Колунда койкоңдогон калем сабы

Кабарчылардын
каражаттары кантип пайда болгон?
"Журналистика - төртүнчү бийлик" деп бекеринен айтылбаса керек. Журналисттер берген маалыматтардан улам, эл дүйнөдөгү акыркы жаңылыктар менен камсыз болуп турары айтпаса да айкын. "Маалымат жана басма күнүн" утурлап, басмага тиешелүү буюмдардын жаралуу тарыхына кайрылууну туура көрдүк. Анткени, дал ошол буюмдар менен маалыматтар таркалып, журналистиканын башаты башталган.

Папирустан санарип жазууга чейинки диктофондун тарыхы
Диктофон кайсы убакта чыгарылганы тууралуу талаш-тартыштарды туудуруп келет. Эгерде, диктофонду адамдын сүйлөгөн сөзүн жаздырып алуучу аппарат катары карай турган болсок, анда эң биринчи диктофондор мындан 5 миң жыл мурда, жазуу пайда болгондон баштап эле пайда болгон десек болот. Чындыгында, ошол учурдун элдери падышага болгон сөзүн жаздырып, падышанын сарайына барып угузуп турушкан. Диктофонду үн жаздыруучу аппарат катары карай турган болсок, анда диктофон 1877-жылдын 21-ноябрында жаралган. Ушул күнү Тоас Алва Эдисон элге үн жаздырып, жазылган үндү кайра угузган аппаратын көрсөткөн. Андан кийин үн аппараты өзгөрүп отуруп, азыркы санарип диктофонуна чейин жетти.

Мына сага! 25 килограммдык диктофон
XX кылымдын башталышында америкалык Dictaphone фирмасы, алгачкы жаңы диктофондорду чыгара баштайт. Аталган фирманын атына заты жарашып, үн жаздыруу деген маанини берет. Алгач диктофондун салмагы 25-30 килограммды түзүп, үндү чоң аудиокассетага жаздырган. Диктофондор 10-15 метрлик микрофону менен болуп, сүйлөй турган адам микрофонго сүйлөгөн. 1969-жылдан тарта Япониянын "Олимпус" фирмасы көлөмү кичинекей, жеңил салмактагы диктофондорду чыгара баштаган. электрондук варианттагы даяр жазуулар
90-жылдардан баштап азыркы санарип диктофондор чыкты. Мындай диктофондорго кассетанын да микрофондун да кереги жок. Үндү да тунук жаздырат. Буюрса, жакында санариптик диктофон жазылган үндү компьютерге терип отурбай эле, элекрондук даяр вариантын киргизген программа иштелип жатат. Эми гезит журналисттерине бир топ жеңилдиктер болсо керек деген үмүттөбүз. Бирок биздин өлкөгө ал программа качан келери азырынча белгисиз.

Сүрөтчүлөрдү тердеткен алгачкы фотоаппараттар
Эң биринчи фотоаппарат "камера-обскура" деп аталган. Ал фотоаппарат менен бөлмөнүн ичине кирип алып, сырттагы көрүнүштү тарткан. Камера-обскура, Леонардо да Винчинин убагында эле колдонулуп баштаган. Ал учурдагы сүрөтчүлөр чекесинен тер чыккыча сүрөткө тартышкан. Анткени, фотоаппараттын сүрөттү кабыл алуусу өтө жай болгондуктан, көп убакыт талап кылчу. Анан байдын аялдары сүрөтчүлөрдү атайын үйүнө ээрчитип барып, жакшы кийимдерин кийип, бир күнүн жалаң гана сүрөткө түшүүгө арнашчу. Убакыттын өтүшү менен көлөмү чоң камера-обскура кичинекей ящикке айланат. Яшиктин ичине күзгү салып коюп, күзгүгө чагылган сүрөттү кагазга түшүрүшкөн. 1916-жылдын 27-октябрында орус ойлоп табуучусу Е.Е. Горин "Электрофотографиялык аппарат" чыгарууга арыз жазат. Ошентип, биз азыркы күндө колдонуп жүргөн фотоаппараттар чыккан.

Кабарчылардын калем сабы качан чыккан?
Азыркы биз колдонгон калем сапты ойлоп тапкан ким болду экен? - деген суроого жооп таба албай жүргөндөр аз эмес болсо керек. Калем сапты биринчилерден болуп ойлоп тапкан адам жөнүндө да сөз кыла кетпесек болойт. Анткени, журналистикада, айрыкча гезит багытындагы журналисттердин эң биринчи куралы - анын калем сабы. ХХ жүз жылдыктын 40-жылдарында Ласло жана Георг Биро аттуу ага-ини азыркы биз жазып жүргөн сыя калем сапты ойлоп табышкан. 1943-жылы калем саптар атайын өнөр жайларда чыгарыла баштаган. Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде, аталган калем сап менен аскер кызматынын башында тургандар гана жазышкан. 1945-жылы Нью-Йорктун соода борборлорунда азыркы калем саптар сатыкка чыккан. алгачкы гезит тууралуу
Дүйнөдөгү эң биринчи гезит Француздардын "La Gazette" аттуу гезити. Аталган гезит, 1631-жылы басылып чыккан. Буга чейин байыркы Римде "Рим элинин иштери" деген ат менен Римде кандай жаңылык болгондугун жыгачтарга жазып, көрүнүктүү жерлерге илип коюп турушкан. Ал эми гезит деген сөздүн өзү италиялыктардын "gazette" (тыйын) деген сөзүнөн алынган. Людовик XIII нүн убагында, маалыматтарды газеттерге сатып алышкан. Андан кийин папирустарга жазылып, көлөмү азыркы гезиттин көлөмүнөн эки эсе чоң болгон. Петр I нин указы менен 1702-жылы "Ведомости" деген гезит басылып чыккан.

"Эркин - Тоо" - алгачкы кыргыз гезити
Быйыл кыргыз журналистикасына 86 жыл толуп отурат. 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкент шаарында кыргыз тилиндеги эң алгачкы "Эркин-Тоо" гезити жарыкка чыккан. Гезиттин биринчи редактору Э.Алиев, катчысы С.Карачев болгон. Биринчи санында А. Токомбаевдин "Октябрдын күлүмсүрөп келген кези" аттуу ыры жарык көргөн. Реджамаат: М.С.Малихов, К.Карасаев, М.Акматов, С. Түлөбергеновдор болгон. 1935-жылы гезит Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) чыга баштайт. 1927-жылы "Кызыл Кыргызстан", андан кийин "Советтик Кыргызстан", 1991-жылдан баштап "Кыргыз Туусу" деген ат менен чыгып келе жатат.