п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуулар ааламында

Жесир калып, жетимдерди баккан
Мэри Кей Эш
"Сулуулук дүйнөнү сактап турат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мына, дал ошол сулуу айымдарыбыз бар, бул жалган дүйнө ары кооз, ары кызыктуу болуш керек. Ооба, ар бир аялзаты сулуу болгусу келет. Бирок, сулуу болуш ар биринин колунан келе бербесе керек. Анткени, табигат тартуулаган сулуулук чанда гана кезигет. Косметика - кылыктанган кымча бел кыздардын ажарына-ажар кошуп, сулуулугун арттырат. Күндүн косметикалык брэнддеринин бири "Мэри Кэй" фирмасынын косметикалары. Кыздар колдонуп жүргөн аталган фирманын кожоюну, фирма жана косметиканын кээ бир зыяндуу жактарынан кабар беребиз.


Мэри Кэй Эш - төгөрөктүн төрт бурчуна белгилүү айым. 1963-жылдары Америкалыктардын ар бир аялзаты иш күнүн толук иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошол убакта 45 жашка келип калган Мэри, Американын аялзаты үчүн атайын бизнес ачуу тууралуу ойлонуп жатып, кыз-келиндер үчүн косметикалык бизнес ачууну туура көрөт.

Оорукчан атасын баккан Мэри Кэй
Мэри Кэтлин Вагнер Техас штатынын Хот-Уэллс шаарында жарык дүйнөгө келген. Мэри аялзатынын түйшүгүн кичинекей кезинен эле түшүнгөн. Атасы кургак учук оорусунун айынан майып болуп калып, апасы балдарын жана майып күйөөсүн багыш үчүн, Хьюстондогу ресторандардын биринде администратор болуп иштеп, күнүнө 40 чакырым жолду басчу. Төшөктө жаткан атасына кам көрүү, үй иштерин жасоо жалгыз Мэринин мойнуна жүктөлгөн. "Апам жумасына 7 күн, күнүнө 14 сааттан иштегендиктен, оорукчан атама өзүм тамак жасап берүүгө туура келчү. Апамдын жумушунун телефон номерин азыркыга чейин жатка билем. Анткени, кандайдыр бир тамакты жасай турган болсом, апамдын жумушуна чалып, ал тамак кандай жасаларын сурап алчумун".

Китеп сатып атактуу болгон Мэри Эш
Мектепти мыкты аяктаган соң, Мэри окуусун андан-ары улантпастан, жергиликтүү радионун музыканты Бен Роджерске турмушка чыгат. Жети жылдан кийин Бен, Мэрилин жана Ричард аттуу үч балалуу болушат. Мэри да өзүнүн апасынын жолун улантып, бир ишке орношкусу келет. Бирок жогорку билиминин жоктугуна байланыштуу, жакшы иштерге орношо алган эмес. "Ошол учурда мага каалаган убагымда барып иштеген иш керек эле. Себеби, калган убактымды балдарымды тарбиялаганга кетиргим келчү" - дейт Мэри. Ошол жылдардын арасында Мэри Кэйдин үйүнө балдардын китебин саткан бир аял келип, "Эгер 10 китепти сатып берсеңиз, 3 китепти белекке берем" деген. Сунуш түшкөндөн тартып эле баптисттердин сыйынган жерлерине чалып, китеп сунуштай баштайт. Ошентип, тогуз айдын ичинде Мэринин саткан китептеринин суммасы 25 миң долларды түзгөн. Соода-сатыкка болгон шыгы Stanley Home Products компаниясына жетелеген. Ал компанияда үй эмеректерин сатып иштеген.

Үзүлгөн үмүт
Экинчи Дүйнөлүк согуштан келген күйөөсү Бен, ажырашууну талап кылып, үч баласы менен Мэри Кэй жалгыз бой калат. "Мен жакшы аялдын, апанын образына абдан көнүп калгандыктан, күйөөмдүн мени таштап кетүүсү, мен үчүн тоо урагандай эле болду" - дейт. Ошентип, күйөөсү таштап кеткен аял 17 жыл бою өзүн балдарын тарбиялоого арнап, Stanley Home Products компаниясында, андан кийин 1959-жылдан баштап World Gift компаниясында иштейт. Балдары да апасына колдорунан келген жардамын берип, ар кимиси ар кандай жумуштарда иштеп жүрүштү. Уулу Ричард ар бир ишембиде коробкаларды таңып, тапкан тыйынын апасына алып келип берчү. Балдары чоңоюп, улуу баласы Бен үйлөнүп, Хьюстонго келет. Ричард сактык компаниясына ишке орношот. Кызы Мэрилин турмушка чыгып, үй-бүлөлүк жашоого баш-оту менен байланат.

