Сезимай Алиева
Сен жана мен
Бир күнү сабактан жаңы эле келген. Артынан удаа ээрчий кирген Таня:
- Сени эшикте бир киши издеп келиптир. Ким экенин билбеген соң киргизген жокмун. Чыгып көрсөң?- деп калды.
- Кызык?.. Мени ким издеши мүмкүн? Эдил эмеспи? Сиз аны тааныйсыз да? Өткөндө мени жеткирип келген кайнагам эмеспи? Аны көргөнсүз да? Кийимин которуштуруп, өзүнчө күйпөлөктөп, күбүрөнө, жүн жоолугун желкесине сала тышка шашылды. Дарбазанын кичине каалгасы ачылганда эле Сүйгөндү утурлай чоочун киши бери басты. Колун сунуп учураша:
- "Бул ким болуп кетти?" деп таң калба карындаш. Сүйгөнсүң да? Мен Дуулат менен өмүрүнүн акыркы күндөрү чогуу болдум эле. Атым-Асылбек. Сага бере турган аманатым бар эле?- деди.
- Кириңиз, үйгө кириңиз?- Сүйгөн "Дуулат" дегенди угуп эле алактап калды. Тигил кишини үйгө баштап кирип, босогодо туруп калган Таняга:
- Билесиңби, бул байке менин Дуулатым менен Баткенде чогуу болуптур да,-деп көздөрүнөн чууруган жашына ээ боло албай, ыйлап да, сүйлөп да атты.
- А...аа?-деген Таня башка сөз айта алган жок. Кечээ бөтөлкөлөш курбусунун туулган күнүн белгилешип көп ичип, азыр башы зыңылдап ооруп, карды да ачып турган. Эси дартынын баары эптеп баш жазышта болуп турган аялга "Дуулат тирилип келиптир" десе да баары бирдей эле.Аны Сүйгөн кайдан билсин.
Чай үстүндө Асылбек Дуулат экөөнүн сүйлөшүп олтуруп калган учурларын эстеп айтып олтурду.
- Кайран жигит...Бир келген жалган жашоодо атына жараша дуулдап албай, жаш кеткени ичимди ачыштырат. Эч нерсе көрбөй кетти да?!. "Келинчегимдин боюнда бар" дегенинен, "эркек болот, жентек тоюңа чакырарсың?" деп тамашаласам, жетине албай кубанып, "сизди кантип унутайын?!" деген эле.Бири кем дүйнө деген ушул турбайбы?..Билбейм, ажал жакындаганда адам өзү сезип калат окшойт. Ошол күнү өзүнчө эле элден четтеп, басса-турса да оор үшкүрүнүп, капалуу жүргөнүн көрүп атайын жанына басып баргам, алаксытайын деп ойлой. Сөздөн сөз чыгып олтуруп саат баскан жаным Афгандагы күндөрүмдү эскерип калдым. Менин көз алдымда окко учкан досумдун жан баштыгынан апасына жана сүйлөшүп жүргөн кызына жазган катын таап алып, өзүнүн кайра үйүнө кайтып барбасына көзү жеткенсип коштошуп жазганына таң калганымды айткан элем. Эч нерсе оюмда жок эле айтылып кеткен ал окуя. Андан башка экөөбүз дагы бир топ сөздөрдү сүйлөшүп, анан мен жанынан кеткем. Колунда сенин сүрөтүң бар экен. Утур-утур карап коюп олтурган.
Ошондон жарым саатча убакыттан кийин эле жаныма келип калды да "Асыл байке, кокус бирдеме болуп кетип келин балаңызды көрбөй калсам менден аманат, берип коюңузчу?" дегенин угуп эле чочуп, так секире "Жаман жөрөлгө кылбай жөн турчу. Эмнеге көрбөй калмак элең?!" деп жемелеп да алдым. "Жо-ок, байке, сиздики туура... Ошентсе да алда кандай болуп кетет, ким билет? Келинчегим жалгыз, анын менден башка ишенер кишиси жок. Кор болуп калабы деп корком. Бул жерде атайын аны дайындап апама, агаларыма жазып койдум. Алыңызчы эми, менин көңүлүм ток жүрсүн десеңиз. Буюрса, согуш бүтсө Бишкекке чогуу бараткан жолдо өзүңүз айрып саласыз. Бул эмне кагаз эле да. Колуңузга граната карматып жаткансып секиресиз да?" деп кайра мени тамашалай, колума карматып алып чыгып кетти. "Каап, жана бекер айткан экенмин" деп ошондо кейип калгам. Ошол түнкү атышууда снайпердин огунан ажал тапты байкуш бала.
Муну сага дароо алып келе албаганым үчүн кечирим сурайм. Сол акырегиме ок жеп ооруканада көп жатып калдым. Анын үстүнө кошумча болуп катуу суук жеп калган экенмин. Айтор, жакында эле үйгө чыктым. Балдардан берип жиберейин деп ойлоп, адрести таппай, же катты жоготуп алышабы деп корк тум,- костюмунун төш чөнтөгүнөн гезитке оролгон кат сунду.
