п»ї

Ойкуйт да, кайкыйт ак чардак
Акын Маматибраим Бостонкулов
Президенттин сыйлыгына ээ болду
Бир нече ырларга обон жаратып, ыр чыгарып жана чыгарма жазган акын Маматибраим Бостонкулов учурда Жалал-Абад областындагы Экономика жана ишкердик университетинин маданий- эстетикалык борборунун директору болуп эмгектенип келет. Буга чейин акын "Маданияттын мыктысы", "Билим берүүнүн отличниги" наамдарына ээ болуп келсе, эми Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ардак грамотасы" менен сыйланууда. "Мен буга чейин иштеп кеткен Президенттерден мындай сыйлыкты алган эмес элем, аткарган иштеримди туура баалап, мага ушул сыйлыкты тапшырып жаткандарына ыраазычылык билдирем, абдан кубанычтамын", -деген толкундануу сезимин жашырган жок.

Амир Аскаров эми дуэт ырдайт
Кыздардын сүймөнчүгү болгон ырчы Амир Аскаров чыгармачылыгын алдыга жылдырууда. Дегеним, жаңы ырларды жаратып, жада калса эми дуэт ырдаганы жатыптыр. Жаңы чыгарган "Сени эстеп" аттуу ырынын сөзү белгилүү гитарачы Дарханга таандык болсо, аранжировкасы менен обонун өзү чыгарган. Эми Амир сахнадан жалгыз эмес, Арноо аттуу кыз менен ырдап чыкмакчы.


Айдин Шер тушоо кесүү концертин берет
Айдин Шер 10-11- ноябрда эң алгачкы тушоо кесүү концертин тартуулайт. Кыргыздын ырым -жырымын бекем кармап, концерт башталар алдында Айдиндин тушоосун кесишет. "Кантип эле" деп таң калбай эле коюңуз. Атка минип, кыргыздын улуттук кийимин кийип, камчы кармап келген ырчы, улан-кыздарды эки топко бөлүп, жарышка салмакчы. Биринчи озуп келгендер байгеге ээ болушат. Биринчи орунга кой, экинчи келгендерге калпак,ал эми үчүнчү орунга Айдин Шер деп жазылган бычак тапшырышат. Андыктан, Айдиндин концертине чамдаңыздар!


Дайыр күйөрмандарынан электрондук белек алды
Дайыр Исмадияров өзүнүн фанаттарынан күтүүсүз белекке ээ болду. "Фан Клуб" күйөрмандары ырчыга арнап атайын сайт ачышкан. Эгер сиз ал сайтка баш бага турган болсоңуз, Дайырдын дүйнөсүнө түшүп калгандай сезимде болосуз. Дегеним, ырчынын бардык интервьюларынан тартып, сүрөттөрү слайд-шоу менен көрсөтүлүп, ырлары, клиптери, айтор, бардык маалыматтарды чогултушуп, Дайырдын өзүнчө бир "мекенин" ачып коюшкан. Анын дизайны дагы өзгөчө жасалгага ээ. Мындай сайт бар экендигин ырчы өзү да билген эмес, бул Дайыр үчүн күтүүсүз белек болду. Күйөрмандарынын белеги ырчыга дем күч берип, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө, жаңы ырларды жаратууга түрткү бермекчи. Эми Дайырдын күйөрмандары http:ismadiarov.ucoz.kz. сайтына кирип, толук маалыматтар менен кененирээк тааныша алышмакчы.


Лутфилланын үнү Кытайда жаңырат
Жаш ырчы Лутфилла бир туугандары менен биргеликте атасы Бусурманкулду ажыга жөнөтүп, өзү Кытайды көздөй бет алды. "Атам буга чейин, ажыга барууну самап жүрдү эле, бир туугандарым менен каражат маселесин чогуу көтөрүп, атабызды ажыга узаттык," - дейт. Ал эми өзүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында, ырчы, куудул Талант Анарбаев менен биргеликте чакан топ түзүшүп, Кытайдын Үрүмчү шаарына барып, кытайлык кыргыздарга концерт тартуулап келишмекчи. "Өздөрү чакырганына байланыштуу, барып концерт берүүнү туура көрдүк, эми Кудай буюрса, Үрүмчүдөн сырткары дагы башка шаарларды кыдырууга аракет кылабыз", -дейт жаш ырчы.





