п»ї
 Таанышуу жарыясы


Сезимай Алиева
Сен жана мен
Күйүткө баткан күз айы
- Ой, баатыр, эмнеге жылдызың жерге түшүп калган?- деген үндөн селт эте чочуй, "бул ким?" дегендей артына кайрылып карап алып ийнин сыйпалап калган Дуулатка Асылбек каткырып күлүп:
- Ийниңдеги жылдыздарың жайында эле турат, эмнеге кабагың салыңкы деп жатам. Сендей офицерге азыр мүңкүрөш жарабайт. Кечээ эле жыгачтан жонуп тапанча жасап, согуш ойнун ойноп жүрүшүп, бүгүн чыныгы согушка туш келип калгандарына ишене албай бозорушуп, мылтык кармаганды жаңыдан үйрөнүшкөн боз балдарга дем-күч берип, үлгү болор мына өзүңсүң да, туурабы? Сөөгү ката элек бул балдардын эки көзү, бар үмүтү бизде.
- Туура байке, Мекенди коргоочу адам катары ант берип, ушул кызматты аркалап жүргөндөн кийин башыбызга мындай мүшкүл түшкөндө күйүп, колума курал кармап,алдыда болбосом болбойт да. Беш жыл мени ушуга окшогон күнгө даярдашып окутушту да. Жоокерлерге бар билгенимди үйрөтүп, ушулар аман- соо үйлөрүнө кайтышса экен деп турам. Ансыз деле көбү жарадар болуп, бир топ жигит өлүп кеткенин угуп ичим ачышып жатат. Биздин армия мындай согушка даяр эмес, алсыз экенибизди эми түшүнүп калдык го? Ушунун баары ойлонтот экен…
- Улам- улам келин баланын сүрөтүн тиктеп сүйлөшүп, аны да сагынып турам дебейсиңби? Бала барбы? - деп Дуулатты далыга таптай, тамашага чалып жанына олтуруп тамекисин күйгүздү.
- Келинчегимдин боюнда бар экенин бул жакка жөнөөр күнү уктум.
- А- аа, анда бактылуу жигит экенсиң! Көрөсүң го эркек болот . Кийин "Асылбек абам айтты эле…" деп мени эстеп жентек тойго чакырып койсоң?
- Сиз айткандай эле болсун , оозуңузга май-пайы менен деп коюшчу беле. Буюрса, чакырам, кантип сизди унутта калтырайын. Сырттын тоосу бизди унуттургус кылды го…- деген менен Дуулаттын жүзүнө жылмаюу кирип, жандана түштү. Көңүлүндөгү дүрбөлөңдү да түнкү шамал кайдадыр алыс айдап кеткенсип, жан дүйнөсү тынчый түштү.
Таанышкандарына аз эле күн болгонуна карабай, өзүнүн ачык- айрымдыгы, тамашакөйлүгү менен бир көргөн адамды өзүнө тартып турган бул кишинин ой чабыты кенен экенин Дуулат дароо байкаган. Өзүнчө ылым санап, жай учур болсо, жакын олтуруп сүйлөшкүсү да келген. Азыр минтип жанына өзү келип, сөзгө тартып турганына ыраазы болуп турду.
- Өткөндөгү атышууда биздин айылдык кошуна балага ок жаңылып, оор жарадар болуптур. Байкуш бала катуу коркуп калган окшойт, "Өлгүм келбейт?!Асыл байке, жашагым келет?!" деп жашытты эле. Мен айылга отпускалап барып калганда, көк эшегин минип алып ары- бери кыдыңдатып, кыргоолго тузак коюп кудуңдап жүргөн эле кенедей бала болчу. Өзү илмийип колуна автомат кармап, жоокерлердин катарында жүргөнүн көрүп жүрөгүм ооруду.Мага ал эне сүтү оозунан кете элек өспүрүм эле сезилет. А бирок ойлоп көрсөм мен өзүм деле Афганга ал баланын курагында кетиптирмин. Россияда аскердик милдетимди алты ай өтөгөндөн кийин эле ал жакка которушту да. Биз Афганга барарыбызды укканда, эмнегедир коркуу деген сезим болбоптур азыр ойлосом. Жүрөк жаш, көкүрөктө жалын ойноп турган учурубуз экен да. Бирок, өлүм менен тике бет келише келгенде, өмүрдүн таттуу экенин сездим го!
