п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ырлары хит
болбогон
ырчылар
Кыргыз шоу-дүйнөсүндө аты чыккан, жүзү таанымал, бирок ыры эске келбеген ырчылар көп. Болбосо, жаңы хиттерди жаштарбы, улуу муунбу, айтор, сөздөрүн жазып, жаттап алышат эмеспи. Бирок, ыры хит болбогон менен сонун ырлары элге сиңбей калып, сахнада чырайлуу куурчак сымал болсо, шоу-бизнесте аты унутулбай, элдин кызыгуусун арттырган ырчыларды атайын бир тизмеге алып көрдүк. Эмесе….

Анжелика
Эки кыздын энеси, бактылуу бир адамдын жубайы, бир коломтонун ээси Анжеликанын да ырлары популярдуулукка жеткен эмес. . . Ошентсе да, анын ай-чырайы, үй-бүлөсүн биринчиге коё билген Орто Азиянын аялдарына тийиштүү бардык сапатка ээ аялзаты катары күйөрмандарын жоготпой келет. Тескерисинче, сырткы сулуулугуна төп келген жан дүйнөсү, интеллектиси улуу-кичүү дебей баарын суктандырып турат. Баары алдыда дечи, мүмкүн, түшүнүктүү жары хит болор ырдан жаздырып берер.


Жанета Бобкова
Бийик үнү менен, аткаруучулук чеберчилиги менен Испаниялыктарды таң калтырган Жанета Бобкованын да эл жата калып уккан, кууп жаттаган ырлары жокко эсе. Ошентсе да, "Ата кадыры менен кыз өтөт" дегендей, кайнатанын сүрөөсү менен чыккан Жанета бара-бара өз күйөрмандарын таап, өзүн шоу-бизнестин талаптарына шайкеш алып жүрө алгандыгы менен элдин эсинен чыкпай келет. Балким, жалкоолугун таштаса, көбүрөөк изденсе "жарк" этип, үнүнүн багын ачар.


Алексей Пак
Чыныгы патриот болуш үчүн улуттук түшүнүк аздык кылат. Буга бир далил катары Алексей Пакты алсак болот. Кээ бир кыргыздардын эне тилинде ырдабаганы да болот, ага караганда бул жигиттин кыргыз ырын созолонткону кыргыз элинин сыймыгы эмеспи. Рысбай агабыздын " Жолугарым билгенмин" деген ырынын аткаруучулук чеберчилигин кайсы бир гезит сындап чыккангабы,аны ободон көп коё бербей калышкан.Ошентсе да, "Тилегим" деген татынакай ыры хит болбой калганы өкүнүчтүү.


эрмек маматов
Бул ырчы жигиттин шоу-дүйнөсүнө көрүнбөс жип тарткандай элдин эсинен чыкпай, кызыгуу туудурары баарыбызга эле маалым. Бирок, кайсы ырды ырдаарын мен дагы билбейт экенмин. Мен сураган адамдар да эстей албай коюшту. Балким, репертуарындагы ырларды башка түс менен боёйбу, же жаңы ыр табабы, айтор, аракет кылбаса, ырчы жигит деш кыйын го, ырын билбесең…


Арсен
"Максатына таянган" Арсендин дагы максатына таянганы популярдуу болгону менен ыры ырдын темасындай популярдуулукка жетише алган жок. Максатына таянбастан, өз күчүнө таянганда, бир майнап чыкмак беле, ким билет? Эмкиде аракетине таянышын тилеген күйөрмандары бар экенин эсине салып коёлу деген эле сөз…


Зарина Хасанова
Аты жамы журтка белгилүү болгону менен эл ичинде "кайсы ырды ырдайт экен" деп кызыккандар көп. Себеби, Заринанын бир да ырын билбеген адамдар, ал эмне менен алек болуп жүргөнүнөн кабардар эмес да. Зарина уюштуруучулук жактан Ассолдой деңгээлге жетсем деген кыздардан. Эмне дейбиз, айтор, кыргызды жогорку деңгээлде зор дарамет менен көргөзө алгандарды кош колдоп кубаттайбыз. Ошентсе да, ырчынын "жок дегенде бир ыры хит болсо, элге бат алынат эле" деп калабыз.


Айжан Газиева
Өзүнүн оригиналдуу стили менен, чечкиндүүлүгү менен, ачык - айрым мүнөзү менен өз күйөрмандарын кубандырып турган Айжан Газиева ырлары популярдуу эмес ырчылардын бири. Ал шоу-бизнести ыры менен эмес, үнү менен багындырат. Эркинин күчтүүлүгүн жана комплекстен өзүн бийик кармаарын далилдеп, тез-тез ар кандай сюрприздерди тартуулап турат. Мына ушул касиеттер аны убакыттын жебесинде өз популярдуулугун жоготтурбай, кайра көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет.


Чолпонай
Кыргыз шоусунда оригиналдуу стилде ырдап чыккан Чолпонайдын өңү ырларынан да кудуреттүү. Анысын мындан билиңиз, Чолпонайдын каерде, эмне кылып жүргөнүн күйөрмандары өздөрү эле айтып беришет. "Атың чыкпаса жер өрттө"?- демекчи, ырынан мурда аты популярдуу болгону - шоудогу таразанын ташын оордоткону.


Бакыт Оторбаев деген ырчы бар экенин билесиздерби? Ооба, анын эч кимге окшобогон үнү жана ырлары бар, бирок, анын ырын да, өзүн да эл тааный элек!


Жылдызай Аттокурова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??