п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ден соолук

Дүүлүктүрүүчү даарылар өлүмгө алып келет
Өткөн саныбызда, базар түйүнүндөгү дүүлүктүрүүчү дарылар жөнүндө бир аз маалыматты берген элек. Бул санда уландысы болмокчу.

Хакимходжаев
Зуфар Шавкатович, уролог-андролог:

(Башталышы өткөн санда)
- Дүүлүктүрүүчү дарылар чөптөн жасалабы?
- Мен тажрыйбалуу врач катары айтат элем, бир дагы чөптөн жасалган дары, 30 мүнөттүн ичинде эркекти дүүлүктүрө албайт. Мындай дары азыркы учурда жок. Эгерде, чөптөн жасалган дары болгон күндө дагы, аны үзгүлтүксүз 8-9 ай ичкенде гана бир аз жыйынтыгы болбосо, толугу менен жардам бере албайт. Чөптөн жасалган дарыны жыныстык мүчө иштебей калганда эле колдонбостон, профилактика түрүндө 50жаштан кийин ичип турса, сексуалдык жашоосун жашартат да, эркек кишинин жыныстык мүчөсүнө тиешелүү көйгөйлөрүн бир аз кечеңдетиши ыктымал.
Биз эмес, экономикасы өнүгүп калган өлкөлөрдүн бири АКШ да, дүүлүктүрүүчү дары саткан дүкөндү текшерүүдөн өткөргөндө, чөптөн жасалган дарылардын курамында жалаң гана химикалык заттар болуп чыккан. Ал дүкөндү бир нече миллиард долларга сотко беришип, жаап салышкан. А бизде, ачык эле, базарда кыдырата тизилген дарылардын бирөө да текшерүүдөн өткөрүлүп, тыюу салынган жок. Мындай көрүнүштөр бизде көнүмүш адатка айланбадыбы. Дарыны адам ичет да, тирүү организмге. Мейли, сапаты төмөн кийим, же буюм болсо. Кийим жыртылып, буюм бузулуп калышы мүмкүн. Ал эми ден соолук бул оюнчук эмес, каалаган жерден сатып алып, дарыларды өзү билип колдонгондой.
- Эркектерге арналган дүүлүктүрүүчү дарыны аялдарга да колдонууга болобу?
- Болот, бирок, аз өлчөмдө.
- Дүүлүктүрүүчү дарылар тукумсуздукка алып келиши мүмкүнбү?
- Эгерде, гормоналдык дары болсо, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. А дүүлүктүрүүчү дарылар сперманы күчтөнтүп, активдүүлүгүнө салым кошот. Анткени, бул дарыны колдонгондо, жыныстык мүчөнүн айланасында кандын жүрүшүн тездетип, сперманын сапатын көтөрөт.
- Эгерде дүүлүктүрүүчү дарыны ичип алып, кыздын боюна бүтүп калса, келечектеги наристеге коркунуч туудурбайбы?
- Жок, эч кандай зыяны деле жок, бирок, дагы бир жолу эскерте кетейин, эгерде дарынын сапаты жогору болсо гана. Ал эми, базардагы сатып алган дарыларга мен эч кандай кепилдик бере албайм. Себеби, ал кайсыл жактан, эмне болуп жасалып келип жатканын эч ким билбейт. Ошондуктан, мекендештериме айтар сөзүм, эч качан дарынын арзандыгына карап, базарлардан сатып албагыла! Ар бир пенденин ден соолугу өз колунда экенин эсиңизден чыгарбаңыз!
- Дүүлүктүрүүчү дарылар бир гана жыныстык мүчөгө эмес, дем алуу органына да пайдасы зор экен, ушул чынбы?
- Негизи, дүүлүктүрүүчү дары алгач дем алуу органын жакшыртыш үчүн ойлоп табылган экен. Кийин экинчи пайдасын байкаган адистер, дүүлүктүрүү формасында изилдешип, иш жүзүнө ашырышкан.
- Сексуалдык бузулуу эмнеден келип чыгат?
- Бул илдеттин эки түрү бар. Биринчиси, жыныстык мүчөнүн такыр иштебей калышы, экинчиси, бел суунун бат түшүп калышы. Эки дарттын дарылоо курсу эки башка жол менен дарыланат. Көбүнчө бул ооруларга, кант диабети, жүрөк оорусу, кан басымы жогору же төмөн болсо, алкоголь ичимдигин көп колдонгондо, чылым чеккенде, ашыкча семирүү да чоң ролду ойнойт. Ошондуктан, эркектер дагы фигурасын ойлоп, бир калыпта алып жүрүүсү зарыл. Эркектерге көпчүлүк учурда, бел тараптагы майдын топтолушу зыян алып келет. Анткени, тамырларды майлар тосуп, жыныстык мүчөнү кысып, кан айлануусу бузулат. Эркек кишинин белинин стандарттуу өлчөмү болуп 94 см эсептелинет. Ал эми 100 см ден ашык болсо, тез аранын ичинде салмагынан арылбаса, 1-2 жылдан кийин сексуалдык бузулуулар келип чыгышы күтүлөт.
Ал эми жаш балдардын ичиндеги сексуалдык бузулуу - көбүнчө алгачкы нике түнүндөгү уялуу, кысынуу сезимдердин кесепетинен келип чыгат. Негизи, жыныстык катнашка кошулуп жаткандагы коркунуч, кыздарга караганда, эркек балдарда эки эсе жогору болот. Бир жолу Ат-Башыда мындай окуя болгон. Дени соо 23 жаштагы бир бала үйлөнүп, өзү аябай уялчаак болгондуктан, биринчи нике түнүндө жыныстык катнаш болбой калат. Экинчи түнү да кайра ошол эле нерсе кайталанат. Үчүнчү күнү, алган аялы кийим-кечесин чогултуп алып, төркүнүнө кетип калат да, кошуналарына жолдошун "бул импотент турбайбы?"- деп, жарыялап салган экен. Бүт айылга тараган ушактан кийин, бала ичкиликке берилип, өзүн өлтүрүү менен аяктагысы келгенде, агасы токтотуп калат. Бул жерге алып келишип, биз баланы дарыладык. Ал жигит импотент эмес эле, бир гана кысынуу, коркунуч сезимдердин натыйжасында, психологиялык жактан өзүн басынтып салган. Бул сезим көбүнчө, биринчи жыныстык мамилеге кошулуп жатканда пайда болот. Ошондуктан, кыздарга айтар элем, эгерде жолдошуңуз ушундай абалга туш келип калса, бир аз күтүп, басынтпай, тескерисинче, колдоо көргөзүңүз. Ошондо гана бардыгы өз ыгы менен уланат. Мындай көрүнүштөргө көбүнчө, айылдык балдар туш болушат. Ал эми, шаарда өсүп, чоңойгон балдар, тескерисинче, сексуалдык жашоого эрте аралашышып, тез өздөштүрүшөт.

