п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кайф-сүрөт

Юристанбек Шыгаев,
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор:
"Мени кыздар талашып, чечине калышты"
- Украинада көргөзмөңүз болуп аткан экен, ошол туурасында кеп салсаңыз?
- Ооба, Украинада "Көчмөн эл" деген аталыштагы чоң көргөзмөм болуп атат. Бул атайын Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналат. Эң биринчи көргөзмөм Москвада болуп өткөн.Ташкентте, Иркутскиде, Молдовада болуп, эми Украинада көргөзүлүп атат. Чыңгыз Айтматов мага атамдай болуп калган. Айтматовдун атын укканда көрүүчүлөр дагы абдан көп келишти. Ал жерде байыркы кыргыздын тарыхына кайрылдык, кыргыздын башынан өткөргөн окуяларын, уламыш- жомокторун чагылдыруудан тартып, азыркы кыйын кырдаалга чейин сүрөтчүнүн көз карашы менен берилген. Ошол себептен көргөзмөбүз "Көчмөн эл" деген аталышта болду.
- Сиздин сүрөттөрүңүздү Америкада интернеттен чыгарып алышып, канча бир чоң суммага сатып атышыптыр деп уктук…
- Мен да өзүм таң калдым. Менин ойлоп тапкан технологиямды, Америка эмес бул эле Казакстандан кайталашып чыгарышты. Бирок мен патент алгам. Алардын ар бирине барып соттошконго менин убактым жок. Мен кенен кишимин да, ага эч качан таарынбайм. Дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде менин веб-сайтыма кирип, сүрөттөрүмдү көчүрүп тартып алышып, сатып атышат. Бирок анын баарына менин үнүм жетпейт.
- "Бодиарт" деп жылаңач кыздардын денесине сүрөт тартасыз. Бул эмнени түшүндүрөт?
- Бул индеецтерде болгон. Муну "тотемное искусство" деп коёт. Биздин Тоң районунда Ак-Сай деген жерде бир кемпир болгон. Ошол кемпир төрөй албай жүргөн келинди дарыламакчы болуп, өлгөн иттин баш сөөгүн таап майдалап, күл кылып туруп, анан келиндин ичине ошол күл менен сүрөт тарткан экен. Бир- эки айдын ичинде келиндин боюна бүтүп, тогуз айдан кийин бала төрөп алган экен. Ушул окуяны уккандан кийин менде бир ой пайда болду. Австралияда аборигендерди, тотемдик искусствону окуй баштадым.Бул шамандардын бир түрү. Бизде көз мончок, тумар таккан сыяктуу эле, аларда көз тийбесин деп денелерине ар кандай сүрөттөрдү тартышат.Кара дүйнөдөн, жаман сөз, жаман көздөн сактаныш үчүн аборигендер сырдуу сүрөттөрдү түшүрүшкөн. Мен заманбап киши болгондуктан,жылаңач аялдын денесине сүрөт тартуудан тартынган жокмун. Тескерисинче, ойлодум, аялзаты өзү татынакай, денеси татынакай, ошол татынакай денеге сүрөт түшүрсө эмнеге болбосун? Ошондон тартып бодиартка өттүм.
- Ошол кыздарды кайдан алып келесиз, арасында кыргыз кыздар барбы?
- Кыздарды моделдик агенттиктерден алып келем. Акчасын чоң суммада төлөп берем. Мисалы, 24-мартка "жоогазын революциясы" деген аталышта көргөзмө уюштуруп, төрт кыздын денесине сүрөт тарткам. Кыргыз кыздар да, орус кыздар да бар. Ошолордун денесине тартылган сүрөт аркылуу мен Кыргызстандын абалын чагылдырып бергемин. Бул көргөзмө көптөгөн чет мамлекеттерде көргөзүлүп, эң жакшы ийгиликтерге жетишти.
- Жылаңач кыздардын денесине сүрөт тартып атсаңыз, келинчегиңиз унчукпай турабы?
- Студент кезде кызганчу. Кантип тартарыңды көрөм деп келип, атайын көргөн. Жыйырма бала бир кызды тегеректеп алып жылаңач денесине сүрөт тартып атканыбызды көрүп алып таң калган. Эмне үчүн адамдар врачка барганда чечин десе чечинишет, ошондой эле, биздин дагы жумушубуз чечиндирип алып сүрөт тартуу. Мисалы, сиз мени менен сүйлөшүп атасыз, кийимиңиз бар, бирок мен сизди рентгендей эле кийими жок кылып фигураңызды даана тартып коё алам.Эгерде келинчегим бодиарт тартпа десе, анда менин колумду сындырган болот. Бирок антип айтпайт.
- Кыздарды кантип көндү-рөсүз?
- Алгач кыздар келгенде чечинип туруп бергенден тартынышат. Бир жолу төрт кыз келди, бирөө чечинип калганы уялып турушкан. Чечингенине сүрөт тартып баштасам "ой сонун массаж болот экен" деп калды, анан калганы дагы "мени тартыңыз, мени тартыңыз" деп талашып калышыптыр. "Мага эки эле кыз керек" десем болбой төртөө тең чечине калышты. Мен денелерине сүрөт тартам, сүрөтчү болсо бизди тартыш керек. Кыздарды көрүп сүрөтчү тим эле оозу ачылып калды. Сүрөт тартып атканын унутуп эле кыздарды карайт. "Ой сен тартпайсыңбы", десем, анан" аа, да, да" деп анан тартып калат. Кайра эле оозун ачып кыздарды карайт… А менде болсо эч кандай ой жок. Ар бир кызды карап туруп эле дене түзүлүшүнө карай кандай сүрөт тартса болорун билем. Өзүм сүрөткө берилгендиктен, эмне кылып атканымды, ким алдымда турганын унутуп калам. Мага бул көнүмүш адат болуп калган. Кыздардын жыныстык мүчөсүн табигый көрүнүшү менен тазалаттырбай туруп тарткан жакшы.
