Обон почта

ОП-143-1. Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы 11-б класстагы Азамат, мен сени сүйөм! Нурзада.
ОП-143-2. Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылына салам. Абдыкалыкова Айнаш, Камилов Нургазынын иштерине ийгилик каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин.
ОП-143-3. Саламатсызбы,Омар байке! Ден соолугуңуз жакшыбы? Ар дайым ыймандуу, бактылуу болууңузду тилеп келем жана ата-энеңизди сыйлаган, барктаган жигиттерден болуп жүрө бериңиз! Мүмкүнчүлүк болсо сиз менен жолугууга уруксатпы? Суранам, жок дебеңизчи. Элиза.
ОП-143-4. Омар байке, сизге узун өмүр, бакыт-таалай, ден соолук каалайм, себеби, булар эң кымбат нерселер! Ата-энеңиз бактылуу болуп, сиз менен сыймыктанышсын.
ОП-143-5. Кара-Балта шаарынын Орто-Суу айылындагы Аскер уулу Нурлан атындагы орто мектебинин 10-классына ийгилик каалайм. Кенжебекова Бегайым.
ОП-143-6. Ат-Башыдагы Карыбек мектебинин 9-г классына F4 ге салам. Айка Ву Бин.
ОП-143-7. Саламатсызбы,Өмүрбек байке. Кандайсыз, ден соолугуңуз, иштериңиз жакшыбы? Мен деле ошондой деп ойлойм. Ылайым, ар дайым ушинтип, бактылуу болуп, шайыр күлкүңүздү кыргыз элиме жана мага да, бардык-бардык жакын адамдарыңызга арнап жүрө бериңиз. Билесизби, Өмүрбек байке, күз мезгили өзүнчө бир сырдуу, ээ? Бактын ичинде отуруп алып сизди ойлоодон ашкан бакыт жок мага, бирок саргайган жалбырактар мага боору ооруп карашкансыйт, мен аларга деле жеңилбейм, жаратканымдан бир гана сизди сурайм. Аллахым деле мынчалык таш боор эмес го, мага деле арнап койгон жарык, эң бактылуу күндөрү бардыр. Мен ишенем, мен сизге жетем деген оюм менен жашап келем. Мен башка кыздардай сиздин атактуулугуңузду эмес, мен сиздин өзүңүздү жакшы көрөм. Мага баары эле сен колуң жетпеген жылдызга кол сунуп жатасың дей беришет. Бирок мен өзүмдү бир гана сөз менен алаксытып келем. Ал деле адам го, анда деле жүрөк , мээрим бар го, мени түшүнөттүр, ишен, ар дайым үмүт кыл. 0778701ххх
ОП-143-8. Нурлан Насип азаматсың, азыр жылдызы жанып турган ырчы сен элесиң. Жань
ОП-143-9. Молдо Нияз мектебинин 8-а классынын окуучуларына супер салам. Айжамал.
ОП-143-10. Саламатсызбы, Омар? Сиз Америкага окууга кантип барып калдыңыз эле? Таңсулуу.
ОП-143-11. Жашоодон, адамдардан көңүлүм калып баратат,негедир.Жүрөгү таза адам барбы? Эмнеге мага кайсы жерге барба, көрө албай кыянаттык кылышат. 0778372ххх.
ОП-143-12 . Дайыр Исмадияров сизди сүйөм. 0778613ххх.
ОП-143-13. Жашоо сулуу сүйүү менен, жашоо керемет бакыт менен, жашоо жылуу мээрим менен, жашоо кызык сезимдер менен. 95 Сара.
ОП-143-14. Салам, Кыргызстан, Рахманжанда ата-энеме жана жердештериме, досторума Москвадан чоң салам. Болот.
ОП-143-15. I feel in love at first sight Omar I love you! 0778613ххх.
ОП-143-16. УТРК саясаттан башыңар качан көтөрүлөт? Бир аз болсо да кызыктуу программаларды чыгарбайсыңарбы? Айсулуу.
