Жаныбарларга саякат
Жаныбарлар дүйнөсүн канча окусаң, ошончо кызыктуу нерселерге тушугасың. Адамдардын колунан келбеген иштерди кылган жаныбарларды көргөндө, адам болуп жаралганыңа да өкүнүп кетесиң. Биз сөз кыла турган бүгүнкү жаныбар да адам кыла албаган кээ бир иштерди кылып, өз үйүрүндөгү ургаачыларга жардам берип, ууга чыкканга жарабай калган "кары-картаңдарына" эт тиштеп келип берип, күчүктөрүнө камкорлугун көрсөтөт. Африканы байырлаган сарала иттер тууралуу кеп учугун уламакчыбыз.


Сарала иттин дене түзүлүшү
Сарала ит кызыл карышкырдын тукумуна окшошуп кетет. Дене түзүлүшү абдан деле чоң эмес, бутары узун, башы тоголок формасында болуп кетет. Ал эми кулактары иттикине такыр окшошпойт, тагыраак айтканда, кулагы чоң жана тоголок, мурду кыска болот. Сарала иттер бири-бирине аябагандай окшош болгондуктан, бир көрүп алардын эркек-ургаачысын айрый албайсың. Ачка же ток экенин салмагынан аныктоого болот. Тоюнган иттин салмактуураак болуп, беркилерге караганда ичи томпоюп турат. Дагы бир кызыгы, алар 9 кг этти бир жей алышат.


Тамак үчүн урушушпайт
Үйүрдүн бардык мүчөлөрү тынчтыкты сүйүшөт. Күчүктөрүн багууда же болбосо ууга чыкканда бири-бирине колунан келген жардамын аябаганы адамды кантип таң калтырбасын. Ал эми эркек итттери өздөрүнүн ургаачыларын аяп, тапкан табылгаларын болушунча ооруп жаткан же бооз иттерге алып барып беришет. Эч качан тамак жаңжалын салышпайт. Ургаачы иттери эки жарым жаштан кийин өз үйүрүн таштап, ургаачы үйүрү азыраак болгон үйүрлөргө кошулушат. Ал эми эркектеринин чандасы гана өз үйүрүн таштап, башка үйүргө кошулганы менен көбү өзүнүн үйүрүндө калат.


Ургаачысы бир төлдөгөндө 21 күчүккө чейин тууйт
Аларда төлдөө мезгили жокко эсе. Алар кайсы убак болбосун төлдөй беришет. Көбүнчө марттан-июлга чейин көп төлдөшөт. Күчүктөрүнүн көзү көрбөй, кулагы укпай төрөлгөндүгүнө байланыштуу, алардын энеси 3-4 жума багып, ар бир жаңы туулган күчүккө башка иттер ага тамак ташып келип турушат. 8-10 жума болгондо күчүктөрүнө табылгасын кантип таап келип жаткандыгы тууралуу үйрөтөт. Үйүрдүн чоң иттери күчүктөргө эт тиштеп келип берип турушат. 12-18 ай болгондо күчүктөр жетилип, өзүнүн тамагын өзү таап жей башташат.


Бир күн түнөгөн этти жебейт
Сарала иттер күндүзү жүрүшөт. Эртең менен жана кечкисин ууга чыгып турушат. Табылгасын кээ бир жаныбарларга окшоп жыт билүүсү менен эмес, көрүүсү менен табышат. Жакшы да чуркашат, табылгасына чуркаганда 50-55 км/саат ылдамдыкты түзөт. Бир жаныбар көрүп калса, табылгасына 15 мүнөттө кууп жетет. Үнүнөн, улуганынан, "хо-хо" деп кыйкырганынан алардын ууга чыкканын билүүгө болот. Андан сырткары, маймылдардыкына окшогон үн чыгарып, бир-биринин кайда жүргөндүгүнөн кабар алышат. Сарала иттер үйүр-үйүрү менен ууга чыгышат. Алардын негизги тамагы африканын антилопалары, зебралар болот. Бир-эки күн түнөп калган этти жебейт, жаңы этти гана жешет. Аябагандай чоң табылга тапкан болсо, өзү тойгуча гана жейт калганын оозуна батканча тиштеп алып, үйүрүндөгү ургаачыларына же болбосо, күчүктөргө алып барып, ашып калганын токойдогу канаттууларга таштап коёт. Күнүнө 2,5 киллограммдан 4 киллограммга чейинки эт жешет.


Жашоо образы жана тамактануусу
Сарала иттер саванналарды жана тоолуу жерлерди байырлашат. Мисалы Жунглиде аларды кездештирүүгө болбойт. Алар үйүр-үйүр болуп жашашат жана үйүрү менен ууга чыгыщат. Бир үйүрдө 10 иттен 20-55 итке чейин болот. Доминанттуу түгөйлөргө үйүрдөгү иттер баш ийип, алардын башкаруусунда болушат. Ургаачы итке үйүрдөгү ургаачылары баш ийсе, эркектери эрке башкаруучусунан коркуп турушат. Иерархия түзөөрдө башкаруучусун мушташ менен шайлашпайт. Тескерисинче пайда болгон маселелелрди тынчтык жолу менен чечишет. Бул жагынан сарала иттердин адамдардан бир топ өйдөрөөк экенин билүүгө болот.


Табигат тартуулаган табышмактуу түс
Сарала иттердин жүнү кайраттуу жана кыска болот. Мезгил алмашкан сайын жүндөрү түшүп, кайра жаңысы чыгып турат. Куйругунун жүнү денесинин жүнүнө караганда узун жана барпайып турат. Иттин өңү бир караганда сарала болгону менен, кара, ак жана бозомук өңдөрдүн бар экенине да күбө болосуң. Анан дагы, бир капталынын жүндүн түсү экинчи капталыныкына таптакыр окшошпойт. Табигат тартуулаган мындай табышмактуу жана кызыктуу өң ар бир жаныбарда эле кездеше бербейт. Кулагы жана муруну негизи кара түстө болот. Ал эми куйругунун учу кара. Жаңы төрөлгөн күчүктөрү алгач кара жана ак түстө болуп, 7 жумадан кийин сарала түскө кубулуп кетишет.


Сарала иттер тууралуу кызыктуу фактылар:
Сарала иттердин атайын жайгашкан бир жери жок, ошондуктан өз табылгасын издеп көп жерлерди басышат. Алардын эң коркунучтуу душманы арстандар. Адамдардан болсо көп деле коркушпайт, ошентсе да, элдер жок жерлерде жүрүшөт.
Жашоосунун узактыгы болгону 9-10 жыл.
Сарала иттер жылуу жайларга көнүп калышкандыктан кичине эле суук болуп калса, ооруп калат дагы, бир нече күндөн кийин жан беришет.
Африканын кээ бир райондорундагы айылдарга түнкүсүн кирип келишет. Адамдарга кол салбаганы менен, малчылардын койлорун карышкырга окшоп тамактап кетишет.
Кызыгы, сарала иттер өздөрү жүргөн жерлерди жапайы жырткычтардан тазалашат. Кээ бирде арстандарга да асылышат. Арстандарга үйүрү менен барып, тиштегилеп өлтүрүшөт.
Тиштери курч жана күчтүү болгондуктан, бир тиштегенде эле сөөктөр бырчаланып кетет.

Сайра Сопушева
kyzyktar-obon@mail.ru