Бизнесменге баш кошот
1960-жылы Мэри Кэйдин жеке жашоосунда чоң өзгөрүү болуп, Даллас Жорж Холленбек деген белдүү бизнесменге турмушка чыгат. 1963-жылы коммандировкадан келгенден кийин жумуш ордун башка бир киши алып койгонун билип, бош калат. Ал учурда Мэри Кэй АКШдагы World Gift компаниясын жетектеп турган. Командировкадан келип, жетекчилик кызматтан түшүп, анын ордуна башка жумушчу келгенин билет.

Кайрадан жесир аял жана "Мэри Кэй" компаниясы
Ошентип, жумушсуз калган Мэри Кэй көпкө ойлонуп отуруп, аялзаты бир эле учурда балдарына тарбия берип, бир эле учурда акча таба турган бизнес ачат. Тактап айтканда, сактап койгон 5 миң долларына косметикалык кремдерди жана бир имаратты ижарага алып, Мэри консультанттарды ишке алса, күйөөсү Жорж финансылык жактан каржылап турган. Экөө маңдай-тескей отуруп алып, идиштерге салынган бет майларга "Mary Kay" жазуусун чапташчу. Косметикалык компаниянын ачылганына бир ай болуп-болбой эле, Мэринин күйөөсү Жорж бет майга жазууну чаптап отуруп, жүрөгү токтоп, оо дүйнөгө узайт.Кайрадан жалгыз бой калган Мэриге улуу уулу Бен 4500 доллар берсе, Ричард өзүнүн кызматынан бошоп, апасына жардам берип, чогуу иштеп калат.

Компаниянын өнүккөн мезгили
1966-жылы компания бутуна толук турган кез. Түшкөн кирешеге Мэри 275 чарчы чакырым аянтка фабрика ачат. АКШнын штаттарында компаниянын филиалдары ачыла баштаган. 1972-жылы "Мэри Кэй" АКШдагы эң чоң компаниялардын бири болуп, бир канча миңдеген кызматкерлер иштеген. Ошол жылдары уулу Ричард компанияны жетектеп, апасы компаниянын андан аркы өсүшүн пландап турган. "Мен бизнесимди, кызматкерлеримдин кылган ишин мактап, алардын кылган ар бир ишине көңүл буруп отуруп, ушундай ийгиликке жетиштим. Аялзаты өтө назик болгондуктан, аларды мактасаң, ишиң илгери болот" - дейт Мэри Кэй Эш.






"Мэри Кэйдин" бетке келтирген зыяны
Баасы кымбат болсо эле, сапаты сонун боло бербейт. Ошондуктан, сатып алып жаткан косметиканын курамында кандай заттардын бар экенинен кабардар болгонуңуз дурус. Анткени, "Мэри Кэйдин" косметикаларында "минералдык май", "пропилен гликоль" сыяктуу ден соолукка терс таасирин тийгизе турган заттар бар.

Нефтехимиянын калдыктары
Минералдык май (Mineral oil) - техникалык майлар, тактап айтканда, нефтехимиянын калдыктары. Беттин терисин начарлатат. Аллергиянын жана безеткинин башаты. Эгерде адамда нефтехимияга аллергиясы болгон болсо, диабет, эпилепсия, артрит, онкологиялык ооруларга алып келет.

Протоплазмалык ууга айланып, бөйрөк, боорду начарлатат
Пропилен гликоль (Propilene Glycol) - таттуу суюктук. Бул дагы нефтесинтезделген зат. Өнөр жайларда темир түтүктөрүн тазалоодо колдонулат. Аталган затты териге сүйкөгөндө май бездеринин, ден соолукка зарыл болгон компоненттердин жолун тороп, бетти жылмакай кылат. Ал эми баасы жагынан, кадимки глицериндин наркынан да ылдый турат. Мунун курамында да, терини аллергия кыла турган компоненттер бар. Пропилен гликолду тез-тезден колдонуу, бетке безеткинин чыгышына шарт түзөт. Бул эле эмес, тери аркылуу организмге кирип, протоплазмалык ууга айланып, бөйрөк жана боордун иштешин начарлатат. Пропилен гликоль, аталган фирманын дээрлик бет майларынын курамында болот.

Бетке тез бырыш түшүрөт
"Мэри Кэй" фирмасынын косметикасын жашы отуздан ашкан кыз-келиндер гана колдонушу зарыл. Анткени, жаш организм аталган косметикага көнүп алса, кийин ал косметикадан башканы кабыл албай калат. Дагы бир зыяны тууралуу айта турган болсок, "Мэри Кэйдин косметикалары, жаш организмдин терисинин клеткаларын өлтүрүп, жаңы клеткалардын өөрчүшүнө тоскоол болот. Натыйжада, бет майды шыбанган сайын тери клеткалары өлүп, кайра калыбына келтире албагандыгынын себебинен улам, бетке тез бырыш түшүп, өзүнүн жашынан бир топ улуу көрсөтүп коёт.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??