п»ї

Кундуз Казыбек кызы, ди-джей:
"Сүйүүбүз сүйлөшүп жүргөндөн да таттуу болуп жатат"
Өткөн сандарда Акбардын бойдок кезинде "бойдок маек" уюштурган элек. Бул жолу, ырчы жигиттин бөпөлөгөн колуктусу, "Миң Кыял Fm" радиосунун ди-джейи, Кочкордун келини жана Нарындын кызы Кундуз менен көшөгөдөн сырдаштык.

- Кундуз, куш бооңор бек болсун!
- Рахмат!
- Акбар сенин жүрөгүңдү кантип багындырып алды?
- Чынын айтсам, Акбар абдан романтик. Башында телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Ошондо, бирдигинин көп кеткендигине карабастан, мага саат сайын телефон чалып, менин абалымды сурап турчу. Күнүгө эртең менен турганда жана түнкүсүн мен уктаар маалда ыр менен билдирүү жазчу. Акбар мени зериктирбейт, сонун нерселерди айтып берип, дайыма эркелетип турат. Ошентип жатып, жүрөгүмдү багындырып алды болуш керек.
- Экөөңөрдүн эң биринчи жолугушууңарды эстесең?
- Кышында Акбар мени көргөнү жумушума келиптир. Келсе мен жок болуп калып, мен келгичекти радионун алдында күтүп туруптур. Мени көрүп сүйүнүп кетти. "Кундуз, мен сага жолукканы келгем" десе, такыр ишенбей койгом. Кар бапалактап жаап жатканына карабастан, Жаш Гвардия бульварында күүгүм кирип калганда сейилдеп, ар нерсени сүйлөшүп, бири-бирибизди жакындан билүүгө аракет кылып жүрдүк.
- Алгач ошондо тааныштыңар беле?
- Жок, биз андан 3 жыл мурун эле тааныш болчубуз. Акбарды интервьюларга чакырсам, "Аа, мен сени жакшы тааныйм" - деп күлүп калчу.
- Кичинекейиңде болочок жолдошуңду кандай элестетчү элең?
- Камкор, мени эркелеткен, романтик, анан чыныгы эркектик мүнөзгө ээ жигитти элестетчүмүн. Эс тартып калганда кыялданып жатканды жакшы көрчүмүн. Жатарда да болочок жолдошумдун кыял-жоругун, жада калса кесибинен бери элестетип жатчумун. Ошолордун бардыгы, буюрса, акырындан орундалып келе жатат. Буюрса, өзүм кыялданып, өзүм кудайдан тиленген жигитке турмушка чыктым.
- Кайын-журтуңду тергеп жатасыңбы?
- Кайнилеримди, кайын сиңдилеримди тергеген жокмун. А кайнагаларымды тергейин деп, азырынча ат таппай, байке деп жатам.
- Көшөгөдөн чыгарың менен эле кайсы ишке колуң тийди?
- Көшөгөдөн чыгып, далдырап эле эмне кыларымды билбей, абысындарыман: "Муну кантем? Тигини кандай кылса болот? Азыр чай коёмбу?"- деген суроолорду берип, аларды тажаттым. Бир адамга эле беш-алты жолу жүгүнө бердим окшойт. Бир маалда өзүм байкап калдым. Анткени, бир байке улам алдыман чыкса эле жүгүнүп атыптырмын. Мен жүгүнгөн сайын тиги байке, улам тилегин айтып коёт. (күлүп) Андан кийин тааный баштадым.
- Кайненеңе эң биринчи кайсы тамакты жасап бердиң?
- Өз колум менен куурдак жасап бердим. Мен ойлогондон да жакшы тамак болуптур.
- Эгер айылда кал десе, айылдын жашоосуна даярсыңбы? Айтайын дегеним, уй саап, нан жаап, айылдын иштерин жакшы эле жасайсың да?
- Өзүм айылда жашаган эмесмин. Ошентсе дагы, үй-оокаттарын жакшы жасайм. Бир кемчилигим - уй саай албайм. Башка түшсө байтал жорго да, бара-бара баарына көнөт болушум керек.
- Кыз-жигит болуп сүйлөшкөн учур башка. Турмуш куруу башка эмеспи. Нике ысык дешет. Чын эле ошондой бекен?
- Ооба, Акбар экөөбүздүн сүйүүбүз сүйлөшүп жүргөндөн да ысык, таттуу болуп жатат. Мен жумуш жасап жүргөнүмдү көрүп, суктанып мени карай берет. Жоолук салынып жүрсөм, "сонун болуп калат экенсиң" деп сүйүнүп калат. Ал жумуш жасап калса, мен суктанып карайм.
- Бал айын кайдан өткөргөнү жатасыңар?
- Бал айын касиеттүү кара Кочкордон өткөрөбүз. (күлүп) Билбейм, аны да ойлонуштурабыз. Алдыда "Бир жакка барып эс алып келели" деген жакшы пландарыбыз бар. Биринчи баш-аягыбызды жыйнап алып, анан ойлонобуз го.
- Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт, барып-барып эле Нарын жакка келин болуптурсуң го?