ОП-143-17. Менин кумирим, кыргыз элинин сыймыгы болгон Айгерим Расул кызына салам жолдойм. Сизге ийгилик, бар болуңуз."Айкадемдин" супер жетекчиси болуп жүрө бериңиз! Нурайым.
ОП-143-18. Гулнур эже, кандайсыз? Сиз канчанчы жылкы болосуз? Мадина.
ОП-143-19. Омар, азыр окуйсуңбу же иштейсиңби? Канча жаштасың? 0777109ххх.
ОП-143-20. Улан, мени алдабачы суранам, мен сени сүйөм,- деп аялың Гүлзана.
ОП-143-21. Сыргак 90- жылкы, мен сени сүйөм. Аксыдан Динара 94.
ОП-143-22. Жолдошум Уланга, балам Микуга, кызым Сезимага салам. Силерди жакшы көрөм,- деп Гүлзана.
ОП-143-23. Менин жигитим Рустик, мен сени чексиз сүйөм. Ал Бөкөнбаев айылындагы Шаамей мектебинде 9-кл. билим алат. Жаның Айзада.
ОП-143-24. Мыкты КВНщик Саламат Алиевге ысык салам! Ишиңизге чоң ийгиликтерди каалайм. Мирка.
ОП-143-25. Салам,кыргыз калкым! Бильярдчы Каныбек Сагынбаевди 11-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм. Мирка 94.
ОП-143-26. Мамам Эльмирага салам жолдоп, жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайбыз. Сиз -биз үчүн ыйыксыз. Нарина, Нурай.
ОП-143-27. Салам, Омар, мен ыр жазам, окуп көрүп, жакса ырдап чык. Ырларым маанилүү. 0777067ххх.
ОП-143-28. Таш-Көмүр шаарындагы ТАКтын ЭБУ-1-08 группасынын баарына салам. Тату 91.
ОП-143-29. ОП-141-94 абоненти,мен сага кошулам, ал кинодон мен Юн Чихуну Seoul.
ОП-143-30. Ээ, досум Элиза, же Кайырга эле тиесиңби? Тату 91.
ОП-143-31. Салам, СМСчилер, мени катарыңарга кошуп алгыла. Seoul.
ОП-143-32. Ээ, Элиза, Ыйманга тиесиңби, тие берчи, мен да жейин да мындай. Тату 91.
ОП-143-33. Саламатсызбы, мукам үндүү, сүйкүмдүү, көздөрү жалындап турган күйгөн жылдызыбыз Омар! Сиз менен кезигүүнү күндө кыялданып келем. Жүрөктү кытыгылаган бул кыялдарым жаныма жакын, дилиме кымбат. Сиздерге ар дайым жаратканым жакшылык нурун чачсын. Бакыт-таалай кушу консун жана албетте, ден соолук, ырыскы тартууласын! Чыгармачылык ийгилик каалоо менен Макуся.
ОП-143-34. Омар, кандайсын? Эгер сенин сүйлөшкөн кызың жардан секир десе эмне кылмак элең? Сенин сүйлөшкөн кызың барбы? Элиза.
ОП-143-35. Салам, "Обондун" СМСчилери, мен дагы силердин катарыңардамын. Каныкей 95.
ОП-143-36. Саламатсызбы, Омар! Мен сизди талантыңызды баалап, өзүңүздү сыйлайм! Ар дайым бар болуңуз! Бул жашоодо эмне таттуу да, эмне ачуу? Бекзада.
ОП-143-37. Айгерим Расул кызы, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Нурай.
ОП-143-38. Мухтар Атаналиевдин ырларын, өзүн сагындык. Кабарын билип бериңиздерчи. Айсулуу.
ОП-143-39. Мен Жанымды аябай сагындым. Сенин жанымда болушуңду тилейм. I love you. Айсулуу.
ОП-143-40. Омар, кыргызымдын сендей таланттуу уулу менен сыймыктанам. Назира , Ош.
