п»ї
 Таанышуу жарыясы


  КӨКҮЛЧӨН КЫЯЛДАР

Бала дүйнөсү - баёо дүйнө. Чоңдор чоң көйгөй жасап, чоң маселе көрүп жаткан жагдайды балдар жөнөкөйлөтүп чече алат. Чоңдор ишенген калпка балдар ишенбейт. Анткени, бала туюмун эч бир нерсе алдай албастыгын билебиз. Ошол себептен, баланын жан-дүйнөсү тазанын тазасы, аруунун аруусу бойдон сакталып келе жатат да. Жашоодо кезиккен ар бир тоскоолдуктарга баланын көзү менен кароого үйрөнгөн болсоң, бийиктиктер бут алдыңа төшөлө берет. А бирок, бала эрезеге жеткенде, өзүнөн "акылдуу" эч ким жок экенине ишенгенде жан-дүйнөсүнө жарака кетип, ал "чоңоет". Канча "акылдуу" болсо да, турмуш аны топтой тээп, камырдай ийлейт. Ошентип, өсүү менен бирге жан дүйнөсү кирдейт. Анан бала болгон мезгилин унутат.
Менин эң сүйүктүү жазуучум Антуан де Сент-Экзюпери "Бардык чоңдор бир кезде бала болгон. Бирок, аны баары эле эстей бербейт" дегендей, бул бетти азыркы чоңдорго эмес, бир кездеги балдарга жана азыркы баёо дүйнөгө арнайбыз.


Зыяндуу оюнчуктар
Балдар, билесиңерби?
Уугум сага айтам, уулум сен ук!
Балдар, трансформер оюнчугуна ээ болуу баарыбыздын кыялыбызда. Бирок, ал биздин жашоого, мүнөзүбүзгө терс таасирин тийгизет. Анткени, ал робот бир туруп адам сыяктуу болсо, бир туруп жалаңдаган канжары менен бирөөнү сая тургандай түрү суук немеге айланат. Анын кебетесиндеги заар биздин психикага, башкача айтканда, мүнөзгө кирип алат да, бизди ар ким менен уруштура баштайт. Мисалы, бала бакчадан же мектептен бирөө сенин бутуңду байкоосуздан тебелеп алды дейли. Эгер оюнчуктарың мээримдүү болсо, сен ага "эч нерсе эмес, ооруган жок" деп коесуң. Ал сага жылмаят, анан достошуп каласыңар. Эгер сенин оюнчугуң заардуу, ачуулуу болсо, анда " эмне менин бутумду тебеледиң" деп урушуп, анан мушташасың. Ата-энелерди чакыртат, алар капа болот. Ал эми тиги бала сага өчөшүп калат. Сени жаман бала дешет. Кайсынысы жакшы экен?

Трансформерлердин кээ бирлери сүйлөшөт, тапанчасынын атылганы да угулат. Башында кызыгасың, бирок, бара-бара чарчай баштайсың. Анан, баарына эле ачууң келе берет. Сага түшүнүш керек, себеби, азыркы трансформерлерден башка дагы көптөгөн оюнчуктардан чыккан үндүн бирдиги балдар үчүн 90 децибелди түзүш керек. Бирок, учурда оюнчуктардын үнү 94-децибилге чейин экенин эскерте кетели. Бул, бара-бара кулагы басмырттыкка алып келет.

Ата-энебиз биздин көңүлүбүзгө карашат. Демек, оюнчук алууда жакшылап ойлонушубуз керек. Мисалы, эмне себептен үй жасоочу, машина, самолет, вертолет, катер жасоочу конструктор албайбыз? Трансформердин баасы эң кичинеси 150 сомдон, эң чоңу 500 сомго чейин. Анын акчасына конструктор деле келет да. Үйдөн өзүң ойлонуп, түрдүү нерселерди жасап аласың. Эс-тутумуң жогорулайт, мүнөзүң токтоорок болуп, бир ишти аягына чейин жасаганды үйрөнөсүң. Бул - биздин чоңоюубузга, өсүүбүзгө өтө пайдалуу.

Кыздар, кулагыңарга күмүш сырга!
Биз жакшы көрүп ойногон, кыздардын сүйүктүү, сулуу куурчагы Барби ден-соолукка гана эмес, биздин өсүүбүзгө, дос күтүүбүзгө, балалуу болуубузга тескери таасирин тийгизет. Эми, алар жөнүндө кеңири айталы. Кыздар, Барби куурчагынын кооз кийимдеринин көптүгүнөн аларга кийим тигип бербейбиз. Анткени, Барби куурчактарынын дизайнери 100 кишиден турат. Демек, биз тиккен кийимди кийгизген күндө да, өтө жараша бербегенин көрүп, чебер эмеспиз деп тикпей коебуз. Бул - биздин чебер колдорубузду жалкоо кылат.

