п»ї

  Адабият айдыңында

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны:
"Дүйнө ырдап-бийлеп калганда"
"Тайкы жашоосун тирүүлүк деп эсептейт"
Адегенде, сөз болгон деп айтылат мукадаста, бирок, илимде эң биринчи үн болгон деген аныктама бар. Анткени, адамзат киши түрүнө өтө баштагандан тартып, сөздөн мурда жаңсоо, үн аркылуу кайрылган.
Апоефе оозуна жеткенде үн эчен түрдүү кубулжуп, адамды рахатка бөлөп, бакытка терметет. Ал биздин руханий кенчке айланат. Азыркы сезимталдуу интеллект адам башатында турган-музыка дүйнөсүнө киргенде, жагымдуу ырларды, күүлөрдү, арияларды, дуэттерди, реквием, сюита, прелюдия, ноктюрн, хорлорду, акапеланы, кантата, оратория, симфонияларды укканда, таттуу кыялга, канаттуу фантазияга батып, көк бетинде сызгандай, балык болуп көк деңизге сүзгөндөй, аңкыган гүл жытын искегендей, сүттүү уйкуда жаткандай мемиреп, көңүлү эргип, жан дүйнөсү сергийт эмеспи. Ал эми сезими өнүкпөгөн, байлык, мансап, дүйнө-мүлктүн артынан түшкөн, же жөн эле жер үстүндө жашап жүргөн пенде анын кереметин, асыл касиетин сезбейт. Музыка десе, азыркы акылы өксүк, арсыз мутанттарга чаңырган поп-музыка, рок-музыка, бок-музыка да, опера, балет, симфония да баары бир. Аларда музыканы талдоо сезими өлгөн. Алар чаңырык кассетаны бурап коюп коюп, өзүнө-өзү корстон болуп, соода кылганын, машина айдаганын, тамак жегенин, шарап ичкенин, жар койнунда жатканын артык көрүп, ошол тайкы жашоосун тирүүлүк деп эсептейт. Кеп, мына ушунда!
"Жүрөктөр ошол бойдон толкуп калган"
"Кармен" операсынын увертюрасын, "Аида" операсынан Триумф маршын, "Чио Чио Сан" операсынан Беттерфляйдын ариясын, "Травиата" операсынан "Үлпөт ырды", "Князь Игорь" операсынан Кыпчактар бийин, Кончактын ариясын, "Фауст" операсынан Мефистофелдин ариясын "Севилдик чачтарач" операсынан Розалиянын ариясын, "Риголетто" операсынан Герцогдун ариясын, "Евгений Онегин" операсынан Ленскийдин ариясын,же болбосо Щуберттин"Аве Мариясын" , Шопендин "Революциялык этюдун", Равелдин "Болеросун", Алябьевдин "Булбулун" укканда, музыка жандуу адам бейиш дүйнөсүндө жүрөт, анткени,булар орустар "жемчужина" дечү кубулжуган жан дүйнө азыгы. Ал эми азыркы мутанттар буларга кайдыгер.
Эгерде жагымдуу жеңил музыкадан, же эстрада дүйнөсүнөн кеп ура турган болсок, бул жанрдын устаттары: Бейбутов, Бернес, Утесов, Шульженко, Виноградов, Бунчиков, Нечаев, Трощин, Тамара Чебан, Софья Ротару, Анна Герман, Валентина Толкунова аткарган же элдик ырлардын чебери Лидия Русланова аткарган, ырлар угармандарга кандай лаззат тартуулаганын айтып отуруунун кажаты жоктур. Бөтөнчө мукам музыканы жаратуучулар: Дунаевский, Соловьев Седой, Хренников, Богословский, Мокроусов, Фрадкин, Пахмутовалар бул дүйнөгө бир келип кеткен, эл жүрөгүн козгоп, туйлатып, толкутуп, терметип кеткен алтын бешик. Жаш жүрөктөр ошол бойдон толкуп калганын тана албас.
