п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Менин дайым эсимде...

Акын, журналист, "Азаттык" радиосунун баш директорунун
орун басары, Бурулкан Cарыгулова:
"Аял - эрке, бала - жаш, картөшкө аарчып жатырбыз"
Эсиңдеби, менин дайым эсимде,
Сени менен сыр бөлүшчү кездерим.
Буулукканда кете жаздап жарылып,
Сага жетип айтып берчү сөздөрүм,- деп, бала кезинен көз алдында калган элестерди, туулган жердин тапталбаган, чаң топосу менен сырдашып, "Эсиңдеби?" деп кайрылган ыр саптары акын, журналист, Бурулкан Сарыгулова эжебизге таандык. Бурулкан эже бармактайынан баш кошкон жолдошу Турдубек Субакожоев агайдан ажыраганына аз эле убакыт болду. Дүйнөдө эмне жаман? Жоготуу жаман. Ошондой жоготуунун жолун басып жүргөн Бурул эжеге атайын жолугуп, жолдошу менен өткөргөн таттуу кездерди эскерип кайтууну туура таптык.

- Турдубек менен Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика факультетинде чогуу окудук. Студенттик куракта эле зиректиги, билермандыгы, анан токтоолугу менен улуу-кичүүнүн баарына жакчу. Курсташтардын бир тобунан улуу эле, окууга аскерден кийин келип тапшырган экен. Абдан шаңдуу жүрчү. Анын тамашасына тамшанбагандар аз эле. Бардыгыбыз Тукелегенден жазчу эмеспиз. Чилистен болчу. Мектепте окуп жүргөндө колхоздун китепканасын толук окуп бүткөм деп көп айтчу.
Ал өзү дайыма мага ыйбаа карап калчу. "Кызым" деп тамашалачу. Анткени, менин атамдын аты да Турдубек болчу. Студенттик жашоо нун бир казанында кайнап жүргөнүбүз менен экөөбүз баш кошуп, бир түтүн булатабыз деген түшүмө да кирген эмес.
Студент кезде табышкан теңтушум Бүбүкан (Досалиева - авт.) экөөбүз сабак менен алек болуп, анан өз дүйнөбүз менен жашачу элек. Кийин эстеп калабыз: жигит менен сүйлөшүш керек, келечекте турмуш курууга камданыш керек деген сезимден тышкары жүргөн экенбиз.
Турдубектин достору экөөбүздүн баш кошуп калышыбызга көп салым кошушту. Өзү болсо мага көп даай алчу эмес, бирок жакшы көрөрүн сездирип турчу. Анын көп сапаттары мага жакканы менен өмүрлүк жар болуу ойдо жок эле. Буйрукка айла жок экен, бешинчи курсту бүткөндө үйлөндүк.
Азыр эми көп жылдар өткөндөн кийин ойлоном: Турдубек мени ниетинин тазалыгы менен багындырган экен. Өзү дагы:"Калп айткан жокмун, ууру кылган жокмун, ушак сүйлөгөн жокмун - демек мен акмын",- деп көп айтчу.
- Анан дароо айылга кеттиңиздерби?
- Бизди Нарынга келгиле деп эч ким деле кыйнаган жок. Нарынга ал кезде бийик тоолуу район деп артыкчылык берилчү. Анан Бишкекте үй-жайыбыз жок болсо, барып бутубузга туруп келели деп жөнөп калдык. Бирок ойлогон ой ар дайым эле иш жүзүнө аша бербейт экен.
Чоң байлык топтой алган жокпуз. Бирок биз көп досторду таптык, тууган-туушкан менен алака-катышты чыңдадык. Эң башкысы - Нарындан уул таптык. Мен үчүн кышы-жайы бирдей катаал шартта кабагым-кашым дебей жашаган Нарындын элинин турмушун таануу чоң олжо болду.
- Турдубек агайдын Нарындагы учуру сизге кандай элестейт?
- Бардык учурда мен аны жарык элестетем. Нарында болсо мен төрөгөн күндү азыр эстеп жатам. Эки күн толготуп, абдан кыйналдым. Төрөттөн кийин бир аз өзүмө келип, палатада жатсам, терезеге таш тийди. Араң туруп карасам жолдошумдун колунда кызыл-тазыл эле жайнаган гүлдөр көрүнөт. Нарында, сентябрь айында ошончо гүл табыш кайдан. Таң калып, ушунчалык жаркып да кеттим. Көрсө, Балыкчыдагы бир досу аркылуу "аялым эркек төрөдү, гүл алып келип бер" деп, түнү менен алдыртыптыр. Мындай жагымдуу учурлар көп эле болду.
- Нарында эмне иш кылдыңар?
- Турдубек партиянын областтык комитетинин алдындагы "Билим" коомунда, областтык телерадио комитетинде, мен болсо адегенде комсомол комитетинде, андан кийин "Нарын правдасында" иштедик. Анан кайра куруу заманы башталды. Анан кесибибизди аркалайлы деп Бишкекке келдик.
- Агай үй-оокатка кол кабыш кылчу беле?
