Билгениң оң

Жинсы тукумсуздукка алып келет
"Пулуң болсо кулуңмун" дегендей, азыр акчаңыз болсо, эмнени кааласаңыз, ошону сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Жинсыны баарыбыз эң ыңгайлуу кийим катары баалап кийгендиктен, анын ден соолукка тийгизген терс таасири тууралуу сөз кылабыз.


Жаралуу тарыхы
Жинсы кездемеси XVII кылымда пайда болгон. XIX кылымда гана аталган кездемеден кийим тигиле баштаган. Леви Страусс аттуу адам жинсы шымдарын эң биринчилерден болуп тиккен. Биринчи жумушчулар кие турган бышык кийимдер чыккан. Андан кийин алтын казуучуларга ылайыктап тиге башташкан. Ошол убактагы жинсылар, азыркы жинсылардан бир топ эле айырмаланган. Жинсыларга топчуларды тагуу 1930-жылдары пайда боло баштаган. Дал ушул жылдан тарта жинсыны тойлорго, кечелерге кийип баруу модага айланган. 1950-жылдан баштап, жинсыны өспүрүмдөр кийүүгө өткөн. Башында жинсы шымдар кенен тигилген болсо, улам жыл өткөн сайын шымдын көлөмү кичирейип, модельерлердин бутуна жарашкандай фасондор тигилген. Алардын буттарына жакшы жарашканы менен, кышкысын суук тартып турат.


Кытайда кантип чыгарышат?
Биз сатып алып жүргөн кийимдердин көбү Америкада, Германияда жана Кытайда тигилет. Кытайлыктар чыгарып, Америка жинсыларына "гуд бай" дешти. Кыздар бапестеп кийип жүргөн жинсылар Кытайдын кир жайында тигилет. Аталган жайдын ичинен көпкөк боёктор, үйүлгөн жинсыларды көрөсүң. Тигилген жинсы кийимдерге көк боёктон чачышат. Боёктор ал жерде иштеп жаткан адамдын өпкөсүнө залал келтирет.


Жинсы - тукумсуз кылат
Кийинчерээк бели кыска жинсы кийген кыздардын белине, бөйрөк жактарына ар кандай нерсе чыгып, бөйрөк оорулары менен көп кайрыла баштаган. Анткени, чыпчыйган кыска жинсы шымдар денени кысып, кан өткөрбөй, нервди өлтүрүп, оорута баштайт. Ал эми кышкы жинсы тууралуу сөз кыла турган болсок, кышкысын кыска жинсылардан бөйрөккө, кыздардын трубаларына, киндигине суук тийип, тукумсуздукка алып келет. Бул оорунун башталышын медициналык тил менен айтканда "парестезия" дешет. Чыпташкан, денени кыскан жинсы шымды көпкө кийбей койсо, ал оору өзү эле жоголот. А эгерде, кайрадан эле кие берсе, анда омурткаларга доо кетет. Жетилип бараткан кыздарга кыскан жинсы шым кийүү абдан кооптуу. Анткени, жамбаш сөөктөрү жаңыдан калыбына келип бараткан кезде кысылып калып, сөөгү өспөй калат дагы, өзү төрөй албай, операциянын жардамы менен төрөп калышат.


Целлюлиттин өөрчүшүнө алып келет
Улуу Британияда денени кыскан шымдарды кийүүгө толук тыюу салынган. Андан сырткары, медиктердин берген маалыматы боюнча, кыскан жинсы шымдар целлюлиттин өөрчүшүнө алып келет. Аталган компаниянын ээлери бул жөнүндө кабардар болгондугуна байланыштуу, башында антицеллюлиттик жинсыларды чыгарышкан.


Дерматит оорусунун башаты
Жинсынын сапаты кетет деп, көпкө жуубай жүргөндөр "дерматит" оорусуна чалдыгышат. Эмнеге? Анткени, дайыма кир жүргөн жинсы дерматит оорусун пайда кылат. Эгерде убагында врачка көрүнбөгөн болсо, денедеги грибоктордун саны да барган сайын арбыйт. Чыпташкан жинсы сүйүүчүлөрүнүн ден соолугу начар болот. Анткени, кыскан жинсы буттун кан айлануусун начарлатып салат.


Бөйрөктүн иштешин начарлатат
Барган сайын жинсы шымдарынын бели ылдыйлап баратканын баарыбыз эле байкап жүрсөк керек. Шым бөйрөктүн астында жайгашкандыктан, ачылган бөйрөккө суук тийип, бөйрөктүн да иштешин начарлатат. Анан организм өзү менен өзү күрөшүп, бөйрөктү сууктан сактоо үчүн май үйүлөт. Ошентип ал майды кетириш бир топко кыйынга турат. Андан сырткары, кыздардын жыныстык түтүкчөлөрүнө суук тийип, эне болуу бактысынан айрылышат. Ушундан улам бир тыянак чыгарууга болот. Эмне үчүн кытайлар "мода" деп мындай шымдарды чыгарып жатат? - десе, көбөйүп, батпай калган элин кайда алып барарын билбей, мода менен тукумсуз кылалы деген окшойт да. Казды туурайм деп, карганын буту сынбаса эле болду.


