п»ї

Ак седеп таккан мойнуңдан
Азыр батыш элинин таасири алдында кыргыз элинин канына сиңген жүрүм-турумдарды четке кагып, жаңычыл жаш көрүнүүнү каалагандар көп. Азыркы убакта, кыргыз кыздары гана эмес башка улуттун кыздарынын да оюу түшүрүлгөн асем буюмдарды тагынганын көрүп эле жүрөбүз. Сүйүнөсүң, бирок ошол оюулардын маанисин жакшы түшүнбөгөндүктөн, кээде кыргыз кыздары да олдоксон иш-аракеттерге барып жатат.

Асем буюмдар аялзатынын ажарын ачып, ого бетер сулуу жана назик көргөзөт эмеспи. Асемдерди колдонуунун өзү - чоң искусство. Аны колдонууда катачылык кетирбөө керектигин эскерте кетүү менен бирге, төмөнкү жагдайларды белгилей кетели:
Турмушка чыга элек кыздарга көздүү асемдерди колдонууга болбойт. Кичинекей, кооз, назик жана оюу түшүрүлгөн сөйкөлөр, шакектер, ичке чынжырчалар жаштыктын илебин берип турат.
Келиндер, балалуу аялдар тунук таштар чөгөрүлгөн ичкерээк, кооз асемдерди тагынганы туура.
Энелерге, байбичелерге чоң көздүү, чоң шакек, сөйкөлөр мүнөздүү.
Кыргыз элинин маданиятында күйөөсү өлгөн жесир аялдар көздүү асемдеринин көздөрүн чыгарып коюп тагынган. Бул жубайына кылган жакшы мамилесин сактагандыгы катары бааланган.

Оюунун сырлары
Оюулар да чоң касиетке ээ. Биз оюунун сырткы гана көрүнүшүнө маани беребиз да, негизги мазмунуна көңүл койбойбуз. Биринчиден, оюулар эркек жана кыз оюу болуп экиге бөлүнөт. Кыз оюунун алды жагы ичке кирип турса, эркек оюунун куйругу болот. Албетте, эркек адамдын кийимдерине, буюмдарына, калпагына кыз оюуну түшүрүп коюу уят иш. Ошо себептен, кыргыз болгон соң оюуну таанып билүүбүз зарыл.
Ал эми, аялзатынын асем бумдарындагы оюулар жөнүндө айтсак, аялзатынын назиктигин, курчтугун, турмушка чыккандыгын, жашын, канча балалуу экендигин билдирген оюулардын түрлөрү бар. Мүнөзүңүзгө ылайык оюу түшүрүлгөн асем буюмдарды тагынсаңыз, ден-соолугуңузга жана ийгилигиңизге сөзсүз оң таасирин тийгизерин унутпаңыз.

Динде
Аялзаты үчүн ислам дининде да "алтын берип, аялыңдын көңүлүн ал" деп калышат. Алтын аялзатынын ажарын ачат, сулуу көргөзөт. Алтын тагынган аялдар депрессияга көп чалдыкпайт. Себеби, алтындын кооз жасалгасынан көңүлү көтөрүлүп, өзүнө ишенимдүүлүгү артат. Дайыма оң эмоцияда жүргөн аялзаты баардык оорудан алыс болуп, дайыма жаш көрүнгөнү алтындын касиетинен эмеспи. Учурда алтындан түрлүү зер буюмдары жасалат.


Алтын
Эзелтеден алтындын баасы жогору болгон. Алтын дилде, алтын теңге деп, алтын менен соода иштерин жүргүзүшкөн. Кыргыз оюндарын карасак, "жамбы атышта" алтын толтурулган жамбынын төрт бурчун аркан менен байлап, бийик илип коюшчу экен. Эр азаматтар атын чаап баратып, жамбынын жибине жаанын жебесин тийгизип, үзүп түшүрүшчү тура. Бара-бара аялзатына мыкты асем буюмдарын жасоого үйрөнүшүп, алтындын көлөмүн, зергерин, канчага жасатканын өз ара мактанышкан. Ошентип, зер буюмдардын өнүгүүсү келип чыккан.