ОП-143-41. Сүйүүнүн күчтүү дешет алы барбы? Сүйүүнү таттуу дешет даамы барбы? Эгер сүйүп, сүйгөнүнө жетпей калса, айткылачы, ага табылар дары барбы? Тима.
ОП-143-42 .Мирбек Атабеков, ты супер! 0772637ххх.
ОП-143-43. Ачарчылык башталып Африка келиптир, адашып калган автону, тетиктеп бирден сатам деп,маймылдар талап кетиптир.
ОП-143-44. Омар, сен кыргызымдын эң таланттуу, сулуу, акылдуу балдарынын бирисиң. 0773229ххх.
ОП-143-45. Омар, мен сиз үчүн гана жаралгам. Омарка. Кара-Сууга качан келесиң? 0554341ххх.
ОП-143-46. Омар, сен мага абдан жагасың. Сени менен эң жакындан таанышкым келет. Тоша.
ОП-143-47. Менин эң сүйүктүү тобум -"Кыз-Бурак" тобу.Кыздардан түзүлгөн топтор, жеке ырчылар дагы "Кыз -Бурактын" чаңында калат. Периште.
ОП-143-48. Омар байке, сизге ийгилик! You are the best tosha.
ОП-143-49. Менин алтындай болгон жакын курбум Сурмага салам! Деги биз жакка качан келесиң, дос? Миргуль.
ОП-143-50. Лейлектиктерге салам! Досум Рахмат, областтык конкурска ийгилик! Сага ишенем! Досуң Миргүл..
ОП-143-51. Сүйүүнүн сүйө турган шартын билгин, сүйгөн соң, сүйгөнүңдүн баркын билгин. Кызыкпа сыртындагы келбетине, адамдын адамгерчилик баркын билгин! Мирка 94.
ОП-143-52. Анекдот: Бир күнү чымын сиркеге ашык болот: Карындаш, адресиңди айтчы ,-дейт чымын, ошондо сирке: Город -баш, улица- чач,дом- желке, Битбаева Сирке ,-деп өзүн тааныштырыптыр. Мирка 94.
ОП-143-53. Толкунду 17-ноябрь-студенттер күнү менен куттуктайбыз. Окууларыңа ийгилик. 0771063ххх.
ОП-143-54. Омар, 0554341795 ушул номерге чалып коюңузчу. Сураныч. Сиздин күйөрманыңыз Омарка.
ОП-143-55. Омар, дарыя эмесмин толуп ташкан. Шайыр эмесмин ырлар жазган. Мейли, сен үчүн толуп ташайын. Мейли, сен үчүн ырлар жазайын. Саамайың сылап турган жел болоюн. Сүйүнгөн арка жел болоюн. Түбөлүккө өлгүчөктү ажырагыс ,сүйгөнүң жалгыз гана мен болоюн. Супер саячка Дина .
ОП-143-56 Менин кумирим сиз, Омар байке, а сиздин кумириңиз? Тоша.
ОП-143-57. Омар, мен сиз менен түбөлүк бирге болсом дейм. Омарка.
ОП-143-58. Омарга арналат: Каалаймын мен сизге бакыт-таалай. Түгөнгүс тунук сүйүү аппак кардай. Турмушта эң бир сонун сиз жашаңыз. Сизге да башка ырчылар таң калгандай. Супер саячка Дина.
ОП-143-59. Омар, тезирээк айыгып кетиңиз, Кудайым өзү сактаптыр, мени аял кылып аласызбы? Омарка.
ОП-143-60. Омар, сиз роза гүлүн кармап алып, Омарка мага турмушка чыгасыңбы?- деген сөздөрүңүздү уксам деп күтүп келем 0554341795.
ОП-143-61. Омар байке, сизге узун өмүр, бакыт-таалай, чын ден соолук каалайм. Себеби, бул эң кымбат нерселер! Ата-энеңиз бактылуу болуп, сиз менен сыймыктанышсын. Журөгүңүзгө жакын адамдар менен бактылуу болуңуз! Толгонайка.
