п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-142- 1. Мен алтын апам Айшага, атам Керезге ысык салам жолдойм. Ден соолук, иштериңерге ийгилик каалайм. Биздин төрүбүздө аман-эсен жүрүп, балдарыңардын убайын көргүлө. Бишкектен Адинай.
ОП-142 -2. Кара-Сууга келгениңизде "эркек болсоң сүрөткө түш" деген кыз мен болом. 0554341ххх
ОП-142 -3. Омар, келе жаткан туулган күнүңүз менен, экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө турбайбы? Көрдүңүзбү, Аллахым бизди жакындаштырууда, балким, экөөбүздүн очогубуз бирдир. 0554341ххх
ОП-142- 4. Омар, экөөбүз турмуш курсак, сизге эгиз балдарды төрөп беремин. Иншалла.0554341ххх.
ОП-142-5. Омар, эгер сиз башкага үйлөнсөңүз, мен үчүн жашоо кызыксыз. Менин бактым сиз менен гана. 0554341ххх
ОП-142-6. Менин кийим-кечелеримдин баарын Омар жана LA деген жазуулар басып кетти, мен сизди түбөлүккө сүйөм. 0554341ххх.
ОП-142-7. Омар, клибиңизге түшөйүнчү, сураныч, Ошто сонун жерлер бар. Ошол жерлерден түшөбүз, баарын өзүм каржылайм. 0554341ххх.
ОП-142-8. Омар, сизге жетүү үчүн ырчы болсом дейм, сизди сүйөрүмдү досторум, ата-энем, бир туугандарым билишет, өз атым өчүп "Омарка" болдум. 0554341ххх
ОП-142 -9. Омар, сиздин "Жан тумарым" деген ырыңызга клип тарттырдым эле, башкы каарман мен болдум, ырдаган жериңиз да бар,сиз менен кандай байланышсам болот? Ома+Омарка. 0554341ххх
ОП-142-10.Обон, саламатсыздарбы! Биздин саламыбыз жаш жана таланттуу ырчы Омар байкеге жолдонот. Сизге чын ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди каалайбыз. Айкөкүл, Жылдыз.
ОП-142-11. Салам Омар, мен сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайм, мен сиз менен сыймыктанам. 0552000ххх
ОП-142-12. Омар байке, ырчылык сизге кесиппи же хоббиби?- деп Бактыгүл
ОП-142 -13. Салам, кыргызымдын сулуу, татынакай кыздары, чалгыла таанышабыз, достошобуз. 0554905ххх.
ОП-142-14. Менин сагынычтуу саламым, кымбаттуу досторума арнайын. Жанусь Роза, Зуля, Ырысбек 91, Ринат 91, Мухит, Элдос. 0771899ххх.
ОП-142-15. Нури, Айгүл, Алина, Айчүрөк 93, Ангел Асем, Сара 95, Зуурага жана жакшы көргөн сиңдим Элишка бабуге жолдонот. Досторум, эч качан жүзүңөрдөн күлкү кетпесин жана мени унутпагыла. 0771899ххх.
ОП-142-16. Жаным Бекзат! Мен сизди гана сүйөм. 0771899ххх
ОП-142-17. Зуля досум, мени сагындырып кайда жүрөсүң? Кабарыңды айтып койчу сураныч? Сени сагынып кеттим. Аси.
ОП-142-18. 10% сулуулугуна суктанам, 20% жакшы көрөм, 40% сен дейм, 50% жанымсың, 60% сагынам, 70% көргүм келет, 80% жашоомсуз, 90% сүйөм, 100% кызганам. Уйкучу кыз.
ОП-142 -19. Калыс-Ордо жаңы конушунун тургундары: атам Абдисаттарды 16- ноябрь, апам Гульназды 22-ноябрь туулган күндөрү менен куттуктайм. Биздин бактыбызга бар болуңуздар. Жасмин, Капмитан, Алина.
