Көрүңдө өкүргүр!

Хирургдун кандуу колунан кыйылган отуз алты жаш
Редакциябызга Улуттук консерваториянын кызматкери, Опера-балеттин солистти Жолдош Исраилов келди. "Агам дарыгерлердин шалаакылыгынан каза тапты" деди, муңайым. Окуя мындайча болгон.

Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында апасынын медери, жубайынын сүйүктүүсү, төрт баланын камкор атасы Тургунбек Исраилов жай турмушун өткөрчү. 36-жашка чейин дени сак, улак тартып жүргөн жигиттин шамы ак халат кийген адамдын колунан өчөөрүн ким билиптир. 16-июнь күнү ичи ооруп, Кочкор райондук аймактык ооруканасына кайрылат. Ал кезде жаңы директордун келгенине бир ай толуп-толо элек. Тургунбекти хирургия бөлүмүнүн башчысы Эсен Акматбеков кабыл алат. Алгачкы диагнозунда "Уйку безине суук тийген. Хирургиялык проблема жок, антибиотиктерден алып, дарылансаң эле айыгасың" деп айтат. Апасы Исраилова Кулпунай "Уулум кандай кылалы" дегенде, "Укол эле алат экем. Шаарга барбай эле коёюн, ушу жерден эле айыгам" деп, өз өмүрүн дарыгердин колуна тапшырып коёт. Ошентип беш күн дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан Тургунбек кош бойлуу жубайы Осокеева Аидага 20-июнь күнү кечинде "Ичимдин ооруганы басылбай койду. Бишкекке эле барсам окшойт… гемодезден бөлөк эч нерсе ала элекмин" деп айтат. Акылдашып, эртеси күнү борборго кетмей болушат. Ошол күнү кечинде саат ондо оорусу приступ берип, хирург операцияга дайындайт. Алгач кайын атасы "Бишкекте бир туугандары бар, кабарлашалы" деп, каршы болот. Бирок, "Бул - сокур ичеги эле, жарым саатта операция жасай коём" дегенинен кайра макулдугун берет. Ошентип, Тургунбекти операцияга алып кирип кеткенден кийин жубайы Аида Бишкектеги кайниси Жолдошко телефон чалып айтат. Ошондон баштап саат сайын кабар алып турган Жолдош эртеси эртең менен сураса дагы эле ойгоно электигин кабарлашат. Саат ондо да ойгонбойт, он бирде да ойгонбойт. Санаасы тынбаган бир тууганы Кочкорго барса кыз бир туугандарынын баары оорукананын алдында отурушкан экен. Ошого чейин эч кимди киргизбептир. Жолдош киргенде комада жасалма дем алдыруучу аппаратта сулк жаткан Тургунбекти көрүп, башкы дарыгерге кирип эле "жапжаш жигит 18 сааттан бери комада жатат. Эмнеге ушу убакытка чейин санавиация чакырган эмессиңер" дегенде, "Азыр эле чакырдык" деген жооп угуп чыгат. Күтүп отуруп, саат төрттөр чамасында кырчындай өмүр кыркылганын угузушат.
Жолдош Исраилов, Тургунбектин иниси:
- Угузгандан кийин эле саат алтыларда райондук милиция бөлүмүнө арыз жаздым. Арызда Кочкор райондук оорукананын комиссиясына ишенбестигимди билдирүү менен Бишкектен республикалык эксперттерге чакырттым. Эртеси борбордон келген комиссия денени өздөрү союп анализге алып кетишти. Бир айда жыйынтыгы чыгат дешкенинен отуз күн өткөндөн кийин тез-тез кабар алып турдум. Бирок, улам создуктуруп отуруп 50 күндө чыкты. Ал дагы бир гана анестезиологдун жыйынтыгы болду. Бөйрөк, тартылган эмес, боор-бөйрөк тести алынган эмес, интенсивдик терапиянын тиркемеси жок деген жыйынтык экен. Бул жерден да айта кетүүчү нерсе, мен адаттагыдай анализдин жыйынтыгына барсам "Үч күн мурун бүттү, кечээ райондук прокуратура алып кетти" дешти. Мен дагы беш күндөй күтүп калдым, оюмда арыз ээси катары мени чакырышат дегем. Бирок, чакырбаганынан кайра өзүм барып, "кылмыш ишин козгоого негиз жок" деп, ишти жаап койгонуна күбө болдум. Мен анализди күтүп жүргөндө эле көрөгөчтүк кылгандай генпрокуратурага арыз таштап койгом, "жергиликтүү сот органдарына ишеним көргөзбөйм" деп. Себеби, жердешчилик маселеси бизде өтө өнүккөн эмеспи. Генпрокуратурага барсам, менин наамыма Нарын областтык прокуратурасынан билдирүү келиптир, анда "Кочкор райондук прокуратура үстүртөн карап, ишти мыйзамсыз жаап салган, кайра териштирүү иши башталды, ооруканадан интенсивдүү терапиянын тиркемесин алдырдык. Документтердин толукталганына байланыштуу эксперттик комиссияга кайра кароону сунуштайбыз" дептир. Мен кайра Кочкорго бардым. "комиссиондук эксперттер чектелди, кайра иликтөөгө документтерди даярдадык" дегенинен суроолорду карасам, стандарттуу экен. Ошондуктан, дагы "90 күндүн ичинде улам керектүү документтерди толуктай берсе болобу?" деген сыяктуу тогуз суроо коштурдум. Буйруса, үчүнчү комиссиондук экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.
- Биринчи экспертизанын жыйынтыгы менен иш козголбой жабылып калганынын себебин тактай алдыңызбы?
- Жок. Бирок, мында кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Иним ооруканада беш күн жаткандан кийин "экстренный жагдай" болгондугу үчүн операция болуптур. Ушул да мүмкүнбү? Анда, беш күн гемодез куюп эле жата бергенин эми эмнеге жашырат? Кылмыш иши козголбой туруп жабылып калганынын сыры - мунун артында бир чөң фигура турат. Болбосо, бир канча ирет өлүмгө алып келген операция жасаган адам дарыгер болуп иштөөгө акысы барбы.
- Сизде операциядан өлүмгө дуушар болгон тууралуу так маалыматыңыз барбы?
- Ооба. Биздин эле райондон дагы бир жаш жигиттин бутуна операцияны ушул Эсен Акматбеков жасаган. Гангренадан кайтыш болгондон кийин ал жигиттин ата-энеси Балыкчы шаардык ооруканасынан изилдеткенде "бутунун ичинде марли калган" деген жыйынтыгын угузушкан. Анда да баары "кыргызчылык" менен аяктап, ошонун запкысы кайра кайталанып отурат. Эми, мен аянбайм. Мен бул ишти аягына чыгарбасам, дагы бир, балким андан көп жаш өмүрлөр жайрап калбайбы!
- Эсен Акматбековго жолугуп, такташтырдыңызбы? Директору эмне дейт?
- Директор көңүл да бурган жок. Эсен Акматбеков бир да ирет алдыман чыккан жок. Мен үчүн алар да кызык эмес. болгону, прокуратура, комиссия баш болуп, ишти башка жакка оодарып жатканы гана түйшөлдүрөт. Бул өзү сыдырма сыяктуу, бири кетсе эле баары ажырап кетет. Ошо себептен, иштин аныгына жетүү үчүн эмес, улам бири-биринин былыгын жабуу менен алектенип жатышат. "Карга карганын көзүн чокубайт" дешет эмеспи, эмне карапайым адамдардын көзүн чокуй береби? Балким, чындыкты сууруп чыгып, карганын да көзүн чокутаарбыз.
- Дагы кандай иш аракеттер менен чындыкты ачууга белсенип турасыз?
- Буйруса, бардык маалымат каражаттарынын жардамы менен чара колдонсом деген пландар бар. Мына, азыр президент Роза Исаковнага, Ички иштер министири Кубатбек Байболовго, Саламаттык сактоо министри Сабирбек Абдикеримовго кайрылуу жазайын деп турам. Мен кырчын курагында кыйылган агам үчүн аягына чейин күрөшөм!





