п»ї
 Таанышуу жарыясы


Айдин Шер
"Темир өткөрүп, унаа жуучу жайда иштечүмүн"
"Жараланган турналар" аттуу тасмада Айгерим Расул кызынын сүйгөн жигитинин ролун жеткире аткарган ырчы жигит Айдин Шер, өзүнүн продюсери Динара Эсенгулова экөө биздин редакциябызга баш багыптыр. Бул жолу ырчынын актёрлук кесиби тууралуу сөз кылдык.


- Айдин, жакындан бери актёр катары да атың тааныла баштады. Актёрлук менен ырчылыктын кайсынысы жан дүйнөңө жакын?
- Экөө тең жагат. Анткени, ырчылык кесибим жүрөгүмө жакын. Кичинекей кезимен эле ырга жакынмын. Киного тартылам деп да мурун ойлонуп жүрчүмүн. Бирок образга кирип ойногон өтө кыйын экен.
- Сьемканын жүрүшүндө кандай кызыктар жана кыйынчылыктар болду?
- Көп кызыктар болду. Көлдө тартылып атканда күн ысык, Динара эжелер үйдө болчу. Айгеримдин кинодогу жигити Бека экөөбүз Динара эжелердин уруксат бербегенине карабай, көлгө түшкөнү кетип калдык. Көлгө түшөрдө күндөн сактоочу майлардан шыбанып алганбыз. Сууга жөн эле түшө бергенден тажап, башкача көнүгүүлөрдү жасайм деп, Беканын ийнине чыгып, артка "сальто" жасай турган болгонумда, бутум жылмакай денесинен тайып кетип, өзүмдүн тизем көзүмө тийип, көзүмдү көгөрткөн бойдон үйгө бардык. Динара эжеге айтпай, "тиш пастадан" бери сүйкөдүм. Көзүмдүн көгөргөнүнүн айынан мен тартыла турган сьемкаларды эки-үч күнгө жылдыртканбыз. Кыйынчылыктар да көп болду. Колуңдагы сценарий боюнча гана сүйлөшүң керек экен. Ошонун баарын сөзмө-сөз айтып, образга кирип аткаруу мен үчүн кыйыныраак болду.
- Киного тартылып жаткан учурда арыктадыңбы, же толуп кеттиңби?
- Бул жактан баратканда жакшы эле толуп барыптырмын. Анткени, үстүмдөгү пиджагымдын топчулары тартылып турган болчу. Анан, Динара эже "арыкта" деп атып, Жаныш байкеге (Кулманбетов) кошулуп алып, күн сайын жүгүрүп, андан кийин көлгө түшүп атып, төрт күндүн аралыгында бир топ арыктап кеттим. Бир сюжетти тартабыз деп, баягы пиджагымды кийсем, шөлбүрөп калыптыр.
- Үстүң жылаңач тартылган кадрлар жүрөт. Дене келбетиңе кызыккан мода бизнесиндеги жетекчилер тараптан сунуштар түшүп жатабы?
- Моделдик агенттиктерден сунуштар түшө элек. "Жараланган турналарды" көргөн режиссёрлордун арасынан:"Бул жигитти кайдан тапкансың?"- деп сурагандар көп болуптур.
- Айгерим менен өбүшүп турган жериңер бар эмеспи. Эмнеге оозунан өпкөн жоксуң ?
- Сценарий боюнча Айгеримдин оозунан өбүшүм керек болчу. Бирок "эртеңки күнү Расул байкенин көзүн кантип карайм?" - деп элестетип алып, Айгеримдин бетинен эле өпкөм. Айгеримдин ролунда башка бирөө болгондо, башкача болмок. (тамашалап)
- Ырчы жигиттердин көбү бойдок жүрүп, бир күнү эле элге "сюрприз" кылып, келинчегинин, бала-чакасынын сүрөтү менен гезиттин бетине бажырап чыгып калып жатышат. Сен да кийинчерээк бала-чакаңды көрсөтпөйсүңбү?
- Жок, кудай сактасын. Азыр 21 жаштамын. Дагы көп иштешим керек. Мен ачык эле үйлөнөм.
- Эми маегибизди кинодон алыстап, тушоо кесүү концертиңе бурсак. Алгачкы концертиң башка концерттерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Өзгөчөлүктөрү көп. Тушоо кесүү той концерти болгондуктан, кыргыздын каада-салтына ылайык жөрөлгөлөрдүн баарын чагылдырабыз. Спорт сарайына ат менен келем. Тушоо тою болуп аткандан кийин, мени кыргыздын кийимин кийген кыздар тосуп алышат. Ушул жерден кошумчалай кетейин, мен бир жашка чыкканда тушоом кесилбей калыптыр. Ошондуктан, жеке жашоомдогу жана чыгармачылыгымдагы тушоомду кесем. Бутума оролгон ала жипти байлап, күйөрмандарымдын арасынан чуркайм дегендеринен 10 кыз, 10 баланы тандап алып, чуркатабыз дагы тушоомду кестиребиз. Тушоомду кескен адамга менден бир кой, калпак жана өзүмдүн атым жазылган бычак белекке берилет.
- Шоу-бизнеске аралашкандан бери, өзүңдүн мүнөзүңдө кандай өзгөрүүлөр болду?
- Мурун уялчаак бала болчумун. Шоу-бизнеске аралашкандан бери, артист болуп бүттүм. (күлүп)
- Ызаланган учурлар болду беле?
- Ооба, жаңы ырдап баштаганда Таласка концерт коюп барып калдык. "Кайрат Примбердиев, Султан Садыралиев" десе зал "ваау!" деп кыйкырат. А мен чыкканда, зал тымтырс. Келип алып, "Динара эже, мага эч ким кол чаппайт. Мен ырдабайм, болду кетем",- д еп көңүлүм чөгүп, ызалангам. Бул жакка келерим менен, астыма максат коюп, кафелерде ырдай баштадым.
- Эң биринчи көп алган маянаң канча сом болгон?
- Мен кичинекейимде көп эле жерде иштегем. Анда 5-класс болчумун. Темир өткөрүп, унаа жуучу жайда иштечүмүн. Эң биринчи 150 сом маяна алып, абдан сүйүнгөм. Ошол убакта ал жакшы эле акча болчу.