Синтетикалык колготкинин зыяны
Азыркы биз кийип жүргөн колготкилер, биздин чоң энелерибиз кийген колготкилерден бир топ эле айырмаланат. Азыр жылмышкан, бутка чапташкан, жалтырак, көрүнбөгөн колготкилерди чыгарып жатышат. Булар бутту жакшынакай кылып көрсөткөнү менен абдан зыяндуу экенин баарыбыз биле бербейбиз.


Бактериялардын, грибоктордун мекени
Медиктердин тыянагында, чыпталышкан синтетикалык колготкилерди дайыма кийип жүрүү ден соолукка бир топ кедергисин тийгизет. Алар көптөгөн инфекцияны, бактерияларды өзү менен кошо алып жүрөт дагы, кан тамырлардын кеңейишине алып келет. Синтетикалык кездемеден тигилген колготкилер нымды көп убакыт алып жүргөндүктөн, микро организмдердин, бактериялардын, грибоктордун өөрчүп-өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзөт.


Жыныстык мүчөгө залалын келтирет
Кыздар чыпташкан колготкилерди кийгенде өздөрүн жакшы сезгендери менен, колготки жыныстык мүчөгө да жаман таасирин тийгизет. Анткени, чыпчыйган колготки жамбашты жабыштыра кыскандыктан, заара ушатуучу жакка кан аз айланып, кислород да жетпей калгандыктан жыныс мүчөсүнө инфекциялар топтолуп калат. Мындай колготкини көп кийүү, аялдардын тукумсуздугуна алып келет. Ошондуктан, сатып алуудан мурун, колготкинин сапатына караганыңыз жакшы. Анткени, фирманын аты жазылбаган колготкилерде химикаттар көп болот.


Кыздарды какайткан корсет, жүрөктүн согушун начарлатат
Корсет - металл аралашып тигилген, ийинге жана көкүрөккө ылайыкталган кийим. Кыздардын дене мүчөсүндөгү кээ бир кемчиликтерди жаап, төштү көтөрүп, белди түздөйт. Б.з.ч. VIII-IХ кылымдарда грек аялдары темирден, жыгачтан, териден жасалган корсеттерди кийишкен. Ал эми Европанын аялдары, орто кылымдарда кие башташкан.
Корсетти дене мүчөнүн көлөмүнө жараша алган жакшы. Кийгенде да ыңгайлуу болуп, денени кыспашы керек. Эртең мененден кечке чейин кийип жүрүү ден соолукка зыян. Көкүрөккө күч келтирген корсеттердин да ден соолукка келтирген зыяны аз эмес. Көкүрөк клеткаларын жабыркатып, далынын булчуңдарына жана ички органдарга, кан айлануу системасына, боордун иштешине тескери таасирин тийгизет. Көкүрөктү кыскан корсет дем алууну начарлатып, баш мээнин иштешине да залалын тийгизет. Корсетти дайыма тагынып жүргөн кыз-келиндердин башы тынбай ооруп, жүрөгү айланат. Американын кардиологу Уайт: "Корсетти дайыма кийип жүргөндөрдүн ашказаны өйдө жылып кетип, кан өтпөй калат жана жүрөк менен өпкөнүн иштешин да начарлатат. Натыйжада, дем жетпей, жүрөк согуусу начарлайт", - деп айткан.





  Собол

- Жинсынын кандай пайдасы жана зыяны бар?
Динара Акулова, ырчы:
"Дене мүчөлөрү
бөлүнүп калып жатат"
- Мен жинсыны өмүр бою эле кийип жүрөм. Өспүрүм кыздарга жинсыны туура кийгенин талап кылат элем. Себеби, жаңыдан дене мүчөсү калыбына келип бараткан кыздар, бөйрөктөн ылдый кылып кийип алып, дене мүчөлөрү бөлөк-бөлөк болуп, бөлүнүп калып жатат. А пайдалуу жагы -ыңгайлуу. Албетте, жинсыны дайыма кийгенге болбойт. Мисалы, эс алып жүргөн кезде, же болбосо азыр айымдар машина айдаган учурларда кийиш керек. Кээ бирлер күнү-түнү кийип, жинсыны спецформа кылып алып жатышат. Бул туура эмес. Ар бир кийимди өз учурунда кийгенге үйрөнүш керек.
Айпери Кулубаева, ырчы: "Жетилип келе жаткан кыздарга зыян"
- Өзүм жинсыны көп деле кийбейм. Пайдалуу жактары кыз балдар тоо-ташка чыкканда, же машинада жүргөндө-ыңгайлуу. Кышкыга жылууланган жинсыларды гана кийиш керек. Анан дагы, жинсыны 30-35 жашка чейинки кыз-жигиттер гана кийет. Ал эми зыяндуу жагынан сөз кыла турган болсом, чыпыйган жинсы жетилип келе жаткан кыздардын дене мүчөсүнүн өсүшүнө зыян келтирет. Кенен жинсы кийимдердин өтө деле зыяны жок болсо керек.
Дайыр Исмадияров, ырчы: "Зыян жагы деле
жок болуш керек"
- Жинсы - менин стилимдеги негизги предмет. Зыян жагы жок болуш керек. Сапаты жакшы, ыңгайлуу. Өзүм классикага да, спорттук стилге да жакын болгондуктан, гардеробумду жинсысыз элестете албайм. Себеби, клубга, кечелерге, жолугушууларга кийип барсаң болот. Башкача айтканда, жинсы универсалдуу кийим деп эсептейм.