п»ї

  Ден соолук

Жин оорусу жайылуудабы?
Бүгүнкү күндө адамдын жашына, карысына, динине, улутуна, деңгээлине карабай жин оорусу менен ооругандар күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мындай ооруларды Ислам динин бекем кармаган мусулмандар дароо эле түшүнүшөт. Жин адамдын денесине кирип алып, жан дүйнөсүн жабыркатып, бир нече оорулардын жаралышына түрткү берип, туура эмес жолго түшүрүүгө аракет кылат. Аны "таухидди" бекем кармаган, билимдүү молдолор Аллахтын жардамына таянып, ыйык Куранды окуу менен, жиндерден айыктырып келишет. Дегеле, жин оорусуна көз чаптырып, аны алдын алуу туурасында бир ооз сөз кылсак.


Жин жөнүндө жалпы маалымат
"Жин" араб тилинен которгондо "көрүнбөгөн, көрүнбөс" дегенди түшүндүрөт. Алар оттон жаралган деп да айтылат. Жиндер адамдардын көзүнө көрүнбөйт, ал эми адам болсо көрүнөт. Анын инсандар менен болгон мамилеси абдан тыгыз. Ал адамды дайыма жаман жолго үндөп, чындыктан алыс кылууга аракет кылат. Алар мусулман жана каффыр жиндер болуп экиге бөлүнөт. Адамдарга окшоп көбөйүшөт. Бул алардын эркек жана ургаачысы бар экендигинен да кабар берет.

Жиндердин түрлөрү
Аллах жиндердин көптөгөн түрүн жараткан. Абу Саляба Аль Хушни Пайгамбардын мындай сөзүн бизге жеткирген. "Жиндин үч түрү болот: биринде канаты бар, алар учуп жүрүшөт. Башкалары жылан жана иттердей көрүнөт, үчүнчүлөрү болсо эс алуу үчүн токтошот да, кайра сапарын улантышат" - деген сөздөрү калган. Бул жиндердин ар кандай образдарда болгондугу туурасында айтып турат.

Тамактануучу жерлери
Жиндер адам жашаган жерде жашайт, алар жеген тамакты жешет. Джабир ибн Абдулла Пайгамбардын: "Эгерде адам өз үйүнө кирерде, тамакты жээр алдында, Аллахты эскерсе, шайтан өзүнүн жоро- жолдошторуна бул жерде түнөгөнгө жана тамактанууга болбойт" - деп айтат. А эгерде Аллахты эскербей кирген болсо, шайтан: "Силер бул жерден кечки тамакты ичип, ушул жерге түнөсөңөр болот", - деп айтат" - деген сөздөрүн эске салат.

Жашаган жерлери
Көпчүлүк убактарда жиндер абдан кир жерлерде, дааратканада, таштандылардын арасында, акыр- чикир, мазар, көрүстөндөрдө болот. Пайгамбар мындай жерлерге кирүүдө, төмөнкү сөздөрдү айтып келген. "Аллахума инни а'узу бикя мин аль хубуси уа льхаба'ис" (О Аллах мени баардык кир жамандыктардан, жаман жоруктардан сактай көр) деген дубасын айткан. Андан тышкары, ар бир мусулман жаман кир жерлерге барганда "Зикирди" айтуу менен Аллахтын атын эскерүүсү керек. Бул анын жиндерден алыс болуусуна жардам берет.

Көз ачыктар менен тыгыз иштешет
Жиндер келечекти айтып берген көзү ачыктар, экстрасенс, магиялар аркылуу адамга таасирин тийгизет. Жиндер алдын-ала көрө билген адамдар менен тыгыз иштешет. Анткени, алардын ичине да жин кирип алган. Алар башка адамдарга таасир тийгизүү максатында ар кандай тумар, көз мончокторду курал катары колдонушат. Көзү ачыктарга, экстросенс, сыйкырларга жардамга кайрылуу исламда тыюу салынат. Анткени, ал- ширк (күнөө). Бул тууралуу Куранда "Мен адамдар менен жиндерди бир гана мага сыйынышы үчүн жараттым", -деген сөздөр айтылган.

