п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кыздарды "сүннөткө отургузуу" же кын тилди кесүү
Биз буга чейин ислам мамлекеттеринде эркек балдарды сүннөткө отургузуу боюнча кабардар болуп келгенбиз. Көрсө, кээ бир мусулман өлкөлөрүндө, Африкада ж.б. салтты катуу кармаган мамлекеттерде кыздарды да сүннөткө отургузуу тууралуу маалымат бермекчибиз. Кыздарды сүннөткө отургузуу одоно угулат. Бирок салт боюнча сөзсүз түрдө 3-4 жашка чейинки кыздын кын тилин кесип салышат экен.


Кыздарды "сүннөткө отургузуунун" тарыхынан
Кыздарды "сүннөткө отургузуу" (кын тилин алуу) салты алгач Байыркы Египетте башталган. Инк империясындагылар биринчилерден болуп, кын тилге хирургиялык операция кылышкан. Кыздардын кын тилин кесүү, учурда 30 өлкөдө колдонулуп келет. Африканын жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө көп колдонулат. Ал эми Азия мамлекеттеринде, Филиппинде, Малайзияда, Пакистанда жана Индонезияда салт катары каралат. Араб Эмираттарында, Түштүк Йеменде, Оман жана Бахрейнде, Латын Америкасында, Бразилияда, Мексиканын чыгыш тарабында жана Перуда да кыздардын жыныстык тилин кесип жүрүшөт.


Мусулманчылыкта кандай?
Мусулманчылыкта кын тилди кесүүгө болбойт. Шарыятта, ден соолукка зыянын алып келген нерселерди кылганга тыюу салынган. Кын тилди кесүү боюнча Куранда жазылган эмес. Мындай карай келсек, ислам дини пайда боло электе эле араб өлкөлөрү бул салтты колдонуп келишкен. Көнгөн элди башка нукка буруш кыйын эмеспи, кын кесүү салтын таштай албаган эл, ислам динин тутунса да кын кесүүнү токтотушпай келет.


Кын тилдин чоң болгону эркекти жүдөтөт
Кыздардын жыныстык мүчөсүндөгү кын тили ар кимисинде ар кандай өөрчүгөн. Кээ бириники төрөлгөндө эле чоң болсо, кээ бириники төрөгөндө чоңоюп кетет. Кын тилинин чоң болгону жыныстык катнашта бир топ кыйынчылыктарды пайда кылып, эркекти жүдөтүп жиберет. Ошондуктан, кээ бир өлкөлөрдө аны пластикалык жол менен алдырып жүрүшөт. Мындай операция жарым саат убакытты талап кылат. 2007-жылы Америкалык Акушер-Гинекологиялык Колледжинин профессорлору:"Кын тилди алдыруу ден соолукка зыянын тийгизбейт", - деп айтышкан.
Египетте 1997-жылдан баштап аталган салтка мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Ошого карабастан, медициналык жол менен операция жасаткандардын саны арбын.


Эмнеге эле арабдар башка улуттун кыздарына кызыгат десе…
Мындай нерсени жазып отуруп, төмөнкүдөй нерсеге туш болдум. Эмне эле Араб өлкөлөрүнүн эркектери көп аял алып, ойнош күтөт десе, анын да өзүнчө бир сыры бар экен да. Көрсө, кээ бир өлкөлөрдө кын тилин алдырбаган кыздар сексуалдуу болуп, алардын жыныстык катнашка болгон каалоосу жогору болот.Анткени, кын тили ар кандай сексуалдык таасирлерден улам дүүлүгүп, кыздар мастурбация жасашат. Ошондуктан, салтты кармаган өлкөлөрдөгү эркектер, кын тили бар кыздарга баш кошуудан коркушат. Анткени, алардын жыныстык каалоосу жогору болуп, кээ бир учурда канааттанбагандыктан, башка эркектерге кетип калышы толук мүмкүн. А кын тилди алдырганда сексуалдык каалоо төмөндөп, кыздар жыныстык жашоого көп деле кызыкпай калышат дагы, өздөрүнүн күйөөлөрүнө ишеничтүү жубай болуп беришет. Сомалиде, Суданда жана араб коомчулугунда "кын тилин алдырбаган кыздар "түнкү көпөлөктөр" болушат" - деген пикир кеңири тараган.


