п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-140-01. Ассалому алейкум, кадырман калкым. Кутман таңыңар менен! Аси.
ОП-140-02. 91-жылкы Уларбек, бирөөлөргө ат койгончо, арыктасаң боло.
ОП-140-03. Каалаба, кайра кайтып келишимди, Каалай жүр, андан көрө жеңишимди. Тилеймин, сен бактылуу болушуңду, Тизмектеп, өмүр гүлүн теришиңди. Айдайка.
ОП-140-04. Таштаарда кадамдарды кырдан ары, Таптаза сезимдерге нурданалы. Сый менен достук калсын ортобузда, Сырлары сыр дүйнөгө айтылбаган, Сыймыгың болгум келет мындан ары. Айдайка.
ОП-140-05 . Саламатсызбы, Гүлнур эже, туулуп-өскөн жериңизге качан келесиз? Таш-Көмүрдөн Айгүл. Биз сизди күтөбүз!
ОП-140-06. Мирбек Иманбеков, сиз менин сүйүктүүмсүз! Роха.
ОП-140-07. Аваз Акимовго: Жүрөгүм сиз деп туйлаганын, Жан дүйнөм сени издеп ыйлаганын. Сезбедиң назик, тунук сезимимди, Сизди эстеп, сизди күтүп кыйналганымды. Ай.
ОП-140-08. Дүйнөдө ай да сулуу, күн да сулуу, карасаң кээбир адам андан сулуу. Дүйнөдө сулуулар көп кездешсе да, Баарынан өзүм сыйлап, урматтаган Акимов Аваз байке сулуу! Ай.
ОП-140-09. Кара-Кулжа районундагы Октябрь районуна чоң салам! 92-жылкы кыздар, балдар бар болгула! Алматыдан Гүлзада.
ОП-140-10. Достор, айткылачы, адам таш боор эмес, турмуш таш боор кылат турбайбы? Чина.
ОП-140-11. Урматтуу мырзалар, айткан сөзүңөргө бек турсаңар! Кыздар деле, 3-4 бала менен силерге билгизбей жүрө алышат. love.
ОП-140-12. Анекдот: Жаныбарлардын баары дискотекада жүрүшүптүр. Ал жерден, кумурска сиркени көрүп: -"Мага дарегиңди берчи, кечинде барам",- десе, анда сирке: -"Жазып алыңыз: город - Баш, улица -Чач, дом-желке, Битбаева Сирке",- деген экен. Айка 92.
ОП-140-13. Кыргыз элим! Түндүк, түштүк болуп бөлүнбөгүлөчү! Айка 92.
ОП-140-14. Менин саламым СМСчи 95 Сарага, Айдайкага жолдонот. Бар болгула! Ангел.
ОП-140-15. Жаш жүрөк жараланды, жашоодо сени гана тандады. Башка жар алганын билсе дагы, жаш жүрөк сен деп согуп жатты. Нурила 91.
ОП-140-16. Ардагым, качан келем сени эстеп, Жүрөгүм куса болду, сени эстеп. Ыйладым, сыздадым дайының жок, Сенден башкага орун жок. Нурила 91.
ОП-140-17. Атам Айдинбекке, апам Сайрагүлгө, агаларым Бакыт, Айдар, иним Нурисламга салам! Гульфия.
ОП-140-18. Нарын облусунун Оттук айылындагы,Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинин 11-классына ысык салам! Гульфия.
ОП-140-19. Түшүмө кирдиң, бүгүн түн каткан жолоочудай, Анан да азып калган оорукчан ойлорумдай. Терметсе сагынычтар, үмүт менен, Санаалар айылымдын чаң баскан жолдорундай. Аяна.
ОП-140-20. Ильяз Абдразаков, ырларыңдын баарын эмнеге казак ырчыларына которттура бересиң? Же алар сенин ырларың эмеспи? Жыпар, Мээрим.
ОП-140-21. Мен сүйгөнүмө турмушка чыгып жатам. Азыр менден бактылуу инсан жоктой, Кудайым узакка сүйүнтсүн! Эля.
