п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Баягы жорук башталды…
23-октябрь күнү куралчан топ адамдар кирип келип, ал жерден Ташиевдин сакчылары менен кармаш болуп, 5-6 адамдын 3 тапанчасы тартылып алынган жана бирөөнүн УКМК кызматкери деген күбөлүгү түшүп калган. Ошол эле күнү кечинде К.Ташиев маалымат жыйынын өткөзүп, тартып алынган тапанчаларды жана күбөлүктү көрсөтүп, УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Маалымат жыйынына "Ар-намыс" партиясынын төрагасы- Феликс Кулов да катышкан.
Феликс Кулов болгон окуянын чын-төгүнүн териштирбей эле, Кеңешбек Дүйшөбаевдин отставкасын талап кылып, билдирүү жасоодо. Себеби, окуянын ,чындыгында, кандай болгондугу али териштирилип бүтө элек, кылмыш иши козголууга далилдер чогултулууда. Ага карабастан Ташиевдин жактоочулары Ош шаарында митинг өткөрүү менен "Ата Журт" партиясынын кадырын бийиктетүү чараларын колго алгандагысы. Бирок, Ташиевдин билдирүүсүнө караганда, бул митингдин өтүүсүнө анын тиешеси жок жана он чакты адам менен болгон сүйлөшүүсүндө тароого сунуштады. Алар кечке маал тынч тарады.
Окуянын жүрүшү эки тараптын айтуусунда, эки башка пикир жаратууда. Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө анын кызматкерлери Ташиевдин үйүнүн жанында кокустан болуп калышкандыгын жана алар баңги затын айлантуу боюнча башка операция менен ал жакта жүрүшкөнүн айтып, тескерисинче, Ташиевдин сакчылары анын кызматкерлерин короосуна киргизип алып, кармаш болгондугун айткан. Жада калса, УКМКнын кызматкерлери Ташиевдин үйүнө "билбестиктен, кокустуктан" барганы, дарбазасын какканы, кыркка жакын жан сакчылары чыга калып аларга жабылганы, кызматкерлер асманга ок атууга аргасыз болгону жана Ташиев бир колуна тапанча алып чыкканы айтылган.
Мындагы бир таң калыштуу жагдай, кокустук -кокустуктан болбошун философияда баса айтышат. Өздөрү күч органдары болсо, анан кантип ал үй Ташиевдики экенин билишпесин. Эгер чын эле билбеген болсо, Дүйшөбаевдин "нарко операциясы" туура ошол көчөгө багытталганын…
Ал эми Ташиев: "Топтошкон балдар келип, менин үйүмө кол салышты. Короого чейин кирип, ок атышты. Милиция келип, окуя болгон жерди бүт иликтеп чыкты. Менин оюмча, Дүйшөбаевдин мындай айтканы - бул кантип актанарын билбей калган адамдын акыркы агониясы. Эгерде, бул адам өзү арызын жазып кетсе, аны генерал жана офицер катары сыйлап калмакмын",- деген билдирүү жасады.
Мында, "ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар". Али ийне-жибине чейин тактала элек окуяны ары-бери чайкабай туралы. Ошентсе да, карапайым эл үчүн тынчтык менен чындыктан өткөн дары жок. Абал мындан да оорлошуп кетпесе эле болду, деген карапайым үшкүрүк.




Өлбө өгүзүм, өлбө, өлөң чыгат жерге
Сүт азыктарына болгон баа бир жуманын ичинде 20%га көтөрүлдү. Бул туурасында конкуренцияга жөндөмдүү агробизнес борбору билдирди. 21-октябрда орто баасы: сүттүкү - 1 литри- 27,5 сом (5 сом кошулган), каймактын 1 килограммы- 165 сом (15 сом кошулган) жана быштак - 85 сом (5 сом кошулган). Конкуренцияга жөндөмдүү агро бизнес борбору баалардын көтөрүлүш себебин суук түшүп келе жаткандыгы менен байланыштырууда. Ошондой эле, ундун орто баасы баардык сорттордун килограммына 0,5 сомдон- 4 сомго чейин өскөн. Ал эми жумуртканын баасына 1 сомдон- 3 сомго чейин, помидорго 7,5 сом кошулган.

Чырагыңды даярда!
"Түндүк электр" ААК Батыш ЭТРи келе турган кышка даярдоо иштеринин алкагында № 577, №403 трансформатордук көмөк чордондун оңдоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Ага байланыштуу 26-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Сухомлинов, Приморский, Алыкулов көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Кемеден качкан келемиштер
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев менен президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыковго карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Эскерте кетсек, улуттук коопсуздук кызматы Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге карата 12-13-май күндөрү өлкөдө баш аламандык уюштурууну, бийликти басып алууну пландашкан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон болчу.
Анын айтымында, эми бул ишти Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту карамакчы. Бирок, азырынча соттук кароо күнү белгилене элек.

