п»ї

 "Обон" ордосунда отуруш

"Бек Борбиев Мерген Турганды ала качып…"
"Кыйшалаңдаган бала экен…"
-Кош келиңиздер, Алина эже, Мерген байке! Көптөн бери сиздер менен жолугушууну көздөп, эңсеп жүрөт элек. Жаштык кезден, кантип дос болуп, кантип ээрчишип калганыңыздарды айтып берсеңиздер.
Мерген Турган: 1982-жылдары эле Алинанын ырдап жүргөнүн көрүп, аябай суктанып жүрчүмүн.
Алина Жетигенова: Сен анда мектепте окуп жүрчүсүң.
М.Т: Ооба,анан 1989-жылы мен филармонияга, азыркыча айтканда, кастингге келдим.
А.Ж: Куркуйган, мурду коңкойгон, арык бала болчу.
М.Т: Ооба, анда худсовет деп койчубуз, композиторлор, акындар, вокалисттер катар отуруп алып, бизди ырдатып, бийлетип карап отурушчу.
А.Ж: Мергенди көрүп эле деп калышты. Ал кездин да өзүнүн бир рамкалары болчу да. "Таланттуу экен" деп, талашып-тартышып жатып: "Кыйшалаңдабай ырдаса калат",- деп коюшту. Ал кезде бири-бирибизге аябай колдоо көргөзчүбүз да,"түз туруп эле ырдап койчу" деп жалдырачубуз.
М.Т: Ии, билесиңби, мага оркестрде ырдай тургансып кыргыз кийим, калпак кийгизип койгондочу(күлүп калышты).
А.Ж: Биз жалдырап жатабыз: "Мерген, секирип ырдабай эле койчу, чыгарып салышат",- деп, суранып жүрөбүз. Акыры макул болду. Анан эле жуп сахнага чыгарда кыргыз форманы чечип салып, секирип чыгып кетсе болобу.
М.Т: Ичимен чыпташкан кийимимди кийип алгам да. Концерт бүткөндөн кийин булар коркуп жүрүшөт. Бирок ошол концерт өзгөчө болуп өткөнүнө байланыштуу эртеси да көрүүчүлөр көп болуп, сахнадан кетпей калгам.
А.Ж: Анда "Таазим" деген топ ачып, баарыбыз ошондо иштечүбүз. Гастролдорго барчубуз, Кыргызстандын кычыктагы айылдарына чейин концерт койчу элек да.
-Сиздерди бир үйдө чогуу жашашчу дешет. Кимдер кандай түшүнчү эле?
А.Ж: Ким кандай түшүнсө да, Мерген экөөбүз бир туугандай дос болдук. Баары билчү, гастролдоп жүргөндө да Мерген экөөбүз бир бөлмө алчубуз.
М.Т: Мен "жан сакчысы" болчумун. Ии, баягычы…(каткырып калышты) бир жолу гастролдоп Хайдаркенге барып калдык.
А.Ж: Адаттагыдай эле бир бөлмө алып, кечинде уктап атканбыз. Аңгыча эле эшикти такылдатып, Мерген чыкса бир милиция ээрчитип кетти. Артынан түшүп барсам түшүнүк кат жаздырып:"Никеңер жок болсо, бир бөлмөдө жатсаңар, биздин жаштарга туура эмес тарбия бересиңер",- деп жатыптыр. Бул болсо мага жинденип:"Жолобо мага, сенин азабыңан дайым ушинтип жүрөм",- деп урушат.
М.Т: Алина болсо ансайын артыман ээрчип алчу, айтып жатпаймынбы, мен "жан сакчы болчумун" деп. Анын үстүнө, ал кезде ырчылардын үйү жок, батирлеп жашачубуз. Бири-бирибизге аябай карачубуз. Ошондо, мен шаа рга жаңы келгенде Алина мени багып алган.
А.Ж: Мерген-менин балдарымдын атасы, апасы. Анткени, менден дагы жакшы карачу. Мен телевизор көрүп жатсам, өзү балдарды карап, тарбиялап койчу.
М.Т: Ооба, Алина балдарды такыр урушпайт, мен болсом аларды төтөнгө чаап, кыйкырып урушуп, тарбиялап салчумун.