Айдин тууралуу:
- Биздин редакцияга келерде, бир досу менен урушуп кеткен;
- Даниель экөөнүн дуэти, "Кош сүйүү" деген ырдын сөзүн, обонун өзү жазган;
- 2007-жылы Сапар Эркебаевдин концертинде биринчи жолу чоң сахнага чыккан;
- 4-класста Света аттуу селкини сүйгөн. Ал кыз азыр күйөөгө тийип, эки баланын энеси;
- Биринчи жолу 3-класста мектептин "авторитети" менен мушташып, өзү "авторитет" болгон;





Динара Эсенгулова:
"Апабыз кандай болсо, биз ошондой болобуз да, - деп…"
Динара эже, Айдиндин киного тартылып жаткан
учурдагы кээ бир кызыктуу окуяларын айтып берди.

Сьемка жүрүп жаткан учурда, ырчылар концертке үнүн кандай даярдаса, актёрлор да өздөрүнүн келбетин ошондой сактап алып жүрүшү керек. Чет өлкөлүк актёрлор киного тартыларда бети күйүп калбашы үчүн бетине паранжа жаап алып жүрүшөт экен. А менин Айдиним күнүгө эле көлдү көздөй чуркап атты.
Бир жолу киного тартылып жатканда "Айдин, арыкта" десем: "Апабыз кандай болсо, биз ошондой болобуз да",- деп тамашалап жатпайбы…
Киного тартылганы баратканда,"Айдин аткара алат болду бекен", - деп ойлонуп баргам. Чынын айтсам, Айдинди ушунчалык деңгээлде аткара аларына көзүм жеткен эмес.
- Көлдө он сегиз күн жүргөндө, Айдин кафеде ырдап жүрүп көнүп калган неме, күнүгө эле "Динара эже, ырдаганды өлө сагындым. Кафеге барып, ырдап келеличи?" - деп, жанымды койбойт десең. Көлдүк балдар уруп койбосун деп, ырдаткан жокмун.
Айгеримдин апасы Катя эже экөөбүз кино тартыларда пробаларына катышып жатабыз. Жаныш байке, "сүйүшкөндөрдүн образын жараткыла" десе, экөө кыйналып турушат. Бир маалда, Жаныш байке: "Экөөңөр маңдайында карап туруп алсаңар кантип аткармак эле?" - дегенинен, Катя эже экөөбүз андай сүйүү жерлерине барган жокпуз. Сценарийдин өбүшкөн жерине келгенде да, тоого тигилер менен кошо чыгып баратыптырмын. Бир маалда эстеп кетип:"Мен бийик жерге чыга албайм. Ушул жерде эле калайын",- деп орто жолдон калып калдым.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??