Жин ооруга кантип чалдыгышат?
Адамдардын кээ бир оорулары жинден берилет. Алар адамдын ичине кирип алганда, жиндин таасири менен көп ооруп калышат, дайыма агрессивдүү болуп, стрессте, кайгы капалуу жүрүшөт. Жиндерди бир гана ыйык Курандын жардамы менен кубалоого болот. Атайын аяттар, сүрөөлөр жана дубалар аркылуу арылууга болот.

Медициналык көз караш
Медицинада жин ооруларын "Шизофрения" деп аташат. Ал грек тилинен которгондо "акыл-эс" же "психикалык бузулуу" дегенди түшүндүрөт. Манифестациялык оорулар болуп, ар кандай симптомдордун (галлюцинация ) башталышы аркылуу байкалат. Муну тукум куучулук оору деп да аташып, бир нече топко, тактап айтканда, параноиддук, кататоникалык, гебефреникалык, психопаттык шизофрения ж.б деп бөлүшөт. Ошондуктан аларды көп убакыт дарылашат. Мындай оорулардан арылуу үчүн адамдын маанайы жакшы болуп, көңүлдүү жамаат менен бирге жүрүүсүн доктурлар сунушташат.




Абдышүкүр Нурматов жин оорусуна чалдыккан кыздын дарегин берди. Дарек боюнча барып, кыздын апасы Айгүл эжеге жолугуп, кыскача маек курдук.

Кыздын апасы Айгүл:
"Кызым өзү менен өзү сүйлөшүп калды"
- Кызыңыздын жин оорусу менен ооруганын кантип билдиңиздер?
- Кызымдын мага ыйламсырап келгени дале көз алдымда турат. Сабиранын мүнөзү жоош, токтоо, түнт болчу. Эч ким менен аралашчу эмес, өз алдынча жүргөндү жактырчу. Үйдө басып жүргөндө бир нерселерди шыбырап, күбүрөнүп, өзү менен сүйлөшүп калчу. Ага мен маани бербептирмин. Бир күнү кызым ыйламсырап, "Апа, жанымда бир киши турат, көрүнүп кайра жоголуп кетти, жүрү деп чакырып жатат", -деп ыйлап калды. Коркконуман дароо молдолорго алып барсам, "Кызыңарга жин кирип алыптыр" -деп Куран окуп дем салып берип, жин оорусунун жыйынтыгын айтып, дарылануубузду өтүнүштү.
- Жин оорусуна чалдыкканынын себеби эмнеде экен?
- Молдолордун айтымында кызым өз алдынча жүргөндүктөн, ага шайтан шерик болуп алган экен. Чындыгында өзү көп элди сүйчү эмес. Үйгө коноктор келсе, өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпай олтуруп алчу. Мектепти кызыл медаль менен аяктап, Манас Түрк Университетине өз күчү менен тапшырган. Бир гана окуу менен алек болчу. Азыр ооруганына байланыштуу "академический" алып, үйдө дарыланып жатабыз.
- Үй шартында кантип дарылап жатасыңар?
- Биз молдого барганыбызда "черный тминди" ичиришти, олив майы менен денесин сүртүп, дубаларды окушту. Үйдө молдо окуп берген сууларды ичип, дайыма Куран угуп, ар түрдүү сүрөөлөрдү жаттап, зикир кылуудабыз. Жанына дайыма бирөө олтурбаса, өзү менен өзү сүйлөшүп калчу болду. Бир жумада бир дем салдырып жатабыз. Молдо окугандан кийин кызым өзүн жакшы сезип, бизге аралашып, ыжылмайып, маанайы жакшы болуп калат. Бирок, бир нече убакыттан кийин эле жалгыз болууга аракет кыла баштайт.