ОП-142 -20. Менин досторум: Ильяз, Максат, Мээрим, Зуля, Ангел, Бакуля, Назгуля, Айгерим, силерди ар убак сыйлайм жана жакшы көрөм, ар дайым аман болгула. Айдайка.
ОП-142 -21. Достор, келгиле намаз окуйбуз! Ошондо баары жакшы болот Эгер намаз окубасак, Алланын алдына барганда эмне деп жооп беребиз? Ошондуктан, 5 парзды аткарып, 5 убак намазды окуйлучу! 0778584ххх
ОП-142- 22. Омар байке, иштериңизге ийгилик! Аллахым сизден эч качан жакшылыктарын аябасын, эч качан оорубаңыз! Аллах деп, ата-эне деп, бир тууган деп соккон жүрөгүңүздүн жылуулугу өчпөсүн. Элишка бейби.
ОП-142-23. "Обондун" супер СМСчилерине салют! Эч качан оорубагыла ! Жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин! Силерди абдан жакшы көрөм! Элишка бейби. 0778584ххх
ОП-142 -24. Омар, өзүңүздү 60 жашта кандай элестетесиз? 0777353ххх
ОП-142 -25. Өлкөдөгү чыр-чатакты кайсы айбан баштады? Дүкөндөрдү талкалашып,мородёрдон маймыл товар талашты. Нури
ОП-142-26. Салют F4+1-Гүлдөй+Мээрима+Барчынка+Уля+Чопка! Фарма супер! Чопаанатор.
ОП-142-27. Кашка-Суу айылынын тургундары Адинай, Кемелге чоң салам. Бапестеп баккан балаңардын убайын көргүлө, Ади.
ОП-142 -28. Жыргал, кандайсың? Дика.
ОП-142-29. Жалал-Абад шаарынын жашоочулары Абдикерим атабызга, Гүлүмкан апабызга сагынычтуу салам кат. Эч убакта оорубай, жүзүңөрдөн жылмаюу кетпей жашагыла. Кызыңар Гуля.
ОП-142-30. Мен сени абдан жакшы көрөм, сен ошону сезесинби, жаным. Мистер.
ОП-142 -31. "Алма быш оозума түш" деп жата берген инсандарга түшүнбөйм. Ордуңардан козголуп койсоңор не болот, ыя? Ошентип жата берсеңер, силерге бирөө акча алып келмек беле? Мухтар.
ОП-142-32. Прикол: Катуу тебя люблю, сенсиз я күн не могу! Күндө сени думаю, Айланайын, ай лав ю. Сүйөм десең напиши, жүрөгүмдү потуши! 95 Сара.
ОП-142-33. Досторум Алтынай, Эланурага чоң салам. Окууңарга ийгилик, жеке турмушуңарга жакшы жаңылык каалайм. Жази.
ОП-142 -34. Мика, эмне мынча таш боорсуң, сендей адамдарды биринчи жолу көрүшүм, мага келип кечирим сурабасаң, сен эркек эмессиң! 0554724ххх.
ОП-142-35. Студенттердин келе жаткан майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өзүңөр үчүн гана окуп, билимиңерди кеңейткиле! Акча бербей өз күчүңөр менен окугула. Зари.
ОП-142 -36. Алина, сенин айткан ар бир сөзүң, мага караган көзүң, дагы да болсо көз алдымда турат. Үнүң кулагыма жаңырып жатат. Мени канчалык урушуп, кыйкырсаң дагы мен сени сүйөм. Аны мен тана албайм. Сени көрсөм эле жашагым келет. Үмүтүмдү үзбөчү. Эрмек.
ОП-142 -37. Транзит АЗСда иштеп жаткан эжем Назира, жездем Мамытка сагынычтуу салам жолдойм. Ишиңиздерге ийгилик, эң биринчиден ден соолук каалайм. Алина.