"Айчүрөк Мергенге болушуп, мушташып…"
А.Ж: Бир жолу гастролго кетип баратып, көр-жеримдин баарын Мергендин агасынын жер тамына тыштап кеттик. Анан 31-декабрь күнү келип, буюмдарымды алып кетели деп бардык. Экөөбүз күүп жатсак, арасына чычкандар уялап алышыптыр, түшүп жатпайбы…
М.Т: Алина болсо: "Сенин сойку чычкандарың",- деп тилдеп жатат, экөөбүз боорубуз эзиле күлүп жатабыз. Жакшынакай шырдагын жайлаптыр да.
А.Ж: Бирок ошол күнү саат он экиге чейин үйгө баарын көчүрүп келип, ордуларына коюп, саат он экиге он беш мүнөт калганда Айчүрөккө жөнөдүк. Ага барсак, ал деле гастролдон келген да, буюмдары ар кайсы жерде таңылып турат. Дасторкон жазып, бизди күтүп жатыптыр. Үйдө эмне кылмак элек деп, үчөөбүз ээрчишип аянтка чыктык.
М.Т: Эми, элестетсең, эки жагымда эки чүрөк, ортосунда мен. Жыргап ёлканы тегеренип ырдап жүрөбүз, ойноп жүрөбүз. Анан үйгө келе жатсак, алдыбыздан мас балдар эки кызга эмес, мага тийи шип жатканын көргөн Айчүрөк жиндеп кетти.
А.Ж: Айчүрөк жакын адамдарына аябай болушчаак. Мерген "ай, кыздар" деп бирде менин артыма, бирде Айчүрөктүн артына жашынып жүргөн. Бир карасам эле Айчүрөк балдар менен мушташып жүрөт. Мерген болсо качып жүрөт.
М.Т: Алина болсо, аларды кеп-сөзгө келтирейин деп: "Ай, балдар, бүгүн жаңы жыл, бүгүн майрам. Келгиле урушпайбыз",- деп айланып жүрөт. Айчүрөктүн узун чачы уйпаланган. Анан эле бирөө мени түртүп жиберсе , кардын үйүлгөн жерине кирип кеттим. Алина мени чыгарып алды. Ошентип, ызы-чуу болуп жатсак, Болот Тасмаев балдар менен келип, бизди коргоп калышты.
"Өлбөгүлөчү,
өлсөңөр өлтүрөм!"
- Качан үй алдыңыздар?
А.Ж: 1991-жылы Рахман Раззыков байкенин уюштуруусу менен артисттер сүйлөшүп, мага биринчи үй алып бермей болушту.
М.Т: Рахман байке министр болсо жараша турган адам. Баарыбызга аябай камкордук көрүп, көп жерден көтөрүп кетет.
А.Ж: Ошентип, биринчилерден болуп мен үй алдым.
М.Т: Ушу жерден мен дагы бир нерсени айтып берейин. Менин атам да аябай түшүнүктүү киши эле. Ошондо, үйгө барсам: "Кой, балам, Алина сага көптү кылган. Үй алып берели деген жакшы оюңар бар экен. Сен барышың керек",- деп, мени узатып койгон. Анан келип, эч нерседен бейкапар концертти өткөрүп бүттүк. Көрсө, атам өтүп кетиптир. Менден башкасынын баары билет. Баары мени ыйлабасын деп, эч нерсе айтпай жолго акча чогултуп, икарус автобусу бар эмес беле, ошого баары түшүп, вокзалга узатып келишти. Жаныма Алинанын жолдошун, Эркинди кошуп: "Атаң ооруп жатыптыр, көрүп кел",- деп узатышты. Анда да, оюмда эч нерсе жок, сүйүнүп, сүрдүгүп кеткем. Азыр да, ошол кезди эстесем, жүрөгүм ысып чыгат. Ошондогу биримдик жыл өткөн сайын ого бетер өөрчүп, бекемделип жатат.
А.Ж: Дос жамандык менен жакшылыкта билинет эмеспи. Азыр деле бири-бирибизсиз эч жакка барбайбыз. Бири-бирибиз үчүн кадимкидей сүйүнүп, кейийбиз. Жамандыкта жалпылап көтөрөбүз.
