Тата Улан:
"Жапжаш туруп жарым-жылаңач болуп бийлейт"
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан "Жаргылчак" аттуу рубрикабызда белгилүү инсандардын клиптерин, жада калса алардын аткарган иштеринен тартып,баскан-тургандарына чейин сынга алып келебиз. Кезектеги "Жаргылчакта" жаш ырчы жана актриса аталган Расул кызы Айгерим болмокчу. Андыктан, элдин ой-пикири кандай экенин ортого салабыз.


Гүлшайыр Садыбакасова:
"Индия ырларына
басым койгону өкүндүрөт"
Айгерим чыгармачыл үй-бүлөдөн болгондуктан, таланты дагы жакшы өнүккөн. Менин Сайкалыма окшоп, эстрадага эрте эле аралаша баштады. Азыр анын чыгармачылыгы түптөлүп, эл оозуна алынып калды. Ырлары да жакшы, келечеги кең деп айтат элем. Кыргыздын улуттук кийимин кийип, ырдап калганын көрөм. Бирок мага Айгеримдин индия ырларына басым койгону өкүндүрөт. Курсагын көрсөткөн ачык көйнөктөрдү кийип, туура эмес кыймылдары менен бийлегенине улуу адам катары кыжаалат болом.Жакшынакай өң -келбети болгондон кийин кыргыздын эле бийин бийлесе андан да жакшы болмок.

Гулнур Сатылганова,
ырчы:
"Мааниси жок
ырларды ырдайт"
Айгеримдин репертуарындагы ырлары начар, мисалы, мен такыр канааттанбайм. Кимдер менен иштешет билбейм, айтор, мааниси жок ырларды ырдайт. Ошон үчүн бир ырдалгандан кийин унутулуп калат. Белгилүү композитор, обончулар менен тыгыз иштешсе дейт элем. Ал азыр жаш, сулуу, бой-мүчөсү жакшы, таланттуу. Чыгармачылыгын өркүндөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Сахнадан деле өзүн жакшы алып жүрөт, бирок биздин менталитетке туура келбеген кыска юбкаларды, ачык көйнөктөрдү кийип алат. Албетте, анын баардыгы батыштан келген мода деп түшүнсөк болот. Бирок мен Айгеримдин кийимдерге эмес, репертуарындагы ырларына өзгөчө көңүл бурса дейт элем. Убагында Айгерим алгачкы концертин бергенинде 30 миң сом акчалай жардам берген элем. Мен мындай таланттардын көмүскөдө калышын каалабайм.

Сьездбек Искеналиев,
ырчы:
"Өң келбети келишимдүү"
Мага Айгеримдин бир гана "Кызыл өрүк" деген ыры жагат. Бирок чыгармачылыгын баалайм. Ошол эле учурда өң келбети дагы келишимдүү.Кичинекей болсо дагы бир нече жолу жеке концерт берүүгө жетишти. Атасынын аркасы менен чыгармачылыгын эки эсе өркүндөтүп алды. Атасы болбогондо деле көп ийгиликтерди багындырмак. Анткени, маңдайына жазылган да. Кинолорго дагы тартылып жүрөт, бирок, тилекке каршы, ал кино боюнча эч нерсе айта албайм, көргөнгө жетише алган жокмун.

Гүлзат Байзакова, ырчы:
"Изденүүсүн жактырам"
Айгеримге шоу-бизнес тармагында башка жаш ырчыларга салыштырмалуу алда канча жеңил. Анткени, Расул менен Катя колдон-буттан алып кызы үчүн жүгүрүшөт. Алар дайыма изденүүнүн үстүндө. Карапайым эл жакшы түшүнө бербейт да, чыгармачылык дагы чоң түйшүк, ыр жаздырып, клип тарттырып, кийим-кечелери эле чоң акчаны чапчыйт. Ушулардын баарына моюн сунуп, аракет кылып, алга кадам таштаганы мени кубандырат. Биз жайында Ысык-Көлгө барганыбызда Айгеримдин киного тартылганына дагы күбө болдук.Башкы каарманды тандоодо режиссёрлор көп ойлонушуп,"жети өлчөп бир кескенден" кийин башкы ролду сунушташат. Анын өзүнүн сценарийлери бар да. Андыктан, жаш болсо да кино жаатында өзүн сынап көргөнүнө мен ыраазы болдум.

