п»ї
 Таанышуу жарыясы


  ордолуу "обон" сиз үчүн

Гүлнур Асанова:
"Жаныш Бакиев менен
мамилеси бар" - деген...
"Устатынан шакирти өтөт" дегендей, былтыр эле биздин редакцияда Роза Аманова өзүнүн күйөрмандары менен жолугуп кетсе, быйыл анын шакирти, салттуу ырларды созгон, ырчы жана актриса Гүлнур Асанова күйөрмандарынын кызыккан суроолоруна жооп берди.


- Алгач сизди жарык дүйнөгө алып келген апаңыз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз?
- Апам Аксы жергесинен болот. Азыр ден соолугу бир аз начарлап жатат. Ата-энем, байкем айылда турушат. Байкем турмушта өз жолун тапкан. Эжем экөөбүз бул жакта турабыз. Эжем саясат жакта. Апам кол өнөрчүлүк менен алектенет. Атам - жеке ишкер.
- Мен балалыгымды эстегим келбейт. А сиз балалыгыңызды эскергиңиз келеби?
- Мен эстесем күлкүм келет. Мени үйдөгүлөр "куу тумшук" дешчү. Биздин үйдүн жанында оорукана ж.б. имараттар курулуп жатканда, кум төгүп коюшар эле. Турарым менен түз эле үйүлгөн кумга барып ойноп, бети-башымдын баарын капкара кылып үйгө келчүмүн. Кебетемди көргөн апам "капкарам" деп эркелетчү.
- Акындардан ким менен иштешесиз?
- Өзүмдүн жакын байкелеримдин ырларын ырдап жүрөм. Кээ бирин чымыным кармап калганда өзүм да жазып алам. Ал эми акындардан Алишер Тоотаев менен иштешип жүрөм.
- Жеке концертиңизди качан бересиз?
- Азыр Улуттук консерватория да 4-курсмун. Буюрса, окуумду бүткөндөн кийин, жеке концертимди берем. Азыр болсо жаңы киного тартылганы жатам.
- Канча жашыңызда комуз кармадыңыз эле?
- Чынын айтсам, бул жакка келгенден кийин, Роза эженин колуна келгенден кийин гана, комузду колума алгам. Ага чейин комузга өтө деле кызыкчу эмесмин. Азыр болсо бөпөлөйм. Менин адистигим элдик вокал. Ошондуктан комуз үйрөнүүгө туура келди. Азыр комузду жакшы ойнойм.
- "Туңгуюк" киносуна кандайча тартылып калдыңыз эле?
- Негизи менин ролумду бир бала аткармак болчу. Анан алар эки-үч жолу аракет кылса, окшошпой калган окшойт. Мен "Бул жерин минтиш керек да, тиги жеринде мындай ойносо жакшы болот" деп сүйлөнсөм эле, режиссёр "сен тартыласың" деп, ал баланын ролун мага берип, мен тартылып калгам.
- "Туңгуюкта" торпок жетелеп келе жаткандагы ыйлата турган ролду кантип жараттыңыз эле?
- Анда торпогум такыр баспайт, бала да ыйлаш керек болчу, ал да ыйлай албай, образга кире албай кыйналган. Кадр бүткөндөн кийин, баспай жаткан торпогум мени жетелеп кетип жүрөт. Абдан таң калганбыз.
- Кинолордогу ролуңуз жашооңузга таасирин тийгизбейби?
- Таасирин тийгизип коёт экен. Жашоомдун 5 пайызы кинодогудай болуп калды десем болот.
- Комузду, ырды, кинону бирге алып кетиш ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Сиздин жүрөгүңүзгө үчөөнүн кайсынысы жакыныраак?
- Азыркы учурда ыр жакыныраак болуп калды. Себеби, март айларында Европаны кыдырып салттуу музыканы көрсөттүм. Ошондон бери патриоттук сезим күчөп, кыргыздын салттуу ырларына көбүрөөк басым жасап жатам.
- Азыркы сиз жарата турган роль кайгылуу эмеспи?
- Жок, тескерисинче, шайыр-шатман кыздын ролун аткарам. Ал жерде мен модельер болом жана жетиштүү үй-бүлөнүн кызы болом. Бирок аягында баары бир эле сүйүүнүн азабын тартып калат экенмин.
- Сахнанын аркасындагы кызыктардан айтып бербейсизби?
- Бир жолу мамлекеттик концертке шашылып жатып туфлимди таштап коюптурмун. Ал жакка барып алып, ырчылардын буттарын карап жатып, бир эженин туфлисин сурап алдым. Ал эже менден бир топ эле чоң кийет экен, туфлиси мага көлөктөп калды. Кие турган көйнөгүм узун болгондуктан, туфлимдин чоң экени көп деле билинген жок. Бирок, ырдап жатып бутумду кыймылдатып жиберсем, баягы туфлиден бутум чыгып кетип, туфлини таппай калсам болобу. Бутумду ары жылдырып, бери жылдырып атып ырым бүткүчө араң дегенде таап, сүйрөгөн боюнча чыгып кеткем.
- Кайсы жактан кийинесиз?
- Эжемдин табити жакшы. Экөөбүздүн параметрлерибиз да бир. Ошондуктан, жакшы кийимдерди көрүп калса, мага алып коёт. Көбүнчө "Караван" соода борборунан кийинем.
- Кимдер менен көп дос болосуз?
- Мен эркек балдар менен бат тил табышам. Аларга сырыңды айтсаң да жакшы сакташат. Кыздарга сырымды айтып коюп, шермендемди чыгарган учурлар да болгон.
- Улуттук кийимде-риңизди кайдан тиктиресиз?
- Кийимдеримдин моделдерин өзүм чийем. Апам ооруй электе көйнөктөрүмдү тигип берчү. Бул жакка келип, биринчи жолку мамлекеттик концертке өзүм тигип кийип чыккам.
- Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Учурда жок десем болот. Экөөбүз урушуп кеткенибизге 4 айча болуп калды. Эки жарым жыл сүйлөшүп жүрдүк.
- Бегимайга жигит таап берем деп жүрдүңүз эле?
- Ии, Бегимай "бул жигит минтип атат, тиги тигинтип атат. эмне кылайын?" - деп менден көп кеңеш сурап калат. Анан жакшы дос балам бар эле, ошого тааныштырайын десем, болбой калбадыбы. (күлүп)
- Сизди Жаныш Бакиев менен жүрөт. Жаныш Гүлнурга үй сатып бериптир,-деген имиштерди угуп калам. Мунун канчасы чын?
- Бул жакка келе жатканда, ушул суроону берет деп күткөм. Туура, силер мындай суроону беришиңер керек. Бирок, "Чычалагандыкы чын чыгат" дешет. Мен андай эмес деп чычалабайм. "Эл оозунда элек жок" дегендей, чын-жалганын бир гана кудай билет да. "Жаныш Бакиев менен мамилеси жакшы экен" - деген ушак сөз. "Атамдай болгон киши менен кантип мамиле түзмөк элем. Мамлекеттик концерттер болуп, ырчылар менен чогуу отуруп калганда, ал киши, экс-президентибиз да кайра-кайра суранып, чакыртып ырдатышчу. Ырчылардын арасында деле көрө албастык болот экен. "Эмнеге эле Гүлнурду чакыра беришет?" - деп, андан ары ушак кетти. Бул сөз элдин арасында жок болуш керек. Мындай пикир чыгармачыл адамдардын арасында эле деп ойлойм. Анан дагы экс-президентибиз өзүнүн аты жазылган комуз белек кылган болчу, ошондон улам да бул ушак тарап кетти болуш керек.
- Темир тулпарыңызга отургандан бери канча жолу жол кырсыгына учурадыңыз?
- Көп эле жолу учурадым окшойт. Эң оор жол кырсыгы "Толубай" банктын жетекчисинин машинасын сүзүп алып, бир жума паспортумду ала албай жүргөм.
- Машинеңизди ким белек кылды эле?
- Эч ким белек кылган эмес, эжем экөөбүз ортодон акча чыгарып сатып алганбыз. Ошондуктан канча жолу жол кырсыгына учурасам да саткым келбейт.


