ойкуйт да, кайкыйт ак чардак

Нурак Абдрахманов бир ок менен эки коёнду атты
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал улуу комузчу, кыргыз элине эмгеги сиңген артист, ЮНЕСКОнун гран-присинин ээси, Нурак Абдрахманов 24-октябрда 60 жаш торколуу тоюн белгилеп өттү. Той Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын залында болуп, күнөөкөрдү куттукташып, шакирттери ырдап беришти. 60 жаш мааракеге кошуп, Нурак ага ырлар жыйнагынын бет ачарын мааракеси менен биргеликте ачты.


Ынактын продюсери ким?
Жакында Казакстан шаарынын мигранттарынын сунушу менен, коңшу өлкөдөгү мекендештердин маанайын көтөрүү максатында Ынак Осмоналиев "Мумиё дарың жок беле?" деген аталышта концерт коюп кайтышкан. Концерт "Асман-Пресс" газетасынын редакторунун орун басары Дайырбек Орунбековдун демилгеси менен уюштурулуп, көркүн Жакут Сыдыков, Айнура Салахидинова жана жаш ырчы Жайнагүл Айтиевалар ачышыптыр. Ошондон тарта эл-арасында Ынактын продюсери- Дайырбек Орунбеков экен деген кептер тарап, бул боюнча Дайырбек мырзадан сураганыбызда: "Ынак байке менен ага-ини катары мамиледемин, продюсери эмесмин",- деп жооп узатты. Ыр жандуу элибиз да, чет элдеги мекендештерибиз суусаган ыр майрамын кеңири тартуулай албай "Убакыттын тардыгына байланыштуу, элдердин суранычына карабай эки күн гана концерт берүүгө туура келди", - деп кошумчалай кетти Орунбеков.


Акбар бойдокчулук менен коштошту
"Махабатым", "Ал менин махабатым", -деп сыздап ырдаган ырчы жигит Акбар Сүйүнбаев, чын эле махабатын жолуктурган окшойт. Себеби, күркүрөгөн күз мезгилинин 21-октябрында бойдокчулук жашоого чекит коюп, ата-энесин келиндүү кылып, сүйүнтүп отурган чагы. Акбардын жүрөгүн ээлеген Нарындын сулуусу, "Миң-Кыял FM" радиосунун кубулжуган үнү менен көркүн ачкан ди-джей кыз- Кундуз. Эки жубайдын үлпөт тою Акбардын туулуп-өскөн жери Кочкор шаарында өтүп, куттуктап келген элдердин саны 300дөн ашты. "Он күндөй ата-энеме кызмат кылып, анан шаарга жөнөйбүз го", - деп кошумчалай кетти ырчы жигит.


Эрлан коңшулары менен чатакташып…
Жаш ырчылардын катарын толуктап келе жаткан ырчы жигит, Эрлан Андашев жаңы үйүнө көчүп барып, колунан баянын түшүрбөй, мындай нерсени күтпөгөн кошуналары нааразычылыгын билдиришип, мамилелери бузулууда. Акыркы жолу, Эрландын баянынын үнү коңшуларына, жородо отургандай эле сезилип, "домкомду" чакырып келишкен. Адатта, ал жерде Эрландан башка эч ким жок экенин билишип, каткырып күлүшүп, Эрлан менен эски ырларды созушуптур. Ошентип, Эрлан музыка үчүн коңшулары менен урушуп дагы, достошуп да алды.




  Бир ырдын тарыхы

Арзыбек Бедияров, эл артисти:
"Арзыгүлдү күтүп жүрөм"