- Ооба, "Оо, өзүбүздүн эле кызыбызды алган турбайбы", - деп кошуналардын, туугандардын баары эле айтып жатышат. "Ырас өзүбүз жакка турмушка чыктың"- деп өзүмдүн ата-энем да ыраазы болуп жатат.
- "Төркүнү жакындын төшөгү жы йылбайт" дегендей, төркүнүңө бат-бат бара берип, төшөгүң жыйылбай калбайбы?
- Төркүнүм жакын болгону менен, ортону Долон ашуусу бөлүп турат.
- Кайын-журтуң ди-джей келинди кандай кабыл алды?
- Кайын-журтума бат эле көнүп кеттим. "Эки-үч жумада араң көнсөм керек" деп ойлочумун. Бирок, негедир ошол үйдүн аурасы, келинге болгон мамилеси жакшы болгондуктан, келгениме эки-үч ай болгондой эле көнүп кеттим.
- "Келиндин кандай экени жайган камырынан билинет" - деп коюшат. Камырды кандай жаясың?
- Камыр жайган жагынан профессионалмын десем болот. Бой жетип калганда, камыр жууруп, жайгандан абдан эринчүмүн. Дүкөндөн эле сатып келе калайынчы десем, апам "сен үйрөнүшүң керек" деп болбой, камыр жайдырчу. Бул жактан да, үйдөн да оромону жакшы көрөм. Анан оромонун камырын жайганды да жакшы көрөм.
- Айылдагы чоң апалар жүк жыйганда жууркандын бир жагы чыгып калса, "тили узун келин болот" деп калышат. Сенин тилиң кандай?
- Жүктү да жакшы жыям. Кочкордон жүк жыйып көрдүм, жакшы эле жыят экем.
- "Өкүл ата өз ата" дешет эмеспи, өкүл атаңар чыгармачыл чөйрөдөн эмеспи?
- Өкүл атабыз чыгармачыл чөйрөдөн сырткары, Нарындык биздин агаларыбыз болот. Өкүл атабыздын аты - Таалай, Оймо - биздин апабыз. Экөө тең жакшы адамдар. Биз сүйлөшүп жүргөндө Акбар "Өкүл атабыз болот" деп калчу. Ошондо эле бизге өз баласы, өз кызындай мамиле кылчу.
- Курбу кызың ким болду?
- Өзүм менен чогуу иштеген кесиптешим, ошол эле учурда кубанычым менен да, күйүтүм менен да тең бөлүшкөн жакын курбум Гүлназ Бакир кызы болду. Экөөбүз болгон сырыбызды билебиз. Мен радиого келгенден бери эле жакын болуп кеттик.
- Чыгармачылыгыңды андан ары улантасыңбы, же Акбарга жылуу чайын демдеп берип эле үйдө болосуңбу?
- Чыгармачылыгымды да үй-бүлөмдү да чогуу алып кетем. Карьераны буга чейин баштап алгандан кийин, таштап коюуга да болбойт болуш керек. Анткени, ушунчалык аракет кылып, эмгегиңди жумшагандан кийин, анын да акыбетин алыш керек. Менин иштегениме кайын-журтум да каршы эмес.
- Чыгармачыл адамдын артынан ар кандай сөздөр ээрчийт эмеспи. Акбардын артынан айтылган кыйшык сөздөргө терикпейсиңби?
- Эми, андай ушак сөздөргө деле көнүп калбадыкпы. Мен чыгармачыл чөйрөдөн алыс болсо, терикмек болушум керек. Өзүм чын-төгүнүн билип тургандан кийин, эч качан терикпейм.
- Сүйүнбаева болдуңбу, же өзүңдүн фамилияңда элесиңби?
- Акбар "Сүйүнбаева болдуң, паспортуңду оңдотолубу?" деп тамашалап калат. Азырынча, атамдын атында эле Казыбек кызымын.
- "Үй-эркек үчүн түрмө, аял үчүн түйшүгү түгөнбөгөн ишкана"-дегенди кандай түшүнөсүң?
- Ар кимге ар кандай да. Түйшүктүү дейин десем, шаарда жашагандыктан, үйдө түйшүк деле жок. Жылуу чайыңды берип, тамагыңды жасап, жолдошуңду жаркырап-жайнап күтүп алганың эле болбосо... Ал эми, мырзалардын моюнуна кишен тагылат деген чын эле болуш керек. Анткени, бойдокчулук кездегидей кенен басып-тура алышпайт.
- "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деп коюшат. Кошуналарың менен тааныштыңбы?
- Ооба, айылдагы кошуналардын баары менен тааныштым. Шаарда кошунанын баркы билинбегени менен айылда киришип-чыгышып, жакшы экен. Биздин үйгө "Кундуздун чайын ичеличи" деп баш бакканда, өзүмдүн чайымды берип жаттым. Айылдын келиндери да абдан жакшы экен. Оокат кылып жетишпейтжатсаң, келип жардамдашып кетип турушат.
- Кундуз, маегиңе рахмат. Коломтоңордун оту өчпөй, көшөгөң көгөрсүн!

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??