п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Биздин көчөдө

Кыргыз жигитин кылымга
жакын сүйгөн
Таня
(Эрмектин жаркын элесине арналат)

Сүйүү. Махабат. Ушул улуу сезимдин мамысына байланып, элүү жылдан бери алгачкы сүйүүсүнө көз жаш төккөн Татьяна менен тагдыр өзү жолуктурду окшойт. Анын көгүлтүр көзүнөн аккан тунук жаш жүрөгүмдү аралап, бир эсе кайгысына кейисем, бир эсе улуу сезимди узакка сактаган ушундай аялзаты бар экенине суктандым.


"Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт" - дегендей, Таня эжеге аябай суктанар элем. Алтымыштын сегизине чыкса да каалгыган басыгын жазбай, аялзатына таандык назиктигин жоготпой, жүзүнө кат-кат түшкөн бырышынан мээр төгүлүп турар эле. Жакын тааныш болбосок да, ар дайым кезиккенде сыпайы учурашып, сыпайы коштошуп гана турганыбыз менен бири-бирибизди андан да чоң тартылуу жакындатып турарын сезсек керек. Күндөрдүн биринде Таня эже мага келип, тээ качантан бери жүрөгүн эзип, көңүлүн өйүгөн сырын айтып, көздөрүнөн мончок жашын төгүп кайтты. Эмесе, сөз башынан болсун.
"Мен сени Эрмек
үчүн өбөм"
Эжемдин улуу баласы кайтыш болуп, Байтик айылына эскерүүгө баргам. Алар мени узатып чыгышып, маршруткага салышты. Ичкери түшкөндө эле орто жашта бир киши:
- Бул Троянскийлер кимди узатып чыгышты? - деп сурап калды. Мен орундукка жаңы отуруп жаткам. Эжем:
- Бул менин сиңдим - Таня, - деп, эшикти сыртынан жапты.
- Демек, Таня деген сиз экенсиз да ээ? Мен сизди көргөнгө кумар элем. Мени тааныдыңызбы, мен - Кулуевмин!
- Кулуев! Сен Эрмектин инисисиңби? - деп муун-жүнүм бошой түштү.
- Ооба, - ал да мага жүткүнүп, экөөбүз кучакташып көрүштүк.
- Мен сени Эрмек үчүн өбөм,- деп, бетинен өөп койдум. Көзүмө келген жашты кайда катарымды билбей, аны карасам,ы ал да жашып кетиптир. Катылган булак көзү ачылгандай эле ыйлап жатам, ыйлап жатам. Ал мага:
- Биздикине түшүп калыңыз, жай отуруп сүйлөшөлү.Чайлашалы.
Мен жооп бергенге дагы кудуретим жетпей, тамагым буулуп туруп алды. Менин абалымды түшүнүп:
- Биздикине сөзсүз келиңиз. Ушул жерден түшүп калып эле сурасаңыз, мени таанышат,- деп, түшүп калды. Айнектен карасам, көзүндөгү жашты сүртүп туруптур.
"Эрмектин алдынан тамак көтөрүп тосуп чыкчумун"
Эрмек 1943-жылы туулган. Төрөлгөндөн кийин тез эле апасы кайтыш болуп, жетим калат. Атасы үйлөнүп, өгөй эненин колунда чоңоёт. Өгөй эне катар-катар төрөп, Эрмек кичинесинен эле азапты көп көрдү. Өз балдарына кандай мамиле кылса да "өгөйдүкү өөн" демекчи, Эрмекти уруп-кагып койгону баарыбызга жаман көрүнчү. Жада калса атасы деле эркелетип, мээримин төккөн жок. Эрмек кой кайтарып чыкканда бир күнгө бир бөтөлкө суу менен бир нан берип жөнөтүшчү. Менин эжем дүкөндө иштечү эле. Таттуу токочтор, айран, майда-чүйдө бир нерселерди апам бир баштыкка салып, мага "алып барып бер" дечү. Эрмек кой айдап келе жаткан жолунан тосуп чыкчумун. Ал тамактанып, анан экөөлөп койду айдап келчүбүз. Экөөбүз дайыма ээрчишип чоңойгонгобу, айтор, баары бизди кыз-жигит дей беришчү.
"Азыр эле өпкөндөй
сезилет"
Ошентип, биз эрезеге жеттик. Кайсы бир майрамда, кыргыз-орус дебей баарыбыз биригип, кой союп, казан кайнатып, колдон келген тамак-ашыбызды даярдап жүргөнбүз. Эрмек от жагып отурган эле, мен казан карайын деп эңкейгенде бетимен өөп алды. Ал кезде ыйбаалуу болчубуз да. Бетим ысып-күйүп, уялганыман кызарып, четке чыга бердим. Уялганымды айтпа. Мына, ошондон бери туура элүү жыл өтүптүр, а мага азыр эле өпкөнсүп, бетим ысып чыгат.
"Мени эмне кылат, билесиңби?"
Мен үй жумуштарынын баарын эле жасачумун. Болгону, жүн тытканды билбей эле, майдалай берсем керек. Үйгө келген Эрмек отуруп жардам берип кирди. Анын тыткан жүндөрү узунунан сулуу болуп түшкөнүн көрүп апам: "Мына ушинтип тытыш керек", - деди. Апам ары кеткенде "Апаларга жардам бериш керек, билесиңби, өгөй энем мага буларды жасай албасам эмне кылат?" деп айтып алып, анан кайра унчукпай калды.
"Күнүм жок калды"
Мектепти аяктагандан кийин биздин үй-бүлө Ново-Павловкага көчүп келдик. Эрмектин үй-бүлөсү Таш-Дөбөгө көчүп келишкен. Бири-бирибизди аябай сагынып жүрдүк. Ал кезде кат жазышчубуз. Эрмектин катында "Менин күнүм бар эле, алыс кетип, азыр күнүм жок калды" дегенин кайра-кайра окуп, көп ыйлагам. Тагдыр деген ушу экен, мен бар, ал жок.
"Эрмектин көмүлгөн
жери белгисиз"
Эрмек 18 жашка чыкканда эл катары аскерге чакыруу алып кеткен. Мен анын кайсы бөлүккө барганын да билбейт экенмин. Айтор, Кара калпак жергесинде аскердик кызматын айдоочу болуп өтөчү экен. Так маалыматым жок, бирок бир туугандарынын айтуусунда "деддер" менен мушташып, солдаттар машинадан ыргыта тепкен дешет. Кат аркылуу билдирүү жазыптыр. Ал эми, сөөгү Кыргызстанга келбей, ошол жакка жашырылыптыр.
"Эч качан болбогон
сыяктуу"
Ал эч кимдин эсинде да калбаптыр. Айылдаштары "алардын агасы да бар беле?" деп таң калышат. Бирөө төрөлдү, өлдү. Жада калса көмүлгөн жери жок. Эч качан болбогон сыяктуу. Жакшылыктын, чыныгы бакыттын даамын татпай, баёо, таза бойдон бул дүйнөдөн узап кетти. Кимдир бирөөнүн ардактап көмүлгөнүн көрсөм зээним кейийт, Эрмекти ойлойм. Жан дүйнөмдүн кемтиги толбой, ушунча жашоону азапта жашап өттүм окшойт.
"Мечитке бардым"
Адам жамандыкка, кыйынчылыкка бышат эмеспи, акыры тирүүлүктүн жазмышына баш ийдим. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болдум. Бирок эч качан көңүлүмдөн Эрмек чыккан эмес. Бир күнү борбордук мечитке бардым. Ал жерден "Мусулман баланы эскерип, шам жагайын дедим эле" десем, "бизде шам койбойт" - дешти. Кандай эскереримди да билбейм. Ичимден эле эзилип коюп жүрөм.
"Апрелдеги окуяда күнү-түнү ыйладым"
Жаш балдар. Алар да, кимдир бирөөнүн сүйүктүүсү, балким, түбөлүк сүйүүсү. Өзүмдүн ордума алардын жакындарын элестетип, кайгырдым. Алардын Ата-Бейитке коюлганын да көрүп отуруп, Эрмек бөтөн жерде, кандай көмүлгөнүн биле албай убайым жегенимчи. "Ким билет, көрүстөнүнө ким барат",- деп сай-сөөгүм сыздайт. Балким, бул жакта болсо да мен барып, сырдашып, бугумду төгөр элем. Токсонунчу жылдары Төрөкул Айтматовдун сөөгү табылганда да, көзүмдүн жашын тыя албай канча жүрдүм. Кыялымда, Эрмектин да көрүстөнүн таап…
"Турмушум
башкача болор беле?"
Эгер, Эрмек тирүү келгенде… ал да жакшылыкты, кубанычты, бакытты билмек. Менин да турмушум таптакыр башкача болор беле?..

