п»ї

Эки курсант
кокустуктан набыт болду
Коргоо министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей генерал-лейтенант К.Үсөнбаев атындагы Аскердик куралдуу күчтөр институтунун курсанттары машыгуу учурунда кырсыкка учурап, эки курсант набыт болду. Каргашалуу окуя Коргоо министрлигинин "Ала -Тоо" окуу борборунун машыгуучу жайында болгон. Белгисиз себептерден улам "Утес" пулемёти 180 градуска айланып, төрт курсантка ок жаңылган. Ок жеген курсанттарды жакынкы "Беш-Күнгөй" госпиталына жаткырып, тез арада операцияга киргизгени менен эки курсанттын өмүрүн сактай алышкан жок. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө. Ал эми, Коргоо министрлигинин буйругу менен Аскердик институттун жетекчилиги кызматтан четтетилди.


Бүгүн парламент
өз ишин баштайт
Шайлоо жыйынтыгы боюнча соттошуулар бүтө электигине карабай Президент Роза Отунбаева парламенттин алгачкы отуруму 9-ноябрда өтөрүн айтып чыкты. Ушул эле күнгө "Жашасын Кыргызстан", "Акыйкат" партияларынын арызынын негизинде шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу соттук кароолор белгиленген. Ал эми, 10-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызы каралат. "Биз бешинде өтүүчү жыйынды тогузуна көчүрдүк. Анткени, жанагы сот процесстери башталып кетти. 9-10-ноябрда да сот процесстери уланып жатат. Партиялардын ичинде да өз тизмелери такталып, документтерди тактоо жүрүп жатат. Бул процесс кичине узарып кетти" - деп билдирүү жасады, Роза Отунбаева. Соттук териштирүүлөр аягына чыкмайынча парламент өз ишин баштай албасы белгилүү. Эмнеси болсо да, бүгүн парламент өз ишин расмий түрдө ачык деп жарыяламакчы.


Бир жумада үч эне төрөттөн каза тапты
Таластагы Төрөт үйүндө бир жумада үч эне төрөттөн каза тапкан. Алардын бири- үч кыздын энеси Айша Рысбекова. Маалыматтарга таянсак, төрөт үйүнө түшкөн келин догдурлардын карабай жатканын айтып, үй-бүлөсүнө "акча бербесеңер болбойт"-деген. Ал эми, дарыгерлердин айтуусунда келин арзан дарыларды ичип, инфекция жугузуп алган. Сотмедэксперттик комиссиянын жыйынтыгында оорулууга өлүм алдында, башкача айтканда, тамырда кан жүрбөй калганда гана ийне сайганы далилденген. Таң калыштуусу, келин каза тапканда оорулуунун таржымалы жазылган китепче жоголуп, кайра табылган. Ичинде кан болгон жана боёлгон жерлери, кийинчерээк кошулган баракчалар бар экенин маркумдун иниси белгилеген. Бир жумада үч келиндин сөөгү чыккан ооруканага кантип барарын, же барбай коёрун билбеген жаш энелердин өмүрүнө ким кепилдик берер экен?


Кызыл-Кыштак жана Ишкеванда
жер басып алуулар болду
"Июнь коогалаңында жабыркагандарбыз" деген миңге чукул киши жергиликтүү бийликтен жер бөлүп берүүнү талап кылып Ош шаарынын четиндеги Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак жана Ишкеван айылынын тургундарынын жер үлүштөрүн басып алышты. Алар өкмөт тарабынан жардам берилбегенинен ушундай жолго барып жаткандыктарын айтышууда. Ошондой эле жерлерди ээлеп алгандардын арасында Ошто көп жылдан бери жашап жер ала албагандыгын айткандар да бар. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандарга бул айдоо аянты үлүш жер экендигин жана эч кимге чекке берилбестигин айтты.


Бектур Асанов сотко
күбөгө чакырылды
5-ноябрда Сузак райондук соту Ноокен райондук сотунун кеңсесинде "Санпа" пахта тазалоочу заводдун жанында болуп өткөн июнь окуясына байланыштуу кылмыш ишин кароону улантты. Айыпталуучу Усманжан Аблезовдун айтуусунда Жалал -Абад областынын губернатору Бектур Асанов 13-июнда топтолгон элди тынчтандыруу максатында келген. Сот отурумунун мүчөлөрүнө Бектур Асанов айыпталуучунун көрсөтмөсүнүн туура экенин тактады. Сот өз нугунда жүрүүдө. Эске сала кетсек, 12-13-июнда Топурак-Белде пахта тазалоочу заводдун жанында Бишкек-Ош жолун бууп, жолго мазут төгүп, жыйынтыгында 9 машина өрттөнүп, он алты киши каза тапкан.