ОП-143-62. Омарды сүйүп жатсаң да, канча төрөп берсең да жазбай эле койчу, кыздардын намысына шек келтирбей! Уят эмеспи, бетиң барбы?
ОП-143-63. Жаратканымдан бир гана сиз менен тагдырымды бир кылуусун сурайм! Аллахым деле мынчалык таш боор эмес го, мага деле арнаган жарык, эң бактылуу күндөрү бардыр. Мен ишенем, сизге жетем деген үмүт менен жашап келем. 0778701ххх.
ОП-143-64. Кандайсыз, Өмүрбек байке? Эмне кылып жатат экенсиз,ээ? Өмүрбек байке, ылайым ар дайым ушинтип бактылуу болуп, шайыр күлкүңүздү кыргыз элиме жана да мага, жакындарыңызга арнап, кайгы капасыз жүрө бериңиз. 0778701ххх.
ОП-143-65. Балам Мамасадыков Арленди 16-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз +7702784ххх
ОП-143-66. Саламатсызбы, Өмүрбек байке! Бул мен кайра эле Жылдызка. Сизге өзүм тууралуу айтып берүүнү чечтим. Менин туулган күнүм 1994-жыл, 8- август. Баткен шаарында туулгам. Биз 3 бир тууганбыз. Менден чоң байкем Бектур, мен жана иним Акылбек. Мен жалгыз кызмын. Жалгыз болгон жаман экен, эжеси бар досторумду көрсөм суктанып кетем, бирок мен Аллахымдын ушунусуна деле шүгүр кылып келем, себеби, мени колдоп турган байкем жана иним бар. А сиз кээде болсо да жалгыздыгыңызга өкүнөсүзбү? Менин оюмча, жок, себеби, сиздин деле алтындай болгон эжекеңиз бар,ээ? Туурабы?
ОП-143-67.Саламатсызбы, Өмүрбек байке. Кандайсыз, ден соолугуңуз, иштериңиз баары жайындабы? Сизди кырсыкка кабылыптыр деп газетадан окуп калган элем, эч кайгырбаңыз, аман калганыңызга жаратканга миңден-миң ыраазымын!Ылайым Аллахым кайсыл жерде болбосун ар дайым колдоп жүрсүн. Жылдызка.
ОП-143-68. Өмүрбек байке,сизди жараткан алтындай болгон апаңызга миң мертебе рахмат. Сиздей баланы кыргыз элиме тартуулаганына сиздердин бактыңыздарга бар болуп, сиздин татынакай күлкүңүздү көрүп жүрө берсин. Жылдызка.
ОП-143-69. Омар, билесизби, мен сизди аябай жакшы көрөм. Кызжибек.
ОП-143-70. Саламатсыздарбы? 0551931ххх.
ОП-143-71. Кыргызстандагы атам, апам жана эжеме сагынычтуу салам! Мен силерди аябай сагынып кеттим. Динара 92.
ОП-143-72. Амина Робия Хадича, Айбийке ысык салам. Салтанат.
ОП-143-73. Салам, Омар, кутмандуу кечиңиз менен. Күйөрманыныз Элиза.
ОП-143-74.Омар байке, жашоодо жаңылбас, тагдырга таарынбас, өмүрдө өкүнбөс, бакыттан арылбас, узун өмүрлүү, ата-энеңизди сыйлаган балдардан болуңуз. Сизди терең урматтап, күйөрманыңыз Наргиза.
ОП-143-75. Бирде бүркөк, бирде ачык таң атат, күндөр айга, айлар жылга алмашат, билинбестен зымырап, окуучулук күндөр өтүп баратат. 95 Сара.
