п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Ачык эротиканы биринчи мен ойнодум"
Жумурай журтка тарай элек, жаңыдан тартылган Жаныш Кулманбетовдун " Жараланган турналар" тасмасындагы Айжамалдын образынан да эротикалык кадрды көрүүгө болот . Ушундай образды жараткан жаш актриса Айжамал Түлебердиеваны кепке тарттык:
- Саламатсыңбы, Айжамал, кино сынакка кандайча тартылып калдың?
- Мен Кыргыз-Орус,Славьян университетинин экономика факультетинде 3-курста окуйм. Бала чагымдан актрисалыкка кызыккандыктан, өзүмдү сынап барып көрдүм. Кабарлашпаса, өтпөй калдым го деп ойлогом, бирок көп узабай сынактан өткөнүмдү угуп абдан сүйүнгөм.
- Жолдошунун көзүнө чөп салган айымды аткарыш кыйынга турбадыбы?
- Мага биринчи Уулжандын бойдок курбусунун ролун сунушташкан. Бирок Жаныш агай: "Ойнош тапкан келиндин ролун аткарышка сен гана ылайыктуусуң",- десе макул болбой араң көндүм.
- Актёр Азиз менен төшөктө эзилишип берилип аткарыпсың, кандай сезимге туш болдуң?
- Мен бул кадрда чыгармачылык топту көп кыйнаган жокмун. Себеби, тезирээк тартылып бүтсө экен дедим. Ошондуктан эч кандай сезимге кабылбадым.
- Ата-энең, дос-курбуларың көрүп кандай көз карашта болушту?
- Чынын айтсам, ата-энем көрө элек, бирок мага түшүнүшөр. Курбуларымдын кээ бири мактаса, кээ бири: "Уялбай кантип тартылдың, эми тааныгандар сага иренжишет",- деп кыжыры келди.
- Эми бул тасманы көргөндөрдүн ар кимисинен ар кандай ой жаралышы мүмкүн, сынды көтөрө аласыңбы?
- Буга чейин ал тууралуу эч ойлонбоптурмун. Эми, кандай ойлор айтылбасын мен баарына даярмын. Себеби,мындай кыргыз киносунда эротиканын ачык берилгени биринчилерден менин образым болсо керек, бул да чоң жетишкендик деп ойлойм. Өзүмдүн мүнөзүм аткарган каарманга төп келишпейт, жашоодо такыр башкамын.
- Ушундай ролду аткарганыңа караганда, байкашымча жигитиң жок окшойт?
- Ооба, азырынча жок. Бирок чыгармачыл жааттан кээ бир мырзаларыбыз түшүнүшөт. Эгер мен актрисалык жолду тандасам, анда сөзсүз түрдө жолдошум чыгармачыл жактан болот.
- Мындан ары да, актрисалыкты өркүндөтөйүн деген ой барбы?
- Кыялданганым ишке ашканына албетте, сүйүндүм. Жаныш агай, дагы роль сунуштап атат, эми ,буйруса, жакшы кыздын образын жаратамын го.
- Белгилүү актриса болгонуңда, Голливудга чакырып эротикалык киного чоң суммадагы гонорар сунуштаса тартылат белең?
- Азыр баш тартканым менен аны убакыт көрсөтөр. Эгер курч мүнөздөгү мистикалык жанрдагы образ болсо дароо макул болмокмун. Мага ошондой кинолор абдан кызыктуу.


P.S. Энеден туума аткарган Голливуд кино жылдыздарын гана көрүп келсек, эми биздин актрисаларды да учуратууга болот. Аялзаттын сулуу денесин ачык көрсөтүү-бул искусство деген түшүнүктү сүрөтчүлөр, режиссёрлор айтып келишет. Мындай ролго кабылган актрисаларды "бузулган" деп айтыштан алыспыз. Чындыгында, "жылаңач дене"-искусстводо өз орду бар кооздук" деп кабыл алган менен карапайым эл мындай көрүнүшкө көнүшү кыйын. Деги эле биздин калкыбыз канчалык түшүнгүсү келбесин жан-дүйнөбүз кабылдай албаганы кашкайган чындык.


Динара Асылбекова










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??