"Сыйлыктар
неге берилбейт"
Ал эми казактар менен өзбектер Куляш Байсейитова, Роза Багланова, Бүбүгүл Төлөгөнова, Тамара Ханум, Халима Насырова, Эрмек Серкебаев, Алибек Днишевдер менен сыймыктанып келет. Бизде: Сайра Кийизбаева, Мариям Махмутова, Анвар Куттубаев, Салима Бекмуратова сыяктуу кыргыз эли сыймыктанчу солисттер өткөн. Бас-баритондор: Б. Миңжылкиев, Х.Мухтаров, А. Мырзабаев, К. Чодронов, драмалык-лирикалык тенорлор А. Малдыбаев, Т.Сейталиев, К.Турапов, кл.сопранолор К. Сартпаева, Д.Жалгасынова, Э. Нурманбетовалар дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлгөн. Бир таң каларлык көрүнүш бар: Казакстанда Сталин менен Шаяхметов камкордук көргөн Роза Багланова, Брежнев менен Кунаев камкордукка алган Бүбүгүл Төлөгөнова, Кыргызстанда Жумакматов менен Молдобасанов коштогон Кайыргүл Сартпаева менен Дарийка Жалгасынова-экиден гана өкүл советтик доордон аманат болуп калган.
Башка ырчылардын баркын бир мүнөткө да төмөндөтпөй айтканда да, алиги Токтогул атындагы сыйлык Кайыргүл Сартпаева менен Дарийка Жалгасыновага ыйгарылбай калганы тап-такыр түшүнүксүз. Чындыгында, ал түшүнүктүү эле, айрым бир зулум адамдардын кесепетинен, алар өчөгүштүк менен четке кагылган. Чыгармаларын өксүк аткарып жүргөн айрым ырчыларга ыйгарылган сыйлык ал ырлардын авторлору: Р. Абдыкадыровго, К. Тагаевге, Т. Казаковго, А. Атабаевге, А. Керимбаевге (жок дегенде ушулардын бирине) ыйгарылбаганы андан бетер таң каларлык. Деген менен "Отуз жаш", "Элмира", "Чагылган", "Алмашым", "Көзүңдөн аккан жамгырбы" сыяктуу мукам ырлар он жылда бир жаралат. Ал ырлардын баарын окшоштуруп чыгарылган же вариацияланган ыр сөрөйлөр кетирет.
"Ай, Күн, Жылдыз болбой эле табитти талкалоочу астероид"
Азыркы эстрадалык ырчылардын, обончулардын, аткаруучулардын жакпай жатканынын себеби, аларда азем кайрык, мукам аваз, обондуулук өксүк. Абай айткандай, "кулактан кирип бойду алган" касиет жок. Кулактан кирсе кыжылдатып мээни жейт, же кулактын сыртында калат. Оозуна микрофон такап, далбастаган бака-чаңырыктарды, заңкылдак-дыңылдактарды, чачын химияга чылап, бетине калың боёк жапкан "кричащий" кийинген бийкеч-ырчыларды, көздү карыктырган свето-музыка, зым-аспаптар коштойт. Көңүлдү эргиткен, жан дүйнөнү сергиткен эстраданы укпай эле ооруп отурасың, же кеткиче шашасың. Сыйлануу эмес, кыйналуу. Радиону жаап, телевизорду өчүрүп кутуласың. Ансыз да технократия менен нефтехимия заманында машиналардын күрү-күүсүнөн жадаган кулак андан көрө күчүктүн борсулдап үргөнүн, уйдун мөөрөгөнүн, койдун маараганын, улардын ышкырганын, баканын чардаганын, чабалекейдин көмөкөйдү бурап толгогонун уккусу келет.
Эстрадалык ырчылардын репертуарында баягы эле көөнөргөн эски ырлардын жаман кайталанмасы . Аспаптарын койгулап, колдорун арбаңдатып, буттарын тарбаңдатып бийлемиш болуп, баягыны эле кайра-кайра бакыртышат. Атайдын, Мусанын, Эгинчиевдин, Шералиевдин ырларын ар кандай аспаптарга салып, ар кандай үндө бир, эки, үч жолу кайталаса болор. Ал эми такай эле"Эсимдени", же "Түшүмдөнү " болор-болбос үндөрү менен кайталай берсе, уккан адамды тажатып, ал ырлардын тарпы чыгып, тамтыгы кетпейби. Калыстап көргүлөчү, булар гана эмес, Ч. Айтматовдун кинолорун катар-катар кайталап көрсөтө берсе "мен муну беш жолу көргөм" деп, көрөрман программаны башка каналга которот. Маал-маалы менен сагынтып көрсөтүү керек го?!
