п»ї

  Бул ким, ыя?

Асел Жураева:
"Тура калып кол чабышты"
Туулган жылы: 1988
Зодиак белгиси: Бөйөн
Туулган жери: Кара-Суу району, Мады айылы,
Аяктаган окуу жайы: Кыргыз мамлекеттик искусство институту
Адистиги: Режиссёр
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок
Сүйүктүү киносу: Т.Океевдин "Биздин балалыктын асманы"
Максаты: Жакшы кинолорду жаратуу
Ишке ашпаган кыялы: Дарыгер болбой калганы
Сүйүнгөнү: Бардык жакшы нерселер
Адамдагы баалаган сапаты: Чынчылдык
Жек көргөн сапаты: Эки жүздүүлүк.
Элине каалоосу: Тынччылык болсун!

…Клиника. Күңүрт. Кезек күткөн жаш кыз-келиндер. Акушер-гинекологдун темир шаймандарынын калдыраганы жаңырат. Анан… аборт…
Эгиз балдар. Татынакай балдар чылапчындагы чыланган кирлерди алып чыгышты. Анан… улам бири эңкейип чылапчындагы сууну оозуна толтуруп, бири-бирине чачып жатышат. Кыткылыктаган күлкүлөрү, кылган ишине маашырланганы эжигейиңди эзилтет.
Ушул эки коошпогон көрүнүштү киного сыйдырган кыргыздын жаш режиссёр кызы Асел Жураева

- Асел, жакында эле Египетке, дүйнөлүк кино сынакка катышып келдиң, ушул боюнча кеңири айтып берсең.
- Каирде өткөн "14-Исмаиловдук Эл аралык фестивалына" Кыргызстан биринчи ирет катышты. Бул жактан менин "Өмүр бешиги" аттуу кыска метраждуу фильмим жолдомо алып, Каирге учуп бардык. Андан Исмаил шаарына автобус менен келдик. Шаар абдан кооз экен. Баарыбызды "Исмаил" фазендасында жайгаштырды, анда сынак аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2-октябрдан 9-октябрга чейин жашадык. Ал жерде дүйнөнүн бардык бурчунан келген жаш режиссёрлор топтолгон экен.
- Кино сынактын жүрүшү кандай болду?
- Негизинен, дүйнө боюнча беш миңдей кино жолдомо үчүн ат салышат экен. Андан тандалган фильмдер гана сынакка түштү. Күнүнө 20-30 кыска метраждуу фильм көрсөтүлүп, 20-25 минута талкууга салынат. Менин "Өмүр бешигим" 5-октябрда көрсөтүлдү. Кино бүткөндөн кийин залда баары туруп кол чабышканда аябай толкундандым.
- Биринчи фильмиңдин ийгилиги эмеспи. Кандай сын айтышты, кандай суроолор жаңырды? Кандай кабыл алдың?
- Мага сынга караганда көп тилектер айтылды. "Аруулук, тазалык бар", "Аябай тазарып калдык" дешти. Негизинен, "Сценарийди кантип жаздың, кандайча тартып алдың, канча каражат жумшадың",- сыяктуу эле суроолор болду. Баарына наристелердин кылык-жоругу таасир берген окшойт, күлүп, жылмаюу менен жылуу пикирлерин билдирип жатышты.
- Мага да кызык болуп жатат, бул татынакай наристелер кинону кантип аткарышты?
- Эми, үч-төрттөгү балдарды "мындай аткар, тигиндей аткар" дей албайсың да. Бул кыска метраждуу фильмдин түрлөрү болот. Мисалы, кыска эксперименталдуу, кыска документалдуу жана оюн. Ал эми менин фильмим байкоо жүргүзүү стилиндеги кыска документалдуу, эч бирөөнө окшошпогон, өзүнчө почерктеги фильм болду. Бул жарым жылга созулган балдардын эртең менен тургандан баштап кечинде уктаганга чейинки күнүмдүк кылык-жоруктарынын топтомун монтаждап, кино кылып жараттым.
- Фильмдин идеясын кайдан таптың?
- Адамдын Адам болуп жаралгандагы биринчи милдети - тукум улоо эмеспи. Учурдагы жаш келин-кыздардын карын алдындагы наристесин өлүмгө кыйганы, абортко жеңил ой менен караганы, жашоодо "эне" деген ыйык атка зар болгондордун санынын арбыганы жүрөгүмө тынчтык бербей келет. Жаштарга сабак болсун таризде "Биз эмнеден кол жууп жатабыз" деген идеяны берүүгө далалат кылдым. Жыйынтыгы алган дипломумда эмес, жаштарды канчалык деңгээлде акылга сыйбас жоругун токтото алгандыгымда.
- Асел, айтсаң, эгер башка өлкөдөн кино тартууга сунуш түшсө эмне кылмакчысың?
- Исмаилден Белоруссиялык жаш режиссёр Кыргызстан менен бирдикте бир фильм тартуу сунушун киргизген. Мен, албетте, макулдугумду бердим. Себеби, өзүмдү башка өлкөнүн киносунда да сынагым келет. Болгону, бирдиктүү сценарий жарала элек. Буйруса, өз дараметимди көргөзүүчү убакыт али алдыда.
- Ылайым, эл кадырлаган, кыргыздын атын тааныткан режиссёрлордон болушуңа тилектешмин.

Жылдызай Аттокурова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??