Өз кезегин күтүп отурган орус улутундагы мырза жогорудагы айтылып жаткан дүүлүктүрүүчү дарыдан жабыр тартканы жөнүндө мындайча баяндап берди: (аты- жөнүн жазбашымды өтүндү):

Мен Каракол шаарына жакын жерде жашайм. Мындан бир нече ай мурун врачтын көзөмөлүсүз Индиядан чыгарылган дүүлүктүрүүчү дарыны 100 сомго сатып алып, ичип жүргөн элем. Башында жакшы натыйжа берип жатканынан сүйүнүп жүргөм. Арадан 2 ай өткөндөн кийин, жыныстык мүчөмдөн баштап, буттарыма чейин шишик басып, баса албай калдым. Дарыканага кайрылганымда аллергияга каршы эң күчтүү дарыларды сунушташып, араң дегенде өз калыбыма келип, бул жерге дароо аттандым. Бир гана өлүп калбаганыма сүйүнүп отурам. Азыр УЗИден өтүп, врачтын көзөмөлү менен толук дарыланып алып, өз жергеме кайтам го. Менин мырзаларга айтайын деген сөзүм, эч качан өз алдыңарча арзан баадагы дүүлүктүрүүчү дарылардан оолак болуп, колдонбогула!


Айзат Кыдыралиева
Nariste.87.@mail.ru.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??