п»ї

Ойкуйт да, кайкыйт ак чардак
Кыргыз радиосу "Таланттар таймашын" жарыялайт
Кулагыңызга күмүш сырга! Жакында "Кыргыз радиосунун" жаштар программасы "Таланттар таймашы" аттуу конкурс өткөрүшөт. Ага бардык таланттарды чогултуп, түз эфирде 40 мүнөттүк убакытта таймаш оюндары жүрөт. Бул конкурска бардык таланттуу инсандар, тактап айтканда, акындар менен акындар, манасчылар, акыйнекчилер, КВН командалар, продюсерлер, студенттер жана газеталар арасында кызуу таймаш жүргүзүлөт. Кайсы тармак болбосун, өздөрүнө тиешелүү болгон суроолор менен коштолуп, бири-бирине болгон сын-пикир, каяша айтылып, ар бири өздөрүнүн таламын талашышат. Андан тышкары, жаштар программасынын активисттери конокторду кучак жайып тосуп алышат да, күтүүсүз кырдаалдарга туш кылышы ыктымал. Андыктан, чамдаңыз. Конкурс бир нече этаптардан турат, мыктылары тандалып олтуруп жарым финалга жетишет. Ал эми эң мыктылар финалдан таймаша алышат. Жеңүүчүлөр кымбат баалуу сыйлыктарга ээ болушат. Андан соң "Кыргыз радиосу" "Жаштар таланттарды тандайт" аттуу чоң концерт тартуулашат. Андыктан,106.9 жыштыгында өтчү "Таланттар таймашына" кулак салып тыңшап туруңуз.


Айпери Сыдыкова жолдошуна ыр арнайт
Айпери өз алдынча ырчы болгондон баштап, чыгармачылыгын бүт бойдон колуна алгандыктанбы, айтор, ыр чыгарып, бир буту Бишкекте болсо, бир буту Ошто болгон учуру. Дегеним, Айпери Бишкекке ыр чыгарып, ырларын радиолорго берип, чыгармачыл адамдар менен жолугуп, кайра Ошко бет алмакчы. Ырчылардын арасынан ичке үнү менен айырмаланган Айпери жаңы ыры сүйүктүү жубайына арналганын билдирди.


Кундуз көрүнбөй кайда жүрөт?
Ырчынын күйөрмандары Кундузду "көрүнбөй кайда жүрөт" деп таң калып жатышса, көрсө, ырчы кыз гастролдоп жүргөн экен. Дымы чыкпай калган Кундуз чынында, гастролдон кийин чыгармачылыгын толуктоо менен алектенип жатыптыр. Жаңы ырларды жаздырып, айтор, көптөгөн "спюрприздерди" камдоодо окшойт. Дегеним, жаз айларында, буюрса, Кундуз элге өзүнүн жеке концертин тартууламакчы. Эмитеден эле даярданган ырчы элди сагынтып туруп, анан чыксам деп ойлоп жаткан көрүнөт.


Алихан менен Нурлан Насип дуэт ырдайт
Жаш ырчы жигиттер Алихан менен Нурлан Насип биргелешип "Бийчи кыз" аттуу ыр жаздырышып, эми дуэт ырдашат. Кайсы чимирилген бийчи кызга арналган ыр экенин Алихан сыр бойдон калтырды. Жигиттердин күйөрмандары эми сахнадан экөөнүн бирге ырдагандарына күбө боло алышат. Учурда Алихан 5-курстун студенти болгондуктан, дипломдук ишин жактоого даярданып, окуусун үзбөй, университетте жүргөн убагы. "Бир аз убакыттан кийин колго диплом алабыз, ошондуктан, окууга көрүнүп турбаса болбойт", -дейт ырчы. Андан тышкары, тойлор боло калса, кээ бирине барып ырдап калмай адатын карматып коёт.


Муз канал "МИСС -ШОУ-БИЗНЕС" тартуулайт
Биринчи Муз канал "Мисс -шоу-бизнес" долбоорун тартуулайт. Анда шоу тармагындагы сулуу деп аталган 25 ырчы кыздарыбыз катышат. Ар бир конкурс сайын бирден ырчы четтетилип олтуруп, 10 кыз тандалып алынат. 10 ырчы кыз ал жерде саламдашуу, мода көрсөтүү, үй жумуштары, актёрлук чеберчиликтерин элге тартуулашат. Жада калса коркунучтуу, каардуу калыстар тобу дагы болбойт. Болгону "Мисс -шоу-бизнесин" элдер аныкташат. Шоу-кеченин ортосунда антракт болгондо элдер билеттерге өздөрүнө жаккан катышуучуну жазышып, урнага салышат. Ошентип, эл өз добушу менен "Мисс-шоу- бизнесин" аныкташат. Жеңүүчүгө чоң суммадагы акча тапшырылат. Концерт 8-декабрь күнү спорт сарайында болмокчу.


