргандан кийин, ал дароо эле өлүп калат.
- Аары менен дарылангандар көп элеби?
- Ооба, Жалал-Абаддан бери келишет. Көбүнчө көптөн бери дарыланып жүрүп, оорусу айыкпай калганда, акыркы үмүттөрү менен келишет. Баардык ооруларга жардам берүүгө аракет кылабыз. "Эгерде сиздин ооруңузга эч ким жардам бере албаса, анда аарыларга кайрылыңыз", - деген Гиппократтын сөзүн биз да дайыма колдонуп келебиз. Остеохондроз, полиартрит оорулары менен келгендер көп кездешет.

Асель Каракойчиева, элдик дарыгер:

"Тамыр кармап, ооруларды аарылар менен айыктырам"
- Аарылар менен эмне себептен иштеп калдыңыз?
- Негизи, мен тамырчымын, ооруларды тамыр аркылуу аныктайм. Кармаганда эле, эмне оору экени билинет. Оорусун аныктагандан кийин, аарылар менен дарылап баштайм. Биринчи, аллергия барбы, жокпу, текшерип алган соң, чактырууга өтөм.
- Диагнозду өзүңүз эле коёт турбайсызбы , ээ?
- Ооба, менин колумда биоток бар да. Колум аныктоочу аппарат десем да болот (күлүп). Абдан кыйналып ооруп келген адамдарды кармап, баардык ооруларды алып түшөм.
- Кандай ооруларды айыктырасыңар?
- Бир аарынын уусу 10 пенициллинге барабар. Анын уусунда иммунитетти көтөрө турган пайдалуу заттар, витаминдер бар. Аарыны чактыргандан кийин вена аркылуу барып, кандын составындагы ооруларды толугу менен тазалап чыгат. Биринчи эле артрит, полиартрит ооруларын жок кылат. Азыр ар бир экинчи кишинин грыжасы бар. Грыжа оор көтөргөндө, куймулчак түшкөндө пайда болот. Аны биз аары менен дарылайбыз.
- Медиктер аарынын бири пайдалуу болсо, бири зыян деп айтып келишет. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?
- Биз бал аарыларды дары катары колдонуп келебиз. Токмокто тааныштарым бар, алар мага атайын даярдап, өстүрүп беришет. Мен алып келип элдерди дарылайм.
- Аарылардан тышкары дарылоонун кандай ыкмаларын колдоносуңар?
Мен денедеги бузук, арам кандарды банканын жардамы менен тазалайм. Банканы денеге коюп, кадимкидей согуп чыгарып алам. Алла берген касиет менен жүрөк көтөрүп, тазалап, адамдарга жардам берем.


Нургүл Ибраева