Бир окуя али күнчө көз алдымдан кетпейт. Жанагы айылдашымдын абалын ойлоп: " Үйүндө жалгыз бала аман калгай эле" деп олтуруп, Оогандагы ошол күн кайра- кайра эсиме түшүп жатат. Мен армияга барган күндөн тартып бир өзбек бала менен дос болуп, Афганга да экөөбүз чогуу жөнөгөнбүз. "Асыл, сен экөөбүз кан кечкен жерде бир жүрөбүз, биз эми эч ким, эч нерсе ажырата алгыс кан достордонбуз. Сен ушуну унутпа!"- деп көп айтар эле. Гитара менен аябай сонун ырдачу, сүрөттү да кыйын тартчу. Кыскасын айтканда таланты күчтүү жигит эле. "Сүйлөшкөн кызымдын эгизи бар, сен ага үйлөнсөң кандай жакшы болор эле…Экөөбүз бажа болмокпуз" деп эле кыялданып мени күлдүрүп жүрчү. Таң калганым анда да азыркыдай күз айы - сентябрь болчу. Биздин бөлүк кезектеги операцияга чыгып, айыгышкан кармаш алты саатка созулуптур. Мына ошондо, менин оң бутума ок тийип, баса албай калдым. Дилмурад жанталашып өзүнүн курун чече калып, бутумдан кан кетпесин деп таңып, БТРге сүйрөп жөнөдү. Кайра ок жаңырганда бүт денеси менен мени жаап калды. Болду, ошону менен досум жумган көзүн ачкан жок…Бутум шалактап баса албай жаткам, анын жансыз денесин оодара салып, өзүмдү жогото тура калып жулкулдата бериптирмин. Кайра сол ийним ысый түшкөнүн бир билем, андан аркысы эсимде жок…Досум үчүн деп госпиталдан чыгып, кайра согуш талаасына кайтып баргам. Ал мен үчүн өзүн өлүмгө кыйып, октон калкалап калбаганда, сен экөөбүз минтип сүйлөшүп олтурат белек, аны бир Кудай билет?! Мөлтүрөгөн жаш жигит бул жашоонун кызыгын көрбөй, кыял менен гана күн өткөрүп көзү ачык кете берди.
Мен анын өздүк буюм- тайымдарыбыз салынчу баштыгынан энесине жана сүйлөшкөн кызына жазган катын таап алып, сактап жүрдүм. Кат аман- эсендик сураган катардагы кат эмес, өзүнүн эли- жерине кайрылып барбаарына көзү жетип, энесинен көп көз жаш төкпөңүз деп кечирим сурап, кызына бир барак толтура ыр арнаптыр. Окуп алып жанымдагыларга көрсөтпөй кечке ыйлагам. Жашырганда эмне…Кийин мен атайын анын үйүнө бардым, өз колум менен берейин деп. Жерге чөгөлөп алып, сыздап ыйлаган энесинин үнү жүрөктө калды. Кызын көрө алганым жок, анткени, " Дилмурадга кара кагаз барганда талмасы кармап жыгылып, ошондон бери оорукчан болуп калды. Сени көрсө үйүндөгүлөр ачуусу менен бир нерсе кылып жиберишпесин…Кийин жакшы болуп калса, сөзсүз, баламдын аманат катын берип коём" деп энеси алып калган. "Келип турам" деп убада бергеним менен ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп , Союз да ыдырап кетип бара албай калдым.
Ушул Баткенден аман- эсен үйүмө кайтсам, бир чыгынып уулумду ээрчитип алып барып, энесинен кабар алып, колумдан келген жардамымды берип, куран окутуп келейин деп ойлоп жүрөм.