ОП-140-22. Ал ушунчалык мээримдүү, акылдуу, жылдыздуу жана жагымдуу. Адам баласына керек жакшы сапаттардан четте калбаган. Ал -ушундай сонун адам. Ошондуктан, мени өзүнө бир өмүр арбаган.
ОП-140-23. Качан башыбызды өйдө көтөрүп жүрөбүз? Өзөгүм өрттөнүп кетет басынгандан, басынып келе жатабыз! Катуу кыйналып кеттим! Сарко.
ОП-140-24. Ош областына караштуу, Кара-Суу районундагы баш-Булак айылына жана ата-энеме, досторума жолдонот. Ошондой эле, досум Гүлжигиттин 26-октябрда боло турган үйлөнүү тою менен куттуктайм! Бакты-таалайлуу үй-бүлөлөрдөн болгула! Бишкектен досуң- Алымбек.
ОП-140-25. Ай жарык деп таш булактан суу алба, Сүйгөн жаным алыста деп башка жанга көз салба! Дина.
ОП-140-26. Мирбек Иманбеков, мен сени сүйөм! 05508658хх.
ОП-140-27. Обондун супер СМСчилерине супер салам!
ОП-140-28. ОП-139-46 абоненти, сиз жазган ырдын автору менмин. Мени менен байланышыңызчы, суранам! 0778608714.
ОП-140-29. Ай болду менин сырдашым, Ай алыс сен деп ыйладым. Ар дайым сени сагынып, Айлуу түн сага ыр жаздым! Күн болуп, сени менен сырдашам, Күн алыс, сен деп ыйладым. Күн сайын сени сагынып, Күүгүмдө сага ыр жаздым. Ыр менен жүрөк сырдашат, Адашып сүйүп жактырган, Армандуу кыз ай менен күнгө сыр ачат. 077702241хх.
ОП-140-30. Жүрөгүм сен деп ыйласа, Өзүңдү эңсеп кыйнаса. Не кылам айтчы, асылым? Көзүмдөн жашым куюлса! Негедир мени түшүнүп, Жамгыр да жаады төгүлүп. Экөөбүз көпкө ыйладык, Айтылгыс сыр бөлүшүп. 07770241хх.
ОП-140-31. Урматтуу Гүлнур Асанова, сизге ийгилик каалайм! Күйөрманыңыз -Жибек 97.
ОП-140-32. Жандай көргөн жалгыз адамым, жаркылдаган жаздай жамалың. Кан жаныма канат бүтүрөт. Кандайсың деп айткан саламың! Жизель.
ОП-140-33. "Супер-инфо" газетасы, Роза Отунбаеваны көп күнөөлөбөгүлө. Ал кыргыз элим деп кызмат кылып жүрөт.
ОП-140-34. Менин сүйүктүү ырчыларым: Роза Аманова, Бакуля жөнүндө жазгылачы! Жизель.
ОП-140-35. Акылсызым, менден эмне таптың дедиң, сенден мен өзүмдү таап, сага айланып кеттим. Жизель.
ОП-140-36. Адепсиз пенде Алланын мээриминен кур калат! 07784046хх.
ОП-140-37. Мен актриса болгум келет, жардам бергилечи! 07784046хх. Жизель.
ОП-140-38. Кыргыз элим, ар дайым бар бол! Жизель.
ОП-140-39. Жаным Махабат, мен сени абдан сүйөм! А сен мага ишенбессиң. Нурболот.
ОП-140-40. Нурлан Насиптин мүнөзү абдан жакты, жакшы адам экен. Дайыр Исмадияров, өзүңүздү көтөрбөй жүрүңүзчү!
ОП-140-41. Карындашым, өмүрүң узун болсун, Күндөлүгүң жалаң "5" деген баага толсун. Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпей, Жылмаюу сени менен бирге болсун! Карындашым, Айчүрөк 93, туулган күнүң менен! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Ар дайым ден соолукта бол! Ырысбек.