ОП-142-38. Өтүп кеткен 29-30-октябрь курбуларым Алия, Нурзаттын туулган күндөрү менен куттуктайм! Силерге: өмүрдүн узунун, сүйүүнүн тунугун, гүлдүн кызылын, турмуштун кызыгын, мезгилдин жайын, кайгынын азын, сүйүүнүн барын каалаймын ,досялар. 0778716ххх
ОП-142-39. Апа, мен сизди абдан жакшы көрөм, оорубай дайыма күлүп жүрүңүзчү. 0558785ххх.
ОП-142-40. Ш.Абдылдаев атындагы Кочкор орто мектебинин кыздарына жалпы салам. Өзгөчө 93-жылкы Перизат, Алия, Нурзат, Сезим, Айжамал, Айнура, Лунка, Миргүл, Жазгүлгө чоң салам. Бактылуу болгула, силер суперсиңер. Урумкан.
ОП-142-41. Санжар Бердибековдун тамашаларын сагындым. Телефон номерин мага ким таап бере алат, ыя? 0778695ххх.
ОП-142-42. Элес деген баланын бир караанын көргүм келди. Бетине тике карап, болгон арыз-муңумду айтып алгым келди. Мени тааныган болсоң, дароо мени менен байланыш. Айка 91.
ОП-142 -43. Саруу айылынын тургундары эжем Айнагүлдү,жездем Маликти удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Бактылуу өмүр сүрүп, жашоонун жакшылыктарын гана көрүңүздөр. Сиңдиңиз Пери.
ОП-142-44. Сасыгым, сен менин жанымсың деген сөздөр кайда азыр? Менин абалымды түшүнүп турсаң дагы басып келген жоксуң, сенин жылуу сөздөрүң гана мени төшөктөн тургузуп, айыктыра алат. Айтчы мага жылуу сөзүңдү. 0778231ххх
ОП-142-45. Мен Омарга окшошмун, Омар мага жагат. 0778561ххх.
ОП-142-46 . Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын 93төруно супер салам. Бар болгула. 0778716ххх.
ОП-142-47. Биз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз, бирок эмнегедир жакын боло албайбыз, сезимдерибизди ачык айта албайбыз. Кантип жакындашсак болот? 0778652ххх.
ОП-142 -48. Ассалому аллейкум, дос болууга мүмкүнбү? 0772456ххх.
ОП-142 -49. Силер кандай ойлойсуңар? Кыз менен баланын ортосунда чыныгы достук болушу мүмкүнбү? Балким, кыз менен гей дос болсочу? Болушу мүмкүн да, ээ? Аська.
ОП-142-50. Жакында үй-бүлө курууга аттанып жатам, алдыда мыкты максаттар бар. Аларды ишке ашырууну пландап жатам. Аллах мага жана менин келечектеги жолдошума бекем ыйман беришин сурайм. 0772784ххх.
ОП-142-51. Дамир, сүйөмүн бир өзүңдү,сүйдүрүп жүрөсүңбү? Сүйдүрүп эмне мынча жылмайып күлөсүң. Көп карайм көздөрүңүздү, сүйлөгөн сөздөрүңүздү, алтындай мүнөзүңүздү, ишенчи бир өзүмө, ишенчи айткан сөзүмө, сүйүп калсам кантейин, айта албадым бир өзүңүзгө. Алина.
ОП-142-52. "Обондун" жалпы жамаатын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Ар дайым алдыда болуңуздар! Ошенка.
ОП-142-53. " Күүгүм. Жомок" китебинин автору Стефан Мейер 05240ххх
ОП-142-54. СДПК партиясы алга, ишиңерге ийгилик! Гу Чжен Пе
ОП-142 -55. Омар, жан тумарды таап, кош жүрөккө айланып, сүйүүнүн кызыгында алоолонгон от сымал бактылуу бол! Сени аябай жакшы көрөбүз. Дина.
ОП-142-56. Омарчик, сүрөттөрүңдү топтоо менин жакшы көргөн ишиме айланган! Сага жолуксам, албетте, ал журналды бермекмин, Бирок мен алыстамын. Дина.
