п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Көшөгө артында…

Рысбек Жабиров, продюсер:
"Көшөгө артында жүрүү да мен үчүн сыймык"
- Бул долбоорду ким ойлоп тапты эле?
- "Ар бир айдын алтысы" деген долбоорду, кыргыз сатирасын өркүндөтүү максатында чыгарып, иш жүзүнө ашырганыма эки жылдын жүзү болду. Ар бир айдын 6-7-де Кожомкул атындагы Спорт сарайына эки жылга келишим түзүп, буюрса, ноябрь айында он бешинчи концертибизди элге тартуулаганы жатабыз. Кудайга шүгүр, эл жакшы кабыл алышып, бизди колдоп жатат десем жаңылышпайм. Бара-бара кризиске байланыштуу, билет баасын кымбаттатууга дуушар кылып жатат. Бирок, элдин акыбалын карап, бааны көтөрүү биз үчүн кыйынчылык жаратууда.
- Автору сиз болсоңуз, анда эмне себептен "Рахман Разыков тартуулайт" деп аталып калган?
- "Рахман Разыков тартуулайт"- деп аталып калганынын бир нече себеби бар. Мен Жалал-Абад шаарындагы театрлардын биринде иштеп жүргөндө, үч жыл жанымды койбой "бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Сенин келечегиң Бишкекте…"- деп, мени көндүрүп, ээрчитип келген бул киши. Рахман Разыковду, биринчиден, устатым катары сыйласам, экинчиден, бул куудулдун кыргыз сатирасына кошкон салымы зор жана эл оозуна алынып, эмгеги сиңип калгандыктан, жогорудагыдай кылып атап коюуну туура көрдүм.
- Сатираларды ким жазып берет?
- Сатираларды толук 100 пайыз жазбасам да, 70 пайызы менин калемиме таандык десем жаңылышпайм. Ал эми калганын топ менен биргелешип, кеңешип ишке ашырабыз.
- Колдоп турган демөөрчүңөр барбы?
- Жок, кайдагы? Эми өзүбүздүн тушообузду өзүбүз кескенден кийин, күчүбүз менен бутубузга туруп жатабыз. Азыркы заманда "инфляция" деген түшүнүк жок. Мисалы: шайлоого өз талапкерин коюш үчүн сөзсүз түрдө акча биринчи орунда турат. Көптөгөн таланттуу инсандарыбыз акча каражатынан аксап, өнөрлөрүн өркүндөтө албай, көмүскөдө калып жатышат. Жада калса, атасы өлсө да, ким канча акча берди деген жашоо болуп калды, тилекке каршы.
- Сентябрь айында кайрымдуулук концертин өткөрүп жатат деп уктук эле?
- Ооба, Балыкчы шаарынан Назбийке деген 6 жашар кызга Москва шаарынан бөйрөгүн алмаштырып, шашылыш түрдө операция жасатыш керек эле. Кыздын ата-энеси ушул суроо менен биздин бир-эки чиновниктерибизге кайрылышканда, колдоруна 1000 сомдон карматып, жөнөтүп жиберген экен. Биз операция жасаганга акча каражаттары жетишпей жатканын гезиттен окуп калып, кыш айында кайрымдуулук концерт уюштуруп, биздин атыбыздан 1000 доллар берген элек. Жакында сентябрь айында өткөн концертибизден түшкөн каражаттан жардамыбызды бердик. Негизинен, кайрымдуулук жасап туруу эң чоң сооп. Кыргызда "Кырк коюң болсо, кырк бирин курмандыкка сой"- деп бекеринен айтылбаса керек. Андан сырткары, көп балалуу үй-бүлөлөргө, карылар үйүнө, балдар интернатына жардамыбызды берип туруу аракетин көрүп жатабыз.
- Ар бир ай сайын берип жаткан концертиңердин программасын жаңыртып туруш керек, бул жагынан жетишүүңүздөр кандай?
- Биздин көрүүчүлөрдүн талабы абдан жогору. Казак, орус элдери болбогон нерсеге эле күлө беришет. Кыргыз элинин орус менен казак элине салыштырмалуу саны аз болсо да, интеллектуалдыгы жогору. Ошондуктан, жөнөкөй, кызыксыз сатираларды берүүнүн мааниси жок. Бир интермедияны аткаруудан мурун ийне-жибине чейин кылдаттык менен карап чыгабыз. Ашканада деле беш бармакты бардык эле адамдар жасай беришет, бирок, ал тамакты даамдуу, өзгөчө кылып даярдоо бүт эле адамдын колунан келе бербесе керек деп ойлойм.
- Интермедияңардын көбү саясатка байланыштуу, жогору жактан кысымга алынбайбы?
- Туура айтасың, мен ойлогом, жаңы бийлик келип, жакшы жакка өзгөрүлүп, төгөрөгүбүз төп келген заманда жашайбыз деп. Көрсө, жаңылыптырмын, баягы эле эски кейпибизди кийдик. Эми демократияга келдик деп койгон менен өткөндө, телевидениеден концерттин көпчүлүк жерин "бизге мындай сатираларды берүүгө болбойт" деп кыскартып салышыптыр. Чоң кысымга ала элек, мүмкүн, эми болоттур.
- Кадр жагынан кандайсыңар?
- Бул тууралуу Рахман Раззыков "Беш тапан", "Бешилик" деп куудулдар тобун түзүп, таланттуу балдарга жакшы шарт түзүп бериптир. Эгерде, азыр алар жок болгондо, анда эски куудулдар ойноп жүрүшмөк да. Мисалы: Тынар Алыбаев, Рысбек Жантөрөев деген жаш куудулдар да устаттарынан артта калбай, алдыга озуп бара жатышат.
- Сиз сатира жазганыңыз менен, интермедияда ойногонуңузду көрө элекмин?
- Ооба, эми сахнанын да өз эрежеси, аурасы, руху болот. Сахнага да Алла Таала берген талант менен чыгыш керек. Мен башка тармакта иштесем да, интермедия ойногонго кудуретим жетпейт болуш керек. Эми сахнага чыкпасам да, көшөгө артында жүрүү мен үчүн чоң сыймык.
Айзат Кыдыралиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??