Алтындын касиети:
Кыргыз элинде эркектер кемерине алтын уюттуруп куюшчу экен. Көрсө, алтын эркектерге күч, кубат берет тура. Асанбек Стамовдун "Жортуул" чыгармасында алтындын мүнөзү ачылган. Бир арыкчырай кары киши олбурлуу жаш жигиттерди көтөрө чаап, байгени эч кимге бербей жатканын көргөн Каражаак: "Сиз менен мен алышам, бирок талабым ушул, сиз кемериңизди чечип коюңуз",- дегенде карыя: "Ай, балам, мен кемерсиз күрөшкө чыга албайм. Мөөрөй сеники!" деп, жеңилип берген экен. Көрсө, кемердин ич жагында уютулган алтын бар экен. Демек, алтын эркекти кубаттуу кылат экен. Бирок, ислам дининин келиши менен "эркек үчүн алтын менен жибек - бейиштин белеги" катары каралып, колдонулбай калган.


Асем буюмдар жасалуучу материалдар:
1. Алтын
2. Күмүш
3. Булгаары
4. Кийиз
5. Металл

Күмүш жана анын касиети
Күмүштү - жаштыктын жарчысы деп аташат. Себеби, күмүштү көп колдонгон адамдын организминде клеткалардын жаңырып туруусу байкалат дейт, окумуштуулар. Бул боюнча атайын элдик жөрөлгөлөрдү колдонсок, азыркы бырышка каршы кымбат баалуу кремдерди колдонмок эмеспиз. Мисалга, күмүш чөөгүнгө кечинде суу куюп жатып, эртең менен ага бетиңди чайкасаң, беттеги бырыштын алдын алат. Мына ушул сыяктуу күмүштүн асем буюмдары да оорулардын алдын алуу өзгөчөлүгүнө ээ экен. Баарыбыз билгендей, тагынып жүргөн күмүшүбүз кээде карарып кеткен учурлар болот. Демек, организмдеги өзгөрүүлөр болуп жатканынан кабар алдык деп ойлой бергиле. Тамак сиңирүү начарлаганда, ички органдардын иштөө функциялары бузулганда гана күмүш белги берет. Демек, оорунун алдын алуубуз керек.
Күмүш жасалгалары өзгөчө кооздук берүү менен алтындай кымбат эмес, ар бир аялзаты тагынууга мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө, азыркы оюу түшүрүлгөн күмүш асемдери көз жоосун аларында шек жок. Дагы бир өзгөчөлүгү, мусулман эркектери да күмүш тагынууга болот.


Байыркы кыргыздар
Байыркы кыргыздардын аялдары каза тапканда, күйөөсү аялына алтындан бет кап жасатып, жайга коёрдо бетине кийгизип коюу салтка айланган дешет. Колунда жоктор жезден, калайдан жасатышса, орто чарбалар күмүштөн, байлары алтындан бет кап жасатып, ага канча балалуу болсо ошончо даана баалуу таштардан ширетип же чийүү менен белгилешчү экен. Көздүн жана ооздун ордуларын оюп, же чийим менен белгилээри тарых барактарында белгиленген.


Кийиз
Көчмөн элдердин турмуш-тиричилигинде өзгөчө оруну бар кийизден да акыркы жылдары асем бумдардын коллекциясын чыгарышкан уздардын ишин кылдаттык менен карап көрүп, мынчалык кооз буюмдардын ээси - кыргыз эли экенине сыймыктанасың. Анын касиети да ушунда, эгер суук чалып оорусаң, кийиз буюмдарын колдон. Анын үстүнө метал, алтын, күмүш, булгаарылар кыш чилдесинде муздагы сөөккө өткөн жасалга болсо, кийиз, тескерисинче, териге, сөөккө жылуулук берүүчү асем.


Булгаары
Булгаары - алгачкы коомдук түзүлүштөн бери келе жаткан, өз актуалдуулугун жоготпогон материал. Булгаарыны иштетүү атам замандан бери келе жатса да, асем буюмдарынын жасалышы аялзатына көрк берип, элдин бүйүрүн кызытып, өзгөчө саркеч буюм катары бааланууда. Учурда, дүйнөлүк моданы таң калтырган, Францияны тамшандырган кыргыз элинин оюулары түшүрүлгөн булгаары көйнөктөр эмне деген керемет! Ага атайын жасалга катары кеткен булгаары билерик, шакек, сырга, бижутерияларчы!


Жылдызай Аттокурова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??