п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Окумал

Сезимай Алиева
Сен жана мен
(Башы өткөн санда)

Күйүткө баткан күз айы
Жыйырма биримде кара кийип жесир аталып, кең дүйнөдө кеңгиреп жалгыз калам деген ой Сүйгөндүн үч уктаса түшүнө кирбеген чыгар. Дуулатын угузушкан күндөн бери жүлүнүн зыркыратып, жүрөгүн сыздаткан күйүтүнө чыдабай бар күчүн көз жашынан чыгарып, боз үйдүн ичинде боздоп олтурду.
- Жетим өсүп эми жетилдим,- десем жесир кылып таштап кетет белең?! Сенсиз мага эми бул жарык жашоо - караңгы! Ала кет мени, таштаба Дуулат?! - деп безеленип ыйласа, жанындагылардын да каңырыгы түтөп, кошок кошуп кошо жоктошуп, уккан адамдын сай-сөөгүн сыздатып атышты.
Эсин жоготуп, кайра өзүнө келген сайын жанындагы кайненесине бой уруп:
- Энеке- е, энекебай, кайсы жазыгым үчүн Жараткан мени минтип жазалады?! Мен эми Дуулатым жок кантип жашайм?! Жашабайм! Ал бизди ушинтип таштап кетет беле?! Баткенге барбайм, Ошко эле жөнөтүштү деп мени алдап кетпедиби... - деп ансыз да азапка чөгүп олтурган кемпирдин айласын кетирди. Жанында олтурушкандар да улам кемпирден ажыратып атып чарчашты. Эки күндөн бери эч кимди укпай, оозуна суу да уурттабай койгонунан улам санааркаган кайненеси жанындагы өкүл апасына: "Бир алса сенин тилиңди алат. Ысыгыраак шорпо-шилең ичирсеңчи? Ичиндегисине убал. Жаш неме аны деле ойлогон жок го",- деп шыбырады.
- Сүйгөн, чырагым, эми ый менен Дуулатыңды кайра кайрый албайсың. Эсиңди жыйып, кайрат кылчы садага? Өлгөндүн артынан кошо эч ким өлгөн эмес. Ичиңдин өрттөнүп жатканын түшүнбөйт дейсиңби, түшүнүп эле турам, бирок... Маңдайга жазганы ушул тура.
Эзелтен эли-жерим деп жоодо өлгөн жигиттерди шейит кетти деп коюшчу. Сенин Дуулатың да шейит кетти. Элдин эсинде калат! Баатырың өлгөн жок! Кудай да куру койбой ичте тукуму калды. Өзүңдү ойлобосоң да, ошо балаңды ойло. Эстүү жан эмессиңби, сөзүмдү укчу? Оозуңа наар албай олтурганыңа апаң кейип атат. Ал кишинин күйүтү сеникинен кем эмес! Ансыз деле араң олтурган байкуш кемпирди ойлонтпой өзүңдү карманчы, балам, - деп эл сээлдеп, көз байланган кезде бооруна кысып, бетинен өөп сооротуп, - Азыр мен Гүлнарга айтып ысык сорпо алдырайын, ичкиниң. Өзүңдү кыйнасаң да ич. Кезээрип олтура берип баланы ичтен өлтүрүп аларыңды ойлодуңбу?! Болду, баланы ойло! Эмнеге жалгыз калмак элең, атаң экөөбүз барбыз. Кайын- журтуң турат каралашар. Тигине курбуларың келди. Сени эле кантип биз жалгыз таштап коёлу?! - деп көптү көрүп көзү, каныгып калган өкүл энеси кичине катуу айтымыш этсем кайратын жыяр деген ой менен бир топ сөз сүйлөп, алдап-соолап бир аз тамак ичирди.
Сөз менен жоготуунун ордун толтуруп бере албасын түшүнүшсө да, башына кара түн түшүп, кареги жаштан кургабай, ыйдан тамагы бүтүп олтурган келиндин көңүлүн жубатып, кайгысын тең бөлүшүп кайрат айткысы келгендер көп эле айтышты. Бирок... Жүрөгүндөгү жүктү эч кимиси алыс ыргыта албайт эле...
"Эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн..." деген үндү сырттан эшитер менен Эдил экенин таанып, эреркеп: "Коюндаш досуң бар да, сен жоксуң!" деп бармагын мыкчый тиштеп көзүнөн жаш сызылды.
"Көрүп көксөөсү суусун, өлүктүн үстүнө киргизип көрсөтөлү" дегендерине көпчүлүк көнгөн жок."Боюнан козголтуп алсак эмне болот? Болбойт, көрбөй эле койгону туура" дешти.
***
Кыркына чейин кара жамынып кайненесинин жанында олтурду.
- Мен шоркелдей сенин артыңда калып арманга батпай, алдыңа кетсем болбойт беле, оо-о бото-ом...Сени жоктоп боздоп калганча боз топуракка мен жатпайт белем! Чырпыгымды чынар болсо экен деп тилечү эмес белем! - деп муңканган эненин кан басымы тез-тез көтөрүлүп, үйдөгүлөрдү үрпөйттү. Айылдын доктуру улам келип кан басымын өлчөп, ийне сайып кетип атты."Деги аман тургай эле..." дешип көпчүлүктүн үрөйү учуп, айыл-ападагылар да бир маал келип ал-акыбалын сурап кетип атышты. Кайненесинин ден-соолугун ойлогон Сүйгөн да эртең менен үн чыгарганда гана ыйлаганы болбосо ыйын токтотту. Башкалар менен кошо үйрүлүп түшүп, энекелеп колу-бутун ушалап, айланчыктап жанынан карыш жылбай карап калды.