ОП-142 -57. Омар, сүйлөшкөн кызың барбы? 0779022ххх.
ОП-142-58. Маймылдар машинанын үстүнө чыгып алышып, бийлешип, ырдашып, бийлешип…
ОП-142 -59. Балыкчыдагы Ж.Б атындагы мектептин 9-а классындагы классташтарыма салам. Бишкектен Нурзада.
ОП-142-60. Эркинайга сагынычтуу салам жолдойбуз. Бир жылмайып, жаркылдап кирип келчү күнүңдү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Айдай.
ОП-142 -61. Эмне үчүн мен таанышкан балдардын баары эле мага дароо үй- бүлө курууну сунушташат. Мен аларга таң калам, бир көрүп эле ошол адам менен түбөлүк жашоону кантип чечип коюш керек. Мындай учурларды башыман далай жолу өткөрдүм. Таанышкан соң бир нече убакыт адамды билип, жактырып, сүйгөн соң үй-бүлөнү ойлонсо туура болот го дейм. Силер кандай ойлойсуңар? 07780450ххх.
ОП-142-62. Мирбек Иманбековго салам. 0550321ххх.
ОП-142-63. Кикбоксёр Кумар Жалиевди чакырсаңар төбөм көккө жете сүйүнөт элем. Жанынан ушунчалык көргүм келет. Аська.
ОП-142-64 . Кеттиңби артыңды карабастан, агарып күндө таң атат, бирок сенсиз ар таңым атат, мейли эми кош болгун. Айдайка.
ОП-142-65 . Жаным И сени сүйөм, сен деп жүрөм, өмүр бою түбөлүккө сени менен бирге болом. Сенин Гүлүң.
ОП-142-66. И. Абдразаков мыкты ырчысың, байланышсак болобу? Салтанат. 0771135ххх.
ОП-142-67. Максат, Адилет, Тике сан, Руэлла, Еси жана башка Япониядан келген досторума ийгилик. Нурайым.
ОП-142-68. Ди-джей Жанара Атабековага салам! Сиз абдан таланттуусуз. Нурай!
ОП-142-69. Супер жылдыздага: Айгеримге, Кундузга, Бакуляга, Гүлзинатка чоң салам. Нурай.
ОП-142 -70. Айгерим Расул кызы супер. Бар болуңуз, Нурай.
ОП-142-71. Салам, окурмандар! ОшМУнун БиМ факультетинде 4-курста сырттан окуган группалаштарыма салам жолдойм. Окуп калсаңар ушул номерге чалгыла. 0773868682.
ОП-142-72. Омар, стилиңизди өзүңүз ойлоп таптыңыз беле? Омар, мен сиздин ырларыңызды жакшы көрөм жана ата-энемди , Нурбаны, досторумду дагы жакшы көрөм. 0778388ххх.
ОП-142-73. Эх, эгер мен Мирбек Атабековду өз көзүм менен көргөндө… 0778625ххх.
ОП-142-74. Максатка жетүү чынында, оңой иш эмес билгенге, талантың турса өркүндөп, пайдалан туура илимге, алдыңа максат коё бил, оңолот ишиң ошондо, максатка жетсең акыры. Улан86.
ОП-142-75. Омар, рахмат сага, бизге берген чексиз позитивиңе, жылуулугуңа! Сени көрүп биз бактылуубуз. 0552521ххх.
ОП-142-76. Каныбекке чоң салам. Сен өзүңдү бийик сезбе, сен намаз окуган, ыйман жолуна түшкөн баласың. Кыздардагы сапаттарды баалап, талдай билгениңе рахмат. Сенин болочоктогу жубайың абдан бактылуу. Асель
ОП-142-77. Рахатка сагынычтуу салам кат. Окууңду ийгиликтүү аяктап, жакшы иштеп жатканың менен куттуктайм. Дайыма ушинтип алдыда жүрө бер. Биздин туугандар сени менен сыймыктанат. Эля.
