Даам сызыңыз

Кудаларга куурума закуска
Дасторкон жайуу- өзүнчө бир искусство. Аны укмуштуудай кооздоо ар бир кожойкенин колунан келе бербейт. Айрыкча, азыр аш, тойдун маалы болуп жаткандыктан, той ээлери дасторконун элдикинен өзгөчө даярдагысы келет. Кожойкелерге куурума "закускалардын" рецебин беребиз.


"Рататуй" закускасы
Курамы:
Кызыл болгар калемпири - 1даана;
Пияз - 2 баш;
Сарымсак - 3 тишчеси;
Баклажан - 2-3 даана
Оливка майы- 6 аш кашык;
Розмарин - 0,5 чай кашык;
Помидор - 2;
Баклажан - 0,5 кг;
Петрушка.
Даярдоо ыкмасы:
Болгар калемпирин, пиязды, баклажанды орто чарчы көлөмдө туурап аласыз. Сарымсакты абдан майдалап, тууралган жашылчага аралаштырасыз. Майды ысытып, пиязды кууруп алган соң, болгар калемпирин кууруйсуз. Помидордун ширесин куюп, сарымсак менен баклажанды кууруп аласыз. Салат бышканда, помидорду жука кесип, өзүңүз каалаган көк чөптөр менен кооздосоңуз болот.

Алмадан жасалган блинчик
Курамы:
o Ун - 1 чыны;
o Кефир - 1 чыны;
o Алма - 1 тоголок;
o Шекер, татымына жараша туз;
o Бычактын учу менен бир сода.
Даярдоо ыкмасы:
Унга кефирди кошуп, аралаштырасыз. Ага сода, шекер, татымына жараша тузду кошосуз. Жакшылап аралаштырып, өткөргүчтөн өткөзүлгөн алманы кошосуз. Камырды мискейдеги майга кууруйсуз. Блинчиктин курамында алма болгондуктан, кичине кычкыл болуп калышы мүмкүн. Анын бетине шекерден себелеп койсоңуз, жакшы даам берет.

"Күзгү салат"
Курамы:
Тоок буту - 2;
Козу карын - 150г;
Тоголок пияз - 1 баш;
Сабиз - 1 баш;
Туздалган бадыраң - 2-3 баш;
Жүгөрү - 4-5 аш кашык;
Жумуртка - 2 даана;
Сарымсак - 1-2 тишче;
Өсүмдүк майы, туз жана калемпир.
Даярдоо ыкмасы:
Тооктун этин сууга кайнатып алып, сөөгүнөн ажыратып, майда туурайсыз. Козу карындарды жууп, кургатып, тилкесинен туурайсыз. Тоголок пиязды жууп, майда туурайсыз. Сабизди чоң өткөргүчтөн өткөрөсүз. Консервадагы жүгөрүнүн суусун төгүп саласыз. Бадыраңды төрт чарчы кылып туурайсыз,жумуртканы сууга бышырып, муздаганда өткөргүчтөн өткөрөсүз. Мискейди отко коюп, өсүмдүк майын куюп, пиязды кызарта кууруйсуз. Пиязды өзүнчө алып, сабизди да кызарта кууруйсуз. Козу карындарды да кызарта кууруп аласыз дагы, даяр болгон азыктарды катар-катар кылып тарелкага саласыз:
1. Тооктун этинин жарымы
2. Бадыраңдын жарымы
3. Козу карын
4. Сабиздин жарымы
5. Пияз
6. Сабиздин жарымы
7. Бадыраңдын жарымы
8. Тооктун этинин калганы
9. Жүгөрү
10. Жумуртка
Баарын биринин үстүнө бирин коюп бүткөн соң, үстүнөн майонезди шыбап, жүгөрү жана чөптөр менен кооздоп коёсуз.

Чипсы менен сыр
закускасы
Курамы:
o 100 г сыр;
o 300 г помидор;
o Сарымсактын эки тишчеси;
o Майонез;
o Картошканы майга кууруйсуз (чипсы узун болушу шарт);
o Кооздогонго маслина керек.
Даярдоо рецеби:
Помидорду, көк чөптөрдү майдалап туурайсыз.Сырды майда өткөргүчтөн өткөрөсүз. Помидор, жашыл чөп жана сырды аралаштырасыз. Сарымсакты жанчып, аралашмага кошосуз. Тууралган, майдаланган азыктарды майонезге аралаштырасыз да, чипсыга салып, үстүнөн маслина менен кооздоп коёсуз. Астына салат жалбырагын коюп, чипсыларды гүл формасында жайгаштырсаңыз, дасторконуңуздун ажарын ачат.

Жумуртка
куюлган котлет
Курамы:
Фарш (уй эти) - 300-400 г;
Тоголок пияз - 1 шт;
Сыр - 100-150 г;
Жашылча;
Туз;
Болгар калемпири;
Өсүмдүк майы;
Даярдоо ыкмасы:
Сырды чоң өткөргүчтөн өткөрөсүз. Көк чөптөрдү (укроп, петрушка), пиязды майдалап туурайсыз. Ысык майга пиязды кызарта кууруп аласыз дагы, өзүнчө бөлүп аласыз. Фаршка даяр болгон пиязды, сырды, көк чөптөрдү, туз, калемпирди аралаштырасыз. Фаршты тоголоктоп, ортосун жумуртка бата тургандай оюк кыласыз дагы, ысытылган майга кууруй баштайсыз. Эки жагын тең алмаштырып кууруп бүткөн соң, оюп койгон котлетке жумуртканы саласыз да, духовкага 15-20 мүнөтчө коёсуз. Андан кийин, өзүңүздүн фантазияңызга жараша кооздоп, коноктун алдына койсоңуз болот.

Ашпозчуга кеңештер:
Ачыткынын ордуна, унга коньяктан бир стакан кошуп койсо, камырдын даамы жакшы болот жана камыр ачыткынын убактысында эле ачыйт.
Камырды жууруп бүткөндөн кийин, түтүкчө кесмеден кээ бир жерлерине тыгып койсо, камыр бат ачыйт.
Шорпого бир кесим музду салып, кайнатса тунук болот.
Балыктын жытын кетирүү үчүн, лимондун ширесине жууш керек.
Картошкадан жасалган пюре же картошка котлетке сода кошуп койсо, көөп чыгат.
Жуулбаган көк пияз көпкө сакталат.
Картошканы сууга бышырып жатканда, сууга лавр жалбырагын, бир боо укроп кошуп койсо даамы жакшы болот.
Балыкты кууруурдан мурун 30 мүнөт туздап койсо, өзүнүн формасын жоготпойт.
Балдардын боткосун сырдалган мискейге бышырыш керек

Сайра Сопушева