ОП-140-42. Нурлан Насип жөнүндө жазыңыздарчы! Жизель.
ОП-140-43. Кудабыздын дүйнө салып кеткендигине байланыштуу жездебиз Султанов Салимге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Жезде, атаңыздын калган жашын сизге берсин! Бишкектен балдыздарыңыз.
ОП-140-44. Ак-Моюндагы 11-б классынын бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам! Мен силерди жакшы көрөм. Майрамзат.
ОП-140-45. Мирбек Иманбеков, ишиңизге ийгилик!
ОП-140-46. Саламатсызбы, Гүлнур Асанова, мен сизди абдан сүйөм! Сиз сулуусуз!
ОП-140-47. Кулунду айылынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 11-б классынын окуучусу Азаматка салам жолдойм! 07788х57х0
ОП-140-48. Нурлан Насип, чыгармачылыгыңызга ийгилик, бактылуу болуңуз! Нарындан Жизель.
ОП-140-49. Нурик, томпошка! Туулган күнүң менен куттуктайм! Ар дайым бар бол, бай бол! Досуң -Наргиза.
ОП-140-50. Кыйнадың го жүрөктү, ага кошуп бөйрөктү, иштен чыгып ашказан, сени сагындым, досум! 95 Сара.
ОП-140-51. Акимов Аваз, Москвага тарткан сапарыңыз байсалдуу болсун! Сизди жакшы көрөм. Ай.
ОП-140-52. Добр байке, сиз канча жаштасыз?
ОП-140-53. Сөөксүз тил, сөөктү сындырат. Сөз менен бүлүнтүүгө да, тирилтүүгө да болот. Тамашага-тамаша, каяшага-каяша, кайсыл жерден экенимди сураштырбастан, достошкуңар келбесе, ачыгын айтсаңар боло? Сара 95.
ОП-140-54. 1984-жылы чыгарылган "Фольксваген гольф - 2" үлгүсүндөгү, ак түстүү, мыкты абалдагы машина сатылат. Ала тургандар болсо, 0550721409, 0446409033 номерине чалсаңыздар болот.
ОП-140-55. Сүйүктүү ырчым Айгерим Расул кызына салам жолдойм! Нурай.
ОП-140-56. Арадан канча жыл өтсө да, ардагым сен деп гана жашай берем. Жүрөгүмдүн кулпусун сага арнап, ачкычын сен үчүн сактап келем. Мен ишенем, ар күн сайын гүл көтөрүп мага келериңе. Албетте, жолугабыз бир күнү, кол кармашып басабыз бак этегинде. Сен менин алгачкы махабатым. Кадамжайдан Нурила
ОП-140-57. Жолуктурдум жигиттердин неченин , бирок жаным жалгыз сени эстеймин. Жүрөгүңдүн ээлегени болду бекен? Аттиң ай, сүйүп калдым кантейин. Бир күнү таптым сенин номериңди, Таанышам деп жөнөттүм СМСти, сени менен тааныштым да жолуктум. Кубанычка толуп жүрөк , эсим кетти. Кадамжайдан Нурила.
ОП-140-58. Бактыгүл Бадыева-супер ырчы. Миша.
ОП-140-59. Алтын апамды 25-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Кызыңыз -Кузя.
ОП-140-60. Эң алгач көрдүм сени окуу жайдан, бир убак пайда болдуң кайдан жайдан. Канча-канча жигиттердин арасынан, Аттиң ай, байкуш жүрөк сени тандайт.Ак жуумал жүзүң келишкен, сымбаттуу чыктың эшиктен. Көздөрүң сенин балбылдап, Көргөндө жүрөк жалындайт. Сен ошондо биринчи курска кадам таштап, студенттик күндөрдүн доорун баштап. А мен экинчи курс болгонума, арман кылып сен деп көзүм жаштап.
ОП-140-61 . Эжем Нүкү, жездем Таалай, бешик бооңор бек болсун! Ар дайым жакшылыктардын үстүндө гана жүрүңүздөр! Беки.