Көнгөн адат калабы?
Британияда кын тилди кесүүгө 1985-жылы мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Ошентсе дагы, дегендей, көнүп калган адат уланып, ата-энелер кыздарын өз өлкөсүнөн тышкары алып барып, кын тилине операция жасатып келишет. Андайга акчасы жетпеген жакырлар болсо, үйдөн эле жасашат. Бирок жашыруун жасалат. Эгерде, укук коргоочулар билип калса, бул боюнча соттолуп да кетиши ыктымал.


Индонезияга ислам дини менен кошо келген
Индонезияга аталган салт ислам дини менен кошо келген деген имиштер бар. Алгач, жыл сайын пайгамбардын туулган күнүндө кан чыгармай салтынан улам көнүмүш адатка айланып кеткен. 1990-жылы Индонезиянын өкмөтү балдардын укугу боюнча конвенция кабыл алгандан тарта, аны "балдарды сексуалдык жактан зордоо" катары карай баштаган.


Кыздарды "сүннөткө отургузуу" -тукумсуздукка алып келет
Аялдардын укугун коргоочу уюмдар бул салтка тескери көз карашын билдирип жүрөт. Алардын тизмесинде "сүннөткө отурган" кыздардын саны 135 миллиондон ашты. Ал кыз-келиндер салтты сыйлап, баарына көз жумгандар. Учурда болсо, швед окумуштууларынын изилдөөсү боюнча, кыздарды "сүннөткө отургузуу" аялдардын тукумсуздугуна алып келерин тастыктады. Анан дагы, "сүннөткө отургузулган" кыздар, жыныстык жактан жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөрдөн болуп калат.




1. Кыздарды "сүннөткө отургузуу" боюнча кабарыңыз барбы?
2. Эгер Араб өлкөлөрүндөгү кыздарды "сүннөткө отургузуу" салтын бизде да колдонсо, "түнкү көпөлөктөр" азаят беле?
Урмат Үсөнов, ырчы:
"Ою пас болсо, сүннөт
да жардам бербейт"
1. - Чынын айтсам, кыздарды сүннөткө отургузуу боюнча сенден биринчи жолу угуп атам.
2. - Ал салт биздин кыздарга эч кандай тиешеси жок болуш керек деп ойлойм. "Сүннөткө отургузуунун" деле кажети жок. Ал адамдын моралдык деңгээлинен көз каранды. Эгерде ал адамдын ойлонуусу терең болсо, андай жолго барбайт. Анан, албетте, өзүнүн ойлогон ою пас болсо, "сүннөт" дагы жардам бербейт.

Нурзат Токтосунова,
теле алып баруучу:
"Алардын биринчи маселеси
акчада болуп жатат"
1. - Ооба, бул боюнча мурунтан эле маалыматым бар. Кээ бир кыздардын кын тилин кескенде, кансырап өлүп калгандарын да кулагым чалган. Анан, кансырап жатканда, канды токтотуш үчүн, кийизди күйгүзүп, ошол жерге басышчу экен.
2. - Биздин аң- сезимибиз өзгөрмөйүнчө, ал нерсени өзгөртүүгө болбойт го. Кыздарды "сүннөткө отургузуу" таптакыр эле болбогон нерсе. Эгер ал салтты биз колдоно турган болсок, Кыргызстанды башынан алмаштырышыбыз керек. Ал эми проституция жөнүндө сөз кыла турган болсок, көчөдөгү кыздар жыныстык жашоого муктаж болгондуктан чыккан жери жок да. Алардын биринчи маселеси акчада болуп жатат.

Кундуз Качкынбаева, алып баруучу, акын: "Андай салтты карманууга
бизге кеч"
1. - Жок, уккан эмесмин. Мындай болуу мүмкүн эмес го.
2. - Биринчиден, ал салтты биз колдоно албайбыз. Бизде да Араб өлкөлөрүндөгүдөй, кыздарды "сүннөткө отургузуу" салты мурунтан эле колдонулса, мүмкүн "түнкү көпөлөктөр" азыраак болмок. Бирок, тилекке каршы, андай салтты карманууга бизге кеч. Азыр бул салтты эч ким кабыл албаса керек. Ан үчүн, биздин ойлонуубузду, каада-салтыбызды түп тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек.

Сайра Сопушева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??