Тата Улан, репер:
"Жапжаш туруп, жарым
жылаңач бийлейт"
Мен анын Айгерим Расул кызы экенин эле билем. Чыгармачылыгы жөнүндө эч нерсе айта албайм.Анткени, мен радио укпайм, азыркы ырчылардын ырларына көп маани бербейм. Себеби, баягы эле батышты туурамай да. Мен үйдөн кыргыздын нукура ырларын, "Манасты" уккан адаммын да. Айта кетчү нерсе, Айгеримдин мага клиптери такыр жакпайт. Жапжаш болуп туруп, жарым жылаңач бийлейт, ырдайт. Анан пультту алып туруп, башка каналга которуп салам. Дегеле, кыргызга мындай көрүнүш жарашпайт да. Андан көрө денесин жаап-жашырса, ошол сулуулук эмеспи.Клиптери ошондой болуп жатса, ырларына маани бермек белем. Баягы эле сүйдүм-күйдүм да. Эгер комуз менен кыргыздын ырларын ырдап чыкса, балким,көңүл бурмакмын. Ошондой келбети менен артындагы жаш кыздарга үлгү болуп жатат. Алар дагы "аа, ошентип бийлесе болот турбайбы" - деп чечине баштайт. Кичине болсо дагы артында өсүп келаткан кыздарды ойлоп, жакшы жагынан үлгү болсо болмок.

Фарида Карбосова, ырчы:
"Кимге кандай мамиле
жасашты билет"
Мен Айгеримди жакындан тааныйм. Телевидениеге же тойлорго барып калганда көп эле жолугуп калабыз. Өзү абдан назик көрүнгөнү менен куудулданып да кетет. Өзүн тыкан алып жүрөт. Кээ бир жаш ырчылар өздөрүн башкалардан өйдө көрүшсө, ал дайыма сыпайы, улууларга жол берип, өзүнөн өйдө өткөрүп сыйлап турганы мага жагат. Кимге кандай мамиле жасашты дагы билет.Аты чыккан адамдарды сөзсүз ушак-айыңдар ээрчийт да, аларга берилбей, ого бетер чыгармачылык менен изденет. Репертуарындагы ырларынын арасынан 3-4 ыры гана жакшы дейт элем. Өзгөчө "Кызыл өрүк" деген ыры угумдуу.

Добр, ырчы:
"Атасынын
аркасы менен ..."
Негизи, Айгерим сахнадан ырдаганда, бийлегенде,аркасындагы бийчи кыздары менен гана көркүн ачып алат. Бул-анын өзгөчөлүгү. Бирок ошонун баарына атасынын аркасы менен жетишип жатат.Эгерде Расул байке таанымал адам болбогондо, мага эле окшош болмок. Ырдап баштаса,кыбырап олтуруп,балким, кийинчерээк ийгиликтерге жетишмек. Кыбыраган кыр ашат дечү беле?

Асема, ырчы:
"Жакындан тааныбайт экенмин"
Мен Айгеримди жакындан тааныбайт экенмин. Болгону телевизордон эле көрүп калам. Репертуарында кандай ырлар бар экенин деле жакшы айта албайм. Ал жөнүндө көп эле угуп жүрөм, бирок бетме-бет жолуккан эмесмин. Киного тартылыптыр деп да уккам, бирок аны дагы көрө элекмин. Эгерде жакындан билгенимде жакшы айтып бермекмин.


Нургүл Ибраева