Куттуктоо!
"Обон" гезитинин түптөөчүсү, "Обон" гезити редакциясынын жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Орозалиев Дүйшөмамбет Азыбаевичти 9-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз!

Кыраакы, баамчыл, жөнөкөй,
Мүнөзү бизге дайын да.
Шыкалып бойдо бариги,
Окшошот бай түп кайыңга.

"Обонду" алтын туур кылган,
Калемин кармап келгенге.
Белгилүү далай куш учту,
Белсенип баарын жеңгенге.

Жарыкка келген күнүңүз,
Ак жолтой болсун, кут болсун!
Ай, жылдыз бирге тогошуп,
Түндүгүңүзгө кут консун!
Ак тилек максаттарыңыз,
Дал ушул жашта туш болсун!
"Обон" гезитинин
жалпы жамааты





  Туулган күнүңүз менен!

Бекчоро:
"Көз айнек, чынжырчаларга кызыкпай калдым"
Өзгөчө көз айнектердин ээси, стилдүү мырзалардын катарын толуктаган жаш ырчы Бекчоро быйыл, 14-ноябрь күнү 26 жашка толуп олтурат. Анда келе жаткан туулган күнүн кандай өткөрө тургандыгы туурасында бир ооз сөз кылсак.


- Саламатсызбы, Бекчоро, келе жаткан туулган күнүңүз менен! Кантип өткөрөйүн деп жатасыз, пландарыңызды бөлүшө кетсеңиз?
- Чоң рахмат, туулган күнүмдү буюрса достор жана жакын тааныштар менен өткөргөнү турам. Эки вариант болуп жатат. Бирок бирөөнө толук токтоло элемин. Буюрса, Ала-Арчадан бир "особнякты" ижарага алып, жаратылыштын койнунда, таза абада жалаң достор менен өткөрсөм деген да оюм бар.
- Кайсы төрөт үйүндө, канча килограмм болуп төрөлгөнсүз?
- Мен Казарман шаарында төрөлгөм, болгону 3кг 500грамм болуп төрөлсөм керек.
- Кичинекей кезиңизде кимге көбүрөөк окшош элеңиз?
- Мен кичинекейимде атама да апама да, жада калса бир туугандарыма да окшош эмес экенмин. Баардыгы эле таң кала беришчү. Бир туугандарым атам же апама окшошуп турушса, мен алардын арасында өзгөчөлөнүп турчумун.
- Эсте калган туулган күнүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Албетте, мен 3 - класста окуп жүргөн кезимде эсте каларлык туулган күн өткөрүптүрмүн. Ошол убакта футбол ойногон топтор жаңы чыгып, балдар арасында ал өзүнчө эле модага айланган эле. Анан менин туулган күнүмө так ошондой топ белекке беришкен. Ошондо төбөм көккө жеткичекти сүйүнгөм. Абдан кубанып, сүйүнүчүм койнума батпай кудуңдаганым эсимде калыптыр. Анда ошол көчөдөгү балдардын арасынан менде эле футбол тобу болгондуктан, чоң авторитет болуп калгам (күлүп).
- Атыңызды ким койгон?
- Атымды Бекчоро деп атам койгон, ал абдан "патриот" адам болчу. Бардык туугандарыма "чоро" деген аттарды көп койду. Манастын 40 чоросуна таянып, эр азамат, мыкты жигиттерден болсун деген тилектер менен ыйгарган ысымы экен.
- Туулган күнүңүздө кандай сезимде болосуз?
- Эми мен азыр дин жолуна түшкөндөн кийин туулган күн, жаңы жыл, валентин күнү деген майрамдарга көңүл бурбай калгам. Туулган күнүмдү өткөрөйүн деп деле пландаган эмесмин. Бирок менин дос балдарым эмитеден эле даярданып жатышканын угуп, өткөрүп коёюн дедим. Туулган күнүндө арак ичип, шайыр-шатман олтургандар гана көңүлдүү өткөрүшөт да. Мен досторума карап эле белгилеп коюуну туура көрдүм.
- Кандай белектерди жактырасыз?
- Мурда мен ар кандай көз айнектерге, чынжырчаларга, ушул сымал асем буюмдарга абдан кызыкчу элем. Азыр эмнегедир алардан да көңүлүм калды. Белектерди ылгабайм. Бардыгын ала берем. Болгону жакшы ой тилек менен берилгени жакшы да.
- Жубайыңыздан кандай белек күтүп жатасыз?
- Сурасам айтпай жатат, аябай чоң "сюрприз" даярдап жаткан го. Эки-үч жолу сурасам да жашырып койду. Анан тажатпайынчы деп, унчукпай калдым. Эми көрөбүз да.

Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??