Ден соолук

Редакциябызга адистердин кеп-кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылгандар көбөйүүдө. Бул саныбызда косметологго суроолор көп келгенине байланыштуу адистен жооп алып бергенге аракет кылдык.

Косметологдун кеңеши
"Алета" сулуулук салонунун косметолог-визажисти Айдай Тынчерова Тынычбековна жооп берет.

Төрөттөн кийин беттеги кара тактарды, сепкилдерди кантип кетирсе болот. Ага чара көрүш керекпи же өзү эле кетеби? Алиман, 26 жашта.
- Төрөттөн кийин айымдар бизге келип пилинг кылдырышат. Биринчи бөйрөктөрдүн абалына көңүл бурабыз, эгерде анализдер жакшы болсо, анда пилингге өтөбүз. Үстүртөн чыккан майда сепкилдер өздөрү кетип калышы мүмкүн, ал эми кара тактарды косметологиянын жардамы менен пилинг аркылуу жок кылабыз.
Менин тырмагым абдан жука, өссө эле сына берет. Кантип чыңдасам болот? Алина, 21 жашта.
- Лимонду экиге бөлүп, тырмактарды салып туруш керек. Андан тышкары, эртең менен кечинде кальций ичиш керек. Бир ай ичсеңиз жетиштүү болот. Мен кайрылгандарга дайыма Д-3 кальцийин сунуштайм.
Мен бетиме химиялык терең (глубокий)пилинг жасаткам, бетим жай түлөп жатат. Анын жай түлөшү эмне себептен болууда? Бермет, 28 жашта.
- Пилинг кылганда бет сөзсүз түлөйт. Эгерде терең пилингди дароо жасатса, анда бет жабыркап калышы мүмкүн. Алгач, бетти акырындап даярдап, анан убагы менен терең пилингге өтүшү керек. Ал эми жай түлөшү, анын бетине таасирин дагы да тийгизип жатканынан кабар берет. Бетти кремдер менен азыктандырып, массаж кылып туруу зарыл. Бет өз калыбына келгенде жакшы болуп калат.
Самын менен бетти жууганга болобу? Анын таасири эмнеде? Эля, 20 жашта.
- Бетти самын менен такыр жуубаш керек. Эгер колдон келсе денени дагы самын менен жуубаганга аракет кылыңыз. Ал терини кургатып жиберет. Андан көрө гель алып жууганыңыз оң.
Мен бала эмизем, пилинг кылсам болобу? Бегимай, 32 жашта.
- Жок, такыр болбойт. Анткени, балага да витаминдер барыш керек. Азыр ага пилинг кылууга болбойт. Бир гана бетке крем сүйкөп, маскаларды колдонсо болот. Витаминдерди колдон. Андан көрө өзүңдүн сүтүң менен бетинди сүртүп тур. Ал эми пилинг, эмизген энелерге каршы көрсөтүлөт.
Беттеги безеткилерди үй шартында кантип кетирүүгө болот? Назира, 17 жашта.
- Безеткилерди дарылоо керек. Мисалы: балдар жыныстык жактан жетилгенде, кыздардын айызы келе баштаганда безеткилер чыгат. Көпчүлүк ата-энелер аны түшүнүшпөйт да, "күйөөгө тийгенде жоголуп кетет, же бул убактылуу гана" деп айтып коюшат. Бирок өз учурунда дарылап калбасак, акырындап далыга, анан колдорго чыгып, денеге жайылып кетет. Мындай учурда косметологго кайрылыңыз. Ал эми үй шартында бетти "солициловая кислота" менен кечкисин тазалап туруш керек. Күндүзү күндөн сактанып, абдан ачуу,куурулган тамактардан, таттуудан, алкоголь ичимдиктеринен алыс болушу керек.
Кечкисин макияжды албай уктаганда, бетке кандай таасирин тийгизет? Рахат, 22 жашта.
- Ар бир косметиканын курамында химиялык зат бар. Макияжды албай уктаганда бырыштар тез түшөт, эрте карыйт. Ар кандай тактар пайда болуп, беттин өңү бузулат. Безеткилер пайда боло баштайт. Жатар алдында макияжды сөзсүз алышы керек, антпесе, беттин териси дем ала албай калат.
Пилинг кылдыруу үчүн бетти алдын -ала даярдаш керекпи? Мунара, 25 жашта.
- Ооба, биринчи даярдык көрүш керек. Эгерде бетте демадикоз (беттин алдыңкы катмарындагы курттар) бар болсо, биз аларды лабораторияга жөнөтөбүз. Аларды дарылагандан кийин, бетти тазалоого өтөбүз.
Бетти канча убакытта бир тазалатып туруш керек. Кышында тазалатыш керек дегенге кандай карайсыз? Айсулуу, 24 жашта.
- Эгерде бет кургак болсо, анда эки айда бир жолу тазалатса болот. Ал эми майлуу беттерди жарым жылда бир тазалатыш керек. Канчалык бат-баттан тазалатып турса, бет дагы ошончо таза, тунук болот. Кышында гана эмес баардык мезгилдерде тазалатууга боло берет.
Үйдөн алма, алмуруттун кабыгынан бетиме маска коюп турам, анын пайдасы жана зыяны тууралуу айтып бериңизчи? Назгүл, 23 жашта.
- Анын эч кандай зыяны жок. Биздин терибиз "губка" сымал, баардыгын сиңирип алат. Өзгөчө беттин териси абдан сезгич. Эшикте жүргөндө да, машинанын, тамекинин түтүнүн, чаңдарды дагы жутуп алат. Кечкисин алма, алмуруттан маска коюп турсаңар абдан пайдалуу.
Көздүн алдындагы мимикалык бырыштар эмне себептен келип чыгат. Кантип алдын алууга болот? Мадина, 27 жашта.
- Кээ бир адамдар бар, дайыма күлүп жүрүшөт. Кээ бирлердин мимикалык бырыштары "генетикадан" болот. Бырышы жоктор деле кечкисин жатар алдында көздүн тегерегин олив майы менен сүйкөп коюш керек. Кимдин териси кургак болсо, макияжды дагы олив майы менен сүртсө жакшы эффект берет. Анткени, анын курамында витаминдер көп.
Мен бетимди тазалаткам, бирок чекемдеги безет килер кеткен жок, жыйынтыгын көрө алган жокмун, кайра күчөгөндөй болуп жатат? Зарина, 27 жашта.
- Сиз бетиңизди тазалаткандан кийин, косметологдун айткандарын аткарышыңыз керек, туура кам көрүүнү улантыңыз. Кечкисин "Солициловая кислота" менен сүртүп туруңуз, кичине бөтөлкөнүн ичине жылуу суу куюп, жарым лимондун согун аралаштырып, анан чекеңизге чачып турсаңыз жакшы болот. Безеткилер чыкканда таттуу жегенге да болбойт.
Мен бетимдин түсүн ачык кылгым келип жатат, ромашканын суусу, сабиздин согу менен тазаласам болобу? Бир жумада канча жолу колдонушум керек? Айпери, 28 жашта.
- Абдан жакшы болот. Ромашканын жана сабиздин курамында "а" витамини бар. Ал антистеп, бетти безеткилерден дарылайт, эгер безетки жок болсо, кирлерден тазалап, жашартат, бир жумада эки-үч жолудан колдонуп турсаңыз болот.
Мен аябай үшүп, же ысыганда беттерим кызарып кетет, мындай учурда кандай крем колдонушум керек? Айсулуу, 24 жашта.
- Аябай үшүгөндө, же ысыганда тамырлар чыңалып, кызарып кетет. Алардын баары бетке туура кам көрбөгөндөн келип чыгат. Эмне үчүн айыл жергесиндеги кыздардын беттери кызыл болуп калган? Алар беттерин күндөн, сууктан сактаган эмес. Ошондуктан, алардын тамырлары чыгып кызарып калган. Аларга "парга" олтуруу дагы болбойт. Бетиңиздин терисин кандай экенин аныктаган соң, ага ылайык кремдерди колдоно бериңиз.
Пилинг деген эмне, анын түрлөрү жөнүндө айтып берсеңиз? Нури, 22 жашта.
- Пилинг-бул күйгүзүү, беттин биринчи катмары толугу менен алынат. Тери жаңыланат. Пилинг -бул бетти жашартуу, тазалоо, ар кандай майда, мимикалык бырыштардан арылтуу болуп эсептелинет. Ал беттин ачык, тунук, таза, ак болуп көрүнүшүнө алып келет. Пилинг үстүңкү, ортонку, терең болуп бөлүнөт. Азыр косметологияда пилингдин ар түрүн колдонууга болот, керек болсо терини толугу менен кайра калыптандырып алууга мүмкүнчүлүктөр бар.
Үй шартында кирпик чаптагам, ал үч жума жүргөндөн кийин өзү түшүп калды, өз кирпиктериме таасирин тигизбейби? Эркинай, 22 жашта.
- Өзүңүздүн кирпигиңиз аз болсо да түшүп калган. Эч нерсе болбойт. Дарыканандан "костор майын" алып күндө сүйкөп турсаңыз, кирпиктериңиз өз калыбына келет.
Чачым аябай түшүп жатат, коюу болушу үчүн үй шартында кандай маскаларды колдонсом болот? Аяна, 30 жашта.
- Чачтын түбүн, тамырларын чеснок менен сүртүш керек. Абдан сасык болсо да ушул масканы колдонсо жакшы болот. Чеснок менен сүртүлгөндөн кийин 20 мүнөт кармаган соң, жууп салуу керек. Андан кийин чачтар капкара анан жыш болуп чыгат.