Дуулаты жөнүндө үн катпай угуп олтурган Сүйгөн эчкирип ыйлай, сунулган катты колдору калтырап араң алды. Дароо эле ачып, ичинде эмне деп жазылганын аябай окугусу келгени менен Асылбектен тартынды. Акырын алаканы менен сылай жүктүн үстүнө коюп койду.
Ар түнү Дуулатын эстеп, сагынып, анын элесин көз алдына келтирип алып жаздык кучактап өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап: "Ал өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө эмнени ойлоду болду экен? Кимге эмне сөз айтты экен? Мага жок дегенде өз колу менен эки ооз сөз жазып кеткен болсо кандай жакшы болмок" деп көп ойлочу. Анткени, бир жолу , Дуулаты тирүү, жанында жүргөн кезинде сабакта жүргөн Сүйгөнгө "Алтышка, бүгүн биздеги Юра Юсупов кыздуу болгонун белгилеп жатат. Бир аз кечирээк келем. Сен менин самап тапкан асылымсың! Сени өөп, сенин Дулдулуң" деп алакандай кагаздын айрындысына жазып, столдун үстүнө калтырып кетиптир болчу. Ушул эки сүйлөмдүн ичине эле күйөөсү Сүйгөнгө деген чоң сүйүүсүн батырып жазып койгонсуп, баракты кайра- кайра окуп, бактылуу жылмайып алган. Ал катты азыр уктаарда кайталап окуп, жазданып жатат. Ал катта күйөөсүнүн колу, ою калды деп аны окуганда кадимкидей каниет алып калат.
- Рахмат, сизге,- деди көптө гана эсине келгендей.- Мага анын кийим, буюмдарын беришкенде арасынан кат издеп, таппай жаман болгом. Ал мага жазып кеткендей эле сезим болуп, жоготуп жиберишти да деп ойлочумун кээде.
Келиндин оюн бузгусу келбей тунжурап олтуруп калган Асылбек:
- Жок, рахмат айтыштын кереги жок. Андан көрө өзүң кантип жатасың, ден соолугуң кандай, ушулар жөнүндө айтчы?Сени табамбы, таппай каламбы деп эч нерсе ала албай куру кол келдим. Бул жерде биртике тыйын алып келдим эле, эртең тамак-аш алып Дуулатка куран окутуп коёсуңбу? Колумдан келгени ушул болуп калды,- деп дасторкондун үстүнө акча койду. "Куран окутуп кой" дегени үчүн Сүйгөн албайм деп айта албай, өзүн ыңгайсыз сезип унчукпай калды. " Албайм, жөн эле коюңуз" деп айтып , өткөндө Эдилден кагуу жегендей катуу сөз угуп каламбы
- Балдарды деле жиберип дайыныңды билип турам. Көз жарып калсаң сөзсүз сүйүнчүлө, жентек тоюн өзүм берем,- деген Асылбек өзүнүн үйүнүн дарегин калтырып кош айтышты.
ХХХ
"Алтыш, эгер сен бул катты окуп жаткан болсоң, анда мен жокмун...өкүнүчтүү...Бирок сен эч ыйлаба, сенден аябай суранам??? (Сен ыйласаң мен жаман болом да.) Мен сени сагындым! Сен азыр жанымда болсоң го...Кучактап алып жыттап-жыттап, өпкүлөбөйт белем! Эх!.. Эгер мен сени менен экөөбүз кыялдангандай абышка-кемпир болгончо өмүр сүрсөм, эч качан эч бир аялга алмаштырбай сүйүп жүрүп өтмөкмүн! Ишен! Анткени, сен апакай, таза сүйүүгө арзый турган аялсың. Кээ күндөрү мени кеч келдиң деп күнөөлөп тултуйсаң, бултуйсаң да ал сага жарашчу (Мен жылмайып алдым, окуганда сен да жылмаярыңды мен билем). Мен сага ыраазымын. Мага ишенгениң үчүн, мага деген ысык махабатың үчүн.
Мен жок болсом апамдардан колуңду үзбө. Алар сени жакшы көрүшөт. Небересин катыштырып, ата тегин таанытып өстүр, суранам? Бул катты апам менен Кубатка берип кой, э? Ошко кеттим деп алдап, калп айтканым үчүн мага таарынба? Мен сенин жүрөгүң оорубасын, ойлонбосун дегем. Кайра эле кайрылып сага келип калам деп тилек кылгам... Баламды, өзүңдү жакшы кара. өзүң өпкөн сайын мен үчүн да өөп жүр, э? Чоңойгондо, сөзсүз футболго бер. Унутпа! Сен ким элең, кана айтчы? Сен капитан Адамовдун майор аялысың! Офицерлердин аялдары күйөөсүнөн наамы боюнча бир тепкичке өйдө турарын айтпадым беле. Ошон үчүн өзүңдү таштап салбай күчтүү аял болоруңа мен ишенем.
Сени сүйүп, сенин Дулдулуң."
Ойлору чачыранды жазылган бул каттын ээси жазып жатканда катуу тынчсызданып, толкунданып турганын дароо байкоого болот эле. Күйөөсүнүн ошол учурдагы абалын Сүйгөн да катты бир көз жүгүртүп окуганда эле түшүнүп, үчүнчү жолу окугандан кийин төшөгүнө кулай өксүп ыйлап жиберди.
(Уландысы кийинки санда)