Жалал-Абадда соттолгондордун ата-энелери
шаардык соттун өкүмүнө нааразы
Өзбек тектүү эки жигитти өлтүргөн деп соттолгондордун туугандары Жалал-Абад шаар сотунун өкүмүн жокко чыгаруу максатында апелляциялык арыз менен 9-ноябрда областтык сотко кайрылат жана10-ноябрда сот жана прокуратура тармагына ишенбөөчүлүк иретинде митинг өткөрөт. Бул тууралуу уулу соттолгон Арстан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, уулу Рустам Жээнбеков өзбек тектүү эки жигит өлдү деген 13-июнь күнү Жалал-Абад шаарында болгон эмес, шаарда тополоң башталганда ал үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүп кеткен. Атасы уулу17-июлда кармалганда уруп-согууга чыдабай, айыпты мойнуна алууга аргасыз болгонун, күнөөсү далилденбесе да Жалал-Абад шаардык соту 5-ноябрда катаал тартипте 25 жылга, аны менен соттолгондор Чолпон Алжановду да 20 жылга, Медет Мамазакиров менен Турат Мамарасуловдун ар бирин шарттуу түрдө 3 жылдан эркинен ажыратканын айтты. Соңку эки айыптуунун бири үй камагында турат, экинчиси дагы он күндөн кийин абактан чыгарыла турган болду, - дейт А. Жээнбеков. Шаардык сот менен прокуратура болсо кыйноолор болгонун четке кагууда.





  Дүйнөлүк жаңылыктар

Орусияда журналистти сабап кетти
Ишембиге караган түнү Москвада "Коммерсант" гезитинин журналисти Олег Кашинди кимдир бирөөлөр ырайымсыздык менен сабап кетишти. Олег Кашиндин көп макаласы Химки токоюн коргоо кыймылына арналган. Химки токоюн коргоочулардын дагы бири Константин Фетисов да кимдир бирөөлөр тараптан 4-ноябрда таяк жеп, ооруканада эсине келе албаган бойдон жатат. Серепчилердин айтышынча, эки кол салуунун буюртмасы бир. Себеби, бул окуядан кийин Химки токою жөнүндө сөз кылуудан жазгансын деген иш-аракет. Орусия Президенти Д.Медведев өлкөнүн Баш прокурору жана Ички иштер министрине иликтөө ишин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Учурда О.Кашин жасалма дем алуучу аппаратта тил-оозго келе албай жатат.

Обама Дели менен Исламабадды диалогго чакырды
АКШ Президенти Барак Обама Индия менен Пакистанды ортодогу талашты сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга үндөдү. Регионалдык бейстабилдүүлүк Индиянын экономикалык держава катары өнүгүүсүнө кедерги болот, - деди Обама. Ал ошондой эле Пакистандын согушкерлерге каршы начар күрөшүн сындады. АКШ лидери Азиядагы сапарынын алкагында кечээ Мумбаиде студенттер менен жолугушту.

Ирактык саясатчылар туңгуюктан чыгууга аракеттени-шүүдө
Парламенттик шайлоодон 8 ай өткөндөн кийин Ирактын саясий күчтөрү өкмөт түзүү жөнүндө мунасага келишти деген ишара пайда болду. Алар бүгүн жолугушуу өткөрүшмөкчү. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али ал-Дабагдын айтымында, келишимге жетишкен күчтөр Жалал Талабанинин мамлекет башчы, ал эми Нури ал-Маликинин премьер-министр болуусун колдошот. "Иракия блогу" болсо парламенттин спикерин сунуш кыла алат. Ажанс Франс Пресс агенттигинин кабарына ылайык, мурдагы өкмөт башчы Ияд Аллавинин суннилер колдогон "Иракия блогу" келишим тууралуу маалыматты тастыктады, бирок негизги кызматтар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал-Дабаг айрым маселелер кала бергенин, бирок парламент спикерин шайлоо үчүн 11-ноябрда чогулат деген үмүтүн билдирди. Бул - жаңы өкмөт курууга карай алгачкы кадам болуп калмакчы.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??