ОП-143-76. Омар, сизге кыздардын кандай аттары жагат? Келечектеги кыздарыңыздын аттарын ким коймок элеңиз? 0772555ххх
ОП-143-77. Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин 2-курсунун студенти, Айылчиев Замир Айылчиевичтин наамындагы студенттик билет жоголду.
ОП-143-78. Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин 2-курсунун студенти Анарбаев Марипжан Жеңишбековичтин наамындагы студенттик билет жоголду.
ОП-143-79.Омар байке, сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Качан үйлөнөсүз? Сизге эмне эгиз төрөп бере турган кыз керекпи?
ОП-143-80.Саламатсызбы, Омар байке, мен сиздин күйөрманыңыз болом. Менин сизге суроом бар эле. Сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Үй-бүлөдө канча бир туугансыз жана Жалал-Абадга качан концерт коюп келесиз? Суроолорума жооп күтөм. Зарина.
ОП-143-81. Менин сүйгөнүм Айнара, мен сени акыркы кылымга чейин сүйөм, сенсиз мага бир секунд жашоо жок, мамалагым сени сагындым деп, жаның . Ае.
ОП-143-82. Омар, мен сизге жетүүмдү Аллахымдан күндө суранам, бир күнү бул дубам Аллахыма жетет дейм. 0554341ххх.
ОП-143-83. Салам, Омар, сага чыгармачылык ийгилик! Дайыма алдыңдан жашыл жарык өчпөсүн, сени сыйлайм жана урматтайм. Наргиза.
ОП-143-84. Бишкек шаарындагы № 73 орто мектебине салам жана ошондой эле мектептин президентине ,Бакытка, 8-а класска чоң салам. Бакуля.
ОП-143-85. Ильяз, номеринди берчи? Сен аябай сулуусуң. Элнура.
ОП-143-86 . Айдин, сен ушунчалык сулуусуң, сенин мүнөзүң супер. Кел жолугабыз, же өзүңдүн логиниңди берчи. Сүйлөшүп турабыз, эгер сен каршы болбосоң. Симпотка.
ОП-143-87.Омар байке, кандайсыз? Сиз беш убакыт намаз окуйсузбу? Жума сайын мечитке барасызбы? Канча бир туугансыз? Качан апаңызды келиндүү кыласыз? Каныкей.
ОП-143-88. Урматтуу Ильяз Абдразаков, мен сенин талантыңды баалайм. Сен кыргыздын патриот жигиттеринин бирисиң. Мен сени сүйөм. Арууке.
ОП-143-89. Ангел Асем, Фея, Макуся, Леди, Гуличка, Жанусь Роза (каракчы), Алтынай (тикенек). Кербен Куба (индеец), Бакайга чоң салам жолдойм. Бар болгула, менин алтындарым. Аська (опкошка)
ОП-143-90. Төрт кулагы, эки курсагы бар.(кенгуру)
ОП-143-91 Омар, экөөбүздүн тагдырыбыз бир , ата-энем эгер Омар сени албай койсо, ала качып калпак кийгизип отургузуп коёбуз деп күлүп калышат. Омарка.
ОП-143-92. Омар качан үйлөнөт? 0558854ххх.
ОП-143-93. Омар, бассам-турсам оюм дайым сизде болот, ага кээде өзүм да түшүнбөй калам. Омарка.
ОП-143-94. Омар, жаным, сизди сагынганда сүрөттөрүңүздү талбай карайм. Бирок баары бир сагынып турам. Омарка.
ОП-143-95. Мен сизди аябай сүйөм. Балким, сиз меникидирсиз. Сиз канча эгиз бала десеңиз, ошончо төрөп берүүгө даярмын. Омарка.
ОП-143. -96. Омар, сиз аты чыккан кызга үйлөнөсүзбү, же магабы?Мен жөнөкөй жана сүйүктүүсүн сыйлай билген кызмын. Омарка.
ОП-143-97. Омар, мени менен байланышсаңыз, сизге 1 жылдан бери даярдап жаткан өзгөчө белек берет элем. Омарка.