  Клип таржымалы

Динара Эсенгулова, продюсер:
"Балким, мындай окуя
Заринин башынан өткөндүр"
Жүрөгүндөгү сезимдерди элге жеткирейин деген максат менен "сүйүү" темасына арналган ырларды жаратып, шоу тармагына там -туң аралаша баштаган жаш ырчы Заринин "Кыз жүрөгү" аттуу ырынын клиби тууралуу продюсер Динара эже мындай дейт:

- Бул ырдын сөзү Кудрет Тайчабаровдуку, обону Ильяз Абдыразаковго таандык. Ал эми клиптин идеясы болсо, мага таандык. Бул клип абдан кыска мөөнөттө жаралды. Зари өзү Москвада жашаганына байланыштуу Бишкекке келгенде ыр жаздырып, ага клип тарттырууга үлгүрдүк. Клиптин каармандарын башка улуттун адамдары деп айтышат. Заринин жигити болуп аткарган мырзанын аты- Самандар, кайсы бир убактарда "ырчы болом" деп жүргөн кыргыздын эле жигити. Ал эми сулуу кыздын ролун Заринин эң жакын курбусу Зарина аткарды. Аларга ,албетте, гонорар төлөгөн жокпуз. (күлүп). Бир гана техникалык аппараттарды колдонууда, камера, светтерине гана акча төлөнүп, жалпысынан 600$ кетти. Бул Заринин биринчи клиби болгондуктан, клип тартууда кызыктуу окуялар көп болду. Биз ижарага алган "особняктын" ээлери таң калып, тарс жыгылышты. Үй ичинде ызы-чуу. Жигитин башка кыз менен кармап калган учурду аткарууда Зари кыйкырып, уруш чыгарышы керек эле. Мен бул сценарийге абдан санааркап жаткам, анткени, образга жакшы кирип, элге жеткире алабы деген суроо туулуп жаткан. Бирок убагы келгенде баарыбыз шок болдук. Эч нерседен уялбай, тайманбай, эшиктен кирип келери менен жигитин көргөндө катуу кыйкырып, беттен ары чаап, чаң салып кирсе болобу? Тартып жаткан операторлордун ооздору ачылып эле калды. Баарыбыз Зариден мындайды күткөн эмес элек. Чындыгында, анын актёрлук чеберчилиги мыкты экен. Клиптин уруша турган жерин кайталап тарттырат деп ойлоп жатсам, Зари бир эле дубль менен бүтүрүп койду. Ал эми идеясына кайрыла турган болсок, жакшы сөз бар эмеспи, "Эки коёндун аркасынан жүгүргөн адам экөөнөн тең кур калат" - дегендей эле, эки кыз менен жүргөн жигит экөөнөн тең кур жалак калып жатпайбы. Мунун дагы тарбиялык мааниси зор. Мен бардык жигиттерди бул каарманга салыштырбайм, бирок жаштарга сабак болсун деген максат менен клипти ушундай кылып тарттырууну туура көрдүк. Мындай окуяларга далай эле кыздар туш болушат да. Балким, Зари дагы мындайды башынан өткөргөндүр.





  Зари

"Кыз жүрөгү"
Сөзү: Кудрет Тайчабаровдуку
Обону: Ильяз Абдыразаковдуку
Карааныңды мага көрсөтпөй,
Ыйласам да сага сөз жетпей.
Жаным, күттүрүп сен кайда жүрөсүң?
Чынын айтчы кимди сүйөсүң?
Ишенчээк кыз жүрөгү,
Тунук сүйүү тилеги кыздардын.
Алданган сезимден,
Жаш тамды көзүмдөн арман ай.
Өчүрдүң жалынымды,
Калтырып көңүлүмдү.

Кайырма:
Арзуусу тунук, сезими ыйык,
Кыздын жүрөгү туруктуу.
Көздөрү ойноп, сезимди кордоп,
Жигит сүйүүсү кылыктуу.

Айтчы сага эмне жетпеди?
Ушул суроо ойдон кетпеди.
Жаным, эми сени эркелетпеймин,
Мүмкүнчүлүк такыр бербеймин.
Кечирбейт кыз жүрөгү,
Кетсе анын сүйгөнү башкага.
Алданган сезимден,
Жаш тамды көзүмдөн, арман ай.
Өчүрдүң жалынымды,
Калтырып көңүлүмдү.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??