PS: Мына, жарым кылымда карыбаган махабат! Ар бир жолугушуп, Эрмек жөнүндө айткан сайын, көзүнөн жаш көнөктөп, мууну бошогонун көрүп, ичтен сызып алам. Өзү айткандай, Эрмек келгенде нике буюруп, чогуу түтүн булатса, кыргыз үй-бүлөлөрүндөй эле опур-топур болуп, бала-бакыра бапырап, үйү шаңга бөлөнүп турмак экен. Эмнеси болсо да, махабатын таза, аруу сактаган аялзатынын сезимин жазбаска арга жок.
Таня эже дагы эле Эрмекке байланыштуу бардык маалыматтарга муктаждыгын айтты. Балким, жогорудагы сүрөттөгү Абыл менен Сабырдын балдары байланышка чыгар деген үмүтү да бар.

Икая
Үмүттүн
шооласы өчпөйт
Бул кичинекей периштенин опол тоодой купуя сыры бар болчу. Атайын ички сырын табият менен бөлүшкөнү келип көк мейкинге жар салат. Элли жан-дүйнөсүн ойготуп кыялдарга чөмүлүп мамык сымал апакай булуттарга оронуп, тээ бир кездеги 20 жылдан ашуун күткөн сүйүктүүсүнө жолугарын билген. Бирок тоскоол болгон жаратылыш ал кыялдарына бөгөт койду. Элли бороон-чапкынга моюн сунбай туруштук берип турду. Аны куткарганы Эльф жолугуп периштенин чырайына суктана апкаарый, анын назик колдорунан кармап өзүнө бекем кыса кучактады. Удургуган шамал да токтой, тыбырчылап жаан жаай баштады. Андан соң заматта күн чайыттай ачылып, күн желеси асман менен жердин ортосуна көпүрө болду. Ошол жол менен майда-майда баскан периште көптөн күткөн сүйүктүүсү Эльф менен бактылуу кадам таштап баратты. Ошондон бери жомоктогу кыял чыныгы турмушта кездешип, кыздар сүйүктүүлөрүн күтүүдөн тажабай, үмүттүн шооласын үзбөй келет экен.


Жылдызай Аттокурова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??