ОП-143-98. Айжамал Түлебердиева, атактуу болуш үчүн ар-уятты унутупсуң, дагы сыймыктанганыңа жол болсун. Мээрим.
ОП-143-99. Саламатсызбы, Омар! Мен сизге айтайын дегем. Мунун баары сиз Ысык-Көлгө, "Аврорага" келгенде башталган. Мен анда сизди билчү эмесмин. Сиз муну фанатизм деп түшүнбөңүз. Жок. Мен сиздин үнүңүздү сүйүп калдым. Өзүм тууралуу айта кетсем, менин атым сиздин ыр саптарыңызда бар. Менин катымды окуйсуз деп ойлойм. Урматым менен Сезим.
ОП-143-100. Султан байке, жубайыңыз менен бактылуу болуңуз. Бактыгүл,
ОП-143-101. Омар байке ,сиздин жубайыңыз өзүңүздөн 8 жаш кичүү болсо кандай дейсиз? 0772555ххх.
ОП-143-102. Мага сенин "Где ты" деген ырың аябай жагат. Сенин жеке турмушуңан алынганбы? Ангел.
ОП-143-103. Омар, кандайсың? Мен сенин чыгармачылыгыңды аябай баалайм. Сенин бардык ырларыңды жактырам жана угуп келем. Сүйгөн кызың барбы? Ангел.
ОП-143-104. Айгерим Расул кызы, сен ырдабай эле койчу. Ырдаганыңа бийлегениң туура келбейт. Сулуулугуң жасалма сыяктуу. 0773442ххх.
ОП-143-105. Салам, кандайсыздар? 0773442ххх.
ОП-143. -106. Акимов Авазга: Кайырчыдай сизди сурап күнүгө баргым келет, кээде мен Бишкекке. Бара албайм бирок үмүт үзбөймүн. Сүрөтүңүздү тиктей берем күнүгө. Ай.
ОП-143-107. Оо, тууганым, кандайсын? Келчи бери, жыттайын Ишенип канча ирет шайлап.
ОП-143-108. Тосор айылынын жашоочусу Чолпон досума ысык салам. Сен жөнүндө көп эле угам. Бирок өзүңө жолуга албай жүрөм. Сагындым сени. Телефонуң өчүк болуп жатат. Мага байланыш. Айганыш.
ОП-143-109. Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, толкуса толкунуна мен ортокмун. Курбу кыздарым: Айназик, Мунара, Эльвира, Мээрим, Рахатка ысык салам. Жика.
ОП-143-110. Омар, сен жеш үчүн жашайсыңбы, же жашаш үчүн жейсиңби? Мика.
ОП-143-111. Өмүрбек, сенин популярдуу болушуңа ким түрткү болду, эми ушундай атак-даңкты кармап турууга кудуретиң жетеби? 0554785ххх.
ОП-143-112. Омар, мен сенин интеллектиңди сыйлайм, этиканы билген жигитсиң, сүйлөгөн сөздөрүң орундуу, мунун баары сен башка мамлекеттерге чыкканыңдын бирден-бир себеби. Ошол жерден үйрөнүп, көрүп-билип келдиң да. Азаматсың, өзүңдү чыныгы жентельмен катары алып жүрөсүң. Эжекең.
ОП-143-113. Омар, сендей жигиттер арабызда көбөйө берсе дейт элем. Мен сени менен сүйлөшүп, кандай бала экениңди билбейм.Бирок гезиттерден, теледен көп көрөм. Ички дүйнөң менен сырткы сулуулугуңдун балансын туура кармаганга аракет кыл. Саня
ОП-143-114. Омар, мен сени өзүмдүн иниме окшоштуруп абдан жакшы көрөм. Ал да алдыга умтулган, аракеттенген, элге өзүнүн жакшы гана жактарын көргөзгөнгө аракет кылган бала. Сени көрүп, инимди көргөндөй эле боло берем. Аны мен аябай сагындым. Ал азыр Кытайда. Жибек.