Жакшы товар да оңот, өңү өчөт. Андыктан, аны сактай билип, сагынтып, жаңыртып пайдаланган абзел. Азыркы эстрадалык ырчылардын репертуарын угуп отуруп, айрыкча улгайып бараткандарын көрүп отуруп "ушулар ушинтип ырдабай эле койсо" деп, аяп кетесиң. Алар аяганды билмек беле? Жыргатып аткансып, сахнага кайрадан чыгат. Андан да, табитсиз тайкы угармандарга кол чаптырып, жок нерседен үмүт эттирип, алтындай убакытты алат. Баардыгы майда, мажирөө, барып калсаң өзүңдө болгон идирегиңди жоготосуң. Казактын Калдаяков, Тилендиев сыяктуу обончуларындай кыргыз обончулары жагымдуу азем обондорду чыгарып, эстрада жылдыздары "кулактан кирип бойду алган" ырларды аткарып, чыныгы абройго ээ болсо деген гана тилек. Булардын айрымдарына "Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер" деген наамдар берилген (албетте, экинчи тийген күйөөлөрү, тамыр-тааныштары, сатып алуу аркылуу). Булар Ай, Күн, Жылдыз болбой эле табитти талкалоочу астероид болуп баратканын жана дүйнө ырдап-бийлеп калганда, жер шары кыйшайып каларын эске тутса жакшы болоор эле.
"Дикторлорду уккан эл түшүнбөй калып жатышат"
Жакындан бери теледен "Кош жылдыз" деген программа көрсөтүлө баштады. Редактордон тартып генералга чейин үй-бүлө чөйрөсүндө, отуруштарда, шеринелерде ырдалчу тарпы чыккан ырларды жагымсыз үндөрү менен ырдап, өздөрүнө өздөрү ыраазы болуп, дикторлорго, операторлорго, режиссёрлорго, досторуна кол чаптырып, массага көрсөтүүнүн кажети барбы? Азыр милийса да, шоопур да, доктур да, шахтёр да, актёр да, монтёр да, фермер да, мерген да, зергер да ырдап-бийлеп калган заман. Ырдаса ырдай беришсин, бийлесе бийлей беришсин, бирок, өз үйүндө, өз чөйрөсүндө. Тембр, үн, акцент, колорит, интонация, интуиция, эрудиция, дикция деген атрибуттардан караманча эчтемеси жок туруп, атайын эл аралык конкурстарда сыналган профессионалдардын алдында сахнага, же экранга чыгарбай эле койсо?! Буларды көргөндө элдин музыкага болгон жакшы сезими өчөт экен. Эл ушундайларды угуп алып, чыныгы музыканы, музыканын сыныгынан айрымалабай калат. Айрыкча тойлордо, үлпөттөрдө, банкеттерде, акчага көнгөн эстрадалык ырчыларга жүз доллар кармата салып, кудагый-кудалар баш кошкон, ичкилик, үшкүрүк, чүчкүрүк аралашкан, ушак-айың, такмаза айтып шыбырашкан топто байкуш ырдын баркын кетирип жатышат.
(Уландысы кийинки санда)





  Гүл чамбар

Кайталангыс жан эле
Кыргыз эл акыны, драматург, Кыргыз Республикасынын Гимнинин авторлорунун бири, залкар талант, Жалил Садыковдун сөөгү ушул жылдын 23-октябрында Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Улуу талант Жалил Садыков мындан 78 жыл мурда Кемин районундагы, Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн.Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган. Элибизге белгилүү "Сүрөтүңө" аттуу ырдын сөзү да ага таандык. Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетей" (1982), "Сейтек"(1987), "Айкөл Манас" (1990), Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында: "Эр төштүк", "Ак Мөөр", "Жукеев-Пудовкин", "Терең кечүү", "Шаршен", "Боз торгой", "Адам жана азезил", "Шабдан баатыр" жана башка драмалары коюлган.
Чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын "Рубаилерин", Р.Газматов, К.Кулуев, А. Пушкин, М. Лермонтов, Т. Шевченконун, балкар акыны М. Куаевдин чыгармаларын кыргызча которгон.
Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулган.
"Манастын уулу Семетей" эпикалык драмасы үчүн Ж. Садыковго Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Жалил Садыковдун туугандарына, жакындарына, "Обон" гезитинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Акын агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??