ОП-142-78.Салам, Омар! Сиздин чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин, мен сизди сүйөм, сиз үчүн АКШга бардым, сен бул жакка келген күнү мен ал жакка учуптурмун. Сен түбөлүк жүрөгүмдөсүң. Ома+Омарка.
ОП-142 -79. Омар, сенин "Кош жүрөк" аттуу ырыңдын клиби мага абдан жакты. Сенин клиптериңе тартылсам болобу? Адинай.
ОП-142 -80. Омар, сиз канча бир туугансыз? Эжеңиз бар экенин билем, ал жөнүндө айтып бериңизчи? Алия.
ОП-142-81. Ошол күнү мен сени көрүп калып, башым маң, көздөрүм туман болду, Жүрөгүмдө бир сезим ойкуду-кайкыды, көрсө, ал сүйүү экен. Сүйүү дагы бир күнү эле айттырбай, кабар бербей эле, жүрөгүңдү тыкылдатып кирип келет турбайбы! 0556421ххх.
ОП-142-82. Досум Айнура 95, сени жакшы көрөм. Гүлбарчын
ОП-142-83. Ноокаттын Күңгөй-Кожеке айылындагы апам Жанара, атам Токтосунга салам. Силерди мен жакшы көрөм. Барчын.
ОП-142 -84. Салам Кыргызстан,негизгиси ынтымакта бололучу. Гүлбарчын.
ОП-142 -85. Алматыда иштеп жүргөн баардык туугандарга жалпы салам. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Өзгөчө Санжар сени сагындым. Жыкы.
ОП-142-86. Супер СМСчи табигий сырдуу Алтынай, эмне СМС жазбай калдың? Мен сени издеп таппай келем. 0779551ххх.
ОП-142-87. Эгемен кыргыз Мекеним, эмгегин жеген элдердин Курманбек ,Аскар баш кылып, канкордун куудук неченин, Алланын элге бергенин, аш кылдың дунган жегенин, Элиңден качып кеткениң, иш эмес эле эркектин. Намазчик.
ОП-142 -88. Жээнаалы байкеге ысык салам. Сизди карап олтурсам эле эмнегедир уйкум келет. Ушунча жумшак, анан адамды өзүңүзгө тартып турчу сапатыңыз мени арбап алды окшойт. 0555082ххх.
ОП-142-89. Бир көрүп ашык болдум сизге, айланайын, ардагым, келчи мага, бир өөп алайын, моокумумду кандырып, сенин жытыңдан терең дем алсам, жашоом узара түшкөндөй сезилет. Сезим.
ОП-142 -90. Ильяз Абдразаков мен сизди сүйөм. Гүлбарчын.
ОП-142 - 91. Кыргызымдын алтындай болгон апалары менен сыймыктансак болот. Аларды биз өмүрүбүздүн аягына чейин бапестеп карап, ысыгына күйүп, суугуна чыдашыбыз керек. 0552890ххх.
ОП-142-92. "Обон" жазгандар Сооронбек кызынын эмес, Салмоорбек кызынын деп чыгаргыла, адашып калыпмын, сураныч. 0556323290.
ОП-142-93. Эжейим Назира Султановнага салам айтам. Сиздин жардамыңыз менен мен көп нерсеге жетиштим. Албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сиздин эмгегиңизди терең урматтап, таазим кылам. Бар болуңуз. Окуучуңуз Рахат. Бишкектен.
ОП-142-94. КУУнун экономика-финансы бөлүмүн бүтүргөн 2005 -жылкы бүтүрүүчүлөргө: Жыргал, Мирбек, Улан, Сезимдерге салам жолдойм. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Досуңар Кадыр.
ОП-142-95. Салам, Кыргызстан! Оштогу Исраиловдорго чоң салам. Г. Атырау Айжамал.