Эх!.. Дуулатпай, согушту экинчи көзүм көрбөсө, автомат үнүн укпасам деп тилендим эле…Андан бери мына 16- 17 жыл өткөнүнө карабай мурдума сиңип калгансыган согуштун- каңылжаарды жарган кандын жытынан, түтүндүн жытынан кечээ жакында эле кутулгандай болгом, экинчи ал жытты жыттабасам дегем. Болбоду…
"Ата, барбай эле койсоңуз болбойбу?"- дейт бешинчи класста окуган уулум, мен бул жакка жөнөөрдө. Шашып камынып жатканыма карабай, олтургузуп алып, "Баткенде, биздин жерге душмандар кол салып, элдин, анын ичинде сенин да келечегиңе коркунуч туулуп турганда мен барбасам- ким барат?! Тээ ата- бабам көрбөгөн чоочун жерде деле канымды төгүп согушуп келип, эми өз жериме ок жаңырып атса, башымды катып үйдө олтура албайм. Согушту сен көрбө, мен көрөйүн! Жаман айтпай- жакшы жок, кокус келбей калсам, "Атам мен үчүн, Мекен үчүн күрөшкөн!" деп жүрөгүңдөгү сезимди өчүрбөй, мени унутпай, уят кылбай, улуу адам болуп өс?!" десем, "керээзиңди айткансыбай жөн кетчи" деп жеңеңден жеме уктум. Аял киши да… А бирок жанагындай сөздөрдү уул балага айта жүрүш парз.
Мына бул коогалаң башталганына экинчи ай болду. Качан бүтөрү, качан сүрүп чыгарарыбыз бүдөмүк? Далай эне боз бейит кучактап боздоп, канчалаган аял жесир, көп балдар жетим калды бул күндө. Бар үмүтүм- Жаратканымда! Кырчындай өмүрлөр кыйылып кетпедиби! Даяр эмес экенбиз, биз согушка деп сен туура айттың. Бул күндөр да өтөт, бирок, жүрөктөрдө унутулбай кара так калат, анын залакасы жаман…
Көп сүйлөп койдум окшойт. Каны бузулуп калган абаңды кечирип кой?- деп Асылбек акырын ордунан жылып, оор улутунуп алды. Өзүнүн кебин тунжурап угуп, ойго чөгүп калган Дуулаттын ошол түнкү кол салууда ок жеп, ажал менен арбашып жатып курман болорун сезген жок эле. Кийин өкүттө калды…

(Уландысы кийинки санда)




Турсий
БУРУЛКАН
КАРАГУЛОВА

(Башы өткөн санда)
- Келиңиз, дейсиңби, мына келдим, и дагы мине дегиң бар, башка дагы сөзүң барбы, менин эрим менен жыргашып атасыңбы, же мени сокур көрбөйт, дүлөй укпайт дейсиңби?- дедим эки бөйрөгүмү таянып. Ал көзүн алайткан бойдон мени карап калды.
- Өлүмүш болгуң келип атабы э?- дедим да жакын келип башындагы сүлгүсүн жулуп ыргыттым. "А-ай" деп ооруган чачын кармап калды эле ,келиштирип туруп башка салдым. Анан өзүмдү кармай албай калдым. Жыга салып, тепкилеп эле жатып калдым. Ал чаңырып ыйлады. Паксанын ичинен жанагы уста бала "Эй эже, эмне болуп атасыз?"-деп чуркап келди. Душтун ичинен "Сурия эле, Суриялап" кыйкырып аткан "эрим" жылаңач эле чуркап келди да, мени күч менен түртүп жиберди. Жыгылып барып кайра шарт тура калып, жанагы жылаңач киши менен тиктешкен бойдон нес болуп катып калдым. Ал:
- Сенсиңби?- деген бойдон далдырап туруп калды да, жердеги Суриянын сүлгүсүн ала коюп, турсий кийилчү жерин ороп калды.
- Апей, сиз белеңиз?- деп далдырап оозуму ачкан бойдон шалк этип жерге кулап түштүм.
Көрсө, эрим эмей эле кайнагам экен. Абысынымын көзү өткөнүнө сегиз жыл болсо да үйлөнбөй жүргөн. Жер жарылса түшүп кетейин десем, жер да жарылбай койду. Өзүмү коёрго жер таппай жан далбастап аттым. Жанагы уста, Сурия, кайнагам, мен-төртөөбүз арбашкан бойдон катып турабыз. Алар эмне болуп кеткенине түшүнбөй калышты. Бир турсийдин айынан шерменде болдум. Кайнагам тескери бурулуп кайра душка кирип кетти, ал келиним мени кызганып атат деп ойлоп калды болуш керек. Уста бала да ары көздөй келген жагына жөнөдү. Сурия дагы эле чүрүшкөн бойдон эки колу менен денесин бекем кучактап турат.