- Ошол кыздарды ата-энеси билеби же жашырынып тарттырышабы?
- Ата-энелери билишет. "Шыгаевге тарттырабыз" деп айтып анан келишет. Ал эмес өзүлөрүнүн сүрөтүн чыгартып, менден кол тамга алышып рамкага салып үйлөрүнө илип алышкан. Азыр дагы чалып "качан сүрөт тартасыз?" деп сурап турушат. Кыздар менин атым менен сыймыктанышат.
- Сиздин колдон жаралган бир, өзгөчө эмгегиңизди Жеки Чан сатып алган деп уккан жайым бар?
- Берлинде кадимки эле аюунун сүрөтү символ болуп эсептелинет экен. Жетимиш мамлекеттен сүрөтчүлөрдү чакырып аюуну сырдоо боюнча конкурс болгон.Менин эмгектерим эң жакшы деп табылып, жеңүүчү болгом. Конкурска эки аюу сырдагам, бирөөнү мэрия сатып алды, бирөөнү Жеки Чан сатып алды.
- Канчага саттыңыз?
- Үч жарым миң еврого саттым. Бул абдан эле аз акча. Бир жакшы жери Жеки Чан бул сүрөттү Гонконгдогу жетим балдарга арнап сатып алган. Кийин ошол мен боёгон эки метр аюунун дал өзүндөй боёлгон жыйырма сантиметрлик аюуну мага белек кылып салып жиберишкен. Менин сүрөттөрүмдү өзүндөй кылып түшүргөндөрүнө таң калдым. Азыркы технология укмуш да. 94-жылы Аскар Акаев Президент болуп турган кезде, Франциянын Президентине менин картинамды белек катары тартуулаган. Ошол эле жылы Бельгиянын королуна дагы белек кылып менин картинамды берген. Германиянын Президенти дагы алган.Мындан сырткары, бүткүл дүйнө жүзүндө менин көргөзмөлөрүм бар. Германия менен Америка менин бактымды ачты.
- Бир жылдык жашооңузга жеткидей акча табыш үчүн канча картина сатасыз?
- Бир жылдык жашоомо бир картина сатсам жетет. Баасын айтпай эле коёюн, абдан кымбат турат. Бирок менден сурагандар көп болуп бир жылда ондон ашык картинам сатылат.
- Келинчегиңизге кол көтөрүп көрдүңүз беле?
- Кол көтөргөн эмесмин. Бирок соз менен аябай жаадырам. Жаандай эле жаадырам.
- Жаадырганда кандай, сөгөсүзбү?
- Кээде жиним келгенде болот. Бирок көбүнчө таарынып, тултуңдап кетип калам. Мен кетип атканда эле билет "аа, бул кетти" дейт да унчукпай калат. Кайра бир-эки жумадан кийин эле өзү сагынып чакырат. Аял акылсыздык кылган кезде, ага теңелип кол көтөрүп отурбай эле, ушундай жол менен жазалайм.
- Кетип калып кайда барасыз?
- Өнөрканама барам. өнөрканам- менин биринчи үйүм. Чет мамлекеттен келгенде да биринчи өнөрканама барып анан үйүмө барам.
- Эркекке сүйүү бир нече ирет келет дешет, ушул чынбы?
- Чыгармачыл адам сүйүүгө абдан жакын болот. Чыңгыз Айтматов дагы убагында далай сулууларды сүйгөн экен. Мария Урматовна эч нерсе кыла албайт, кийин баары ачык айтылды. Ошол сыяктуу меники да убагы келгенде жазылат го деп ойлойм. Мен абдан сүйүүгө жакын адаммын. Сүйүү мага дайыма дем берет. Сүйүү аркылуу эң сонун эмгектерди жаратам. Ошого жараша адамга кылган мамилем дагы таза, тунук.
- Чыңгыз Айтматов Таттыбүбү, Бүбүсара сыяктуу белгилүү айымдарды сүйгөн турбайбы. Сиз дагы азыркы учурдун белгилүү айымдарын сүйөсүзбү?
- Эми аны ачык айтсам жеңеңер үйдөн кубалап ийип жүрбөсүн. Кой айтпай эле коёюнчу. Белгилүү болобу, же жөнөкөй болобу, бардык айымдардын өзүнчө өзгөчөлүгү, сулуулугу бар да. Аны эркектер жакшы билебиз.
- Сулууларды сүйүп жүрсөңүз анан кантип бир аял менен жашап жүрөсүз?
- Сүйүү деген жеке эле төшөк мамилеси эмес да. Сүйүү-бул жакшы мамиле, жакшы сүйлөшүү, бири-бирин баалоо, сыйлоо, бири-бирине жакшы сезимдерди арноо. Өзгөчө чыгармачыл адамдарда сүйүү болмоюнча жакшы чыгарма жаралбайт. Бирөөнүн мүнөзү, бирөөнүн фигурасы жагып калышы мүмкүн. Пикассонун тогуз аялы болгон. А меники бирөө эле. Бирок сегиз сүйгөнүм бар.
- Маегинизге чоң рахмат. Эми эркин сөз.
- Бүгүн эле токтомду кабыл алдык. Биздин музейдин кызматкерлеринин эмгек акысы сексен пайызга көбөйдү. 1500сом алгандар азыр 3000 сом, 3000 алгандар 6000сом айлык алып калышты.Сиздердин гезит аркылуу, Президентибиз Роза Исаковна Отунбаевага биздин жалпы жамааттын, 120 кишинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Сиздин дагы ишиңизге ийгилик.

Айсулуу Эсен кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??