Чечендер жиндерге согуш жарыялашты
Чечендин Президенти Рамазан Кадыровдун демилгеси менен Грозныйда Европа боюнча эң чоң исламдык медицина ачылды. Эми Чечендиктер мамлекеттик кепилдик менен официалдуу түрдө жиндерден арыла алышат. Жин оорусу менен жабыр тарткандарды эч кандай дары-дармектер менен эмес, дуба, ыйык Куран менен айыктырышат. Алгач оорукчандарга 16 суроо беришип, адамдын оорусу канчалык деңгээлде экендигин аныкташат. Бул имараттын бөлмөлөрүндө диван, олтургучтан башка медициналык аппарат жокко эссе. Ооруканада Куран окуудан тышкары, психология, невропотология, астеопат кызматкерлери да иштешет. Адам Эльжуракеев медициналык борбордо башкы дарыгер болуп иштейт. Ал эл арасында "Жиндер менен күрөшкөн балбан" деген ат менен таанылуу. Башкы дарыгер: "Бул имарат бизге абдан керектүү, биз сыйкырчылыктан, көз байлоочулуктан, ар кандай бузуулардан жабыр тарткандарды дарылайбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жин оорусу менен жабыр тарткандар көп болууда.. Адамдын денесине жин кирип алганда биз аны Аллахтын жардамы менен куугунтуктайбыз, жин чыккандан кийин адам эс алып, өзүн жакшы сезип калат", - деп билдирген.






Абдышүкүр Нурматов:
"Көзү ачыктардын баары-жиндер"
- Адам кандай учурда жин оорусу менен ооруп калышы мүмкүн?
- Эгерде адам баласы жараткан Алла тууралуу такыр билими, түшүнүгү жок болсо, жаштардын көбүнчөсү кулагына "наушникти" салып, ар түрдүү музыканы угуп жүрсө, жүрөгүндө ыйманы жок болсо, адам жин оорусуна чалдыгышы мүмкүн. Анын себептери абдан көп. Ошондуктан, ар бир инсан дайыма таза, кусул менен жүрүшү керек. Ага элементардык мисал: тамакты жегенде, үйдөн чыгарда, жумушка киргенде дайыма "бисмилла" сөзүн колдонуп Аллахты эскерүү керек. Дааратканага сол бут менен кирип, өзүнүн дубасын айтышы шарт.
- Жин оорусунун биринчи белгилери кандай болот?
- Ар кандай болушу мүмкүн, биринин көзүнө ар түрдүү нерселер көрүнө баштайт. Ар нерсени сүйлөйт, кээ бири өзү менен сүйлөшөт. Анын, биринчиден, ооруканадан дарылануусу керек. Эч жыйынтык бербей калганда, үмүтү үзүлгөндө гана бизге кайрылышат. Жин оорусу экендиги дароо эле билинип калат.
- Ооруну кантип дарылайсыңар?
- Атайын дем салган адамдар бар, биз буга чейин практика жүзүндө жиндерди чыгарып, адамдарды дарылап келебиз. Мисалы, жакында эле 12 жашар кыздан жин чыгарып келдик. Ал эсин жоготуп, төшөктөн үч күндөн бери турбай жатыптыр, Аны жин байлап алган. Куран окугандан кийин Аллахтын жардамы менен кыз туруп эч нерсе билбегендей басып кетти, мындай мисалдарды айта берсе абдан көп. Албетте, дем салуунун да өзүнүн шарттары бар, окуган адам руханий, моралдык жактан таза болушу керек. Тактап айтканда, арам нерселерден алыс болушу шарт. Куран окууну кесип кылып албаган, окуп бергендиги үчүн бир нерсе талап кылбашы керек. Чын дилинен карапайым элге жардам берейин деген ниет менен ыйман жолуна үндөгөн мусулмандар окуганы шарт.
- Жиндерден кантип сактаныш керек?
- Жин мышыктын кебетесине окшош болушу мүмкүн. Сүрөттөрдүн ичинде да болот. Ошондуктан, үйгө жөнү жок адамдын, же жаныбарлардын сүрөтүн илип алуу туура эмес. Музыка жаңырып турган жерде шайтан, жиндер үйүлүп алат. Ал эми сүрөөлөр, куран окулуп турган жерде жин болбойт. Ар бир адам "Ихлас", "Фалах", "Аятал курсини" окуп турса жинден сактана алат. Көзү ачыктарга барып дарылангандар дагы көбөйүүдө, алар адашкан адамдар десек болот. Эч убакта Аллахка шек келтирип, көз ачыктарга кайрылбагыла дейт элем. Анткени, "мен келечегиңди айтып берем, сени карап эмнең ооруп жатканын дароо билем" дегендин баарын жин деп эсептесек болот.


Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??