Барби - кебетесинен наристеге эмес, сулуу, жетилген аялга окшош. Демек, биз куурчакты тамактандырып, кийинтип, алдейлеп уктатып, өөп ойгото албайбыз. Тескерисинче, Барбини жигити Кентке жолугуштуруп, машинасы менен сейилдетип, ресторандарга алып барышыбыз керек. Анда, биз Барбинин апасы эмес, малайы катары кызмат кылышыбыз керек болот. Кийин чоңойгондо, өзүбүздүн балдарыбызды кантип тарбиялоону азыртан үйрөнүшүбүз керек жана биз чоңойгондо карыган ата-энебизди багышыбыз керек болот. Ошол үчүн малай болуп үйрөнгөн жаман.

Барби жеңил жашоону жакшы көргөн, ойногондон, бийлегенден, сейилдегенден башканы билбеген жалкоо, өзүмчүл, жалгыз жашаган куурчак. Аны эч ким апасындай жакшы көрбөйт. Ал мээрим эмне экенин билбеген, муздак аялдай сезилет. Анан кантип аны кызым деп ойнойбуз?

Барбиге бардык кийим жарашып калат деп ойлойбуз. Бирок, анын турпаты -адамдын табыгый турпатынын параметрине туура келбейт. Эгер, ошондой кыска кол, денеси менен узун буттуу төрөлгөн кыздар бар болсо, алар майып катары дарыланууга, дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш. Бел дагы өтө ичке болсо биздин организмибизге тескери таасирин тийгизет. Андыктан, Барби куурчагыбыздын турпатына, жашоосуна кызыкпаганыбыз туура. Анткени, биз - ата-энебизди жакшы көргөн, бөбөктөргө кам көргөн, акылдуу кыздарбыз.

Балдарга оюнчук сатып алууда төмөнкү талаптарга жооп береби, ошону байкаңыздар!

Ата-энелер бурчу
Медициналык жана экологиялык талап
Оюнчук кандай материалдан жасалганын, боёгунда уулуу заттар жокпу, толугу менен зыянсызбы? Ал үчүн оюнчукту колуңузга кармап көрүп, өзүңүз да бир аз бала болууңуз керек. Мисалы, ал колго кандай урунат, эмне жыттанат, боёгу өчпөйбү же морт эмеспи, эгер түктүү болсо түгү түшпөйбү? Себеби, бала деген бала, оюнчугун өбөт, тиштейт, кучактап уктайт.

Педагогдук талап
Бул оюнчук эмнеге үйрөтөт, чыгармачылыгын кандай өстүрөт жана кандай ойлондура алат? Балким, балага күлкү тартуулап, аны бактылуу кылат. Демек, баланын эмоциясына таасири зор. Же денин чыңдайт, болбосо чыдамкайлыкка, туруктуулукка, көңүл буруусунун калыптанышына алып келиши керек. Демек, мында жаш өзгөчөлүгүнө карай пирамида, конструктор, же шакекче, топ, секиргич аркан ж.б. Ал эми адамдан коркунучтуу балээге айланып кеткен робот-трансформер баланы эмнеге үйрөтөрүн дагы ойлонуңуз. Себеби, балага кооз оюнчук көркөм-эстетикалык табит тартуулоосун унутпаңыз.

Психологиялык жана нравалык талап
Байкасаңыз, кээ бир оюнчук баланы жумшактыкка, камкордукка үйрөтүп, ырахатка бөлөсө, кээ бири, тескерисинче, кыжаалат кылат, жиниктирет, ачуусун келтирет. Мында, анын келечек турмушуна калыптануусун жөнгө салуу үчүн жумшак оюнчуктар, өңдөрү көз чарчабай турган жылуу түстөргө басым жасоо сунушталат. Мисалы, сары, күрөң, сабиз ирең, кара, ак, гүлгүн, ачык өңдөр. Бирок, чымкый гүлгүн, салат өң, кыпкызыл өңдөр бат чарчатат.

Эстетикалык талап
Бул баланын жашоосунда досторду тандоодо, өмүрлүк жубайын тандоодо, кийинүүдө, кесип тандоодо жардамга келет. Ошо себептен, баланын оюнчук тандоосуна салымыңызды да кошууңуз шарт. Негизи, колго жасалган оюнчуктардан коллекция чогултууга кызыктырсаңыз, балаңыздан көңүлүңүз жай болорун унутпаңыз.
Мына ушундай шарттар менен тааныштырып чыгып, балдардын күлкүсү ар бир үйдө жаңыра берсин дейли. Эң негизгиси, кытай оюнчуктарынын зыяндуулугун түшүндүрүү менен үйдөн кийилбей калган байпактан күчүк же мышык жасап берсеңиз, балаңыздын ар бир буюмга көз-карашын өзгөртө баштаганын баамдайсыз. Бул дагы сиздин тарбия берүүдөгү ийгилигиңиздин бири болуп калат.

Жылдызай Аттокурова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??