- Э Сурия, кечирип кой, ит болдум. Сенин күйөөң менен жүрөт дешкенинен издеп келген элем. Акеме айтып түшүндүрүп кой, мени кечир, алтыным. Сенин го астыңа түшөм, эми акеми канттим? Бетим күйүп калды, өлдүм. Бактылуу болгула, менин тилегим силерге жакшылык,- дедим да бетими табактай кылып салаңдатып, ордуман туруп алып келген жолума түштүм.
Үйгө үшкүрүп, онтоп атып келсем, күйөөм келип калыптыр. Кайда жүрөсүң дейт. Мен турсий жөнүндө айтып бердим.
- А, ал турсалар меники, акем бүтүнүрөөк, кийгенге жарай турган турсийиң болсо берчи, Сурияга барып атам дегенинен жаңыларын бергем,- дейт кебелбей.
Мен дагы ары жагын айтып бердим. Ал:
- Дени-кардың сообу?- деди. Мен "билбейм" дедим. "Дөөпай" деди да, паксадан алып келген акчаларын ыргытып берип, уктаганы кирип кетти.
Мен жакшы кошуна курдашымы чакырып алып баарын айтып бердим. Мен ыйладым, ал күлдү. Анан күлкүсүн тыйып, мостоюп отуруп калды да:
- Ай, күйөөң апкелген акчаны алып, Бишкекке кетип кал да, соода кыл,- деп акыл айтты. Аны кетирип ийип ,мен кийимимди иреттеп салыштырып, күйөөмө ыраса сонун кылып кат жаздым, эки баламды кошо табыштап, мага берген акчасынын жарымын алып, түн ката жөө-жалаңдап вокзалга келдим. Бишкекке бир киши болсо эле кетебиз, деп турган таксиге түштүм да, борборду көздөй зымырап жөнөдүм. Дароо эле Ала-Арча базарына барып түшүп, соодага аралашып кеттим. Үйүмү, машинамы соодадан таптым. Күйөөмү чакырып алгам. Эки балам тең үйлөндү. Сурия менен кайнагам үч балалуу болушкан. Мен бир да жолу айылга кайтып барган жокмун. Экөөнүн жүзүн эле эмес, жакындарымын да жүзүн карай албайм. Турсийдин окуясын мен бир эле кошуна келинге айткам, ал да бирөөгө айтыптыр, ошол аркылуу бүт айылга жайылып кеткен. Суриянын "турсий жайган үй" деген аты калып, мени "турсийге таарынган Заринадай" болбочу деген атка кондурушкан. Өзүм гана кээде күйөөмө айтып калбасам, ал бечарам эстебейт деле. Адегенде, мени кектеп таарынып жүргөн, качан гана ишим жүрүшүп, андан алган акчаны үч эселеп кайра өзүнө салып ийгенимден кийин гана таарынычы жазылып менин артыман келди. Шаарда деле паксачылык кылып иштейт. Буга паксаны чабалекейдин үйүндөй кылып тегиз койгонду жанагы кайнагам, Суриянын күйөөсү үйрөткөн. Кайнагамдын аты-Тогузбай болгондуктан Толик деп коюшчу. Мен Толубай керек эле деп барганда, баягы уста бала Толик акенин аты ушундай го деп ойлоптур болчу.
Зарина күлбөй мостоюп туруп айтып бүттү. Менин күлкүм келди эле, бирок тыйдым. Ал мени менен коштошуп Баткен базарын көздөй кетти, мен сегизинчи троллейбуска чыгып, орундукка тескери карап отуруп алып, боорум эзилгиче күлүп кете бердим. Көргөндөр буга жин тийгенби дебесин деп, жоолугуму эки колум менен бетиме жаап алдым. Үйгө жетип күйөөмө айтып берсем, угуп бүтүп унчукпай туруп кетти, демек, мен Заринанын өзүндөй кылып айтып бере алган жокмун…
(Аягы)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??