ОП-142-96. Досторум: Альбина, Бакыт, Ишенге сагынычтуу салам жолдойм. Силер Алматыдан келериңер менен жакшы майрамдайбыз. Аябай сагындым. Жанат.
ОП-142-97. Жыргал жаным, сизди эч качан таштабайм. Мен сизди эч качан таштабайм, мен сизди чексиз сүйөм. 0779256882.
ОП-142-98. Жаным, сиз деп гана жашайм, Дика.
ОП-142-99. Майлы-Суу маарында жашап жаткан Роза эжемдин туулган күнү менен куттуктайм.
ОП-142 -100. Омар, мен сени сүйөм, экөөбүз кезикчү күн жакындап калды. Ура-аа. 0558408ххх.
ОП-142-101. Кыздар канча жаштан тартып турмушка чыкса туура болот? 0554028ххх.
ОП-142-102. Алайлык , 2006 -жылкы бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө жалпы салам жолдойм. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Мени менен байланышып тургула, классташтар. Элианура.
ОП-142- 103. Базар-Коргон айылынын жашоочулары: атабыз Турсунбайга, апабыз Гүлүмканга салам жолдоп, удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Небере, чөбөрөлөрүңөрдүн жыргалын көрүп, көп жашагыла. Азиза
ОП-142-104. Группалашым Чынгызга чоң салам! Окууларың ийгиликтүү болсун, алдыдагы максаттарыңа жет. Сен чыныгы патриот, мыкты жигиттерденсиң. Мен сага ишенем досум. Алга, башыңды эч убакта ылдый салба. Улаке.
ОП-142 -105. Дастанга сагынычтуу салам жолдойм. Өтүп кеткен туулган күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм. Чын ден соолук, узун өмүр каалайм. Ойлогон тилегиңе жет. Бактылуу бол. Мария.
ОП-142 -106. Биз экөөбүз колтукташып, кубанычка бөлөнүп жүргөн күндөр кайда кетти. Келчи жаным бирге олтуруп, сыр жазышалы, сагындырдың го, чиркин! Сени сагынгандай мен бул дүйнөдө эч кимди сагынган эмес элем. Жүрөгүм оозума тыгылып, сени көрсөм көз жаштарым атылып кетчүдөй абалда жүрөм. Эля.
ОП-142 -107. Омар, сиздин ырдаганыңыз, өзүңүздүн сүйлөгөндөрүңүз мага абдан жагат. Мен келечекте сиздин жубайыңыз болбосом да, сизге окшогон жигитке жолуксам экен дейм. Айка.
ОП-142-108. Досум Нурназикти 1-ноябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ден соолугуң чың болуп, аман-эсен көз жарып ал. Максат менен бактылуу бол. Амина.
ОП-142 - 109 . Адам баласы бул жалган жашоого эмне үчүн келет? 95 Сара.
ОП-142 -110 . Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айылынын тургуну атам Абдырахманды туулган күнү менен куттуктаймын. Атаке,сага таштай бекем ден соолукту тилеймин. Ар бир күндө сый -урматка бөлөнүп төрүбүздүн куту болуп жүрө берииздер. +770212хххх
ОП-142-111. Досум болгун түбөлүккө айрылбаган. Досум болгун кайгы-муңга кабылбаган. Досум жүзүңдөн жылмаюу кетпей, досум болгун мени менен сырдашкан.95 Сара .
ОП-142 -112. Аська, Гүлшан, Рианна, Таб.сыр, Алтынай, Айдеми-Айка, Барби, Сасилона, Эма-Гузел, Бакай, Меришка, Канжар, Кейси, Жака-Жазгуль, Фирдаус, Золушка, Мемо, Ханшай, ж.б экс СМСчилер силерди сагынып, издөөгө салып жүрөм, Кайдасыңар деги? Эгер СМСти окуп калсаңар 0553965244 номеринде күтөм. Макуся.
ОП-142-113. Мен ырчы Кален Раев менен жолугушкум келет. Суранам, "Обонго" чакырыңыздарчы?




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??