ОП-140-62. Таш-Көмүр шаарындагы ТАКтын ЭВУ -1-08 группасына салам жолдойм! Тату 91.
ОП-140-63. Гүлнур эже, качан турмушка чыгасыз? Күйөрманыңыз- Беки.
ОП-140-64. Ак-Моюн айылындагы атам-Майрамбек, апам- Айтбүбү жана бир туугандарым: Нурзат, Нурбек ,Мирбек жана Бекзатка сагынычтуу салам. Майрамзат.
ОП-140-65. Омар, супер ырчы! Чыгармачылыгыңызга ийгилик! Мунара.
ОП-140-66. Ак-Моюн айылындагы курбуларым:Айзат, Табихат, Анара, силерге жалындуу ысык салам! Окууңарга ийгилик каалайм! Майрамзат.
ОП-140-67. Женя эже, качан биздин үйгө конокко келесиз? Мен сизди сагындым. Кузя.
ОП-140-68. Кулунду айылында жашап жаткан атам Нурматов Малик , Энем Жураева Маликеге салам жолдойм! Кызыңар-Бактыгүл.
ОП-140-69. Малика ,туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ден соолукта болуп, өмүрүң узун болсун! Мека .
ОП-140-70. Сүйдүм сени сезимдерге багына, сырым ичте жүрөм сени сагына. Жүрөгүмдүн ээлеп алып бүт эркин, Кададың го махабаттын торуна. Эрнест, мен сени сүйөм! Жаның-Алина.
ОП-140-71. Акинай, мен сени сүйөм! Аза.
ОП-140-72. Аскат, куш бооң бек болсун! Келинчегиң Бермет менен түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшүңөргө тилектешмин. Досуң- Айтеңир.
ОП-140-73. И.Арабаев атындагы КМУнун ГЭЖТ факультетинин Гб-23 группасында окуган Салмоорбек кызы Рахатка салам жолдонот жана 29-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Дүйнөдөгү бардык жагымдуу нерселер бир гана сен үчүн! Окууңа ийгилик! Мен сени катуу сүйөм. Алтынбек.
ОП-140-74. Ысык-Көл областына караштуу Түп районунда жашаган Эрмек байкеме, Газира жеңеме чоң салам. Бактылуу болгула!
ОП-140- 75. Жакын курбу кыздарым: Рахат, Чолпон, Асель, Жибекке чоң салам жолдойм. Баарыңарга бакыт каалайм.
ОП-140-76. Салам Идирис, мен сени аябай сүйөм! Мага ишенчи, жаным. Жасмина.
ОП-140-77. Казакстанда иштеген жаным Канат, качан келесиң, мен сени сагындым! Жөжө.
ОП-140-78. Мага Тынар Курбаналиев жагат жана чыгармачылыгын колдойм!
ОП-140-79. Кумир менен баарлашууга Омарды чакыргыла, сураныч! Назик.
ОП-140-80. Дайыр, мен сени абдан сүйөм, эмнеге мага такыр ишенбейсиң! Мени кечирип койчу, сенсиз жашай албайм, алтыным! Кузя.
ОП-140-81. Эң жакын курбум Берметти 29-октябрь-туулган күнү менен куттуктайбыз. Бека, ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин, биз сени жакшы көрөбүз! Аселя, Айжан.
ОП-140-82. Айланып чагылганга ,сезимим албууттанат, Арналган сага гана, жүрөгүм сыздап турат. Нури 91.
ОП-140-83. Сүйдүм сени сезимдерге багына, сырым ичте жүрөм сени сагына. Ээлеп алып жүрөгүмдүн бүт эркин, камадың го махабаттын торуна. Нури 91.
ОП-140-84. Айтчы жаным, ушунча бооруң таш беле? Мени аябасаң, ичимдеги эгиздерди аясаң болмок. Кудайга койдум, Ибрагим, сени жек көрөм, эч качан кечирбейм ! Нури.