Өңүнө бир аз кызыл жүгүрүп, күндөгүдөн өзүн жакшы сезип, башынын ооруганы басаңдап калганын сезген эне ортончу келини жасап, кайнатып келген куурма чайды түгөтө ичкен соң оор үшкүрүнүп алып сөз баштады. Бала- бакырасы толук олтурушкан.
- А-ай, кургурум, сен да бир таалайы тайкы жан турбайсыңбы көрсө...Балам менен бактысы ачылып кетсе экен деп жакшы эле батамды берип, тиленип да жүрдүм эле. Тагдырыңа таарын, башка эмне дейин? Күлүп- ойноор кезиңерде бириң минтип күйүткө батып томсоруп, бириң кара жер кучактап жатып калдың. Сага да жеңилирээк, күнүмдүк турмушка алпурушуп, убакыт менен кошо ый- күйүтүң унутулаар. Куураганда эле балам куурабадыбы.Эч нерсе көрбөй кетти балам!..- бышактап алган кемпирди улуу уулу Эрмек тыйып:
- Апа, болбодубу эми?.. Кан басымыңыз кайра көтөрүлүп кетет,- дегенине карманып калгансыды, көз жашын жоолугунун учу менен аарчып алды.- Ух!.. Көкүрөгүм күйүп- жанып атса кантейин, балам. Мени Кудай албайт ко! Эртерээк алса жакшы болоор эле, силерди кыйнабай абышкам менен баламдын жанына барат элем...
- Апа- аа?..
- Апаңар силердин алдыңарга кетсин! Айтайын дегеним: эми менин жанымда олтурганда эмне, андан көрө окууңдан калбай шаарыңа кете бер, балам. Эми Дуулатың кайрылгыс болуп кетти. Белиңди бекем бууп, өз жаныңа өзүң тың болуп жашап кет. Менин алымды болсо көрүп турасың, менден сага пайда жок. Эптеп окууңду ыйлай-сыктай бүтүп алсаң, чоң олжоң ошол. Бирөөнүн көзүн карабай тиричилигиңди кылып кетесиң." Эртерээк барып өз доктуруна да көрүнсө жакшы болмок" деп жатпайбы жанагы доктур келин. Эл эмне десе ошо десин, мен уруксаат берип жатам . Энеңдин бир гана суранычы: ичиңдеги баланы жакшы карап, аман- эсен көз жарып алсаң, атын мейли кыз, мейли эркек болсун Аманат кой? Эми ага чейин аман болсом артыңдан балдарды жиберип кабарыңды алармын. Мен өлүп калган күндө деле "инибизден калган жалгыз туяк" дешип булар унутушпас, арка-жөлөк болушаар? Кантип эле кайридин кишидей тескери карап кетишсин? !- деп кексе кемпир уул- келиндеринин кулагына "күмүш сөйкө" тагып койду, сөз өңүтү келип калганынан пайдаланып.
Эсебиң боюнча жаз айлары турбайбы, э? Окууңдун бүтө элек кези болуп калат тура? Аны да ойлоп көп санааркаба, келиндин боюна бүтсө, кемпирдин мойнуна бүтөт деп эки баламдын тең балдарын өзүм чоңойтушкам. Бизге берсең , мына Гүкү жеңең экөөлөп торолтуп, колуңа салабыз. Кымбат деле чоң энеси болот, багышат.- Улуу келинин сынай тиктеп койду эле, ал да кабагын чытыган боюнча:
- Карындагы баланын сыртынан тон бычпай туралычы.Биринчи төрөсүнчү,- деп койду.
Ошо менен сөз үзүлдү.
- Бизден кол үзбөй, кат жазып кабарыңды билдирип тур. Акча- тыйындан кыйналсаң, эч тартынбай эле жазып жиберсең, каттаган ишенчиликтүү кишиден салып жиберебиз.Бала өспөй калбасын тамак- аштан өксү боло көрбө,- деп балдарына көрсөтүп миң сом, көрсөтпөй эки миң берди."Келип турам" дегени менен Сүйгөндүн көңүлүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир сезим "экинчи бул үйгө келе албайсың,
Дуулат жок сен эми чоочун эле бирөөсүң. Сенин эми кимге керегиң бар?!" деп жаман болуп жүрдү.Кайра-кайра кайненесин кучактап, өпкүлөп оюнда коштошконсуп жатты."Дуулатыма жолугуп ата- эне, бир тууган күттүм дечү элем. Эми ал жок башкалардан да тирүүлөй ажырайт окшойм. Мени эч ким деле сүйүнкүрөбөй турат" деп өзүн- өзү ичинен жей берди.
Эртеси кемпирдин айтуусу боюнча бир коюн союп, боорсогун бышырып, май-сайын салып беришип, Сүйгөндү Кубат шаарга жеткирип келип, кайра кайтты.
***
Түгөйүнөн айрыган күздүн акыркы айын көз жаш менен узатып, кышын тосуп алды.
(Уландысы кийинки санда)





