п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу Дүйнө

Сүйүнчү!
15-октябрда Кыргыздрамтеатрынын кичи залынын ачылыш аземи болот. Замир Сооронбаев режиссердук кылган Алтынай Темированын "Сынык асман" деген спектаклинин премьерасы менен чыгармачыл топ лентаны кескени турат. Эки жылдан бери Академиялык театрдын ичине киргенге зар болгон театр күйөрмандары муну укканда, маңдайы жарыла сүйүнөрү шексиз. "Биздин көчөдө да той болор" дегендей, драмтеатрды оңдоо-түзөө иштерине мамлекет да кызыкдар болуп жатканы көпчүлүктү кубандырууда. Президент Роза Отунбаева драмтеатрдын ремонтуна 8 млн сом бөлсө, Маданият министри эки спекталь үчүн 100 миң сом бөлүп, кыргыз элинин маданий деңгээлине салым кошушту.


Омар "Энекемдин" майын чыгарабы?
Күйөрмандарын зарыктырып, көрүнбөй кеткен Омар 37 күн шайлоо менен алышып, учурда Асанкалый Керимбаевдин эл оозуна алынып, ырдалып жүргөн "Энекем" деген ырын жаздырып, аранжировкалатып жүргөн кези. Буйруса, бул ырга оригиналдуу клип да жаратмакчы. Болгону, Асанкалый агабыздын "Энекесин" өстүрөбү же өлтүрөбү, маселе ушунда.


Айя кыргызча билбейби?
Оригиналдуу үнү менен кыргыз ырларын "сыздаткан" Айя жакында эле суук тийип, айыкты. Учурда Диксон менен дует жаздырып, клип тарттыруу менен бирге "Улица" деген ырынын клибин монтаждоодо. Демек, жакынкы аралыкта теледен клиптерди көрүп калабыз. Бир гана "хандын да бир татым тузу кем" демекчи, "мага орус тилинде кайрылыңыз" деген Айянын кыргыз тилинде ырдаганы менен кыргызча сүйлөөнү өздөштүрө электиги ойлондурбай койбойт экен.


Ильяз Агыбай уулу кайрадан ырчыбы?
Куудул Ильяз Агыбай уулунун 90-жылдарда аппак кол кап кийип, "Эх, сүрөтчү!" деп ырдап жүргөнү, оригиналдуу обондору бар экени жаңы муун үчүн табышмак болсо керек. Шайлоонун аякташы менен Ильяз чыгармачылыгын бардык өңүттө байкап көрөйүн дедиби, айтор, эки ыр жаздырды. Буйруса, Ильяз Агыбай уулун кайрадан ак кол кап кийип ырдап чыкканын көрүп каларбыз.


  Адистин көзү менен

"Кызыл өрүк" - хитпи же…
Ар бир доордун өз таанымы, табити, суроо-талабы өзүнчө болгону менен чыныгы таланттарды баалоо, алардын чыгармачылыгынын ийгилигине кубануу, сагынуу деген муунга карабай бирдей эле болот экен. "Бара-бара көч түзөлөт" дегендей, балким, Р.Абдыкадыров, А.Керимбаев, Т.Казаков агайларыбыз сыяктуу обонуна жараша сөзү дал келген чыгармалар көбөйүп, элди кубантар деп тилейли.

Мирлан Баеков
"Кызыл өрүк"
Сөзү: Ж.Абдыраимовдуку
Обону: М. Алыкуловдуку
Кызыл өрүк төгүлгөндөй,
Кыздын чачы өрүлгөндөй.
Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн,
Кыйгач карап көңүл бөлбөй.

Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Сүйүп калдым мен, сени көрүп.
Кызыл өрүк, кызыл өрүк,
Койчу мага көңүл бөлүп.

Кызыл өрүк данегиндей,
Кара көздүн карегиндей.
Кагып кашың, басып кеттиң,
Калтырбадың дарегиңди, эй!

Кызыл өрүк азап болдуң,
Кызык сүйүү баштап койдуң.
Кыздын атын сурай албай,
Кызыл өрүк атап койдум.


Ал эми бүгүнкү күндүн суроо-талабына ылайык хит ырлардын бирине айланган, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, жада калса уюлдук телефондордо жаңырып жаткан Мирлан Баековдун аткаруусундагы "Кызыл өрүк" аттуу ырды "эгер союздун маалындагыдай көркөм кеңешке салсак өтөр беле?" деген суроо менен профессионалдык иликтөөгө алдык. Эмесе, бүгүнкү калыстар тобу кандай чечерин чогуу көрөлү.