Анардын пайдасы:
Кыш келгенден тартып, дүкөндөргө, базарларга көптөгөн экзотикалык мөмө жемиштер чыга баштайт. Алардын катарында чыгыштан келген анар дагы бар.
Анын пайдасы тууралуу бир ооз сөз.

1. Каны аздарга абдан пайдалуу, анын гемоглобинин көбөйтөт. Анардын курамында "темир" бар. Жакшы эффект бериш үчүн бир күндө жок дегенде бир анарды жеш керек.

2. Ич ооруганда, анардын кабыгын майдалап,200 мл сууга салып, 15 мүнөт кайнатыш керек. Ал муздагандан кийин бир чай кашык шекер салып даярдап алып, күнүнө бир кичине кашык менен 3-4 жолу ичип туруш керек.

3. Анардын согунда агартуучу зат бар. Андыктан, бетке маска катары колдонсоңуз болот.

4. Ысытма жогорулап кеткенде, анардын ширесин колдонуңуз.

5. Анардын ширеси менен оозду чайкап турсаңыз, жагымсыз жыттардан арыласыз.


Эгерде косметолог,
гинеколог, дермотолгго
же башка тармактын адистерине суроолоруңар болсо, же алардын кеңешине муктаж болсоңуз, редакциянын 0312449821 номерине чалып, кызыктырган суроолоруңузду берсеңиз болот же 0779232776 номерине смс жөнөтүңүз. Биз сиздерге мыкты адистерден жооп алып берүүгө аракет кылабыз.