Кыска суроолорго кыска жооптор:
- Кайсы фирманын косметикасын колдоносуз?
- Манхэттендикин колдоном.
- Сахнадан кийимдериңизди уурдатып көрдүңүз беле?
- Үкү топумду уурдаткан учурлар болгон.
- Кичи мекениңизге канча убакта бир барып турасыз?
- Ишенсеңер, 10 жылдан бери бара элек экенмин.
- Таарынычыңыз бат жазылабы?
- Ооба, бат эле жазылат. Ак көңүлмүн. Бирок, бир таарынсам эки жыл сүйлөбөйм.
- Ичеги-карын арта аласызбы?
- Чынын айтсам, арта албайм. Бирок, өргөндү үйрөндүм.
- Кандай өнөрүңүз бар?
- Кол өнөрчүлүккө жакынмын жана куудулмун
- Эмнеден коркосуз?
- Азыр пикеттен коркуп калдым. (күлүп) Күтүүсүз жоодон жана урушуп кетүүдөн корком.
- Кайсы өңгө басым жасайсыз?
- Кара, ак, жашыл жана көк өңдөргө көбүрөөк басым жасайм.
- Телефонуңузду канча убакта бир алмаштырасыз?
- Атайын барып деле алмаштырбайм. Санап көрсөм 7 жолу телефон жоготуптурмун.
- Кайсы райондо турасыз?
- Жал кичирайонунда турам.
- Келечектеги жолдошуңузду кандай элестетесиз?
- Чыгармачылыктан сырткары жана менин чыгармачылыгымды түшүнгөн адамды элестетем.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??