п»ї

Зеңги баба
Жан дүйнө менен мүнөздү оюу аркылуу чечмелеген кыргыздын касиеттүү уулу
Кудай өзгөчө касиет берген жигит жөнүндө угуп, жан дүйнөнү оюуга түшүргөн кандай адам болду экен деп кызыгып, өзү менен байланышып, жолугуштук. Канат мырзанын адам дүйнөсүн оюуга салганы - ал бир гана касиети… Көз тийбесин деп туралы… Уюткулуу элибизден чыккан Канаттын эл алдында ачыкка чыгара элек ой-максаты али алдыда…

Темир Бирназаровдун жан дүйнөсүнүн оюусу
Режиссёрдун оюусун түшүрүп атканда анын колдоочусу, колунун энергиясы жана ден соолугунун айрым белгилерин билдик.

"Башын тартып келатканымда тегиз түшпөй бир аз мыйрыйып калды, демек кемчилик бар, "төбөңүз ооруйт экен" дегеним ошондон"
- Бир кылым мурун жашаган чоң ата, таятам жактан касиеттүү адамдар болгон экен. Алардан соң менде кайталанды. Бирок, алардын касиети оюу менен келбептир. Мектепте окуп жүргөн кезимде акыркы партага отуруп алып, мугалимдердин айтканын дептериме оюу менен түшүрмөй сайын түшүнчү эмесмин. Ата-энем башында маани бербей жүргөн менен, мен чоңойгон сайын оюуларым татаалдаша баштады. "Тынайдын баласы оюу тартып калат деген эмне?" деп намыстанып жүрдүм. Анын үстүнө оюу чийген кыз-келиндин иши деп да тартынчумун.
Биз баарлашып отурганчакты экинчи коногубуз Темир Бирназаров да келип калды. Мен "Темир мырзанын жан дүйнөсүнүн оюусун качан түшүрүүгө болот?" дегенимде, "алгачкы сүйүүңүз же армияда болгонуңузду айтсаңыз" деди КанатЖапаров.
Темир Бирназаров: -Иий, ички сырымды ачкандан качам. Ушунчалык баалап, барктап ичиңе катып жүрүп, бирөөгө айтсаң эле баркы жоголуп кетет да. Көкүрөгүң бопбош болуп, аңгырай түшөсүң…
К.Ж: -Жо-ок, жан сырыңызды төгүш башкы нерсе эмес. Өзүңүз каалаган бир темада сүйлөңүзчү, мен сизди угушум керек. (Темир Бирназаров ушул жерде кино жөнүндө сүйлөп кирди. 5-10 мүнөтчө сүйлөгөн соң, оймочу жигит режиссёрду сөзгө тартып баштады.)
К.Ж: -Жеңеме кол кабыш кылып, тамакты да өзүңүз жасап кирет экенсиз?
Т.Б: -Жеңең экөөбүз эки бөлөк жашайбыз. Он үч жашар кызым бар. Жубайым кээде жакшы тамак жасап алып чакырат, экөөбүз жакшы достордой сүйлөшүп отуруп тамактанабыз. Бизди жакындан билген тааныштарыбыз "силерге түшүнбөйбүз" деп таңгалышат. (Ушул жерден сөзгө аралаша кеттим)
- А сиз аялсыз жашоодон кыйналган жоксузбу?
Т.Б: -Тескерисинче, менин чыгармачылыгым үчүн жалгыз жашаганым ыңгайлуу. (Канат мырза ручка, барагын алып "буюрса, сиздин оюуңуз бүгүн эле түшөт окшойт" деп камынып калды)
К.Ж:- Сиздин колуңуздан чыргоолонуп аткан бала сакайып каларын билесизби? Баланы эмдеп-домдоп көрдүңүз беле?
Т.Б: - Бала эмдеп көрбөптүрмүн. Бирок менин апам да оймочу, анан көзү ачык болчу. А мен кичинекейимде калем эмес, кайчы менен ою кыркчумун. Апамдан уламбы, бир туугандарымдын баары алдын-ала сезгич, көрөгөч десем болот. Апам кээде өзүнө келе калган ойлорун айтып калганда атам: "токтотчу, атаңоозгурайын, сеники өттү!" деп, жемелеп калчу.
К.Ж: - Бир жолу көзүңүзгө тиги дүйнөдөгү бир нерсе көрүнгөн экен?
Т.Б: - Ооба. Аны эстесем өзүм да коркуп кетем… (Сөзүн уланткысы келбеди көрүнөт)
К.Ж: - Шамдагайсыз, колуңуз катуу экен, кой сойсоңуз "тырп" этпей жыгылабы? Анча-мынчаны бир муштум менен эсин оодара коёсуз.
Т.Б: - Азыр антпей калдым, өзүмдү карманалбай, кызуу кандуулукка салып жиберген учурум көп эле өттү.
К.Ж: - Төбөңүз ооруйт экен?
Т.Б: - Спортсмендердин баарынын профессиясына тиешелүү оорусу-баш оору болот да.
Мен: - Башыңызга муш жедиңиз беле?
Т.Б: - Далай жегенбиз да. Мурдум да 5-6 жолу сынган. ("Ой-оой, денсоолугуңуз боюнча айтпай туруңуз" деп режиссёрдун оюусун түшүрүп аткан Канат мырза чыйпылыктап жиберди)
К.Ж: - Оң ыптаңыз ооруйт окшойт?
Т.Б: - Бир жолу далымдын алдына, кирпич менен согушкан эле. Балким, ошондондур…
К.Ж: - Мына, сиздин оюуңуз. Колдоочуңуз куш болгондуктан, оюуңуз куш түрүндө түштү. Куштарды жакшы көрчү белеңиз?
Т.Б: - Ооба. Жакшы көрөм. Өзүм да кээде сезчүмүн.
(Ушул жерден тема өзгөрүп кетти. )
Т.Б: - Мен биздин акчаларыбызга адамдардын сүрөттөрүнүн салынганын жактырбайм. Мисалы, Касым Тыныстановду алсак, өмүрү трагедиялуу аяктаган. Ал эми Сүймөнкул Чокморов залкар актёр болгону менен көп ооруганы, бир нече жолу операция болгону айтпаса да белгилүү. Ар бир нерсенин өзүнүн биоэнергетикалык талаасы болот.
К.Ж: -Туура айтасыз, мен сизге толук кошулам. Ал эмес, үйүбүзгө каза болгон жакындарыбыздын сүрөтүн илип алганыбыз да эң эле туура эмес.
Мен: - Темир мырза, сиз Канат тууралуу кандай ойдо калдыңыз?
Т.Б: - Биз ушу Канаттай кызыктуу инсандарыбыз менен кыргызбыз да. Кыргыздын өзгөчө калк экенин ушундай уул-кыздарыбыз тастыктайт.
К.Ж: -Оюу тартпасам жан дүйнөм эс албай, кыйналып жүргөн кезимде атам: "Балам, эми сен түрдүү адам менен маектешесиң. Кызыгып ар кандай суроо беришсе, жооп бере албай отурсаң уят. Ырас, ушул өзгөчө тагдыр сеники болгондон кийин дагы кошумча билим алышың керек" деп кеңеш берип, ар тараптуу билим алдым. Мындан үч-төрт жыл мурун чыксам, эртелик кылат эле, ошондуктан эми убагы келди деп ойлоп атам.
(Канат мырзанын өзү жөнүндөгү макаланы эмки сандан күтүңүздөр)

Афина Бакирова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??