  Повесть I

КҮНДӨЙ БАЛА КҮН АСТЫНДА КҮЛҮП ЖАТ
БУРУЛКАН Карагулова


Сапар үйдүн эң кичүүсү болчу. Эң кичүүсү болсо да эрке болбой, мүнөзү кичинесинен эле токтоо болуп чоңойду. Үйүндөгүлөр Сапар дебей "Сапань", "Сапанья" деп эркелетишкендиктен мен дагы Сапань дечүмүн. Университетти жакшы окуп бүтүп, "Кыргыз Руху" гезитине жаңы эле кабарчы болуп орношкон. Бою узун, өңү кара тору, көздөрүнөн жылдыз чачырап турчу. Мындай сулуу балдарды "каранын сулуусу" дейт элде.
Эркиндик бульварын көркүнө чыгарып заңкайып келатыптыр. Учурашып калдык. Кайда баратасың десем, квартира издеп жүрөм дейт. Мен темир жол вокзалынан бир квартира берилерин таанышыман эрте менен уктум эле, ошого алпарайын десем, "сиз билип кое бериң, так болсо чалып коесуз" деди. Мен ишиме кирип сумкамы коюп эле кайра вокзалга учтум. Квартира бериле элек экен. "Мен азыр квартирант алып келем, эч кимге бердиртпе" дедим ошол жерде өтүкчү болуп иштеген кошунасына. Макул болду. Ишке келип эле Сапарга чалдым, келе кал деп. Көңүлдөнбөй койду.
- Эже, бүгүн чогуу иштеген Турусбек аке иштен чыгып бир квартираны көрсөтөм деген эле. Макул деп койгом, барып көрүп келейин - деди.
- Аны көрүп келип убара болгуча даяр квартирага кире бербейсиңби, от жакпайсың, суу ташыбайсың - деп нааразы болуп калсам, "улуу кишиге айтып койдум эле, сизге эртең келейин" деп туруп алды.
- Анда өзүң бил - дедим да телефонду коюп койдум.
Бирок Сапар эртеси келген жок, келбес жайга аттанып кетиптир. Бул биринчиден кырсык, экинчиден "сактансаң сактайм" дейт экен кудай да. Эрте менен күтсөм жок. Түшкө жакын башкы редактордун кабылдамасына телефон чалып Султанды сурасам секретарь кыз "жакында бошобойт эже, эки-үч күндөн кийин чаласыз го" дейт.
- Алыс кетти беле?
- Жок. Биздин бир кызматкерди түндө бирөө өлтүрүп кетиптир, ошо менен чуркап жүрөт-деди секретарь.
- Кудай сакта, кайсы кызматкерди?
- Сапарды.
- А-а?- трубка колуман ыргып кетти. Секретардын "эже, эже" деген үнү жерде жаңырып жатты. Эки колум менен башымы мыжып, столго чалп этип кулап түштүм. Тамара эже (Токомбаева) келип, "кайрат кылбайсыңбы, ушундай кантип болсун, кырсык да" деп көңүл улады. Менин көзүмдөгү жаш жамгырдай шатырап, төшүмө кулады. Бар күчүмү жыйып колума сумкамы алдым.
- Кайда - деди эже - алдагы кебетең менен редакцияга жетпейсиң сен, кое турчу- дегиче чыгып кеттим.
Эч ишенбей келатам. О кудай, түшүм болуп калсын, ойготуп жибер мени, ал баланын он гүлүнүн бири ачыла элек, жашасын, узак-узак жашасын. Редакцияга жеткенде эсиме келдим. Азыр Сапань алдыман чыга калчудай сезилди. Дароо кучактап өпкүлөп, өмүрүң узун болот экен деп айта тургандай болуп келатам. Кабылдамада секретарь тура калып кучактап калды.
- Эже, сиздин тууганыңыз экенин билбей калдым...- деп келатканда Султандын кабинетине кайрылдым - кызматкерлердин баары ичинде сүйлөшүп атышат- дегиче кирип кеттим. Султан тура калды. Мен аны көздөй уңулдап, көзүмүн жашын он талаа кылып келатсам ал да үн чыгарып кучактап калды. Кучакташып көпкө чейин ыйладым. Эч нерсе сурай албай койдум. Өздөрү кыскача айтып берип атышты. Азыр чогуусу менен моргко барарын айтышты. Кечээ эле Сапандын тирүү жүргөнүн көрүп жүрүп, бүгүн сулап жатканын көргүм келген жок. Мен ыйлап бүтүп-бүтпөй чыгып баратсам, "Сапар бул эженин кимиси болот эле" деп сурап калышты.
Сөөктү айылга алып кетишти. Келишери менен бир санды Сапарга арнап чыгарышты. Карбалас аке эскерүү жазсаң апкелип бер, чыгаралы деди. Мен минтип ыр жаздым:
Жеңе дебей эже дечүң, өз элең,
Бүт турпатың жылдыз окшош көз элең.
Алп денеңи жомоктогу баатырдай,
Сүрөттөсө түгөнбөгөн сөз элең.