- Турдубек атасы каза болгондо 9-кластта окучу экен. Энеси болсо студент кезинде өтүптүр. Чоң апасы багып чоңойтуптур. Апабызды Ат-Башыда "Курманжан датка" деп коюшчу эле. Ошол киши бириң отун алсаң, бириң от жак деп үйрөтчү. Ошондон болсо керек, Нарында жашаганыбыз менен сууну алыс жерден ташычу элек, суу ташыган милдет мойнунда болчу. Кээде жалаяк да жуушуп ийчү, такыр сокур намысты билчү эмес. Бир жолу теңтуштары келип калды, картөшкө аарчып аткан. Анан айтат: "Эшикке чыксак баатырбыз, үйгө келсек бакырбыз, аял - эрке, бала - жаш, картөшкө аарчып жатырбыз",- деп ырдап коё берди. Бардык ыңгайсыз жагдайлардан ушинтип тамаша менен чыгып кетчү.
- Чогуу жашаган өмүрүңүздө эмнеге өкүнөсүз да эмнеге кубанасыз?
- Жаш кезекте бири-бирибизди сүйөбүз, бири-бирибизди сыйлайбыз деген менен, жаштык кылып анча кадырыбызды билбей калат экенбиз. Бирибизди-бирибиз сүйүп, сыйлап, кадырлап калган курак эми келди эле. Мен аны, ал мени айланып, кадырлуу карылыктын сонун күндөрүн күтүп калганбыз. Мен жолдошума эмне кылдым, жолдошум мага эмне кылды деп терең ойлонуп, мындан ары эмне кылышыбыз керек деген жоопкерчиликтүү куракка эми келген кезде кетип калбадыбы. Кенжебиз кыз, ал атасы өлөрдөн эки ай мурда турмушка чыккан. Бир уулубузду ушул күздө үйлөнтөлү деп ойлонуп атканбыз. Ошол тойду мелжеп, куда-кудагыйларды ойлоп, небере жыттайбыз деп сүйүнүп өзүнчө эле кубана берчү. Мына ушуга жетпей калганына өкүнөм. А кубанганым - жаш кезимде Турдубектен качпай турмушка чыгып алганыма кубанам. Аз жашасак да бири-бирибиздин көңүлүбүздү сындырбай, жашаганыбызга кубанам. Ал мага үч бала белекке таштап кетти. Кудай кут кылсын.
- Таарынганда көңүлүңүздү кантип тапчу эле?
- Жумуштан чарчап барсам: "Эмне маанайың пас, бир нерсе болдубу?"-деп сөзсүз сурачу. Балдарга "энеңердин жактырган тамагын жасагыла" деп, мен баргыча жасатып койчу. Мени чычалатканды аябай жакшы көрчү. Тамашалап күлдүрүп, көңүлүмдү көтөрүп койчу. Жаш кезибизде кызганчу эмес. Кийинчерээк "кайда жүрдүң?" деп сурап калчу, "эмне кызганып атасыңбы?"- деп койсом, "ооба, анда- санда мен деле кызганып коёюн да",- деп тамашалап калчу.
- Казан-аяк кагышып кеткенде, кимиңер биринчи кечирим сурачу элеңер?
- Казан-аяк кагышып кеткен кезде, эшикке чыгып кетчү. Анан билгизбей беш мүнөттөн кийин келип,жаркылдап күлүп, бетимен өөп:"Болду, болду байбиче, кечке өзүмдү-өзүм күнөөлөдүм, мен акмакмын",- деп келип калчу. Эң негизгиси бизде бири-бирибизди түшүнүшүү бар болчу. Мен чет өлкөгө кызматтык жумуш менен чыгып кеткенде кадимкидей балдарды өзү багып, баш-көз болуп турчу. Турдубек мен үчүн тоо эле. Жанымда жөлөнөр тоом болчу. Ал өлгөндөн кийин жан дүйнөм кейип калды.
- Кайын-журтуңузга кандай келин элеңиз?
- Мен кайын-журтума кыздай эле болуп калдым окшойт. Көптөр айтышат: "Сен жакшы болгон үчүн ушул үйдө жакшы жашадың",- деп. Мени келиндей кылып, кайненем, же кайын сиңдим бир да жолу жемелеген жок. Жеме уккан жокмун. Ушуга чейин мени кастарлап турушат. Жакында эле бир кайын сиңдимдин баласы үйлөнүп, тоюна бардык. Ошол жерден кайын сиңдим: "Жеңебиз-үйүбүздүн куту, баарыбыз жеңебиздин алдынан аттап өтпөйбүз, агам барда да ушундай болчу, жокто да ушундай",- деп элге мактап салды. Мага бул абдан жагымдуу болду.
- Мындан ары кандай пландарыңыз бар? Турдубек агай аткарбаганды сиз аткарып дегендей?
- Мен "Сыр сандык" деген китебимдин бет ачарын өткөрүп атсам айтып атпайбы: "Бул китебинде мен жөнүндө бир да ыр жок экен. Эмкисинде жазам деп байбичем убада берди",- деп. Ошол сөзү көкүрөгүмдө кыт куйгандай куюлуп турат. Балким, өзү жөнүндө китеп жазсын деп дүйнөдөн эрте кеттиби...
Балдар турат, аларды үйлөп-жайлоо милдети турат.
Айсулуу Эсен кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??