ОП-140-85. Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң, Апакай болуп бир өзүмө чүрөктөйсүң. Суктанып, мен ой -боюңа чөмүлөмүн! Нури.
ОП-140-86. Сүйүүнү кандай адам ойлоп тапкан? Бул сүйүү баарына бирдей жаккан. Сүйүп жүрүп, сүйгөнүңө жете албасаң, Сүйүүдөн канча адам каза тапкан. Нури.
ОП-140-87. Түбөлүккө сени сүйүп калгым келет, түбөлүккө жүрөгүңдү алгым келет. Тагдырдын жазганына баш ийбестен, Тереңге сапар алып баргым келет. Нури.
ОП-140-88. Эй ,менин нервиме тийбегин, жазсаң, жөн жаз! Жазбасан, жазба, билесиңб, мен сага окшогондордон 100дү сатып алууга кудуретим жетет,- дептир экзаменден чарчаган студент, ручкага карап. Нури.
ОП-140-89. Акбар Сүйүнбаев, куш бооң бек болсун! Бактылуу болгула! Күйөрманың.
ОП-140-90. Иним Аргенди 30-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Кыргыздын чыгаан уулдарынан болушуңду тилейм! Эжең Минура.
ОП-140-91. Жибекти жана Кайратты бешик бооңор бек болсун деп куттуктайм. Балаңардын өмүрү узун болуп, акылдуу жана ыймандуу бала болуп чоңойсун.
ОП-140-92. Тинага чоң салам, окууларың ийгиликтүү болуп, бактылуу кыздардан бол. Ата-энеңди сыйлаган, алардын үмүтүн актаган кыздардан бол!
ОП-140-93. Апам Алтынайга, атам Алымга чоң салам. Эч убакта карыдым дебегиле! Балдардын убайын көрүп, балпайган байбиче болгула!
ОП-140-94. Ысык-Көлдүк туугандарым: Айнура, Нурия, Адил, Максатка, бөлөм Саматка чоң салам. Дайыма алга жүргүлө. Силер- менин эң жакын досторумсуңар! Мен силер менен сыймыктанам.
ОП-140-95. Роза Ибраимова мага абдан жагат. Ал жөнөкөй кыздардын катарында десем жаңылышпайм. Анткени, тышкы келбети, сүйлөгөн сөзү ошондой көрүнөт. Мен жолугуп өзү менен сүйлөшүп жакындан билгим келет.
ОП-140-96. Нурайым Азыкбаева менен сыймыктанам. Ал чыныгы талант десем да болот. Башка ырчылардай болуп, жулкунбайт, өзүн көтөрбөйт дагы. Бул анын адамгерчиликтүү сапаттарынан кабар берет.
ОП-140-97. Мен Каныкейди жалпы эл жүргөн эле жетинчи автобустан көрдүм. Эң эле жөнөкөй экен. Бирок анын үнү абдан мукамдуу. Жүрөктү эзген ырларычы, баардыгын өзү чыгарат да экен. Азаматсың. Ийгилик сага!
ОП-140-98. Мен Эрнест Кыязов менен жолуккум келет. Ал абдан сөзгө бай чыгармачыл адам эмеспи. Жөн гана кол алышып, бир суроону талкуулагым келет. Анын ар бир сөзү мага абадай эле керектей сезилет. Анткени, андан пайда алса болот. Тарбиялык мааниси бар кеп-кеңештерди көп айтат. Мен кыргыздын мындай инсандары менен сыймыктанам.
ОП-140-99. Мен баардык адамдардын адамгерчиликтүү сапатын баалайм. Анткени,ал сапат менен баарын жеңсе болот. Мен Кыргыз элимдин ар бир инсанына адамгерчилик сапат ар бириңердин жүрөгүңөрдөн орун алсын демекчимин.
ОП-140-100. Жылмаюусу жүзүнөн кетпеген арабыздагы Айзада аттуу кыздын туулган күнү менен куттуктайм. Өмүрүң узун, ден соолугуң чын болуп, Аллах сени эки дүйнөдө тең бактылуу кылсын.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??