2003-жылы Мамлекеттик делегация болуп, Султан деген бир бала "Кытайда сиздин гана ырыңызды ырдаган ырчы кыз бар, анын аты Арзыгүл. Мен силерди тааныштырам" деп калды. Ошондон көп өтпөй, бир күнү отурсам мага Үрүмчү шаарынан Жумаалы деген жигит аркылуу сизге белек келди деп айтып калышты. Барып алсам, магнитофон, өзүнүн сүрөтүн жана кат жазып берип жибериптир. Анан 8-март күнү куттуктап, жообун айтып, жакыныраак таанышайын деп Үрүмчү шаарына Арзыгүлгө чалган эле. Ошондон бери 7 жыл өтүп, телефон аркылуу гана байланышып турбасак, ырчы кыз менен бетме-бет жолуга элекмин.
Арзыгүлгө арналган "Түшүмө кирдиң түндө сен"- деген ырымдын тарыхын элдин баары эле билсе керек. Ошол чыгармадан кийин 2005-жылы август айында биз Кытай мамлекетинин чакыруусу боюнча Ак-суу, Кызыл-Суу, Кашкар областтарына гастролго чыккан элек. менин ырларымды ырдаган, түшүмө кирген Кытайдын Үрүмчүсүндө уйгурлардын ансамблинде иштеген, кыргыз ырчысы Арзыгүл Турган кызы. Ал жакка барардан мурун, Арзыгүлгө жолугам деген чоң ниетим бар эле. Биз барган жерден Арзыгүл 1300 км аралыкта алыс болуп, мени менен жолугууга элдин айтуусу боюнча чолосу тийбей калса, биз дагы бөтөн мамлекеттин ичинде жүргөнүбүзгө байланыштуу жолуга албадым. Ал кызды күтүп, Кызыл-Суунун борбору Артыш шаарында бир айча жүрдүм. Ал жактагы кытайлык кыргыздарга ырларымды ырдаганда, алар, мен кимге арнап чыгарганымды дароо түшүнүп, колдоп жатышты. Анткени, Арзыгүл Артыш шаарында иштеп, анан уйгурлардын ансамблине кеткен экен. Жолугам деген чоң үмүт менен барып, Арзыгүлгө жолукпай калсам, Нуртокто Дуванаалы деген Филормонияда иштеген бир ырчы жигит "Мен сизге ыр жазып берейин, бул ырды укканда, ал кыз сизге өзү келет",- деди. Эртеси эле ал,"Өмүрлөш болсоң"- деген ыр жазып, мен дароо обон чыгардым. Бирок, Арзыгүл такыр келбей койду. Убакыт учкан куштай да, көздү ачып-жумганча биздин бөтөн мамлекетте жүргөнүбүзгө бир айдын жүзү болуп калыптыр.

"Кыргызстанга артыңыздан ээрчип барат деди…"
Өз мекенибизге кайта турган убакыт келгенде, тиги бала "Арзыбек ага, мен сизге дагы бир ыр жазып берейин, мүмкүн эми келер. Кытайдын бул ырды биз ырдайлы, Кыргызстанга барып, сиз ырдаңыз. Мында Арзыгүл келмек турсун, сөзсүз , сиздин артыңыздан Кыргызстанга барат" деп жубатты. "Таарындым сага бул ирет" деген ырдын сөзүн бир күн өткөндөн кийин алып келди.
Эртеси мен дароо ал ырга обон чыгардым. Ошондо, ырдын жарыкка чыкканына 5 жылдын жүзү болуп, кыргыздын таланттуу ырчысы Шахра Талипова ырдамак түгүл, клип тарттырды . Өзүмдүн тобумда Гүлмира Эргешова экөөбүз дует ырдап жатабыз.

"Революция биздин жолугушуубузга тоскоол болду"
"Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" дегендей, Арзыгүлдү күткөнүм күткөн. Экөөбүз жолугабыз десек эле бир балээ чыгып калат. Жазында мени ал жакка чакырганда, Үрүмчү шаарында төңкөрүш чыгып кетти. Эми ал жак тынчып, экинчи ирет жолугушууга кезек келгенде, бизде революция башталды. Арзыгүлгө болгон сезимимдин аркасы менен ага арнаган көптөгөн ырларым, обондорум жарыкка чыкты. "Таарындым сага бул ирет" деген чыгармамдан кийин "Жетем сага" деген ыр чыгарсам да, дагы деле жете албай жүрөм. Бирок, эл оозуна алынган ырларымдын бири "Таарындым сага бул ирет" деген чыгармам болуп эсептелет.

Айзада Кыдыралиева