Сен баладан башкача элең жароокер,
Уяң элең күлгөндө да жаркырап.
Ажал үйгө ажал айдап не бардың,
Арман тиштеп учуп кеткен каркырам.

Жап-жаш элең, жакшына элең садага,
Ажал деген тойбойт экен адамга.
Күндөй бала Күн астында күлүп жат,
Күмүш күлкүң сээп кеттиң ааламга.

Уктап кеттиң уурдап алып түсүңдү,
Алгыр көзүң түбөлүккө сүзүлдү.
Айдай бала Ай астында аман жат,
Алтын парда жаап турсун жүзүңдү.
Сапардын бир тууган агасы Бакыт:
- Квартирада чогуу жашачубуз. Келинчеги менен өзүнчө жашайлы деп квартира издеп калышты. Кечинде иштен келип эле аялын тур, кийин, Турусбек акенин квартирасына барабыз деп калды. Барып көрүп келели, кайра келип калабыз деп ээрчитип кеткен. Ошол күнү гонарар алып, иштегилерине майлап бериптир эле. Себеби редакцияга орношкондогу биринчи гонорары болчу. Жанында дагы 800 сому калыптыр. Такси кармап Турусбек акени салып алып микрорайонго кетишкен- деген.
Бирок, андай болбоптур. Тескерисинче Турусбектин жанын койбой "аялыңыз келгиче сиздикинде туруп туралы" деп сураныптыр. Ал "эки-үч күндөн кийин аялым келет, анан кайда барасың?" дептир. "Аялыңыз келгиче квартира таап алабыз, өзү деле 2-3 күнгө эле керек" деп акидей асылып туруп алыптыр. Анын үстүнө чогуу иштеген Жаркын эже да "кызык экенсиң эй, алып кете бербейсиңби, аялы экөө талаада калыптыр, суукка тоңуп өлүп калса сен жооп бересиңби?" дейт. Анда Турусбек "Эмне үчүн силер өзүңөр алып кетпейсиңер, кызык экенсиңер, мен эмне милдеттенмесин алдым беле, агасынын үйүндө турабыз деп атпады беле, мен азыр 4-микрорайонго барып хозяин менен макулдашышым керек, эгер ал макул болсо гана алып кете алам, өтө албуут татар, эки күндө бир ачкычы менен уруксатсыз үйдү ачып кирип, келип-кетип турат" десе, Сапан "аке мен такси кармайм, сиз хозяиниңизге кирип чыккыча биз таксиде күтүп отуруп турабыз" деп акидей асылат. Тобо, шайтандын мойнуна минип алганын курган бала билбеди да. Анын үстүнө Турусбек да жоош момун, бирөөнүн көңүлүн калтыра албаган, жок дебеген жигит. Көңүлүн оорутпай "жабышып эле калдың, барсаң бар, бирок татар отказ кылса таарынба, өзүмүн үйүм болбогондон кийин бул сурооңу турган жеринде эле чече албайм" деп коллективинин көзүнчө баарына угузуп айтып, шапкесин кийип сыртка кошо чыгат.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??