Ырдын тексти
"Боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" болбой…
Алгач тексттин мааниси, ырдын түзүлүшү боюнча маданият министринин орун басары, акын Кожогелди Култегинге кайрылдык.
- Кыяз Молдокасымов УТРКнын жетекчилигинде турганда атайын комиссия түзүп, ар бир теледен кете турган ырдын мазмунуна, обонуна, аткаруучулук чеберчилигине сын айттырып, жараганын гана эфирге кетире турган болду. Бирок, ал иш аягына чыкпай, көркөм кеңеш тарап кетти. Силердин минтип адистердин көз карашына таянганыңар эң туура. Эми, буйруса, бул боюнча иш- чаралар али да болсо алдыда.
Р.Абдыкадыров, Т.Казаковдор да деңгээли жогору акындар. Бирок, бирин-экин сөздөрүнө гана обон жазып, калганын профессионал акындар менен иштешкен. Себеби, өз уяттары жол берген жок. Мен аларга рахмат айтар элем. Обончу "боёкчу, боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" болбой, ар бир чыгармасында профессионалдар менен иштешсе, ырдын деңгээли ойдогудай болот.
"Кызыл өрүктүн" сөзү мен текшерген кээ бир ырларга караганда жакшы. Мындан жаман сандырак ырларды оңдогонбуз. Ырдын тексти акындын колунан чыккандай эле сезим калтырды. Биринчи куплеттин 3-4-саптарында чаташтык бар. Кайрымасындагы "Сүйүп калдым мен, сени көрүп" деген сабындагы "менди" алып салуу керек. Жалпысынан, бул ырды мөлтүрөтүп оңдоп, кайра ырдап чыгууга болот. Эгер көркөм кеңеш болсо, оңдоолордон кийин ырдоого уруксат берилмек.

Обону
"Хит ыр эмес, ит ырларды чыгарат"
Эмки кезек обонунда. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун төрагасы Чокиев Турдубек Асановичке кайрылдык. Бир куплет ырдан соң:
- Радио, гезит, теле тарбиялык маанисине карабай калды. Ошол себептен, жеңил-желпиликке көнгөндөрдүн саны арбын. Компьютердик жасалгалар менен даяр аштын жыйындысын элге тартуулай беришет. Башкача айтканда, Ош базарында кандай баш аламандык болсо, искусстводо баш аламандык ошондой өркүндөп, базардын деңгээлине түштүк. 60-70-80-жылдардагыдай күчтүү обондордон калып жатабыз.
Улуттук радиодо, кыргыз радиосунда "Адистин пикири" деп, бир эле ырды бир канча аткаруучулардын ырдаганына пикир кошуп, ким кайсы жерден нотаны бузганын, ким чеберчилик менен аткарганын талдап жүрөбүз. Силердин адистердин көз карашына таянганыңарды кубаттайбыз. Себеби, сынчылар өз үнүн жоготуп коюшту. "Жаман-жакшы" деген пикир бул прогрессивдүү нерсе деп түшүнүшүбүз керек.
Эми, "Кызыл өрүк" - мен айтып өткөн кемчиликтердин жыйынтыгы. Жакшы обон, жаңы обон адамга тааныш эмес болот. Алгач укканда жаттай албай тургандай сезим калтырыш керек. Өзгөчөлөнүп турушу зарыл. А бул обонду бир уккан адам оңой жаттайт, себеби, кайталанма кайрыктардан чыккан обон "ии, жакшы обон экен" делип, эсте бат калат, адамга бат жугат.
"Кызыл өрүктүн" биринчи эки сабы Бек Борбиевдин кайрыктарынан куралган. Ошондой эле, дагы башка кайрыктардын жыйындысынан силер айткандай "хит" пайда болуп отурат. Бул обон көркөм кеңештен өтмөк эмес. Изденип кел деп эскертилмек.

Аткаруучулук чеберчилиги
"Чыныгы талант, таза үн баарына бирдей жагат"
Андан соң аткаруучулук чеберчилигине карай вокалдык адистерге бардык. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Сапар Исмаиловичке кайрылдык.
- Мурда жаңы репертуар биринчи көркөм кеңешке түшчү. Мисалы, бир ырды аткаруу керек болсо, алгач сөзүн текшертип, андан өтсө обонун композиторлордун кеңешине салып, андан өтсө вокалдык адистерге ырдап берип, алардын сынынан өткөндө гана ырды студиядан жаздырып чыгарар эле. Азыр үнү жоктор деле студияга барып, ар кандай эффекттер менен үнүн жасатып алып эле ырдап чыгышып жатат. Бирок, чыныгы талант компьютердик эффекттерден дагы айрымаланып, өзгөчөлөнүп турат.
Бир кишинин калыс болушу да туура эмес. Калыстар тобу 4-5 кишиден турса калыс чечилет. Профессионал ырчынын аткаруусу да, ар кимге ар кандай таасир бериши мүмкүн. Мисалы, мага жакса, дагы бирөөнө жакпайт. Бирок, чыныгы талант, таза үн баарына бирдей жагат.
"Кызыл өрүктү" ырдаган баланын аткаруучулук чеберчилиги жакшы. Балким, музыкалык билими жоктур, бирок, үнү жакшы, табигый үн, талант бар. Аккордеон менен баштан-аяк коштолгон, бирок, аранжировкасы жупунураак экен. Негизинен, көркөм кеңештен өтөт.
Ошентип, сөзү жана аткаруучулук чеберчилиги көркөм кеңештен өттү. Бирок, обону жарабай калган "Кызыл өрүк" советтик мезгилде обого чыкпай калмак экен. Биз муну менен "Кызыл өрүктү" талкалайлы деген жокпуз, болгону, сынга туура мамиле кыла билүүнүн өзүндө өсүү жатпайбы!





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??