"Кызыл өрүк" талашка түштү
"Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет" демекчи, Мирлан Баековдун аткаруусундагы "Кызыл өрүгү" учурда дагы бир канча өктөө таарынычтын очогу болууда. Редакциябызга Урмат Бөкөнбаев деген жигит келип, "Кызыл өрүктүн" тарыхы тууралуу айтып берди.
- "Кызыл өрүктүн" автору менин эң жакын досум. Учурда Ошто концерт коюп жүрөт. Өзү жутунбаган, атымды чыгарсам деп жулунбаган адам. "Кызыл өрүктөн" башка дагы сонун "Наристенин көз жашы", "Кыргыз кызы мас экен" деген ырлары бар.
Эми, "Кызыл өрүктүн" сөзү, обону Мирлан Алыкуловдуку эле. Мирлан Баеков Мирлан Алыкуловдон сурап алат. Аны мен укканда, "Мен деле ырдап чыкмак элем" дегенимен, мага дагы уруксат берген. Ошентип, ырды жаздырып, "Кыргызстан обондоруна" алып барсам, Жаныбек деген режиссёру обого чыгартпай койгон. Эми Баековдун аткаруусунда обого чыккандан кийин менин аткаруумдагы "Кызыл өрүктү" да чыгарышыптыр. Баеков кайрымасын калтырып, калган текстти толук өзгөртөт. Обону дагы жай темпте эле, ага дагы аранжировканы башкача жасатып алган.
"Кызыл өрүктүн" сөзү башка болчу. Мен бул ырды Алыкулов кандай чыгарса ошондой ырдагам. Албетте, клип тарттырайын деген оюмда жок дечи, бирок Мирландын кайсы бир гезитке "Урмат деген бала ырдап жүрүптүр" дегенин угуп алып, нааразычылык пайда болду. Анткени, Мирлан Баеков, дагы бир канча бала болуп "Күйдүргү" деген театр ачып, чогуу эле жүрчүбүз. Мен чыгармачылык жолдошпуз деп жүргөм. Эми, ыр популярдуу болгондон кийин "…деген бала" болуп калганым таң калтырат.
Автордун деле таарынычы жок, болгону мага "Баеков сөзүн которуп ырдап жүрөт, сен мурдагы вариант менен ырдай бер" деп айткан. Эгер мен Баековдун ордунда болсом, Алыкуловдун атын чыгарып, ыраазычылык айтмакмын. Ал да болсо моралдык көтөрүүгө жатат да.

Жылдызай
Аттокурова