М.Т: Роза Заитова эже каза болгондо да жалпыбыз бардык. Колдон келген жардамыбызды берип, көтөрүп алдык. Кызмат кылдык дегендей, кыздар боорсок бышырып, үй жыйнап, казан-аяк менен болсо, эркектер көр каздырып, башка уюштуруу иши менен жайга узатып келгенче тикебизден тик турдук. Ушул окуядан кийин мен да өлгөндөн коркпой калдым.
А.Ж: Биз жада калса тажияга барганда да юморсуз тура албайбыз. Маркум Нүргүл Абылмажинованын тажиясына барганда да Батма эже ыйлап жатат: "Өлбөгүлөчү, өлсөңөр өлтүрөм",- деп. Анан "кезек кимге келип калды?"- деп Батма эжени карап койсок, боору эзилип калат.
"Бек Мергенди ала качканда, мен кууп барып…"
- Үй алганыңыз боюнча айтсаңыздар.
А.Ж: Ошентип, Рахман байкенин идеясы менен баардык артисттер концерт койдук. Түшкөн каражатка мага үй алып беришти. Анан эле кезек менен улам бирибизге үй алып берип отуруп Мергенге жеткенде... (Мерген байке сөз талаша кетти)
М.Т: Ойлоп көрсөм мен деле жакшы киши экем. Бек балалуу болчу. Анан мага баары эле айтып калышты:"Кезегиңди Бекке эле берип койчу, баласы менен кыйналып жатат",- деп. Мен макул болуп, Бек үйлүү болду.
А.Ж: Биздин үйдө ырчылар болуп чогуу туруп калдык.
М.Т: Баарыбыздын үйүбүз жок, Алина бизди алып алды.
А.Ж: Эң төркү бөлмөдө Мерген турар эле. Баарыбызга: "Бүгүн шейшептерди жууйбуз",- десе туруп шейшеп жуучубуз. Дагы бир күнү: "Үйлөрдү жаябыз",- десе жабылып үй жайчубуз. Биздин тазалык сектор болчу. Анан да пардасы укмуш эле.
М.Т: Кыргызстандын желеги болчу да.
А.Ж: Анан эле бир күнү үйгө келсем, Мергендин бөлмөсү аңгырайт. "Бул кайда кетти",- десем, "Бек ала качып кетти",- дешти. Аябай жиним келип, артынан кууп бардым. Бек үйүндө жок экен, Мерген жалгыз…
М.Т: Мен жалгыз эмес болчумун, аквариумда ак бака, анан ит бар болчу.
А.Ж: Ошо, анан бул отурат, чоюлуп. "О, шторуң менен, бас, кеттик" десем, "отурам" деп болбой койду. Анан, таштап баса бердим. Отургузуп… көрсө, Бек: "Кезегиңди мага берип койдуң. Алинаныкында ансыз деле киши көп, биздикине жаша",- деп алып кетиптир.
- Анан сиз үйлүү болбой калдыңызбы?
М.Т: Жок, үйлүү болдум, бирок бир аз кийинчерээк.
А.Ж: Мергенге кезек келгенде тарап кеттик. Бирок үй алганга акча чогултуп берсек….
М.Т: "Багы жокко дагы жок болуп", аферистке алданып калдым. Ошентип, (каткырып) колдон- колго өтүп жашап жүрдүм.
А.Ж: Мерген бардык шарты менен кабат үйдөн квартира алып калды. Бир күнү балам сыркоолоп, ооруканага жатып, Мергенди "эмне кылып жатат?" деген ой менен күйөрманы болуп чалып калдым. Тим эле "важный". "Алоо, бул ким?"- дейт. Суроолорума тим эле чоюлуп жооп берип жатат. Анан чыдабай: "Уу, каркыраган үнүң менен! Аңгыраган үйүңдө жатып алып "важный" болбочу!"-десем, "Каркушасыңбы?"-деп жатпайбы. Анан да "ушу өчүп калган батарейкаман, кагылайын деп батареяны кучактап жатам",- деп калчу.
(Уландысы кийинки санда)


Аттокурова Жылдызай




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??