Чек ара маселеси чечилбес болду
Маалыматтарга караганда, 19-октябрь күнү Сузактагы кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кара-Кыр жайлоосунда кой кайтарып жүргөн Кыргызстандык чабандын бутуна атып жарадар кылышкан. Андан кийин алар 472 баш койду өздөрүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Эртеси күнү буга окшош окуя Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чек арасында кайталанып, Өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандык эки жаш баланы сабап салышкан, балдардын бири 13 жашта. Бул жолу дагы өзбек чек арачылары отуздан ашуун койду ГАЗ-66 авто унаасына жүктөп, өз өлкөсүнө киргизип кеткендиги айтылган.
Кыргызстандын чек ара кызматынан бул окуялар боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, ушул тапта эки өлкөнүн чек ара командачылыгынын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен иликтөө жүрүп, кыкең тарапка маселе оңунан чечилгени айтылууда. Ошондой эле болсун!

Жазуусу жок-кыргыз эмес, жазуусу бар-кыргыз!
Жаңы келе турган парламент маданиятты өнүктүрүүгө багытталган эки мыйзам долбоорун кабыл алса, деп ак эткенден так эткен министр Садык Шер-Нияз эки маселени кабыргасынан коюп жаткан учуру.
Биринчиси, "Манас" эпосу боюнча мыйзам. Бул мыйзамдын долбоору даярдалып, мурунку парламенттин окуусунан өтүп, президенттин колу коюлбай калган. Экинчиси, элдин рухун, духун көтөрүүгө багытталган байыркы кыргыз жазуусу жөнүндөгү мыйзам.
Бул - албетте, абдан чоң талаш-тартышты пайда кыла турган мыйзам экенин Садык Шер-Нияз жашырган жок. Ооба, көпчүлүк каршы чыгышы мүмкүн. Бирок, каршы чыккандарга алдын ала: "Бул коркоктуктун позициясы. Энесай боюнда жашаган кыргыздар жазган Орхон-Енисей жазууларын- рун жазуулары, Енисей жазуулары деп эмдигиче атын ыйгарбай келебиз. Атын ыйгаралы. Жок дегенде өзүбүздүн мамлекетте жазуулар байыркы кыргыз жазуулары деп аталышы керек", - дейт министр.

Жарылма жарылбай калды
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын авто унаасына белгисиз адамдар тарабынан жардыргыч заты орнотулган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Бул окуя Бишкектеги Интергельпо жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Милиция кызматкери К.А. 24-октябрда күндүз өзүнүн "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү авто унаасынын арткы оң дөңгөлөгүндө Ф-1 гранатасынын металл зым менен бекитилип коюлганын көргөн.
КР УКМК кызматкерлери тарабынан байланган граната чечилип, учурда прокуратура органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.




  Баткак оюн

Жыргалбек
Касаболотов

Булбулдун тили так катты.
Бузуктар ишин башташты.
Ойрондор чыгып кыргыздан
Ойноду, чачып баткакты.

Башкага жукса сүйүндү,
Башына тийсе күйүндү.
"Жардам бер, утмак болдум" деп
Жат элге барып жүгүндү.

Чыккынчы болуп, сырдашты.
Чылада жатып, чырдашты.
Ыгы жок жерден сөз кылып
Ыйыктын баарын булгашты.

Чачылган жерин терген жок,
Чачканы жардам берген жок.
"Ордомду бузуп жатам" деп
Оюна такыр келген жок.

Өлкөбүз байкуш ээси жок,
Өзгөртө турган дөөсү жок.
Табактап чачкан ылайдан
Тазармак беле, мээси жок!..

Таймаша турган талаш жок,
Такташа турган кагаз жок.
Баарысын бирдей өз санап
Башкарып кетчү Манас жок.

Жарыгы жанган жылдыз жок,
Жарымы кеткен, кыргыз жок.
Карааны тоодой көрүнгөн
Кайраның эсил Чынгыз жок.

Камалып тыштан чеп калды,
Калың журт санаа жеп калды.
"Ишенип жүрсөк, буларың
Ит экен баары" деп калды.

Максатсыз элди камашып,
Мал кылып бирден санашып,
Көрүнгөн жакка сүйрөштү
Көкбөрү кылып талашып.

Башкача жолго барсакпы?
Баарысын жыйнап алсакпы?
"Арбашып жата берсин" деп
Ак Үйгө камап салсакпы?

Баарылап тышка куусакпы?
Башкабыз белди буусакпы?
Өзүбүз эле колго алып
Өлкөнүн ичин жуусакпы?

Оюмду жаздым, мен, кыргыз,
Ойлонуп көрчү, сен, кыргыз.
Эртеңки күндөн кечикпей
Эсиңе бүгүн кел, кыргыз.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??